Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-августу № 596
"Чолпон-Ата" эс алуу үйүнүн жерлерин өткөрүп берүү жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнундө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин № 2 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесине "Чолпон-Ата" эс алуу үйүнүн жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Чолпон-Ата" эс алуу үйү жайгашкан жалпы аянты 20,614 га жер участогу, анын ичинде 7,48 га - негизги зона, 4,4 га - колмө жайгашкан зона, 4,18 га - көлмөнү коргоо зонасы жана 4,554 га - Ысык-Көлдү коргоо зонасы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин № 2 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесине жер участогун жайгаштыруунун тиркелген схемасына ылайык мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүлүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерди белгиленген тартипте тариздесин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Чолпон-Ата шаарынын борбордук бөлүгүн пляжга баруучу жеө жол менен белгиленген тартипте камсыз кылсын.
4. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргаз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин 1986-жылдын 22-декабрындагы № 587 "Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин Иш башкармасынын Чарба башкармалыгынын "Чолпон-Ата" эс алуу үйүнөн жерлерди алып коюу жонүнде" токтому күчүн жоготту деп табылганы эске алынсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |