Сравнение редакций…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 659 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн автотранспорт каражаттарын, ошондой эле алардын кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) тартиби тууралуу ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
Ушул Жобо 1961-жылдагы дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясына, 1963-жылдагы консулдук карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясына, 1946-жылдагы БУУнун артыкчылыктар жана кол тийбестик жөнүндө Конвенциясына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык жана соода өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жеке жана кызматтык пайдалануудагы автотранспорт каражаттарын, ошондой эле алардын кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарын каттоонун тартибин жөнгө салат.
1. Жалпы жоболор
1. Дипломатиялык жана соода өкүлчүлүктөрүнүн, чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин, БУУ системасынын өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык эл аралык уюмдардын башка өкүлчүлүктөрүнүн (мындан ары - "Өкүлчүлүктөр" жана "Мекемелер") кызматтык автотранспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (мындан ары - ТИМ) менен макулдашуу боюнча "Кыргыздипсервис" дипломатиялык сервис Мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Кыргыздипсервис" МИ) аркылуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Унаа" мамлекеттик мекемесинде (мындан ары - "Унаа" ММ) жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн мүчөлөрүнүн, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн административдик-техникалык персоналдарынын, соода өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин жана чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин, БУУ системасынын өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын башка өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин жеке автотранспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) ТИМ менен макулдашуу боюнча "Кыргыздипсервис" МИси аркылуу "Унаа" ММде жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Автотранспорт каражаттарын тариздөө, каттоо (кайра каттоо), эсепке алуу белгиленген - тартипте "Кыргыздипсервис" МИнин кызматкерлери тарабынан "Унаа" ММде ишке ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
4. "Кыргыздипсервис" МИнин кызматкерлери "Унаа" ММде Өкүлчүлүктөрдүн же Мекемелердин жазуу жүзүндөгү кайрылууларынын негизинде каттоочу (кайра каттоочу) иш-аракеттерди жасаганда автотранспорт каражаттарын пайдалануучу жана/же тескөөчү менчик ээсинин атынан чыгат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Белгиленген тартипте катталбаган жана мөөнөтү өткөн дипломатиялык катталган номердик белгилер менен автотранспорт каражаттарын пайдаланууга катуу тыюу салынат.
6. "Кыргыздипсервис" МИси ТИМ менен макулдашуу боюнча автотранспорт каражаттарынын төмөнкү түрлөрүн каттайт (кайра каттайт):
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин башчыларынын кызматтык жана жеке автотранспорт каражаттарын;
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматтык автотранспорт каражаттарын;
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматкерлеринин же алардын жашы жеткен, айдоочу күбөлүктөрүнүн ээси болуп саналган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке автотранспорт каражаттарын.
7. "Кыргыздипсервис" МИси Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматтык жана жеке автотранспорт каражаттарына дипломатиялык катталган номерлерди берүүнүн жыйынтыгы боюнча, дипломатиялык катталган номердик белгилерди берүүнүн же узартуунун контролдук баракчасын (мындан ары - контролдук баракча) ТИМге ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык формада жөнөтөт.
2. Автотранспорт каражаттарын каттоонун тартиби
8. Өкүлчүлүктөр жана Мекемелер автотранспорт каражаттарын каттоо жана тийиштүү дипломатиялык катталган номердик белгилерди алуу үчүн ТИМге дипломатиялык катталган номердик белгилерди берүү тууралуу өтүнүч менен нота же кат жөнөтөт.
ТИМ тийиштүү суроо-талап келип түшкөндөн кийин 3 иш күндүн ичинде "Кыргыздипсервис" МИге Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин автотранспорт каражаттарын каттоого (кайра каттоо) документтердин түп нускаларын тиркеп, дипломатиялык катталган номердик белгилердин тийиштүү сериясын жана катар номерлерин ыйгаруу менен кат жөнөтөт.
Арыздарды кароо мөөнөтү эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештигине тийиштүү экспертизаны өткөрүү зарылдыгына байланыштуу 10 жумушчу күнгө созулушу мүмкүн.
"Кыргыздипсервис" МИси ТИМден (тийиштүү категориясы жана катар номерин көрсөтүү менен) жазуу түрүндөгү билдирүүсүн алгандан кийин гана "Унаа" ММде дипломатиялык катталган номердик белгилерди каттоонун жана алуунун жол-жоболорун жүргүзөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кызматтык автотранспорт каражаттарына Өкүлчүлүктөр жана Мекемелер төмөнкүдөй документтерди ТИМге беришет:
а) автотранспорт каражатынын түрүн (Өкүлчүлүктүн же Мекеменин башчысынын кызматтык автотранспорт каражаты, же Өкүлчүлүктүн же Мекеменин кызматтык автотранспорт каражаты) көрсөтүү менен, дипломатиялык катталган номердик белгилерди берүү жөнүндө кайрылуу менен нота же арыз-кат;
б) Өкүлчүлүктүн же Мекеменин автотранспорт каражатына менчик укугун күбөлөндүрүүчү документтин түп нускасы (автотранспорт каражаттын техникалык паспорту же сертификаты) жана анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан авто салондордо сатылып алынган жана чет өлкөлөрдөн алынып келген кездерде - унаа даярдоочу-уюм, соода уюму, ишкер тарабынан берилген сертификаттын түп нускасы жана эсептөөчү маалымкат же транспорттук каражатка менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документ, жол-транспорттук коштомо кагаз, бажы күбөлүгү жана жүккө берилген бажы декларациясы;
- жеке жактардан сатылып алынган мезгилдерде - төмөнкү документтердин түп нускасы жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү: техникалык паспорт, унаанын мурунку ээсинин паспортунун көчүрмөсү, сатып алуу-сатуу келишими, мамлекеттик катталган номердик белгилер;
- автотранспортту уюмдардан сатып алган мезгилдерде - төмөнкү документтердин түп нускасы жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү: техникалык паспорт, автотранспортту кабыл алуу-өткөрүү актысы, сатып алуу-сатуу келишими, кириш ордерине квитанция, сатуучу уюмдун автотранспортту каттоодон чыгаруу жөнүндө тийиштүү буйругу, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталгандыгы тууралуу күбөлүк, уюмдун уставдык документтери, мамлекеттик каттоочу номердик белгилер;
в) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык формада толтурулган контролдук баракча.
10. Айдоочу күбөлүктөрүнүн ээси болуп саналган жана ТИМ тарабынан берилген аккредитациялык карточкаларына ээ Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматкерлеринин, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке автотранспорт каражаттарына ТИМге төмөнкү документтер берилет:
а) аты-жөнүн жана ээлеген кызматын көрсөтүү менен дипломатиялык катталган номердик белгилерди берүү тууралуу кайрылуу баяндалган нота же арыз-каттын түп нускасы жана көчүрмөсү;
б) кызматкердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн автотранспортко укугун ырастаган документтин түп нускасы жана көчүрмөсү:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан авто салондордон сатылып алынган учурда же чет өлкөлөрдөн алынып келген кездерде - чыгарган - уюм, соода уюму, ишкер тарабынан берилген сертификаттын түп нускасы же транспорт каражатына менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документ, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталгандыгы тууралуу күбөлүк, уюмдун Уставынын же Жобосунун көчүрмөлөрү, бажы күбөлүгү жана жүккө берилген бажы декларациясы;
- жеке жактардан сатылып алынган мезгилдерде - техникалык паспорттун түп нускасы жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, мурунку ээсинин паспортунун көчүрмөсү, мамлекеттик каттоодон өткөн номердик белгилер, сатып алуу-сатуу келишими;
- автотранспортту уюмдардан сатып алган мезгилде - сатып алуу-сатуу келишимдин, техникалык паспорттун түп нускасы жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, мамлекеттик каттоодон өткөн номердик белгилер, автотранспортту кабыл алуу-өткөрүүнүн актысы, кириш ордерине квитанция, сатуучу уюмдун эсебинен чыгаруу жөнүндө буйрук, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталгандыгы тууралуу күбөлүк, уюмдун Уставынын же Жобосунун көчүрмөлөрү;
в) паспорттун жана ТИМ тарабынан берилген аккредитациялоо карточкасынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
г) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык формада толтурулган контролдоочу баракча.
3. Дипломатиялык катталган номердик белгилерди берүүнүн тартиби, алардын мөөнөтү жана саны
11. "D" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилер төмөндөгүлөргө берилет:
- ТИМде аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык Өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын кызматтык жана жеке автотранспорт каражаттарына (кызыл фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номердик белгилер) жана БУУ системасынын Өкүлчүлүгүнүн башчыларынын кызматтык жана жеке автотранспорт каражаттарына (көгүлтүр фондогу ак түстө дипломатиялык катталган номердик белгилер);
- Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык Өкүлчүлүктөрдүн дипломатиялык персоналдарынын башчыларынын жана кызматкерлеринин жеке автотранспорт каражаттарына (кызыл фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номердик белгилер) жана БУУ системасынын Өкүлчүлүгүнүн башчыларынын жана кызматкерлеринин кызматтык жана жеке автотранспорт каражаттарына (көгүлтүр фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номердик белгилер) берилет.
"D" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилер ТИМ тарабынан берилген "D" дипломатиялык карточкаларга ылайык жогоруда аталган адамдардын автотранспорт каражаттарына таризделет.
12. "D" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилердин саны жана жарактуулук мөөнөттөрү:
а) чет мамлекеттердин дипломатиялык Өкүлчүлүктөрү үчүн.
Өкүлчүлүктөрдүн кызматтык автотранспорт каражаттары үчүн дипломатиялык катталган номердик белгилердин жалпы саны ТИМде аккредитацияланган дипломатиялык персоналдардын мүчөлөрүнүн сандык курамына жараша, 3 жылга жарактуулук мөөнөтү менен аныкталат.
Өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын кызматтык автотранспорт каражаттарына 3төн дипломатиялык катталган номердик белги 5 жылдык мөөнөткө берилет.
Айдоочунун күбөлүгү бар жана ТИМ тарабынан берилген аккредитациялык карточкаларга ээ Өкүлчүлүктүн башчысынын жана кызматкерлеринин же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке автотранспорт каражаттарына дипломатиялык катталган номердик белги бирден (1) комплект боюнча таризделет.
"D" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилердин жарактуулук мөөнөтү Өкүлчүлүктүн кызматкерлерин ТИМде аккредитациялоонун мөөнөтүнө жараша болот.
б) эл аралык уюмдардын Өкүлчүлүктөрү үчүн.
Кызматтык автотранспорт каражаттары үчүн дипломатиялык катталган номердик белгилердин жалпы саны Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, дипломатиялык агенттер статусу менен ТИМде 3 жылга жарактуулук мөөнөтү менен аккредитациялоодон өткөн эл аралык уюмдардын кызматкерлеринин санына жараша аныкталат.
Өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын кызматтык автотранспорт каражаттарына 3төн дипломатиялык катталган номердик белги 5 жылга жарактуулук мөөнөтү менен берилет.
Айдоочунун күбөлүгүнө жана ТИМ тарабынан берилген аккредитациялык карточкаларга ээ Өкүлчүлүктүн башчысынын жана статусу дипломатиялык агенттик кызматына теңештирилген кызматкерлеринин же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке автотранспорт каражаттарына дипломатиялык катталган номердик белги бирден (1) комплект боюнча таризделет.
"D" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилердин жарактуулук мөөнөттөрү Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин ТИМде аккредитациялоо мөөнөтүнө жараша болот.
13. "С" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилер төмөндөгүлөргө:
- ТИМде аккредитацияланган чет мамлекеттердин консулдук Мекемелеринин башчыларынын кызматтык автотранспорт каражаттарына (кызыл фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номердик белгилер);
- чет мамлекеттердин консулдук Мекемелеринин кызматтык автотранспорт каражаттарына (кызыл фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номердик белгилер);
- чет мамлекеттердин консулдук Мекемелеринин башчыларынын жана кызмат адамдарынын жеке автотранспорт каражаттарына (кызыл фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номердик белгилер) берилет.
"С" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилер ТИМ тарабынан берилген "С" консулдук карточкаларга ылайык жогоруда аталган адамдардын автотранспорт каражаттарына берилет.
14. "С" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилердин саны жана жарактуулук мөөнөттөрү:
а) консулдук Мекемелер үчүн.
Кызматтык автотранспорт каражаттары үчүн дипломатиялык катталган номердик белгилердин жалпы саны 3 жылга жарактуулук мөөнөтү менен ТИМде аккредитацияланган консулдук Мекеменин кызмат адамдарынын курамына жараша аныкталат.
Мекемелердин башчыларынын кызматтык автоунаа каражаттарына (кызыл фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номердик белгилер) дипломатиялык катталган номердик 3төн белги 5 жылдык мөөнөткө берилет.
Айдоочунун күбөлүгү бар жана ТИМ тарабынан берилген аккредитациялык карточкаларга ээ Өкүлчүлүктүн башчысынын жана кызмат адамдарынын же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке автоунаа каражаттарына дипломатиялык катталган номердик белги бирден (1) комплект боюнча таризделет.
"С" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилердин жарактуулук мөөнөтү Өкүлчүлүктүн кызматкерлерин ТИМде аккредитациялоонун мөөнөтүнө жараша болот.
б) ардактуу консулдуктардын өкүлчүлүктөрү үчүн.
Чет мамлекеттердин Ардактуу консулдарынын кызматтык автотранспорт каражаттарына (кызыл фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номердик белгилер) ТИМ тарабынан берилген "С" сериясындагы аккредитациялык карточкаларга ылайык берилет.
"НС" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилер, эгерде аккредитациялоочу мамлекеттин ТИМи өз мамлекетиндеги ардактуу консулдарга окшош номердик белгилерди берүү тууралуу расмий маалымат берсе, өз ара мамилелер принцибинде берилет.
Эгерде чет мамлекетте Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу жок болсо, бирок дипломатиялык катталган номердик белги берүү каралса, анда чет мамлекеттин Ардактуу консулуна "НС" сериясындагы номердик белги берилиши мүмкүн.
Ардактуу консулдун кызматтык автоунаасына дипломатиялык катталган номердик бир (1) белги берилет.
Эгерде Ардактуу консулдук визалык колдоо боюнча кызматтарды көрсөтсө, анда курьердик максаттар үчүн аккредитациялоочу мамлекеттин ТИМден суроо-талап алынгандан кийин гана кошумча дипломатиялык катталган номердик белги таризделиши мүмкүн.
Дипломатиялык катталган номердик белгилердин жарактуулук мөөнөтү Ардактуу консулду ТИМде аккредитациялоонун мөөнөтүнө жараша болот.
15. Жогоруда аталган дипломатиялык катталган номердик белгилер тиешелүү каттоодон өткөн автотранспорт каражаттарына гана бекитилет.
Дипломатиялык катталган номердик белгилерди бир автотранспорт каражаттарынан экинчи автотранспорт каражаттарына кайрадан бекитүү ТИМдин жана "Кыргыздипсервис" МИнин кызматкерлери тарабынан кийин "Унаа" ММге билдирүү менен дипломатиялык катталган номердик белгилердин жокко чыгарылышына алып келет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Ушул Жободо каралган дипломатиялык катталган номердик белгилер төмөндөгүлөргө берилбейт:
- чет мамлекеттердин Өкүлчүлүктөрүнө жана Мекемелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредитацияланган жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу резиденциясы жок алардын кызматкерлерине;
- Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө жана чет мамлекеттин жарандарынын ичинен ТИМде аккредитацияланган кызматкерлери жок өкүлчүлүктөрүнө;
- ижарага алынган автомобилдерге.
17. Өкүлчүлүктөр, Мекемелер, долбоорлор жана алардын кызматкерлери, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан кийин чыгарып кетүү милдеттенмеси боюнча убактылуу алып келинген автотранспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо), алар бажылык таризделгенден кийин гана жүргүзүлөт.
18. "Т" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилер төмөндөгүлөргө берилет:
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматтык автотранспорт каражаттарына (кызыл фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номердик белгилер), ошондой эле Кыргыз Республикасындагы БУУ системасынын Өкүлчүлүктөрүнүн кызматтык автотранспорт каражаттарына (көгүлтүр фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номерлери) берилет.
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин административдик-техникалык персоналдарынын мүчөлөрүнүн жеке автотранспорт каражаттарына;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, 1946-жылдагы БУУнун артыкчылыктары жана кол тийбестиги жөнүндө Конвенциясына ылайык статусу БУУ системасындагы уюмдардын кызмат адамдарына теңештирилген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн автотранспорт каражаттарына (көгүлтүр фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номердик белгилер) берилет.
- эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн долбоорлорунун кызматкерлеринин кызматтык жана жеке автотранспорт каражаттарына, эгерде бул Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган болсо (кызыл фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номердик белгилер).
ТИМ тарабынан берилген "Т" техникалык карточкаларына жана "О" кызматтык карточкаларына ылайык жогоруда аталган адамдардын автотранспорт каражаттарына "Т" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилер таризделет.
19. "Т" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилердин саны жана жарактуулук мөөнөттөрү:
а) Чет мамлекеттердин дипломатиялык Өкүлчүлүктөрү жана консулдук Мекемелери үчүн;
Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматтык автотранспорт каражаттары үчүн дипломатиялык катталган номердик белгилердин жалпы саны 3 жылга жарактуулук мөөнөтү менен ТИМде аккредитацияланган администрациялык-техникалык персоналдарын мүчөлөрүнүн санынын курамына жараша аныкталат.
Айдоочунун күбөлүгү бар жана ТИМ тарабынан берилген аккредитациялык карточкаларга ээ Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин администрациялык-техникалык кызмат мүчөлөрүнүн же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке автотранспорт каражаттарына дипломатиялык катталган номердик белгилер бирден (1) комплект боюнча таризделет.
Дипломатиялык катталган номердик белгилердин жарактуулук мөөнөттөрү Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин же администрациялык-техникалык персоналдардын мүчөлөрүн ТИМде аккредитациялоо мөөнөтүнө жараша болот.
б) эл аралык уюмдардын Өкүлчүлүктөрү үчүн.
Кызматтык автотранспорт каражаттары үчүн дипломатиялык катталган номердик белгилердин жалпы саны Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, дипломатиялык Өкүлчүлүктөрдүн администрациялык-техникалык персоналдарынын статусу менен, ТИМде аккредитацияланган эл аралык уюмдардын Өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин санынын курамына жараша 3 жылга жарактуулук мөөнөтү менен аныкталат.
Айдоочунун күбөлүгү бар жана ТИМ тарабынан берилген аккредитациялык карточкаларга ээ Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин администрациялык-техникалык персоналдарынын мүчөлөрүнүн же алардын үй-бүлө. мүчөлөрүнүн жеке автотранспорт каражаттарына дипломатиялык катталган номердик белгилер бирден (1) комплект боюнча таризделет.
Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде эл аралык уюмдардын жана долбоорлордун Өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин жеке автотранспорт каражаттары үчүн дипломатиялык катталган номердик белгилерди берүү каралса, автотранспорт каражаттарына дипломатиялык катталган номердик белги бирден (1) комплект боюнча таризделет.
"Т" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилердин жарактуулук мөөнөтү Өкүлчүлүктөрдүн администрациялык-техникалык персоналдарынын мүчөлөрүн ТИМде аккредитациялоо мөөнөтүнө жараша болот.
4. Дипломатиялык катталган номердик белгилердин мөөнөтүн узартуунун, алмаштыруунун жана алып салуунун тартиби
20. Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматкерлеринин кызматтык жана (же) жеке автотранспорт каражаттарына дипломатиялык катталган номердик белгилерди жарактуулук мөөнөтү аяктаган учурда бул жөнүндө ТИМге 10 жумушчу күндүн ичинде билдирилиши керек.
21. Кызматтык автотранспорт каражаттарына дипломатиялык катталган номердик белгилердин жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн ТИМге төмөнкү документтерди берүү керек:
а) Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин нотасынын түп нускасы жана көчүрмөсү;
б) техникалык паспорттун жана автомашинанын талонунун түп нускасы жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
в) дипломатиялык катталган номердик белги.
22. Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин кызматкерлеринин же алардын үй-бүлөлөрүнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн жеке автотранспорт каражаттарынын дипломатиялык катталган номердик белгилердин жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн ТИМге төмөнкү документтерди берүү керек:

б) Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин кызматкерлерине же алардын үй-бүлөлөрүнүн жашы жеткен мүчөлөрүнө ТИМ тарабынан берилген мөөнөтү узартылган аккредитациялык карточкалардын күбөлөндүрүлгөн эки көчүрмөсү;
в) автотранспорт ээсинин паспортунун күбөлөндүрүлгөн эки көчүрмөсү;
г) автомашинанын техникалык паспортунун түп нускасы жана күбөлөндүрүлгөн эки көчүрмөсү;
д) дипломатиялык катталган номердик белги.
23. Дипломатиялык катталган номердик белгилердин жарактуулук мөөнөтүн узартуу, ошондой эле техникалык паспортко жана техникалык талонго кошумчаларды киргизүү "Кыргыздипсервис" МИ аркылуу ТИМ менен макулдашуу боюнча МККнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.
Дипломатиялык катталган номердик белгилери бар автотранспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо), каттоодон чыгаруу жана башка аракеттер "Унаа" ММде гана жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Автотранспорт каражаттарынын дипломатиялык катталган номердик белгилерин жарактуулук мөөнөтү бүткөндө Өкүлчүлүк же Мекеме жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин 5 күндөн кечиктирбей дипломатиялык номердик белгини ТИМге кайтарып берет же мөөнөтүн узартууга документтерди тапшырат. Эгерде дипломатиялык катталган номердик белгилер кайтарылбаса же мөөнөтүн узартууга документ тапшырылбаса ТИМ дипломатиялык катталган номердик белгини жокко чыгарууга жана мөөнөтүн узартуудан баш тартууга укуктуу.
25. Автотранспорт каражаттарынын эсептен чыгарылган жана жарактуулук мөөнөтү бүткөн дипломатиялык катталган номердик белгилери "Кыргыздипсервис" МИси аркылуу, андан ары ТИМге кабарлоо менен "Унаа" ММге утилдештирүү үчүн жөнөтүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Ар бир айдын 25ине карата "Кыргыздипсервис" МИси Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин автотранспорт каражаттарына дипломатиялык катталган номерлердин берилгендиги жана каттоодон чыгарылгандыгы тууралуу ТИМге кабарлайт.
27. Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин автотранспорт каражаттарынын жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен дипломатиялык катталган номердик белгилери жараксыз деп эсептелинет жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (мындан ары - ИИМдин ЖКККББ) кызматкерлери тарабынан "Кыргыздипсервис" МИнин өкүлдөрү менен бирге алып салынат.

28. ТИМ ИИМнин ЖКККББнын жана "Кыргыздипсервис" МИнин кызматкерлери менен бирге чет мамлекеттердин дипломатиялык Өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук Мекемелеринин, эл аралык уюмдардын Өкүлчүлүктөрүнүн автотранспорт каражаттарынын, алардын кызматкерлеринин жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн автотранспорт каражаттарынын дипломатиялык катталган номердик белгилерин пайдаланылышына контроль жүргүзүү максатында ар бир кварталда бир жолу рейд жүргүзүшөт.

29. Дипломатиялык Өкүлчүлүктөрдүн, консулдук Мекемелердин жана эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдардын жеке пайдалануудагы автотранспорт каражаттарына ушул Жободо көрсөтүлгөн дипломатиялык катталган номердик белгилерди берүү жүргүзүлбөйт.
30. Мотоциклдерге, чиркегичтерге, жүк ташуучу автомашиналарга, автобустарга дипломатиялык катталган номердик белгилер берилбейт.
31. Өкүлчүлүктөр жана Мекемелер, алардын кызматкерлери жана үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан убактылуу алынып келинген транспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) транспорт каражаттары катталгандыгы тууралуу күбөлүктү жана дипломатиялык катталган номердик белгилерди бажы документинде көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык каттоо алардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуучу мөөнөткө берилет. Мындай учурларда чет мамлекеттердин каттоо документтери жана катталган номердик белгилери "Унаа" ММде сакталууга тапшырылат жана бул автотранспорт каражаттарды каттоодон чыгарууда кайра кайтарылып берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Автотранспорт каражатын каттоодон чыгаруунун тартиби
32. Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин кызматтык автотранспорт каражаты башка адамдарга, уюмдарга сатылган, берилген, тартууланган, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарылып кеткен учурларда жана жараксыздыкка алып келген жагдайларда "Кыргыздипсервис" МИсине төмөнкү документтерди тиркеп, автотранспорт каражатын каттоодон чыгаруу тууралуу өтүнүч менен нота берилет:
а) Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин автотранспорт каражаттарын каттоодон чыгаруунун себебин көрсөтүү менен арыз-кат же нота;
б) автотранспорт каражатынын техникалык паспортунун түп нускасы жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
в) автотранспорт каражатынын техникалык талонунун түп нускасы жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
г) дипломатиялык катталган номердик белгилер;
д) жеке жактарга сатылган учурда сатып алуу-сатуу жөнүндө келишим, автотранспорттун жаңы ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
е) автотранспорт каражатын уюмга кайтарымсыз өткөрүп берген учурда автотранспортту кабыл алуу - өткөрүп берүү актысы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталгандыгы тууралуу күбөлүк, уюмдун Уставынын же Жобосунун көчүрмөсү, алган уюмдун балансына автотранспортту кабыл алуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү;
ж) автотранспорт каражатын жеке жакка тартуулаган учурда - тартуулоо келишими, автотранспорт каражатынын техникалык паспорту, аккредитациялык карточкасынын көчүрмөсү, автотранспорттун жаңы ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
з) кызматтык автотранспорт каражаты юридикалык жактарга сатылган учурда - сатып алуу-сатуу жөнүндө келишим жана автотранспорт каражатынын наркы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталгандыгы тууралуу күбөлүк, уюмдун Уставы же Жоболору, алуучу уюмдун балансына кабыл алуу жөнүндө буйрук;
и) кызматтык автотранспорт каражаты жеке жактарга сатылган учурда сатуу-сатып алуу келишими жана автотранспорт каражатынын наркын төлөнгөндүгү тууралуу квитанция, жаңы ээсинин паспортунун көчүрмөсү.
33. Өкүлчүлүктүн же Мекеменин кызматкерлеринин жеке автотранспорт каражаты башка адамдарга, уюмдарга сатылган, берилген, тартууланган, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарылып кеткен учурларда жана жараксыздыкка алып келген жагдайларда "Кыргыздипсервис" МИсине төмөнкү документтер берилет:
а) Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин автотранспорт каражаттарын каттоодон чыгаруунун себеби көрсөтүлгөн арыз-каты же нота;

в) дипломатиялык катталган номердик белгилер;
г) Өкүлчүлүктүн же Мекеменин кызматкеринин аккредитациялык карточкасынын көчүрмөсү;
д) жеке жактарга сатылган учурда-сатып алуу-сатуу келишими, автотранспорттун жаңы ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
е) автотранспорт каражаты кайтарымсыз өткөрүп берилген учурда - автотранспортту өткөрүү-кабыл алуу актысы, техникалык паспорттун көчүрмөсү, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталгандыгы тууралуу күбөлүк, уюмдун Уставы же Жоболорунун көчүрмөсү, алуучу уюмдун балансына автоунааны кабыл алуу жөнүндө буйрук;
ж) автотранспортту жеке жактарга кайтарымсыз өткөрүп берүүдө-тартуулоо тууралуу келишим, автотранспорт каражатынын техникалык паспорту, аккредитациялык карточкасынын көчүрмөсү, жаңы ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
з) жеке автотранспорт каражаты юридикалык жактарга сатылган учурда - сатып алуу-сатуу келишими жана автотранспорт каражатынын наркы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталгандыгы тууралуу күбөлүк, уюмдун Уставынын же Жобосунун көчүрмөсү, сатып алуучу уюмдун балансына кабыл алуу жөнүндө буйрук;
и) жеке автотранспорт каражаты жеке жактарга сатылган учурда - сатып алуу-сатуу келишими жана автотранспорт каражатынын наркы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция, мурунку ээсинин паспортунун көчүрмөсү, жаңы ээсинин паспортунун көчүрмөсү.
34. Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин кызматкеринин аккредитациялык карточкасы ТИМ тарабынан жокко чыгарылганда дипломатиялык катталган номердик белги "Кыргыздипсервис" МИси аркылуу "Унаа" ММге өткөрүп берилүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Кыргыз Республикасынын аймагындагы Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин иши токтогондо же мөөнөтү аяктаган учурда, ошондой эле кызматкер Кыргыз Республикасынан биротоло кеткенде же Өкүлчүлүктө жана Мекемеде кызматкердин функциялары токтогон учурда дипломатиялык катталган номердик белгилер белгиленген тартипте "Кыргыздипсервис" МИси аркылуу "Унаа" ММге өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин автотранспорт каражаттарын, алардын Кыргыз Республикасында аккредитацияланган кызматкерлеринин автоунаа каражаттарын бажылык жөнгө салуу
36. Өкүлчүлүктөрдүн, Мекемелердин жана долбоорлордун автотранспорт каражаттарын, ошондой эле алардын кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарын бажылык тариздөө Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамы менен аныкталган тартипте ишке ашырылат.
37. Бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөөдөн бошотуу менен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келинген автотранспорт каражаттары үчүн ажыратып алууда тандалып алынган бажы режимине ылайык шарттардын жана талаптардын сакталышы менен бажылык тариздөө жүргүзүлөт.
38. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан автотранспорт каражаттарын алып чыгууда тандалып алынган бажы режимине ылайык шарттардын жана талаптардын сакталышы менен бажылык тариздөө жүргүзүлөт.
39. Бажы жеңилдиктери берилген автотранспорт каражаттары мындай бажы жеңилдиктерин берүү менен байланышкан максаттарда гана колдонулушу керек. Бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөө жагынан бажы жеңилдиктери берилген кызматтык жана жеке автотранспорт каражаттарын ажыратып алууга бажы төлөмдөрүнүн шарттуу эсептелген суммасы төлөнгөн шартта бажы органдарынын уруксаты менен жол берилет.
7. Автотранспорт каражаттарындагы кошумча жабдуучу предметтердин негизги, запастык бөлүктөрүн алмаштырууну каттоо
40. Автомобилди кайра жабдуунун же андагы агрегаттарды алмаштыруунун, ошондой эле анын өңүн өзгөртүүнүн натыйжасында тиби жана модели өзгөргөн учурда техникалык документацияга өзгөртүүлөр киргизилет, ал үчүн ТИМге негизги, запастык бөлүктөрү жана кошумча жабдуулардын предметтери алмаштырылгандыгы тууралуу кабарлоо менен нота жөнөтүлөт жана төмөнкүдөй документтер берилет:
кызматтык автотранспорт каражаттарына:
- арыз-кат же нота;
- автотранспорт каражатынын техникалык паспорту;
- автотранспорт каражатынын техникалык талону;
- жеке жактардан сатып алган учурда - сатуучунун паспортунун көчүрмөсү;
- дүкөндөн сатып алган учурда - авто дүкөндүн эсептик маалымдамасы.
Жеке автотранспорт каражаттарына:
- арыз-кат;
- автотранспорт каражатынын техникалык паспортунун түп нускасы жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- ээсинин аккредитациялык карточкасынын жана паспортунун күбөлөндүрүлгөн 2 көчүрмөсү;
- жеке жактан сатып алган учурда - сатуучунун паспортунун көчүрмөсү;

8. Автотранспорт каражаттарына берилген дипломатиялык катталган номердик белгилерди, техникалык паспортту, техникалык талонду жоготуу
41. Автотранспорт каражаттарына берилген дипломатиялык катталган номердик белгини, техникалык паспортту, техникалык талонду жоготкон же автотранспорт каражаттарына берилген документтер жараксыздыкка алып келген бузуулар болгон учурда Өкүлчүлүк же Мекеме токтоосуз бул тууралуу ТИМге жана "Кыргыздипсервис" МИге жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
42. Жаңы дипломатиялык катталган номердик белги автотранспорт каражаттарына берилген документтерде болгон дипломатиялык катталган номердик белгинин жоголгон фактысын тастыктаган Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын документтерин тиркөө менен аталган билдирүүнү алгандан кийин берилет.
9. Артыкчылыктар
43. Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин, алардын Кыргыз Республикасында аккредитацияланган кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарын каттоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык салыктардан жана жыйымдарды төлөөдөн бошотулат.
10. Кыргыз Республикасынын айдоочу күбөлүгүн берүү
44. 2004-жылдагы Конвенцияга киргизилген оңдоп-түзөтүүлөр менен, 1968-жылдагы Жол кыймылы тууралуу конвенциянын талаптарына ылайык келген эл аралык айдоочунун күбөлүгү (анын ичинде КМШга мүчө-мамлекеттердин) Кыргыз Республикасынын аймагында автотранспорт каражаттарын башкаруу үчүн жарактуу.
45. Чет мамлекеттик айдоочунун күбөлүгүн Кыргыз Республикасынын айдоочусунун күбөлүгүнө алмаштыруу үчүн "Кыргыздипсервис" МИге төмөнкүлөр берилет:
- арыз-кат же нота;
- аккредитациялык карточканын эки көчүрмөсү;
- айдоочунун күбөлүгүнүн түп нускасы котормосу менен;
- паспорттун көчүрмөсү;
- медициналык маалымдама;
- айдоочунун күбөлүгүнө жазуу үчүн жакын туугандары (дареги, телефон) тууралуу маалымат.
46. Айдоочунун күбөлүгүн алууда тийиштүү жол-жоболорду жүргүзүү үчүн айдоочунун күбөлүгүн алып жаткан адамдын өзүнүн милдеттүү катышуусу талап кылынат.
11. Арыздарды кароонун мөөнөттөрү
47. Документтерди кароо жана автотранспорт каражаттарына дипломатиялык катталган номердик белгилерди, ошондой эле айдоочунун күбөлүгүн берүү ТИМ жана "Кыргыздипсервис" МИси аркылуу "Унаа" ММде 10 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Дипломатиялык катталган номердик белгилери бар автотранспорт каражатынын ээсинин милдеттери
48. Дипломатиялык катталган номердик белгилери бар автотранспорт каражатынын ээси төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- автотранспорт каражатын 1961-жылдагы дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена Конвенциясынын, 1963-жылдагы консулдук карым-катнаштар жөнүндө Вена Конвенциясынын, 1946-жылдагы БУУнун артыкчылыктар жана кол тийбестик жөнүндө Конвенциянын жоболору, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган Өкүлчүлүктүн же Мекеменин функцияларына жана милдеттерине ылайык келген максаттарга гана колдонуу;
- дипломатиялык катталган номердик белгилерди алар катталган гана автотранспорт каражаттарында пайдалануу;
- Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын эрежелерин сыйлоо жана сактоо;
- автотранспорт каражатына берилген техникалык паспортко жана дипломатиялык катталган номердик белгилерге аяр мамиле жасоо;
- дипломатиялык катталган номердик белгилери бар автотранспорт каражатын дипломатиялык статуска ээ ТИМде аккредитацияланган үй-бүлө мүчөлөрүнөн башка үчүнчү жактарга өткөрүп бербөө;
- автотранспорт каражатына жарык берүүчү же үн чыгаруучу атайын сигналдарды, жаркырак маяктарды, стробоскопторду, алдыңкы капталдагы жана маңдайкы айнектерди караңгылатуучу плёнкаларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган атайын каражаттарды орнотпоо.
49. Дипломатиялык катталган номердик белгилери бар жеке автотранспорт каражаттарынын ээлерине башка адамдарга берүүгө же ишеним кат аркылуу сатууга тыюу салынат.
Чет мамлекеттердин дипломатиялык Өкүлчүлүктөрүнүн автотранспорт каражаттарына дипломатиялык катталган номердик белгилерин (кызыл фондо ак түстөгү) КАТАР НОМЕРЛЕШТИРҮҮ
№ | Аталышы | Элчиликтерди катар номерлештирүү |
1 | Түркия Республикасынын элчилиги | 01 |
2 | Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги | 02 |
3 | Кытай Эл Республикасынын элчилиги | 03 |
4 | Россия Федерациясынын элчилиги | 04 |
5 | Германия Федеративдүү Республикасынын элчилиги | 05 |
6 | Иран Ислам Республикасынын элчилиги | 06 |
7 | Казакстан Республикасынын элчилиги | 07 |
8 | Индия Республикасынын элчилиги | 08 |
9 | Беларусь Республикасынын элчилиги | 09 |
10 | Пакистан Ислам Республикасынын элчилиги | 10 |
11 | Өзбекстан Республикасынын элчилиги | 11 |
12 | Украина элчилиги | 12 |
13 | Афганистан Ислам Республикасынын элчилиги | 13 |
14 | Тажикстан Республикасынын элчилиги | 14 |
15 | Япония элчилиги | 15 |
16 | Корея Республикасынын элчилиги | 16 |
17 | Европа Кеңешинин өкүлчүлүгү | 17 |
18 | Франция Республикасынын элчилиги | 18 |
19 | Азербайжан Республикасынын элчилиги | 19 |
20 | Сауд Аравия Королдугунун элчилиги | 20 |
21 | Улуу Британия элчилиги | 21 |
22 | Катар Мамлекетинин элчилиги | 22 |
23 | Швейцария Конфедерация элчилиги | 23 |
24 | Монголиянын Башкы консулдугу | 24 |
25 | Түркмөнстан элчилиги | 25 |
Бириккен Улуттар Уюмунун Өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарынын дипломатиялык катталган номердик белгилерин (көгүлтүр фондо ак түстөгү) КАТАР НОМЕРЛЕШТИРҮҮ
№ | Аталышы | Өкүлчүлүктөрдү катар номерлештирүү |
1 | БУУнун өнүгүү программасы (ПРООН) | 01 |
2 | БУУнун качкындар иштери боюнча Жогорку комиссар башкармалыгы (БУУнун КЖКБ) | 02 |
3 | БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) | 03 |
4 | БУУнун калк фонду | 04 |
5 | Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму | 05 |
6 | БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы | 06 |
Эл аралык уюмдардын Өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарынын дипломатиялык катталган номердик белгилерин (кызыл фондо ак түстөгү) КАТАР НОМЕРЛЕШТИРҮҮ

1 | Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (РӨЕБ) | 50 |
2 | Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) | 51 |
3 | Дүйнөлүк банк (ДБ) | 52 |
4 | "Мир" эл аралык телерадиокомпаниясы | 53 |
5 | Швейцария элчилигине караштуу кызматташтык боюнча Швейцария бюросу | 54 |
6 | Эл аралык кызматташуу боюнча германия коому (GIZ) | 55 |
7 | Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ) | 56 |
8 | Европада коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюм (ЕККУ) | 58 |
9 | Эл аралык кызматташуу боюнча япония агенттиги (JIСА) | 60 |
10 | Азиялык өнүктүрүү банкы (АБР) | 61 |
11 | Кызыл крест эл аралык комитети (ККЭК) | 62 |
12 | Ага-Хан өнүктүрүү тармагы | 63 |
13 | Эл аралык илимий-техникалык борбор (ЭИТБ) | 64 |
14 | Кызыл крест жана Кызыл жарым ай коомдорунун эл аралык Федерациясы (КККЭФ) | 65 |
15 | БА региону боюнча КМШнын терроризмге каршы борбору | 66 |
16 | Евразия өнүктүрүү банкы (ЕБР) | 67 |
Чет мамлекеттердин Ардактуу консулдуктарынын кызматтык автотранспорт каражаттарын дипломатиялык катталган номердик белгилерин (ак фондо кызыл түстөгү) КАТАР НОМЕРЛЕШТИРҮҮ
№ | Аталышы | Консулдуктарды катар номерлештирүү |
1 | Латвия Республикасы | 1001 |
2 | Венгрия Республикасы | 1101 |
3 | Италия Республикасы | 1201 |
4 | Канада | 1301 |
5 | Швеция Королдугу | 1401 |
6 | Румыния | 2001 |
7 | Литва Республикасы | 2101 |
8 | Нидерланды Республикасы | 2201 |
9 | Бельгия Республикасы | 2401 |
10 | Испания Королдугу | 2601 |
11 | Армения Республикасы | 2701 |
12 | Казакстан Республикасы (Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарында) | 2801 |
13 | Бразилия Федеративдүү Республикасы | 2901 |
14 | Норвегия Королдугу | 3001 |
15 | Австрия Республикасы | 3101 |
16 | Польша Республикасы | 3201 |
17 | Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы | 3301 |
18 | Беларусь Республикасы | 3401 |
19 | Эстония Республикасы | 3501 |
20 | Индонезия Республикасы | 3601 |
21 | Иордания Хашимит Королдугу | 3701 |
22 | Бангладеш Эл Республикасы | 3801 |
23 | Фиджи Республикасы | 3901 |
24 | Казакстан Республикасы (Талас облусунун аймагында) | 4001 |
|
| Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн автотранспорт каражаттарын, ошондой эле алардын кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) тартиби тууралуу жобого 1-тиркеме |
Дипломатиялык катталган номердик белгилерди берүү жана мөөнөтүн узартуу боюнча контролдоочу баракча
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
Дипломатиялык өкүлчүлүк тарабынан толтурулат
1. Өкүлчүлүктүн аталышы __________________________________________________________
2. Автотранспорт каражатынын маркасы ______________________________________________
3. Автотранспорт каражатынын категориясы: жеке, кызматтык (керектүүсүнүн асты сызылат)
4. Кайрылуу: берүүгө/узартууга
5. Узарткан учурда, дипломатиялык катталган номердик белгинин номери көрсөтүлөт
|
Документ берилген дата: "___" ________________, 20____-жыл
__________________________________________________________________________________
ТИМ тарабынан толтурулат
1. Документ алынган дата: "___" _________________, 20___-жыл
2. Ыйгарылган дипломатиялык катталган номердик белги
| 20___-жылдын "___" _____________ чейинки мөөнөткө |
1. "Кыргыздипсервис" МИсине документ жөнөтүлгөн дата:
20___-жылдын "___" ________________

"Кыргыздипсервис" МИ тарабынан толтурулат
1. Документ алынган дата: 20___-жылдын "___" _______________
КРӨгө караштуу "Унаа" ММге документ жөнөтүлгөн дата: 20___-жылдын "___" ________________
__________________________________________________________________________________
"Унаа" ММ тарабынан толтурулат
2. Документ алынган дата: 20___-жылдын "___" ____________
3. "Анкер" ЖЧКда дипломатиялык катталган номердик белги даярдалган дата:
20___-жылдын "___" ________________
__________________________________________________________________________________
Дипломатиялык өкүлчүлүк тарабынан толтурулат
1. Дипломатиялык номердик белги ыйгарылган дата: 20___-жылдын "___" ________________
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 659 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет
мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана
консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын
өкүлчүлүктөрүнүн автотранспорт каражаттарын, ошондой эле
алардын кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарын
каттоонун (кайра каттоонун) тартиби тууралуу жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ушул Жобо 1961-жылдагы дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясына, 1963-жылдагы консулдук карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясына, 1946-жылдагы БУУнун артыкчылыктар жана кол тийбестик жөнүндө Конвенциясына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык жана соода өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жеке жана кызматтык пайдалануудагы автотранспорт каражаттарын, ошондой эле алардын кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарын каттоонун тартибин жөнгө салат.
1. Жалпы жоболор
1. Дипломатиялык жана соода өкүлчүлүктөрүнүн, чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин, БУУ системасынын өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык эл аралык уюмдардын башка өкүлчүлүктөрүнүн (мындан ары - "Өкүлчүлүктөр" жана "Мекемелер") кызматтык автотранспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (мындан ары - ТИМ) менен макулдашуу боюнча "Кыргыздипсервис" дипломатиялык сервис Мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Кыргыздипсервис" МИ) аркылуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн мүчөлөрүнүн, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн административдик-техникалык персоналдарынын, соода өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин жана чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин, БУУ системасынын өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын башка өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин жеке автотранспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) ТИМ менен макулдашуу боюнча "Кыргыздипсервис" МИси аркылуу ыйгарым укуктуу органда жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Автотранспорт каражаттарын тариздөө, каттоо (кайра каттоо), эсепке алуу белгиленген - тартипте "Кыргыздипсервис" МИнин кызматкерлери тарабынан ыйгарым укуктуу органда ишке ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. "Кыргыздипсервис" МИнин кызматкерлери ыйгарым укуктуу органда Өкүлчүлүктөрдүн же Мекемелердин жазуу жүзүндөгү кайрылууларынын негизинде каттоочу (кайра каттоочу) иш-аракеттерди жасаганда автотранспорт каражаттарын пайдалануучу жана/же тескөөчү менчик ээсинин атынан чыгат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Белгиленген тартипте катталбаган жана мөөнөтү өткөн дипломатиялык катталган номердик белгилер менен автотранспорт каражаттарын пайдаланууга катуу тыюу салынат.
6. "Кыргыздипсервис" МИси ТИМ менен макулдашуу боюнча автотранспорт каражаттарынын төмөнкү түрлөрүн каттайт (кайра каттайт):
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин башчыларынын кызматтык жана жеке автотранспорт каражаттарын;
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматтык автотранспорт каражаттарын;
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматкерлеринин же алардын жашы жеткен, айдоочу күбөлүктөрүнүн ээси болуп саналган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке автотранспорт каражаттарын.
7. "Кыргыздипсервис" МИси Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматтык жана жеке автотранспорт каражаттарына дипломатиялык катталган номерлерди берүүнүн жыйынтыгы боюнча, дипломатиялык катталган номердик белгилерди берүүнүн же узартуунун контролдук баракчасын (мындан ары - контролдук баракча) ТИМге ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык формада жөнөтөт.
2. Автотранспорт каражаттарын каттоонун тартиби
8. Өкүлчүлүктөр жана Мекемелер автотранспорт каражаттарын каттоо жана тийиштүү дипломатиялык катталган номердик белгилерди алуу үчүн ТИМге дипломатиялык катталган номердик белгилерди берүү тууралуу өтүнүч менен нота же кат жөнөтөт.
ТИМ тийиштүү суроо-талап келип түшкөндөн кийин 3 иш күндүн ичинде "Кыргыздипсервис" МИге Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин автотранспорт каражаттарын каттоого (кайра каттоо) документтердин түп нускаларын тиркеп, дипломатиялык катталган номердик белгилердин тийиштүү сериясын жана катар номерлерин ыйгаруу менен кат жөнөтөт.
Арыздарды кароо мөөнөтү эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештигине тийиштүү экспертизаны өткөрүү зарылдыгына байланыштуу 10 жумушчу күнгө созулушу мүмкүн.
"Кыргыздипсервис" МИси ТИМден (тийиштүү категориясы жана катар номерин көрсөтүү менен) жазуу түрүндөгү билдирүүсүн алгандан кийин гана ыйгарым укуктуу органда дипломатиялык катталган номердик белгилерди каттоонун жана алуунун жол-жоболорун жүргүзөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Кызматтык автотранспорт каражаттарына Өкүлчүлүктөр жана Мекемелер төмөнкүдөй документтерди ТИМге беришет:
а) автотранспорт каражатынын түрүн (Өкүлчүлүктүн же Мекеменин башчысынын кызматтык автотранспорт каражаты, же Өкүлчүлүктүн же Мекеменин кызматтык автотранспорт каражаты) көрсөтүү менен, дипломатиялык катталган номердик белгилерди берүү жөнүндө кайрылуу менен нота же арыз-кат;
б) Өкүлчүлүктүн же Мекеменин автотранспорт каражатына менчик укугун күбөлөндүрүүчү документтин түп нускасы (автотранспорт каражаттын техникалык паспорту же сертификаты) жана анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан авто салондордо сатылып алынган жана чет өлкөлөрдөн алынып келген кездерде - унаа даярдоочу-уюм, соода уюму, ишкер тарабынан берилген сертификаттын түп нускасы жана эсептөөчү маалымкат же транспорттук каражатка менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документ, жол-транспорттук коштомо кагаз, бажы күбөлүгү жана жүккө берилген бажы декларациясы;
- жеке жактардан сатылып алынган мезгилдерде - төмөнкү документтердин түп нускасы жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү: техникалык паспорт, унаанын мурунку ээсинин паспортунун көчүрмөсү, сатып алуу-сатуу келишими, мамлекеттик катталган номердик белгилер;
- автотранспортту уюмдардан сатып алган мезгилдерде - төмөнкү документтердин түп нускасы жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү: техникалык паспорт, автотранспортту кабыл алуу-өткөрүү актысы, сатып алуу-сатуу келишими, кириш ордерине квитанция, сатуучу уюмдун автотранспортту каттоодон чыгаруу жөнүндө тийиштүү буйругу, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталгандыгы тууралуу күбөлүк, уюмдун уставдык документтери, мамлекеттик каттоочу номердик белгилер;
в) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык формада толтурулган контролдук баракча.
10. Айдоочу күбөлүктөрүнүн ээси болуп саналган жана ТИМ тарабынан берилген аккредитациялык карточкаларына ээ Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматкерлеринин, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке автотранспорт каражаттарына ТИМге төмөнкү документтер берилет:
а) аты-жөнүн жана ээлеген кызматын көрсөтүү менен дипломатиялык катталган номердик белгилерди берүү тууралуу кайрылуу баяндалган нота же арыз-каттын түп нускасы жана көчүрмөсү;
б) кызматкердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн автотранспортко укугун ырастаган документтин түп нускасы жана көчүрмөсү:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан авто салондордон сатылып алынган учурда же чет өлкөлөрдөн алынып келген кездерде - чыгарган - уюм, соода уюму, ишкер тарабынан берилген сертификаттын түп нускасы же транспорт каражатына менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документ, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталгандыгы тууралуу күбөлүк, уюмдун Уставынын же Жобосунун көчүрмөлөрү, бажы күбөлүгү жана жүккө берилген бажы декларациясы;
- жеке жактардан сатылып алынган мезгилдерде - техникалык паспорттун түп нускасы жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, мурунку ээсинин паспортунун көчүрмөсү, мамлекеттик каттоодон өткөн номердик белгилер, сатып алуу-сатуу келишими;
- автотранспортту уюмдардан сатып алган мезгилде - сатып алуу-сатуу келишимдин, техникалык паспорттун түп нускасы жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, мамлекеттик каттоодон өткөн номердик белгилер, автотранспортту кабыл алуу-өткөрүүнүн актысы, кириш ордерине квитанция, сатуучу уюмдун эсебинен чыгаруу жөнүндө буйрук, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталгандыгы тууралуу күбөлүк, уюмдун Уставынын же Жобосунун көчүрмөлөрү;
в) паспорттун жана ТИМ тарабынан берилген аккредитациялоо карточкасынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
г) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык формада толтурулган контролдоочу баракча.
3. Дипломатиялык катталган номердик белгилерди берүүнүн
тартиби, алардын мөөнөтү жана саны
11. "D" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилер төмөндөгүлөргө берилет:
- ТИМде аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык Өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын кызматтык жана жеке автотранспорт каражаттарына (кызыл фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номердик белгилер) жана БУУ системасынын Өкүлчүлүгүнүн башчыларынын кызматтык жана жеке автотранспорт каражаттарына (көгүлтүр фондогу ак түстө дипломатиялык катталган номердик белгилер);
- Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык Өкүлчүлүктөрдүн дипломатиялык персоналдарынын башчыларынын жана кызматкерлеринин жеке автотранспорт каражаттарына (кызыл фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номердик белгилер) жана БУУ системасынын Өкүлчүлүгүнүн башчыларынын жана кызматкерлеринин кызматтык жана жеке автотранспорт каражаттарына (көгүлтүр фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номердик белгилер) берилет.
"D" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилер ТИМ тарабынан берилген "D" дипломатиялык карточкаларга ылайык жогоруда аталган адамдардын автотранспорт каражаттарына таризделет.
12. "D" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилердин саны жана жарактуулук мөөнөттөрү:
а) чет мамлекеттердин дипломатиялык Өкүлчүлүктөрү үчүн.
Өкүлчүлүктөрдүн кызматтык автотранспорт каражаттары үчүн дипломатиялык катталган номердик белгилердин жалпы саны ТИМде аккредитацияланган дипломатиялык персоналдардын мүчөлөрүнүн сандык курамына жараша, 3 жылга жарактуулук мөөнөтү менен аныкталат.
Өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын кызматтык автотранспорт каражаттарына 3төн дипломатиялык катталган номердик белги 5 жылдык мөөнөткө берилет.
Айдоочунун күбөлүгү бар жана ТИМ тарабынан берилген аккредитациялык карточкаларга ээ Өкүлчүлүктүн башчысынын жана кызматкерлеринин же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке автотранспорт каражаттарына дипломатиялык катталган номердик белги бирден (1) комплект боюнча таризделет.
"D" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилердин жарактуулук мөөнөтү Өкүлчүлүктүн кызматкерлерин ТИМде аккредитациялоонун мөөнөтүнө жараша болот.
б) эл аралык уюмдардын Өкүлчүлүктөрү үчүн.
Кызматтык автотранспорт каражаттары үчүн дипломатиялык катталган номердик белгилердин жалпы саны Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, дипломатиялык агенттер статусу менен ТИМде 3 жылга жарактуулук мөөнөтү менен аккредитациялоодон өткөн эл аралык уюмдардын кызматкерлеринин санына жараша аныкталат.
Өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын кызматтык автотранспорт каражаттарына 3төн дипломатиялык катталган номердик белги 5 жылга жарактуулук мөөнөтү менен берилет.
Айдоочунун күбөлүгүнө жана ТИМ тарабынан берилген аккредитациялык карточкаларга ээ Өкүлчүлүктүн башчысынын жана статусу дипломатиялык агенттик кызматына теңештирилген кызматкерлеринин же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке автотранспорт каражаттарына дипломатиялык катталган номердик белги бирден (1) комплект боюнча таризделет.
"D" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилердин жарактуулук мөөнөттөрү Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин ТИМде аккредитациялоо мөөнөтүнө жараша болот.
13. "С" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилер төмөндөгүлөргө:
- ТИМде аккредитацияланган чет мамлекеттердин консулдук Мекемелеринин башчыларынын кызматтык автотранспорт каражаттарына (кызыл фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номердик белгилер);
- чет мамлекеттердин консулдук Мекемелеринин кызматтык автотранспорт каражаттарына (кызыл фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номердик белгилер);
- чет мамлекеттердин консулдук Мекемелеринин башчыларынын жана кызмат адамдарынын жеке автотранспорт каражаттарына (кызыл фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номердик белгилер) берилет.
"С" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилер ТИМ тарабынан берилген "С" консулдук карточкаларга ылайык жогоруда аталган адамдардын автотранспорт каражаттарына берилет.
14. "С" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилердин саны жана жарактуулук мөөнөттөрү:
а) консулдук Мекемелер үчүн.
Кызматтык автотранспорт каражаттары үчүн дипломатиялык катталган номердик белгилердин жалпы саны 3 жылга жарактуулук мөөнөтү менен ТИМде аккредитацияланган консулдук Мекеменин кызмат адамдарынын курамына жараша аныкталат.
Мекемелердин башчыларынын кызматтык автоунаа каражаттарына (кызыл фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номердик белгилер) дипломатиялык катталган номердик 3төн белги 5 жылдык мөөнөткө берилет.
Айдоочунун күбөлүгү бар жана ТИМ тарабынан берилген аккредитациялык карточкаларга ээ Өкүлчүлүктүн башчысынын жана кызмат адамдарынын же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке автоунаа каражаттарына дипломатиялык катталган номердик белги бирден (1) комплект боюнча таризделет.
"С" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилердин жарактуулук мөөнөтү Өкүлчүлүктүн кызматкерлерин ТИМде аккредитациялоонун мөөнөтүнө жараша болот.
б) ардактуу консулдуктардын өкүлчүлүктөрү үчүн.
Чет мамлекеттердин Ардактуу консулдарынын кызматтык автотранспорт каражаттарына (кызыл фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номердик белгилер) ТИМ тарабынан берилген "С" сериясындагы аккредитациялык карточкаларга ылайык берилет.
"НС" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилер, эгерде аккредитациялоочу мамлекеттин ТИМи өз мамлекетиндеги ардактуу консулдарга окшош номердик белгилерди берүү тууралуу расмий маалымат берсе, өз ара мамилелер принцибинде берилет.
Эгерде чет мамлекетте Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу жок болсо, бирок дипломатиялык катталган номердик белги берүү каралса, анда чет мамлекеттин Ардактуу консулуна "НС" сериясындагы номердик белги берилиши мүмкүн.
Ардактуу консулдун кызматтык автоунаасына дипломатиялык катталган номердик бир (1) белги берилет.
Эгерде Ардактуу консулдук визалык колдоо боюнча кызматтарды көрсөтсө, анда курьердик максаттар үчүн аккредитациялоочу мамлекеттин ТИМден суроо-талап алынгандан кийин гана кошумча дипломатиялык катталган номердик белги таризделиши мүмкүн.
Дипломатиялык катталган номердик белгилердин жарактуулук мөөнөтү Ардактуу консулду ТИМде аккредитациялоонун мөөнөтүнө жараша болот.
15. Жогоруда аталган дипломатиялык катталган номердик белгилер тиешелүү каттоодон өткөн автотранспорт каражаттарына гана бекитилет.
Дипломатиялык катталган номердик белгилерди бир автотранспорт каражаттарынан экинчи автотранспорт каражаттарына кайрадан бекитүү ТИМдин жана "Кыргыздипсервис" МИнин кызматкерлери тарабынан кийин ыйгарым укуктуу органга билдирүү менен дипломатиялык катталган номердик белгилердин жокко чыгарылышына алып келет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16. Ушул Жободо каралган дипломатиялык катталган номердик белгилер төмөндөгүлөргө берилбейт:
- чет мамлекеттердин Өкүлчүлүктөрүнө жана Мекемелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредитацияланган жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу резиденциясы жок алардын кызматкерлерине;
- Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө жана чет мамлекеттин жарандарынын ичинен ТИМде аккредитацияланган кызматкерлери жок өкүлчүлүктөрүнө;
- ижарага алынган автомобилдерге.
17. Өкүлчүлүктөр, Мекемелер, долбоорлор жана алардын кызматкерлери, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан кийин чыгарып кетүү милдеттенмеси боюнча убактылуу алып келинген автотранспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо), алар бажылык таризделгенден кийин гана жүргүзүлөт.
18. "Т" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилер төмөндөгүлөргө берилет:
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматтык автотранспорт каражаттарына (кызыл фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номердик белгилер), ошондой эле Кыргыз Республикасындагы БУУ системасынын Өкүлчүлүктөрүнүн кызматтык автотранспорт каражаттарына (көгүлтүр фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номерлери) берилет.
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин административдик-техникалык персоналдарынын мүчөлөрүнүн жеке автотранспорт каражаттарына;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, 1946-жылдагы БУУнун артыкчылыктары жана кол тийбестиги жөнүндө Конвенциясына ылайык статусу БУУ системасындагы уюмдардын кызмат адамдарына теңештирилген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн автотранспорт каражаттарына (көгүлтүр фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номердик белгилер) берилет.
- эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн долбоорлорунун кызматкерлеринин кызматтык жана жеке автотранспорт каражаттарына, эгерде бул Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган болсо (кызыл фондо ак түстөгү дипломатиялык катталган номердик белгилер).
ТИМ тарабынан берилген "Т" техникалык карточкаларына жана "О" кызматтык карточкаларына ылайык жогоруда аталган адамдардын автотранспорт каражаттарына "Т" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилер таризделет.
19. "Т" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилердин саны жана жарактуулук мөөнөттөрү:
а) Чет мамлекеттердин дипломатиялык Өкүлчүлүктөрү жана консулдук Мекемелери үчүн;
Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматтык автотранспорт каражаттары үчүн дипломатиялык катталган номердик белгилердин жалпы саны 3 жылга жарактуулук мөөнөтү менен ТИМде аккредитацияланган администрациялык-техникалык персоналдарын мүчөлөрүнүн санынын курамына жараша аныкталат.
Айдоочунун күбөлүгү бар жана ТИМ тарабынан берилген аккредитациялык карточкаларга ээ Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин администрациялык-техникалык кызмат мүчөлөрүнүн же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке автотранспорт каражаттарына дипломатиялык катталган номердик белгилер бирден (1) комплект боюнча таризделет.
Дипломатиялык катталган номердик белгилердин жарактуулук мөөнөттөрү Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин же администрациялык-техникалык персоналдардын мүчөлөрүн ТИМде аккредитациялоо мөөнөтүнө жараша болот.
б) эл аралык уюмдардын Өкүлчүлүктөрү үчүн.
Кызматтык автотранспорт каражаттары үчүн дипломатиялык катталган номердик белгилердин жалпы саны Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, дипломатиялык Өкүлчүлүктөрдүн администрациялык-техникалык персоналдарынын статусу менен, ТИМде аккредитацияланган эл аралык уюмдардын Өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин санынын курамына жараша 3 жылга жарактуулук мөөнөтү менен аныкталат.
Айдоочунун күбөлүгү бар жана ТИМ тарабынан берилген аккредитациялык карточкаларга ээ Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин администрациялык-техникалык персоналдарынын мүчөлөрүнүн же алардын үй-бүлө. мүчөлөрүнүн жеке автотранспорт каражаттарына дипломатиялык катталган номердик белгилер бирден (1) комплект боюнча таризделет.
Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде эл аралык уюмдардын жана долбоорлордун Өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин жеке автотранспорт каражаттары үчүн дипломатиялык катталган номердик белгилерди берүү каралса, автотранспорт каражаттарына дипломатиялык катталган номердик белги бирден (1) комплект боюнча таризделет.
"Т" сериясындагы дипломатиялык катталган номердик белгилердин жарактуулук мөөнөтү Өкүлчүлүктөрдүн администрациялык-техникалык персоналдарынын мүчөлөрүн ТИМде аккредитациялоо мөөнөтүнө жараша болот.
4. Дипломатиялык катталган номердик белгилердин мөөнөтүн
узартуунун, алмаштыруунун жана алып салуунун тартиби
20. Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматкерлеринин кызматтык жана (же) жеке автотранспорт каражаттарына дипломатиялык катталган номердик белгилерди жарактуулук мөөнөтү аяктаган учурда бул жөнүндө ТИМге 10 жумушчу күндүн ичинде билдирилиши керек.
21. Кызматтык автотранспорт каражаттарына дипломатиялык катталган номердик белгилердин жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн ТИМге төмөнкү документтерди берүү керек:
а) Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин нотасынын түп нускасы жана көчүрмөсү;
б) техникалык паспорттун жана автомашинанын талонунун түп нускасы жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
в) дипломатиялык катталган номердик белги.
22. Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин кызматкерлеринин же алардын үй-бүлөлөрүнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн жеке автотранспорт каражаттарынын дипломатиялык катталган номердик белгилердин жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн ТИМге төмөнкү документтерди берүү керек:
а) Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин нотасынын түп нускасы жана көчүрмөсү;
б) Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин кызматкерлерине же алардын үй-бүлөлөрүнүн жашы жеткен мүчөлөрүнө ТИМ тарабынан берилген мөөнөтү узартылган аккредитациялык карточкалардын күбөлөндүрүлгөн эки көчүрмөсү;
в) автотранспорт ээсинин паспортунун күбөлөндүрүлгөн эки көчүрмөсү;
г) автомашинанын техникалык паспортунун түп нускасы жана күбөлөндүрүлгөн эки көчүрмөсү;
д) дипломатиялык катталган номердик белги.
23. Дипломатиялык катталган номердик белгилердин жарактуулук мөөнөтүн узартуу, ошондой эле техникалык паспортко жана техникалык талонго кошумчаларды киргизүү "Кыргыздипсервис" МИ аркылуу ТИМ менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.
Дипломатиялык катталган номердик белгилери бар автотранспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо), каттоодон чыгаруу жана башка аракеттер ыйгарым укуктуу органда гана жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
24. Автотранспорт каражаттарынын дипломатиялык катталган номердик белгилерин жарактуулук мөөнөтү бүткөндө Өкүлчүлүк же Мекеме жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин 5 күндөн кечиктирбей дипломатиялык номердик белгини ТИМге кайтарып берет же мөөнөтүн узартууга документтерди тапшырат. Эгерде дипломатиялык катталган номердик белгилер кайтарылбаса же мөөнөтүн узартууга документ тапшырылбаса ТИМ дипломатиялык катталган номердик белгини жокко чыгарууга жана мөөнөтүн узартуудан баш тартууга укуктуу.
25. Автотранспорт каражаттарынын эсептен чыгарылган жана жарактуулук мөөнөтү бүткөн дипломатиялык катталган номердик белгилери "Кыргыздипсервис" МИси аркылуу, андан ары ТИМге кабарлоо менен ыйгарым укуктуу органга утилдештирүү үчүн жөнөтүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
26. Ар бир айдын 25ине карата "Кыргыздипсервис" МИси Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин автотранспорт каражаттарына дипломатиялык катталган номерлердин берилгендиги жана каттоодон чыгарылгандыгы тууралуу ТИМге кабарлайт.
27. Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин автотранспорт каражаттарынын жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен дипломатиялык катталган номердик белгилери жараксыз деп эсептелинет жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (мындан ары - ИИМдин ЖКККББ) кызматкерлери тарабынан "Кыргыздипсервис" МИнин өкүлдөрү менен бирге алып салынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
28. ТИМ ИИМнин ЖКККББнын жана "Кыргыздипсервис" МИнин кызматкерлери менен бирге чет мамлекеттердин дипломатиялык Өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук Мекемелеринин, эл аралык уюмдардын Өкүлчүлүктөрүнүн автотранспорт каражаттарынын, алардын кызматкерлеринин жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн автотранспорт каражаттарынын дипломатиялык катталган номердик белгилерин пайдаланылышына контроль жүргүзүү максатында ар бир кварталда бир жолу рейд жүргүзүшөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Дипломатиялык Өкүлчүлүктөрдүн, консулдук Мекемелердин жана эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдардын жеке пайдалануудагы автотранспорт каражаттарына ушул Жободо көрсөтүлгөн дипломатиялык катталган номердик белгилерди берүү жүргүзүлбөйт.
30. Мотоциклдерге, чиркегичтерге, жүк ташуучу автомашиналарга, автобустарга дипломатиялык катталган номердик белгилер берилбейт.
31. Өкүлчүлүктөр жана Мекемелер, алардын кызматкерлери жана үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан убактылуу алынып келинген транспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) транспорт каражаттары катталгандыгы тууралуу күбөлүктү жана дипломатиялык катталган номердик белгилерди бажы документинде көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык каттоо алардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуучу мөөнөткө берилет. Мындай учурларда чет мамлекеттердин каттоо документтери жана катталган номердик белгилери ыйгарым укуктуу органда сакталууга тапшырылат жана бул автотранспорт каражаттарды каттоодон чыгарууда кайра кайтарылып берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Автотранспорт каражатын каттоодон чыгаруунун тартиби
32. Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин кызматтык автотранспорт каражаты башка адамдарга, уюмдарга сатылган, берилген, тартууланган, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарылып кеткен учурларда жана жараксыздыкка алып келген жагдайларда "Кыргыздипсервис" МИсине төмөнкү документтерди тиркеп, автотранспорт каражатын каттоодон чыгаруу тууралуу өтүнүч менен нота берилет:
а) Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин автотранспорт каражаттарын каттоодон чыгаруунун себебин көрсөтүү менен арыз-кат же нота;
б) автотранспорт каражатынын техникалык паспортунун түп нускасы жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
в) автотранспорт каражатынын техникалык талонунун түп нускасы жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
г) дипломатиялык катталган номердик белгилер;
д) жеке жактарга сатылган учурда сатып алуу-сатуу жөнүндө келишим, автотранспорттун жаңы ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
е) автотранспорт каражатын уюмга кайтарымсыз өткөрүп берген учурда автотранспортту кабыл алуу - өткөрүп берүү актысы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталгандыгы тууралуу күбөлүк, уюмдун Уставынын же Жобосунун көчүрмөсү, алган уюмдун балансына автотранспортту кабыл алуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү;
ж) автотранспорт каражатын жеке жакка тартуулаган учурда - тартуулоо келишими, автотранспорт каражатынын техникалык паспорту, аккредитациялык карточкасынын көчүрмөсү, автотранспорттун жаңы ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
з) кызматтык автотранспорт каражаты юридикалык жактарга сатылган учурда - сатып алуу-сатуу жөнүндө келишим жана автотранспорт каражатынын наркы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталгандыгы тууралуу күбөлүк, уюмдун Уставы же Жоболору, алуучу уюмдун балансына кабыл алуу жөнүндө буйрук;
и) кызматтык автотранспорт каражаты жеке жактарга сатылган учурда сатуу-сатып алуу келишими жана автотранспорт каражатынын наркын төлөнгөндүгү тууралуу квитанция, жаңы ээсинин паспортунун көчүрмөсү.
33. Өкүлчүлүктүн же Мекеменин кызматкерлеринин жеке автотранспорт каражаты башка адамдарга, уюмдарга сатылган, берилген, тартууланган, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарылып кеткен учурларда жана жараксыздыкка алып келген жагдайларда "Кыргыздипсервис" МИсине төмөнкү документтер берилет:
а) Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин автотранспорт каражаттарын каттоодон чыгаруунун себеби көрсөтүлгөн арыз-каты же нота;
б) автотранспорт каражатынын техникалык паспортунун түп нускасы жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
в) дипломатиялык катталган номердик белгилер;
г) Өкүлчүлүктүн же Мекеменин кызматкеринин аккредитациялык карточкасынын көчүрмөсү;
д) жеке жактарга сатылган учурда-сатып алуу-сатуу келишими, автотранспорттун жаңы ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
е) автотранспорт каражаты кайтарымсыз өткөрүп берилген учурда - автотранспортту өткөрүү-кабыл алуу актысы, техникалык паспорттун көчүрмөсү, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталгандыгы тууралуу күбөлүк, уюмдун Уставы же Жоболорунун көчүрмөсү, алуучу уюмдун балансына автоунааны кабыл алуу жөнүндө буйрук;
ж) автотранспортту жеке жактарга кайтарымсыз өткөрүп берүүдө-тартуулоо тууралуу келишим, автотранспорт каражатынын техникалык паспорту, аккредитациялык карточкасынын көчүрмөсү, жаңы ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
з) жеке автотранспорт каражаты юридикалык жактарга сатылган учурда - сатып алуу-сатуу келишими жана автотранспорт каражатынын наркы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталгандыгы тууралуу күбөлүк, уюмдун Уставынын же Жобосунун көчүрмөсү, сатып алуучу уюмдун балансына кабыл алуу жөнүндө буйрук;
и) жеке автотранспорт каражаты жеке жактарга сатылган учурда - сатып алуу-сатуу келишими жана автотранспорт каражатынын наркы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция, мурунку ээсинин паспортунун көчүрмөсү, жаңы ээсинин паспортунун көчүрмөсү.
34. Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин кызматкеринин аккредитациялык карточкасы ТИМ тарабынан жокко чыгарылганда дипломатиялык катталган номердик белги "Кыргыздипсервис" МИси аркылуу ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берилүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
35. Кыргыз Республикасынын аймагындагы Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин иши токтогондо же мөөнөтү аяктаган учурда, ошондой эле кызматкер Кыргыз Республикасынан биротоло кеткенде же Өкүлчүлүктө жана Мекемеде кызматкердин функциялары токтогон учурда дипломатиялык катталган номердик белгилер белгиленген тартипте "Кыргыздипсервис" МИси аркылуу ыйгарым укуктуу органга өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин автотранспорт
каражаттарын, алардын Кыргыз Республикасында
аккредитацияланган кызматкерлеринин автоунаа каражаттарын
бажылык жөнгө салуу
36. Өкүлчүлүктөрдүн, Мекемелердин жана долбоорлордун автотранспорт каражаттарын, ошондой эле алардын кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарын бажылык тариздөө Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамы менен аныкталган тартипте ишке ашырылат.
37. Бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөөдөн бошотуу менен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келинген автотранспорт каражаттары үчүн ажыратып алууда тандалып алынган бажы режимине ылайык шарттардын жана талаптардын сакталышы менен бажылык тариздөө жүргүзүлөт.
38. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан автотранспорт каражаттарын алып чыгууда тандалып алынган бажы режимине ылайык шарттардын жана талаптардын сакталышы менен бажылык тариздөө жүргүзүлөт.
39. Бажы жеңилдиктери берилген автотранспорт каражаттары мындай бажы жеңилдиктерин берүү менен байланышкан максаттарда гана колдонулушу керек. Бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөө жагынан бажы жеңилдиктери берилген кызматтык жана жеке автотранспорт каражаттарын ажыратып алууга бажы төлөмдөрүнүн шарттуу эсептелген суммасы төлөнгөн шартта бажы органдарынын уруксаты менен жол берилет.
7. Автотранспорт каражаттарындагы кошумча жабдуучу
предметтердин негизги, запастык бөлүктөрүн
алмаштырууну каттоо
40. Автомобилди кайра жабдуунун же андагы агрегаттарды алмаштыруунун, ошондой эле анын өңүн өзгөртүүнүн натыйжасында тиби жана модели өзгөргөн учурда техникалык документацияга өзгөртүүлөр киргизилет, ал үчүн ТИМге негизги, запастык бөлүктөрү жана кошумча жабдуулардын предметтери алмаштырылгандыгы тууралуу кабарлоо менен нота жөнөтүлөт жана төмөнкүдөй документтер берилет:
кызматтык автотранспорт каражаттарына:
- арыз-кат же нота;
- автотранспорт каражатынын техникалык паспорту;
- автотранспорт каражатынын техникалык талону;
- жеке жактардан сатып алган учурда - сатуучунун паспортунун көчүрмөсү;
- дүкөндөн сатып алган учурда - авто дүкөндүн эсептик маалымдамасы.
Жеке автотранспорт каражаттарына:
- арыз-кат;
- автотранспорт каражатынын техникалык паспортунун түп нускасы жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- ээсинин аккредитациялык карточкасынын жана паспортунун күбөлөндүрүлгөн 2 көчүрмөсү;
- жеке жактан сатып алган учурда - сатуучунун паспортунун көчүрмөсү;
- дүкөндөн сатып алган учурда - авто дүкөндүн эсептик маалымдамасы.
8. Автотранспорт каражаттарына берилген дипломатиялык катталган
номердик белгилерди, техникалык паспортту, техникалык талонду
жоготуу
41. Автотранспорт каражаттарына берилген дипломатиялык катталган номердик белгини, техникалык паспортту, техникалык талонду жоготкон же автотранспорт каражаттарына берилген документтер жараксыздыкка алып келген бузуулар болгон учурда Өкүлчүлүк же Мекеме токтоосуз бул тууралуу ТИМге жана "Кыргыздипсервис" МИге жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
42. Жаңы дипломатиялык катталган номердик белги автотранспорт каражаттарына берилген документтерде болгон дипломатиялык катталган номердик белгинин жоголгон фактысын тастыктаган Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын документтерин тиркөө менен аталган билдирүүнү алгандан кийин берилет.
9. Артыкчылыктар
43. Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин, алардын Кыргыз Республикасында аккредитацияланган кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарын каттоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык салыктардан жана жыйымдарды төлөөдөн бошотулат.
10. Кыргыз Республикасынын айдоочу күбөлүгүн берүү
44. 2004-жылдагы Конвенцияга киргизилген оңдоп-түзөтүүлөр менен, 1968-жылдагы Жол кыймылы тууралуу конвенциянын талаптарына ылайык келген эл аралык айдоочунун күбөлүгү (анын ичинде КМШга мүчө-мамлекеттердин) Кыргыз Республикасынын аймагында автотранспорт каражаттарын башкаруу үчүн жарактуу.
45. Чет мамлекеттик айдоочунун күбөлүгүн Кыргыз Республикасынын айдоочусунун күбөлүгүнө алмаштыруу үчүн "Кыргыздипсервис" МИге төмөнкүлөр берилет:
- арыз-кат же нота;
- аккредитациялык карточканын эки көчүрмөсү;
- айдоочунун күбөлүгүнүн түп нускасы котормосу менен;
- паспорттун көчүрмөсү;
- медициналык маалымдама;
- айдоочунун күбөлүгүнө жазуу үчүн жакын туугандары (дареги, телефон) тууралуу маалымат.
46. Айдоочунун күбөлүгүн алууда тийиштүү жол-жоболорду жүргүзүү үчүн айдоочунун күбөлүгүн алып жаткан адамдын өзүнүн милдеттүү катышуусу талап кылынат.
11. Арыздарды кароонун мөөнөттөрү
47. Документтерди кароо жана автотранспорт каражаттарына дипломатиялык катталган номердик белгилерди, ошондой эле айдоочунун күбөлүгүн берүү ТИМ жана "Кыргыздипсервис" МИси аркылуу ыйгарым укуктуу органда 10 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Дипломатиялык катталган номердик белгилери бар
автотранспорт каражатынын ээсинин милдеттери
48. Дипломатиялык катталган номердик белгилери бар автотранспорт каражатынын ээси төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- автотранспорт каражатын 1961-жылдагы дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена Конвенциясынын, 1963-жылдагы консулдук карым-катнаштар жөнүндө Вена Конвенциясынын, 1946-жылдагы БУУнун артыкчылыктар жана кол тийбестик жөнүндө Конвенциянын жоболору, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган Өкүлчүлүктүн же Мекеменин функцияларына жана милдеттерине ылайык келген максаттарга гана колдонуу;
- дипломатиялык катталган номердик белгилерди алар катталган гана автотранспорт каражаттарында пайдалануу;
- Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын эрежелерин сыйлоо жана сактоо;
- автотранспорт каражатына берилген техникалык паспортко жана дипломатиялык катталган номердик белгилерге аяр мамиле жасоо;
- дипломатиялык катталган номердик белгилери бар автотранспорт каражатын дипломатиялык статуска ээ ТИМде аккредитацияланган үй-бүлө мүчөлөрүнөн башка үчүнчү жактарга өткөрүп бербөө;
- автотранспорт каражатына жарык берүүчү же үн чыгаруучу атайын сигналдарды, жаркырак маяктарды, стробоскопторду, алдыңкы капталдагы жана маңдайкы айнектерди караңгылатуучу плёнкаларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган атайын каражаттарды орнотпоо.
49. Дипломатиялык катталган номердик белгилери бар жеке автотранспорт каражаттарынын ээлерине башка адамдарга берүүгө же ишеним кат аркылуу сатууга тыюу салынат.
Чет мамлекеттердин дипломатиялык Өкүлчүлүктөрүнүн автотранспорт каражаттарына дипломатиялык катталган номердик белгилерин (кызыл фондо ак түстөгү) КАТАР НОМЕРЛЕШТИРҮҮ
№ | Аталышы | Элчиликтерди катар номерлештирүү |
1 | Түркия Республикасынын элчилиги | 01 |
2 | Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги | 02 |
3 | Кытай Эл Республикасынын элчилиги | 03 |
4 | Россия Федерациясынын элчилиги | 04 |
5 | Германия Федеративдүү Республикасынын элчилиги | 05 |
6 | Иран Ислам Республикасынын элчилиги | 06 |
7 | Казакстан Республикасынын элчилиги | 07 |
8 | Индия Республикасынын элчилиги | 08 |
9 | Беларусь Республикасынын элчилиги | 09 |
10 | Пакистан Ислам Республикасынын элчилиги | 10 |
11 | Өзбекстан Республикасынын элчилиги | 11 |
12 | Украина элчилиги | 12 |
13 | Афганистан Ислам Республикасынын элчилиги | 13 |
14 | Тажикстан Республикасынын элчилиги | 14 |
15 | Япония элчилиги | 15 |
16 | Корея Республикасынын элчилиги | 16 |
17 | Европа Кеңешинин өкүлчүлүгү | 17 |
18 | Франция Республикасынын элчилиги | 18 |
19 | Азербайжан Республикасынын элчилиги | 19 |
20 | Сауд Аравия Королдугунун элчилиги | 20 |
21 | Улуу Британия элчилиги | 21 |
22 | Катар Мамлекетинин элчилиги | 22 |
23 | Швейцария Конфедерация элчилиги | 23 |
24 | Монголиянын Башкы консулдугу | 24 |
25 | Түркмөнстан элчилиги | 25 |
Бириккен Улуттар Уюмунун Өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарынын дипломатиялык катталган номердик белгилерин (көгүлтүр фондо ак түстөгү) КАТАР НОМЕРЛЕШТИРҮҮ
№ | Аталышы | Өкүлчүлүктөрдү катар номерлештирүү |
1 | БУУнун өнүгүү программасы (ПРООН) | 01 |
2 | БУУнун качкындар иштери боюнча Жогорку комиссар башкармалыгы (БУУнун КЖКБ) | 02 |
3 | БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) | 03 |
4 | БУУнун калк фонду | 04 |
5 | Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму | 05 |
6 | БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы | 06 |
Эл аралык уюмдардын Өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарынын дипломатиялык катталган номердик белгилерин (кызыл фондо ак түстөгү) КАТАР НОМЕРЛЕШТИРҮҮ
№ | Аталышы | Өкүлчүлүктөрдү катар номерлештирүү |
1 | Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (РӨЕБ) | 50 |
2 | Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) | 51 |
3 | Дүйнөлүк банк (ДБ) | 52 |
4 | "Мир" эл аралык телерадиокомпаниясы | 53 |
5 | Швейцария элчилигине караштуу кызматташтык боюнча Швейцария бюросу | 54 |
6 | Эл аралык кызматташуу боюнча германия коому (GIZ) | 55 |
7 | Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ) | 56 |
8 | Европада коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюм (ЕККУ) | 58 |
9 | Эл аралык кызматташуу боюнча япония агенттиги (JIСА) | 60 |
10 | Азиялык өнүктүрүү банкы (АБР) | 61 |
11 | Кызыл крест эл аралык комитети (ККЭК) | 62 |
12 | Ага-Хан өнүктүрүү тармагы | 63 |
13 | Эл аралык илимий-техникалык борбор (ЭИТБ) | 64 |
14 | Кызыл крест жана Кызыл жарым ай коомдорунун эл аралык Федерациясы (КККЭФ) | 65 |
15 | БА региону боюнча КМШнын терроризмге каршы борбору | 66 |
16 | Евразия өнүктүрүү банкы (ЕБР) | 67 |
Чет мамлекеттердин Ардактуу консулдуктарынын кызматтык автотранспорт каражаттарын дипломатиялык катталган номердик белгилерин (ак фондо кызыл түстөгү) КАТАР НОМЕРЛЕШТИРҮҮ
№ | Аталышы | Консулдуктарды катар номерлештирүү |
1 | Латвия Республикасы | 1001 |
2 | Венгрия Республикасы | 1101 |
3 | Италия Республикасы | 1201 |
4 | Канада | 1301 |
5 | Швеция Королдугу | 1401 |
6 | Румыния | 2001 |
7 | Литва Республикасы | 2101 |
8 | Нидерланды Республикасы | 2201 |
9 | Бельгия Республикасы | 2401 |
10 | Испания Королдугу | 2601 |
11 | Армения Республикасы | 2701 |
12 | Казакстан Республикасы (Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарында) | 2801 |
13 | Бразилия Федеративдүү Республикасы | 2901 |
14 | Норвегия Королдугу | 3001 |
15 | Австрия Республикасы | 3101 |
16 | Польша Республикасы | 3201 |
17 | Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы | 3301 |
18 | Беларусь Республикасы | 3401 |
19 | Эстония Республикасы | 3501 |
20 | Индонезия Республикасы | 3601 |
21 | Иордания Хашимит Королдугу | 3701 |
22 | Бангладеш Эл Республикасы | 3801 |
23 | Фиджи Республикасы | 3901 |
24 | Казакстан Республикасы (Талас облусунун аймагында) | 4001 |
|
| Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн автотранспорт каражаттарын, ошондой эле алардын кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) тартиби тууралуу жобого 1-тиркеме |
Дипломатиялык катталган номердик белгилерди берүү жана мөөнөтүн узартуу боюнча
контролдоочу баракча
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Дипломатиялык өкүлчүлүк тарабынан толтурулат
1. Өкүлчүлүктүн аталышы __________________________________________________________
2. Автотранспорт каражатынын маркасы ______________________________________________
3. Автотранспорт каражатынын категориясы: жеке, кызматтык (керектүүсүнүн асты сызылат)
4. Кайрылуу: берүүгө/узартууга
5. Узарткан учурда, дипломатиялык катталган номердик белгинин номери көрсөтүлөт
|
Документ берилген дата: "___" ________________, 20____-жыл
__________________________________________________________________________________
ТИМ тарабынан толтурулат
1. Документ алынган дата: "___" _________________, 20___-жыл
2. Ыйгарылган дипломатиялык катталган номердик белги
| 20___-жылдын "___" _____________ чейинки мөөнөткө |
1. "Кыргыздипсервис" МИсине документ жөнөтүлгөн дата:
20___-жылдын "___" ________________
__________________________________________________________________________________
"Кыргыздипсервис" МИ тарабынан толтурулат
1. Документ алынган дата: 20___-жылдын "___" _______________
КРӨгө караштуу ыйгарым укуктуу органга документ жөнөтүлгөн дата: 20___-жылдын "___" ________________
__________________________________________________________________________________
ыйгарым укуктуу орган тарабынан толтурулат
2. Документ алынган дата: 20___-жылдын "___" ____________
3. “Учкун” ААКда дипломатиялык катталган номердик белги даярдалган дата: