Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-сентябры № 658
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Орто мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасынын бирдиктүү жана макулдашылган демографиялык болжолун даярдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:
2-главасы төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программаларын жана пландарын иштеп чыгуу жана аткаруу процессинде демографиялык факторлорду эсепке алууну камсыздоо;
- макроэкономикалык саясатты түзүүдө Кыргыз Республикасында демографиялык тенденцияларга чара көрүү боюнча мамлекеттик башкаруу түзүмдөрүнүн ортосунда өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү;";
3-главасында:
жетинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн мурда "демографиялык болжолду кошкондо" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи, он экинчи жана он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- өнүктүрүүнү пландоодо демографиялык факторлорду эсепке алууну кыйла натыйжалуу ишке киргизүү үчүн калкты жайгаштыруу жаатында өнүктүрүү саясатын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн тармактык жана региондук программаларында демографиялык факторлорду эсепке алууга системалуу талдоо жүргүзүү;
- демографиялык факторлорду эсепке алуу менен өнүктүрүүнүн кыска жана узак мөөнөттүү максаттарын, милдеттерин жана параметрлерин оңдоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;".
- жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин курамы:
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын социалдык блок маселелерин тейлеген вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |