Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-августу № 553
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун Бешкент айыл аймагынын жерлерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун Бешкент айыл аймагындагы Эски-Оочу жана Кайрагач айылдарынын тургундарынын социалдык муктаждыктарын чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу екүлүнүн 2014-жылдын 23-сентябрындагы № 13-7/37 токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун Бешкент айыл аймагында жайгашкан, кеп жылдык өсүмдүктөр ээлеген 8,1 га жер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогундагы тарыхый-маданий мурастарды изилдөөнү жана сактоону;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерл ер ге шаар куруу документтерин белгиленген тартипте иштеп чыгууну, макулдашууну жана бекитүүнү;
- жогорку вольттуу электр берүү линияларын чыгаруу же куруу зарылдыгы болгондо, иштерди каржылоо булактарын жана тартибин аныктоону, ошондой эле электр берүү линиялары болгон учурда
- курулуштун жол берилген чектөөлөрүн Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарына ылайык сактоону.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроенөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөидөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |