Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-сентябры № 659
Чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредитациялоонун жана дипломатиялык номердик белгилерди каттоонун маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредитациялоонун жол-жоболорун тартипке келтирүү жана өркүндөтүү, ошондой эле дипломатиялык номердик белгилерди каттоо максатында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан аларга теңештирилген башка өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин аккредитациялоонун тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн автотранспорт каражаттарын, ошондой эле алардын кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) тартиби тууралуу жобо, 2-тиркемеге ылайык;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында автомото транспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында автомото транспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин каттоо эрежелеринде:
- 27-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"27. Кызыл фондо ак түстөгү катталган номердик белгилер төмөнкүлөргө берилет:
- "D" сериясы - чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, алардын башчыларынын жана кызматкерлеринин, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн автотранспорт каражаттарына; Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык, 1961-жылдагы дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена Конвенциясынын жоболоруна ылайык статустары дипломатиялык агенттердин статустарына теңештирилген алардын эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн, алардын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарына;
- "Т" сериясы - дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле аларга теңештирилген өкүлчүлүктөрдүн администрациялык-техникалык жана тейлөө персоналдарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн автотранспорт каражаттарына;
- "С" сериясы - чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин, алардын башчыларынын жана консулдук кызмат адамдарынын, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн автотранспорт каражаттарына;
- "НС" сериясы - Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин Ардактуу консулдарынын кызматтык автотранспорт каражаттарына берилет.
Көгүш фондо ак түстөгү катталган номердик белгилер төмөнкүлөргө берилет:
- "D" сериясы - БУУ системасынын өкүлчүлүктөрүнүн, алардын башчыларынын жана кызматкерлеринин, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн автотранспорт каражаттарына;
- "Т" сериясы - БУУ системасынын өкүлчүлүктөрүнүн, администрациялык-техникалык жана тейлөө персоналдарынын, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн автотранспорт каражаттарына берилет.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-апрелиндеги № 162 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-сентябры № 659
Чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредитациялоонун жана дипломатиялык номердик белгилерди каттоонун маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредитациялоонун жол-жоболорун тартипке келтирүү жана өркүндөтүү, ошондой эле дипломатиялык номердик белгилерди каттоо максатында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан аларга теңештирилген башка өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин аккредитациялоонун тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн автотранспорт каражаттарын, ошондой эле алардын кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) тартиби тууралуу жобо, 2-тиркемеге ылайык;
2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык күчүн жоготту)