Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-сентябры № 667
"Кыргыз Республикасындагы Улуттук холдинг компаниялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын:
- "Кыргыз Республикасындагы Улуттук холдинг компаниялары жөнүндө";
- "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу".
2. Аталган мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
''Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-б.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1-статьянын 4-бөлүгүндөгү "камсыздандыруу иштерин" деген сөздөрдөн кийин ", улуттук холдинг компаниясынын иштерин" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
Долбоор
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында улуттук холдинг компанияларын түзүүнүн жана ишинин укуктук негизин, улуттук холдинг компаниялардын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин, ошондой эле улуттук холдинг компаниялардын тобуна кирген юридикалык жактардын укуктук абалынын өзгөчөлүгүн белгилейт.
2. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери колдонулат.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
улуттук холдинг компаниясынын тобу - улуттук холдинг компания, анын туунду компаниялары, ошондой эле мындай туунду компаниялар тарабынан кыйыр ээлик кылуу орун алган компаниялар кирген юридикалык жактардын жыйындысы;
улуттук холдинг компаниясынын туунду юридикалык жактары (туунду компаниялары) - элүү пайыздан ашык добуш берүү акциялары (катышуу үлүшү) менчик укугундагы улуттук холдинг компанияларына таандык болгон юридикалык жактар;
улуттук холдинг компаниясынын көз каранды юридикалык жактары (көз каранды компаниялары) - жыйырмадан элүү пайызга чейин добуш берүү акциялары (катышуу үлүшү) улуттук холдинг компаниясына, же анын туунду компанияларына таандык болгон юридикалык жактар;
кыйыр ээлик кылуу - улуттук холдинг компаниясынын туунду компаниясы тарабынан башка юридикалык жактын менчик укугундагы добуш берүү акцияларынын (катышуу үлүшүнүн) элүү же андан көп пайызына ээлик кылуусу, башка юридикалык жак катары добуш берүүчү акциялардын (катышуу үлүшүнүн) ушундай пакетине юридикалык жак тарабынан ар бир ушундай кийинки ээлик кылуусу, ошондой эле добуш берүүчү акциялардын (катышуу үлүшүнүн) пакетинин бирдей өлчөмү боюнча көрсөтүлгөн жактардын ишенимдүү башкаруусунда болуусу;
улуттук холдинг компаниясынын туунду компанияларынын ири бүтүмү - улуттук холдинг компаниясынын туунду компаниясы тараптардын бири болгон, наркы мындай туунду компаниясынын активдеринин баланстык наркынан 10% жогору болгон ар кандай же өз ара байланышкан бир нече бүтүм;
улуттук холдинг компаниясынын ири бүтүмү - улуттук холдинг компаниясы же анын тобуна кирген компания тараптардын бири болгон, наркы эсептик көрсөткүчтөн 100000ден ашык ар кандай же өз ара байланышкан бир нече бүтүм;
улуттук холдинг компаниясы - башка юридикалык жак катары акционердин (катышуучунун) укуктарын колдонууну борборлоштуруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарында улуттук холдинг компаниясынын капиталына ал тарабынан берилген мүлктү башкарууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн ачык акционердик коом;
улуттук холдинг компаниясын өнүктүрүү стратегиясы - улуттук холдинг компаниясынын тобуна кирген уюмдардын узак мөөнөттүк наркын (баалуулугун) көбөйтүүгө, ошондой эле анын бардык активдерин натыйжалуу башкарууга багытталган анын миссиясын, максаттарын, милдеттерин жана ага жетишүүнүн ыкмаларын аныктаган жана негиздеген документ.
3-берене. Улуттук холдинг компанияларын түзүү
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү улуттук холдинг компанияларын төмөнкүдөй максаттарда түзөт:
активдерди натыйжалуу башкаруу аркылуу улуттук холдинг компаниясынын тобуна кирген компаниялардын, же ага таандык башка мүлктүн узак мөөнөттүк наркын жогорулатуу;
мамлекеттик программаларды ишке ашыруу аркылуу экономиканын айрым тармактарын өнүктүрүү.
2. Улуттук холдинг компаниясынын аталышы "улуттук холдинг компаниясы" деген сөздөрдү камтышы керек, башка юридикалык жактар жогоруда белгиленген сөз айкашын өзүнүн аталышында колдонууга укуксуз.
3. Улуттук холдинг компаниясынын капиталы анын акционерлери тарабынан анын акцияларын чыгаруунун жана жайгаштыруунун натыйжасында түзүлөт. Улуттук холдинг компаниясынын акциялары аларды жайгаштыруунун жүрүшүндө анын жогорку башкаруу органынын чечими менен бекитилген тартипте жана шарттарда төлөнөт. Мындай шарттар улуттук холдинг компанияларынын жайгаштырылуучу акцияларын мамлекеттин башка чарбакер объекттердеги акциялары (катышуу үлүшү), мүлктүк комплекси жана мамлекетке таандык болгон мүлктү башка мүлктөр менен төлөөнү камтышы мүмкүн.
4. Улуттук холдинг компаниясынын жайгаштырылуучу акцияларын төлөө катары мамлекеттик мүлктү пайдалануу жөнүндөгү чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
Улуттук холдинг компаниясынын жайгаштырылган акциялары катары стратегиялык объектини пайдалануу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
Улуттук холдинг компаниясы мамлекеттен анын акцияларын төлөө тартибинде алган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерине киргизилген мүлктү ажыратуу же чектөө коюу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен ушул Мыйзамга ылайык ишке ашырылат.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик менчикте турган акционердик коомдордун акцияларын улуттук холдинг компанияларынын алар сатып алган акцияларына төлөө үчүн пайдаланышы, анын жыйынтыгы боюнча мындай улуттук холдинг компания аталган акционердик коомдордун элүү жана андан көп акцияларына ээ болуп калышы ушул улуттук холдинг компаниясынын калган ушундай акционердик коомдордун акцияларын сатып алуу боюнча милдеттенменин пайда болушу үчүн негиз болуп саналбайт.
6. Банктын акцияларын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан улуттук холдинг компаниясына өткөрүп берүүдө, эгерде анын жалгыз акционери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болуп саналса Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугун алуу талап кылынбайт.
7. Кыргыз Республикасынын ээлигинде турган улуттук холдинг компаниясынын акциялары мамлекеттин гана менчиги болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипти кошпогондо ээликтен ажыратылбайт, күрөөгө коюлбайт, чектөө коюлбайт камоого алынбайт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү улуттук холдинг компаниясынын башка жактарга таандык акцияларын алар ээликтен ажыратылганда сатып алууда артыкчылыктуу укукка ээ.
8. Улуттук холдинг компаниясынын активдери камоого алынбайт жана чектөө коюлбайт, ошондой эле улуттук холдинг компаниясынын өзүнүн милдеттенмелеринен тышкары өндүрүп алуу колдонулбайт. Улуттук холдинг компаниясы Кыргыз Республикасынын, ал эми Кыргыз Республикасы улуттук холдинг компаниясынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
4-берене. Улуттук холдинг компанияларынын укуктук абалы, алардын максаты, милдеттери жана ишинин предмети
1. Улуттук холдинг компаниялар ачык акционердик коом формасында түзүлөт, алардын ишин жөнгө салуунун өзгөчөлүгү ушул Мыйзам менен аныкталат.
2. Улуттук холдинг компаниясынын ишинин максаты мамлекеттин, коомдун жана Кыргыз Республикасынын элинин жалпы улуттук кызыкчылыктарында ага таандык активдердин бүтүндүгүн, сакталышын, туура колдонулушун камсыздоо, сапаттык параметрлерин өнүктүрүү жана жакшыртуу, натыйжалуу иштешин жана рационалдуу пайдаланылышын камсыздоо болуп саналат.
3. Улуттук холдинг компаниясы өзүнүн адистигине ылайык төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашырат:
1) улуттук холдинг компаниясынын тобуна кирген компанияларда акционердин (катышуучунун) функцияларын аткаруу, ошондой эле улуттук холдинг компаниясынын менчик укугуна же ишенимдүү башкарууга таандык болгон башка мүлктү башкаруу;
2) өзүнүн туунду компанияларын өнүктүрүү стратегияларын түзүү жана аларды Кыргыз Республикасынын жалпы мамлекеттик кызыкчылыктарында мындай компаниялардын башка акционерлеринин укуктарын милдеттүү түрдө сактоо менен, эгерде андайлар бар болсо, ишке ашыруу;
3) өзүнүн туунду жана көз каранды компаниялары аркылуу тармактык саясатты жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына көмөк көрсөтүү;
4) өзүнүн туунду жана көз каранды компанияларына алардын өнүгүү стратегияларына ылайык инвестицияларды, ар түрдүү формадагы кошумча инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүү;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана алардын уставдарында белгиленген тартипте улуттук холдинг компаниясынын тобуна кирген компанияларда кадрдык потенциалды түзүү, өнүктүрүү жана башкаруу;
Улуттук холдинг компаниясы өзүнүн өнүгүү стратегиясына жана өзүнүн башкаруунун жогорку органынын чечимдерине ылайык башка милдеттерди жүзөгө ашырат.
4. Улуттук холдинг компаниясынын ишинин предмети өзүнүн өнүгүү стратегиясына жана өзүнүн башкаруунун жогорку органынын чечимдерине ылайык ар кандай мүнөздөгү инвестициялык жана башка башкаруучулук чечимдерди пландоо, кабыл алуу жана аткаруу болуп саналат.
2-глава. Улуттук холдинг компаниясын башкаруунун өзгөчөлүгү
5-берене. Улуттук холдинг компаниясынын башкаруу жана контролдоо органдары
1. Улуттук холдинг компаниясынын башкаруу жана контролдоо органдары төмөнкүлөр болуп саналышат:
1) улуттук холдинг компаниясын башкаруунун жогорку органы анын акционерлеринин жалпы чогулушу болуп саналат. Эгерде улуттук холдинг компаниясынын жалгыз акционери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болуп саналса, аны башкаруунун жогорку органы жалгыз акционер болуп саналат.
2) улуттук холдинг компаниясын башкаруунун жана контролдоонун коллегиалдуу органы, улуттук холдинг компаниясынын ишине жалпы жетекчиликти жана анын аткаруу органынын ишин контролдоону ишке ашыруучу улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңеши болуп саналат;
3) улуттук холдинг компаниясынын күндөлүк ишин түздөн-түз башкарууну ишке ашырган коллегиалдуу аткаруучу органы улуттук холдинг компаниясынын башкармасы болуп саналат, аны башкарманын төрагасы башкарат;
4) улуттук холдинг компаниясынын контролдук органы ревизиондук комиссия болуп саналат.
2. Улуттук холдинг компаниясынын башкаруу жана контролдоо органдары өзүнүн ишин ушул Мыйзамга, улуттук холдинг компаниясынын уставына жана ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте бекитилүүчү башкаруу жана контролдоо органдары жөнүндө жоболорго ылайык жүзөгө ашырат.
6-берене. Улуттук холдинг компаниясын башкаруунун жогорку органы
1. Улуттук холдинг компаниясын башкаруунун жогорку органы ушул Мыйзам менен улуттук холдинг компаниялардын башка башкаруу органдарынын гана компетенциясына киргизилген маселелерден тышкары, ушул Мыйзам жана анын уставы менен белгиленген өзүнүн гана компетенциясынын маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат.
Жыл сайын, ар бир жылдын 1-майынан кечиктирбей, улуттук холдинг компаниясын башкаруунун жогорку органы өткөн календардык жыл үчүн улуттук холдинг компаниясынын иши жөнүндө жылдык отчётту бекитүү тууралуу маселени, өткөн календардык жылдын жыйынтыгы боюнча улуттук холдинг компаниясынын пайдаларын бөлүштүрүү/чыгымдарын жабуу тартибин бекитүүнү, ошондой эле анын акциялары боюнча дивиденддердин өлчөмү жана төлөп берүү тартиби жөнүндө маселени карайт.
2. Улуттук холдинг компаниясынын акционерлеринин жалпы чогулушун өткөрүүнүн тартиби ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык анын уставы менен белгиленет. Акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартибинин бардык маселелери боюнча анын жайгаштырылган жөнөкөй акцияларынын ээлеринин үчтөн экиден кем эмес добуштары менен чечим кабыл алынат.
3. Эгерде улуттук холдинг компаниясынын жогорку органы жалгыз акционер болуп саналса, анда чечимдер ал тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу формасында кабыл алынат.
4. Улуттук холдинг компаниясынын башкаруунун жогорку органынын өзгөчө компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:
1) улуттук холдинг компаниясын кайра уюштуруу;
2) улуттук холдинг компаниясын жоюу, жоюу комиссиясын дайындоо жана ликвидациялык балансты бекитүү;
3) улуттук холдинг компаниясынын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же аны жаңы редакцияда бекитүү;
4) улуттук холдинг компаниясынын жүгүртүүдөгү акцияларынын санын көбөйтүү/азайтуу, аларды чыгаруу жана жайгаштыруу, же сатып алуу шарттары, ошондой эле акцияларга конвертациялоочу башка баалуу кагаздар жөнүндө чечимди кабыл алуу;
5) улуттук холдинг компаниясынын иши жөнүндө жылдык отчётту бекитүү;
6) улуттук холдинг компаниясы тарабынан 1000000 же андан көп эсептик көрсөткүч өлчөмдөгү ири бутумду жасоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
7) улуттук холдинг компаниясынын же анын тобуна кирген компаниянын Кыргыз Республикасынын стратегиялык обьекттеринин тизмесине киргизилген анын мүлкүн ажыратууга, же оорлотууга багытталган бүтүмдөрдү алдын ала караштыруу;
8) улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо жана мөөнөтүнөн эрте ыйгарым укуктарын токтотуу, ошондой эле аларга төлөнүүчү сыйакынын жана/же компенсациянын өлчөмүн бекитүү;
9) директорлор кеңешинин сунушу боюнча ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо жана алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн эрте токтотуу;
10) улуттук холдинг компаниясы чыгарган артыкчылыктуу акцияларды анын жөнөкөй акцияларына конвертациялоо;
11) пайданы бөлүштүрүү/чыгымды жабуу тартиби, дивиденддердин өлчөмү жана төлөө тартиби жөнүндө чечимди кабыл алуу;
12) башкарманы кошпогондо, улуттук холдинг компаниясынын башкаруу жана контролдоо органдары жөнүндө жоболорду бекитүү.
Улуттук холдинг компаниясынын башкаруучу жана контролдоочу башка органдарынын өзгөчө компетенциясына киргизилген маселелерди кошпогондо улуттук холдинг компаниясынын уставы менен аны башкаруунун жогорку органынын компетенциясына башка маселелер киргизилиши мүмкүн.
5. Улуттук холдинг компаниясынын акционерлеринин жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө талап кылуу укугуна төмөнкүлөр ээ болушат: улуттук холдинг компаниясынын каалаган акционери, директорлор кеңеши жана улуттук холдинг компаниясынын башкармалыгы. Акционерлердин жалпы чогулушун чакыруу максатында аталган адамдар мындай чакыруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү талапты анын директорлор кеңешине күн тартибине киргизилүүчү маселелерди, аны өткөрүү мөөнөтүн көрсөтүү менен жөнөтүшү, ошондой эле маалыматтык материалдарды жана сунушталган маселелердин ар бири боюнча чечимдердин долбоорлорун ага тиркеши керек.
Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңеши 10 жумушчу күндүн ичинде анын дарегине келип түшкөн акционерлердин жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө талапты кароого жана белгиленген тартипте акционерлердин жалпы чогулушун чакырууга, же мындай чакыртуудан жүйөлүү баш тартууга милдеттүү.
6. Эгерде улуттук холдинг компаниясынын башкаруунун жогорку органы жалгыз акционер болуп саналса, анда ушул берененин төртүнчү пунктунун талаптары сакталгандан кийин улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тийиштүү кайрылууну жөнөтүү жолу менен жалгыз акционердин компетенциясына киргизилген маселелер боюнча кароонун жана чечим кабыл алуунун жол-жобосун демилгелөөгө укуктуу.
7. Улуттук холдинг компаниясынын башкаруунун жогорку органынын чечимин кабыл алууга тийиштүү башка маселелер анын уставында белгиленген тартипте чечилет.
7-берене. Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңеши
1. Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешинин курамы тогуз мүчөдөн турат. Директорлор кеңешинин жеке курамы улуттук холдинг компаниясынын башкаруунун жогорку органынын чечиминин негизинде түзүлөт жана төмөнкүдөй талаптарга жооп бериши керек:
- директорлор кеңешинин курамынан төрт орунду ишинин тармактык өзгөчөлүгү улуттук холдинг компаниясынын адистигине ылайык келген мамлекеттик органдардын атынан чыгуучу, Кыргыз Республикасынын саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдар ээ болот;
- директорлор кеңешинин курамынан үч орунду мамлекеттик кызматчы болуп саналбаган бирок, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен шарттарга жана тартипке ылайык улуттук холдинг компаниясынын акционерлеринин кызыкчылыктарын билдирген жактар ээлейт;
- директорлор кеңешинин курамынан эки орунду мамлекеттик кызматчы болуп саналбаган, директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү катары шайланган жактар ээлейт.
2. Мамлекеттик кызматкер болуп саналбаган директорлор кеңешинин мүчөлөрү конкурс боюнча тандалышы керек, аны өткөрүү шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Мамлекеттик кызматкерлерди кошпогондо улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнө талапкерлер жана директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү катары шайланган адамдар ушул Мыйзам менен директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнө коюлган талаптарга ылайык келүүлөрү тийиш.
3. Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңеши өзүнүн курамына кандайдыр бир адамдарды киргизүүгө же башка тартипте директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн милдеттерин башка адамдарга жүктөөгө укуксуз. Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери ишеним кат боюнча башка адамга берилбейт.
4. Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешин анын мүчөлөрүнүн арасынан шайланган анын төрагасы жетектейт. Директорлор кеңешинин төрагасы директорлор кеңешинин жыйынын чакыруу укугуна, ошондой эле директорлор кеңешинин жыйындарына төрагалык кылуу жана жыйындарды алып баруу укугуна ээ. Директорлор кеңешинин төрагасынын добушу анын жыйынында чечим кабыл алууда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча добуштар тең болгон учурда чечүүчү болуп саналат. Директорлор кеңешинин төрагасы улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешинин чечимдерин тийиштүү тариздөө жана директорлор кеңешинин ишинин календардык планына киргизилген жыйындарды өз убагында өткөрүү үчүн жооптуу. Директорлор кеңешинин төрагасы улуттук холдинг компаниясынын уставына ылайык башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
Директорлор кеңешинин төрагасынын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн арасынан аны менен бирге шайлануучу бир орун басары болот. Директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары директорлор кеңешинин төрагасы жок болгон учурда анын милдеттерин аткарат.
5. Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын жогорку саясий мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдардын арасынан шайлоо үчүн талапкерлерди көрсөтүү укугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө таандык. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо үчүн башка талапкерлер конкурс боюнча тандалган адамдардын арасынан улуттук холдинг компаниясынын акционерлери тарабынан көрсөтүлөт.
6. Мамлекеттик кызматкер болуп саналган улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары алар директорлор кеңешинин мүчөсү катары шайланган учурдан тартып башталат жана аларды тийиштүү саясий мамлекеттик кызмат орундан бошотулган учурдан тартып токтотулат.
Мамлекеттик кызматкер болуп саналбаган улуттук холдинг компанияларынын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү анын уставы менен белгиленет.
7. Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн өзгөчө компетенцияларына төмөнкүдөй маселелер кирет:
1) улуттук холдинг компаниясын өнүктүрүү стратегиясын, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү;
2) улуттук холдинг компаниясынын башкарма төрагасын жана башкарма мүчөлөрүн шайлоо жана ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн эрте токтотуу, ошондой эле аларга сыйакынын өлчөмүн, төлөө шарттарын жана тартибин бекитүү;
3) улуттук холдинг компаниясын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу жана бюджетин аткаруу жөнүндө улуттук холдинг компаниясынын башкармасынын кварталдык жана жылдык отчётторун бекитүү;
4) улуттук холдинг компаниясынын башкармасы жөнүндө жобону, ошондой эле ага карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү;
5) улуттук холдинг компаниясы тарабынан 100000ден 1000000го чейин эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү ири бүтүмдү жасоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
6) Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмесине киргизилген анын мүлкүн ажыратууга же оорлотууга багытталган улуттук холдинг компаниясынын же анын тобуна кирген компаниянын бүтүмдөрдү түзүү тууралуу сунуштарды жана алдын ала караштырууну башкаруунун жогорку органына киргизүү;
7) улуттук холдинг компаниясынын корпоративдик башкаруу, ички контролдоо жана аудит, инвестицияларды жана капиталдык салымдарды ошондой эле, дивиденддик саясатты ишке ашыруу, улуттук холдинг компаниясынын тобуна кирген компаниялардын кадрларын башкаруу боюнча саясат жаатында саясаттарын, жогоруда саналган саясаттарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кошо, бекитүү;
8) директорлор кеңешинин алдындагы комитеттерди түзүү, жоюу, алардын жеке курамын түзүү жана алардын иши жөнүндө жоболорду бекитүү;
9) улуттук холдинг компаниясынын ревизиялык комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо үчүн талапкерлерди башкаруунун жогорку органына киргизүү, улуттук холдинг компаниясынын ревизиялык комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу сунуштарды киргизүү, ошондой эле улуттук холдинг компаниясынын ревизиялык комиссиясынын мүчөлөрүнө сыйакынын өлчөмүн жана шарттарын аныктоо;
10) Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмесине киргизилген улуттук холдинг компаниясынын тобуна кирген компанияларды өнүктүрүү стратегияларын, ошондой алардын ишинин натыйжалуулугун жана майнаптуулугун баалоонун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
11) төмөнкүдөй маселелер боюнча улуттук холдинг компаниясынын тобуна кирген компанияларда акционер (катышуучу) катары улуттук холдинг компаниясынын башкармасынын аракеттерин алдын ала жактыруу: алардын уюштуруу документтерин өзгөртүү, аларды кайра уюштуруу же жоюу, алар тарабынан баалуу кагаздарды чыгаруу же алардын уставдык капиталынын өлчөмүн өзгөртүү, алардын уставдарына ылайык ири бүтүмдөрдү жактыруу;
12) директорлор кеңешинин алдындагы бюджет жана аудит боюнча комитеттин сунушу боюнча улуттук холдинг компаниясынын тышкы аудиторун, ошондой эле анын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө өлчөмүн бекитүү.
Улуттук холдинг компаниясынын уставы менен анын директорлор кеңешинин компетенциясына, улуттук холдинг компаниясынын башкаруунун жана контролдоонун башка органдарынын өзгөчө компетенциясына киргизилген маселелерден тышкары башка маселелер киргизилиши мүмкүн.
8. Ушул Мыйзам менен улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына киргизилген маселелер аны башкаруунун башка органдарынын компетенциясына киргизилиши мүмкүн эмес.
8-берене. Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү
1. Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү анын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп саналат, улуттук холдинг компаниясынын кызыкчылыгында алардын объективдүү чечимдерди кабыл алуусунда анын жөндөмүнө таасир бериши мүмкүн болгон аткарууга милдеттенмеси жок, ошондой эле ушул берененин талаптарына жооп берет.
2. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда жеке өзүнүн кызыкчылыктарын, же улуттук холдинг компаниясынын айрым акционерлеринин же кызмат адамдарынын эмес, улуттук холдинг компаниясынын кызыкчылыгын жетекчиликке алышы керек.
3. Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсүн шайлоо үчүн көрсөтүлүүчү же шайланган адам акыркы үч жылдын ичинде жана мындай адамдын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү катары болуунун бардык мөөнөтүнүн аралыгында:
1) улуттук холдинг компаниясынын жана/же улуттук холдинг компаниясынын компанияларынын тобуна кирген компаниялардын, ошондой эле анын көз карандысыз компанияларынын башка кызмат адамы, же кызматкери болбошу, ошондой эле башкаруучу компанияларды кошкондо, аларды башкаруунун жана контролдоонун органдарында кызматтарды ээлебеши;
2) ушул улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсүнүн милдетин аткаруудан тышкары, улуттук холдинг компаниясына жана/же улуттук холдинг компаниясынын компанияларынын тобуна кирген компанияларга, ошондой эле анын көз карандысыз компанияларына карата аффилирленген адам болбошу;
3) улуттук холдинг компаниясынын, же анын туунду компанияларынын аудиторунун же баалоочусунун кызматкери болбошу, ошондой эле алардын аффилирленген адамы болбошу;
4) эгерде мындай бүтүмдүн/бүтүмдөрдүн жыйынды көлөмү акыркы катар келүүчү 12 айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен эсептик көрсөткүчтөрдүн 5000 түзгөн учурда, улуттук холдинг компания жана/же улуттук холдинг компаниясынын компанияларынын тобуна кирген компаниялар, ошондой эле анын көз каранды компаниялары менен бүтүм/бүтүмдөр боюнча тарап, өкүл, кызматкер, акционер же тараптын катышуучусу болбошу жана ушундай адамдардын кызыкчылыктарын көрсөтпөшү;
5) улуттук холдинг компаниясынын компанияларынын тобуна кирген компаниялардан, ошондой эле анын көз карандысыз компанияларынан сыйакыларды, компенсациялык төлөмдөрдү жана башка мүнөздөгү төлөмдөрдү албашы керек.
Ушул бөлүктө белгиленген талаптар мындай адамдын жакын туугандарына да таркалат, ушул берененин максаттарында алар анын күйөөсү/аялы, жогорулаган жана төмөндөгөн багыттагы туугандар, түз төмөндөөчү багыттагы эже-сиңди, ага-инилер жана алардын туугандары болуп саналат.
4. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү:
1) аны Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү катары шайлоого чейинки акыркы 12 айдын ичинде мамлекеттик кызматкер болбошу;
2) үчтөн ашык чарбакер коомдордо директорлор кеңешинин мүчөсү болбошу керек.
9-берене. Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешинин иши
1. Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңеши ушул мыйзамда жана анын уставында белгиленген өзүнүн компетенциясынын чегинде күн тартибине киргизилген маселелер боюнча жыйындын жүрүшүндө чечим кабыл алуу жолу менен улуттук холдинг компаниясынын ишине жалпы жетекчиликти ишке ашырат. Директорлор кеңешинин жыйынына анын мүчөлөрүнүн үчтөн экиден кем эмесинин катышуусу кворумду түзөт. Директорлор кеңешинин чечими эгерде ага мүчөлөрдүн бештен кем эмеси добуш берсе кабыл алынган болуп эсептелет.
2. Директорлор кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө чечим кабыл алууга катышуудан башка директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө улуттук холдинг компаниясынын ишине кийлигишүүгө, ошондой эле улуттук холдинг компаниясынын же анын директорлор кеңешинин атынан эл алдында сүйлөөгө тыюу салынат. Директорлор кеңешинин төрагасы директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча жана анын жыйындарында кабыл алынган чечимдерге ылайык гана улуттук холдинг компаниясынын атынан эл алдында сүйлөөгө укуктуу.
3. Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешинин жыйыны көзмө-көз гана өтөт жана ар бир календардык квартал аяктаган айдан кечиктирбеген мөөнөттө кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
4. Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешинин чечими жыйын өткөрүлгөн күндөн тартып 3 иш күнүнөн кечиктирилбей жыйындын протоколу менен таризделет. Директорлор кеңешинин жыйынынын протоколуна ошол жыйынга катышкан мүчөлөрдүн бардыгы кол коюуга тийиш. Жыйынга катышпаган директорлор кеңешинин мүчөлөрү ошол жыйындын протоколу менен жыйын өткөрүлгөн күндөн тартып 5 иш күндөн кечикпей таанышууга милдеттүү.
5. Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешинин ишинин башка маселелери улуттук холдинг компаниясынын уставына ылайык чечилет.
10-берене. Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешине караштуу комитеттер
1. Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешинин комитети директорлор кеңешинин туруктуу иштеген көмөкчү органы болуп саналат, ал төмөнкү максаттарда түзүлөт:
- директорлор кеңешинин жыйынына киргизилүүчү маселелерди алдын-ала талкуулоо жана анын чечимдеринин долбоорлору боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- тармактык саясаттарды жана мамлекеттик программаларды ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар менен улуттук холдинг компаниясынын ишинде мындай саясаттардын жана программалардын жоболорун эсепке алуу боюнча маселелерди макулдашуу.
2. Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңеши милдеттүү үч комитетти түзөт жана алардын иштешин камсыз кылат:
1) стратегиялык пландоо боюнча, анын компетенциясына улуттук холдинг компанияны өнүктүрүүнүн стратегиясын түзүү, анын Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору тарабынан жүргүзүлүүчү мамлекеттик жана тармактык саясаттарына ылайыктуулук маселелери, ошондой эле аны өркүндөтүү жана ишке ашырылышынын натыйжалуулугун баалоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу кирет;
2) бюджет жана аудит боюнча, анын компетенциясына улуттук холдинг компаниясынын бюджетин түзүү жана аткаруу, ошондой эле улуттук холдинг компаниясынын ички контролдоо, инвестиция жана дивиденддер жаатында улуттук холдинг компаниясынын саясатын түзүү жана колдонуу маселелери кирет;
3) кадрлар жана сыйакылар боюнча, анын компетенциясына туунду компаниялардын кадрлар резервин түзүү жана колдонуу, алардын кызмат адамдары менен түзүүчү контракттарына, алардын сыйакыларынын ыкмаларына, өлчөмүнө жана берүүнүн тартибине, алардын жоопкерчилигинин келип чыгуу шарттарына жана формасына карата талаптарды иштеп чыгуу маселелери кирет.
Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңеши өзүнүн комитеттеринин иштөөсү жөнүндө жобону иштеп чыгат жана бекитет. Директорлор Кеңеши башка комитеттерди түзүүгө укуктуу.
3. Директорлор кеңешине караштуу комитеттердин компетенциясына кирген маселелер боюнча улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңеши анын профилдик комитетинин алдын ала корутундусу менен таанышуудан кийин чечимди кабыл алат.
4. Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешине караштуу комитетинин сандык курамы бештен кем эмес жана жетиден көп эмес мүчөдөн турат. Директорлор кеңешине караштуу комитеттин мүчөсү улуттук холдинг компаниясынын кызмат адамы болуп эсептелбейт жана директорлор кеңешине караштуу комитеттин мүчөсү анын директорлор кеңешине караштуу комитеттин мүчөсү болуп саналгандан башка учурларда, директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарына ээ болбойт.
5. Директорлор кеңешинин комитетинин жеке курамы директорлор кеңеши тарабынан бекитилет, мында комитеттин курамына директорлор кеңешинин экиден кем эмес мүчөсү кириши керек. Директорлор кеңешине караштуу комитеттин курамына мамлекеттик жана тармактык саясатты макулдашуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү министрликтеринин жана ведомстволорунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле тийиштүү чөйрөлөрдө эксперттик билимдерге ээ болгон башка жактар тандалышы мүмкүн. Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү бир эле учурда директорлор кеңешине караштуу экиден көп комитеттерге мүчө боло албайт.
6. Директорлор кеңешине караштуу комитеттин ишин директорлор кеңеши тарабынан өзүнүн мүчөлөрүнүн ичинен дайындалган, мамлекеттик кызматчы болуп саналбаган, анын төрагасы жетектейт. Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешине караштуу бюджет жана аудит боюнча комитеттин төрагасы директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү гана боло алат.
7. Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңеши тарабынан кабыл алган чечимдин сапаттык деңгээлин жогорулатуу максатында улуттук холдинг компаниясынын жылдык бюджетинин чегинде мамлекеттик кызматкерлерден тышкары директорлор кеңешине караштуу комитеттердин мүчөлөрүнүн эмгегине акы төлөө үчүн каражаттар каралышы мүмкүн.
8. Директорлор кеңешине караштуу комитеттерди түзүүгө жана иштетүүгө тийиштүү башка маселелер директорлор кеңешинин чечимине ылайык чечилет.
11-берене. Улуттук холдинг компаниясынын башкармасы
1. Улуттук холдинг компаниясынын башкармасы төмөнкүдөй тартипте шайланган беш мүчөдөн турат:
- башкарманын төрагасы улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешине караштуу кадрлар жана сыйакылар боюнча комитеттин сунуштамасы боюнча директорлор кеңеши тарабынан шайланат;
- башкарманын төрагасынан тышкары, башкарманын мүчөлөрү башкарманын төрагасынын сунуштамасы боюнча дайындалат, мында талапкерлер улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешине караштуу кадрлар жана сыйакылар боюнча комитет тарабынан алдын-ала жактырылышы керек.
Башкарманын төрагасынын кызматына талапкерди улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешине караштуу кадрлар жана сыйакылар боюнча комитеттин кароосуна көрсөтүү укугуна анын акционерлери ээ.
2. Башкарманын төрагасы же башкарманын мүчөлөрү шайланган күндөн тартып беш иш күндүн ичинде директорлор кеңеши аны менен контракт түзүүгө милдеттүү, болбосо аларды шайлоо жөнүндө чечим күчүн жоготот. Контракттын мазмунуна жана ага кол коюу тартибине карата талаптар улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңеши тарабынан бекитилет. Улуттук холдинг компаниясынын башкармалыгынын шайланган төрагасынын жана башкарма мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары аны менен контрактка кол коюлган учурдан тартып пайда болот жана мындай контракт менен белгиленген тартипте токтотулат.
3. Башкаруунун коллегиалдуу аткаруучу органы катары улуттук холдинг компаниясынын башкармасынын компетенциясына анын учурдагы ишин башкаруунун төмөнкү маселелери кирет:
1) улуттук холдинг компаниясынын өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу максатында иш-аракеттердин пландарын иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле анын аткарылышынын, анын башкаруунун жогорку органынын же директорлор кеңешинин чечимдеринин аткарылышынын жыйынтыктарын кароо;
2) мыйзамдар жана улуттук холдинг компаниясынын туунду компанияларынын, ошондой эле кыйыр ээлик кылган компаниясынын уставдары менен аларды башкаруунун жогорку органынын компетенциясына берилген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу;
3) улуттук холдинг компаниясы тарабынан ири бүтүмдү же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген 10000ден 100000ге чейин эсептик көрсөткүч наркындагы өз ара байланышкан бүтүмдөрдүн тобун жасоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
4) Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмесине киргизилген анын мүлкүн ажыратууга же оорлотууга багытталган улуттук холдинг компаниясынын же анын тобуна кирген компаниясынын бүтүмдөрүн түзүү тууралуу сунуштарды алдын ала караштыруу жана директорлор кеңешине киргизүү;
5) улуттук холдинг компаниясынын ички ченемдик документтерин бекитүү, бекитилиши улуттук холдинг компаниясынын башкаруунун жана контролдоонун башка органдарынын компетенциясына киргизилген документтерден тышкары;
6) улуттук холдинг компаниясынын уюштуруу түзүмүн, алардын эмгек акы фондун кошкондо, ички аудит кызматынын кызматкерлеринен тышкары, кызматкерлерди жалдоонун жана бошотуунун шарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү.
Улуттук холдинг компаниясынын уставы менен башкарманын компетенциясына улуттук холдинг компаниясынын башкаруунун жогорку органынын же директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына кирбеген башка маселелер киргизилиши мүмкүн.
4. Башкарма башкарманын жыйынында өзүнүн компетенциясынын чегинде чечимдерди кабыл алуу жолу менен улуттук холдинг компаниясынын учурдагы ишин башкарууну ишке ашырат. Башкарманын чечимин ыйгарым укуктуу деп таануу үчүн анын жыйынында мүчөлөрүнүн төрттөн кем эмесинин катышуусу кворум болуп саналат. Чечим, эгерде ага башкарманын үчтөн кем эмес мүчөсү добуш берсе кабыл алынган болуп саналат.
5. Башкарманын чечимдери анын жыйынынын протоколу менен таризделет, ага жыйынга катышкан башкарманын бардык мүчөлөрүнүн колу коюлат. Башкарманын чечими анын тийиштүү жыйындарына катышпай калган тийиштүү кызматкерлерге жана башкарма мүчөлөрүнө башкарма тарабынан башкарманын катчысынын милдети жүктөлгөн адамдын колу менен мындай Протоколдон көчүрмө формасында берилет.
6. Улуттук холдинг компаниясынын башкармасынын ишинин башка маселелери анын уставына ылайык жана анда каралган тартипте чечилет.
12-берене. Улуттук холдинг компаниясынын башкармасынын төрагасы
1. Башкарманын төрагасы улуттук холдинг компаниясынын коллегиалдуу аткаруучу органын жетектейт жана ушул мыйзам жана анын уставы менен улуттук холдинг компаниясын башкаруунун жогорку органынын же директорлор кеңешинин же башкарманын компетенциясына киргизилген маселелерден тышкары, улуттук холдинг компаниясынын ишин жетектөө боюнча бардык маселелерди чечүүгө укуктуу. Башкарманын төрагасы өзү жалгыз кабыл алган ар кандай чечимдер жөнүндө, мындай чечимдерди кабыл алган учурдан тартып үч күндүн ичинде башкармага маалымдоого милдеттүү.
2. Башкарманын төрагасы төмөнкүдөй компетенциялардын чегинде, улуттук холдинг компаниясынын атынан ишеним катсыз аракеттенет:
1) улуттук холдинг компаниясынын ишин оперативдүү башкаруу жана башкарманын ишин уюштуруу;
2) башкарманын мүчөлөрүн дайындоо үчүн талапкерлерди директорлор кеңешине сунуштоо, ошондой эле аларды кызматынан бошотууга сунуштама киргизүү;
3) Кыргыз Республикасындагы, ошондой эле чет мамлекеттердеги бардык мекемелерде, ишканаларда жана уюмдарда улуттук холдинг компаниясынын кызыкчылыгын (анын ичинде жалпы юрисдикция сотторуна жана бейтарап сотторго доо берүү укугу менен) коргоо;
4) келишимдерге, башка бүтүмдөргө кол коюу, ишеним каттарын берүү тартибин белгилөө, ошондой эле ушул Мыйзамдын жана улуттук холдинг компаниясынын уставынын талаптарына ылайык финансылык документтерге биринчи кол коюу укугуна ээ болуу;
5) анын компетенциясына кирген жана башкарма мүчөлөрүн кошкондо, улуттук холдинг компаниясынын бардык кызматкерлери тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон буйруктарды жана актылардын башка түрлөрүн чыгаруу;
6) улуттук холдинг компаниясынын кызматкерлерин жумушка кабыл алууну жана бошотууну ишке ашыруу, алардын кызматтык нускамасын белгилөө, сыйлоо жана жазалоо чараларын колдонуу, ошондой эле кызматкерлерди кызматтык иш сапарларга жөнөтүү;
7) улуттук холдинг компаниясынын атынан 10000 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө бүтүмдөрдү же бир нече өз ара байланышкан бүтүмдөрдү, же улуттук холдинг компаниясынын башка башкаруу органдарынын чечимине ылайык бүтүмдөрдү түзүү.
Башкарманын төрагасы улуттук холдинг компаниясынын уставына ылайык анын башкармасынын компетенциясына кирбеген, улуттук холдинг компаниясынын учурдагы ишинин башка маселелери боюнча чечим кабыл алууга укуктуу.
3. Башкарманын төрагасы башкарманын мүчөлөрүнүн ичинен өзүнүн орун басарын дайындайт жана башкарманын мүчөлөрүнүн ортосунда функционалдык милдеттерди бөлүштүрөт.
4. Улуттук холдинг компаниясынын башкарманын төрагасынын ишинин башка маселелери анын уставына ылайык жана анда каралган тартипте чечилет.
13-берене. Улуттук холдинг компаниясынын ревизиялык комиссиясы
1. Улуттук холдинг компаниясынын ревизиялык комиссиясы улуттук холдинг компаниясынын финансылык-чарбалык ишин контролдоону ишке ашыруу, ички контролдоо системасынын ишин уюштуруу жана ишин баалоо жана улуттук холдинг компаниясынын ишинде пайда болуучу тобокелдиктерди башкаруу үчүн түзүлөт. Ревизиялык комиссиянын сандык курамы улуттук холдинг компаниясынын уставы менен аныкталат.
2. Ревизиялык комиссия улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешине баш ийет жана директорлор кеңешине караштуу бюджет жана аудит боюнча комитет менен өз ара байланышта иштейт.
3. Ревизиялык комиссия өз ишин улуттук холдинг компаниясынын жогорку башкаруу органы бекиткен жобого ылайык ишке ашырат.
14-берене. Улуттук холдинг компаниясынын корпоративдик катчысы (коомдун катчысы)
1. Улуттук холдинг компаниясынын корпоративдик катчысы улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңеши тарабынан шайланган анын кызмат адамы болуп саналат.
2. Корпоративдик катчынын ичинин чөйрөсү, ыйгарым укуктары, укуктары жана милдеттери улуттук холдинг компаниясынын уставында чагылдырылат. Улуттук холдинг компаниясынын уставы менен улуттук холдинг компаниясынын корпоративдик катчысы жетектеген директорлор кеңешинин катчылыгын түзүү каралышы мүмкүн.
3-глава. Улуттук холдинг компаниясынын ишин жөнгө салуунун өзгөчөлүгү
15-берене. Улуттук холдинг компаниялар менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз ара аракеттенүүсү
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү улуттук холдинг компаниясынын акционери болуп саналып, анын өзгөчө компетенциясына киргизилген маселелер боюнча чечимдерди өз убагында кабыл алууну камсыздап жана башка мамлекеттик органдар тарабынан анын ишине мыйзамсыз кийлигишүү аракеттерин токтотуп, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарында анын уставдык максаттарына жетишүүгө көмөк көрсөтөт.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү улуттук холдинг компаниясын башкарууга төмөнкүлөр аркылуу гана катышат:
- ушул мыйзамга жана улуттук холдинг компаниясынын уставына ылайык анын акционеринин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу;
- анын Директорлор кеңешинде Кыргыз Республикасынын саясий мамлекеттик кызмат адамдарынын мүчөлүгү;
- министрликтердин жана ведомстволордун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешине караштуу комитеттердин ишине катышуусу.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн улуттук холдинг компаниясын жана анын туунду компанияларын ушул мыйзамда каралган учурлардан тышкары, башка артыкчылыктарды же жеңилдиктерди бөлүп берүүгө укуксуз.
16-берене. Улуттук холдинг компаниясынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен өз ара мамилелери
1. Мамлекеттик органдар менен улуттук холдинг компаниясынын, ошондой эле анын туунду жана көз каранды компанияларынын ортосундагы өз ара мамилелери ушул Мыйзамда тике каралган учурлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
2. Мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тике каралган учурлардан тышкары, улуттук холдинг компаниясынын жана анын туунду компанияларынын оперативдүү (учурдагы) ишине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
3. Банк топторунун жана банк холдингдеринин ишин жөнгө салуучу мыйзамдар улуттук холдинг компаниясынын жана анын туунду, көз каранды компанияларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу, улуттук холдинг компания катышуучу (акционер) болуп саналган компаниялардын ортосундагы укуктук мамилелерге таркатылбайт. Мында туунду жана көз каранды компаниялар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу улуттук холдинг компания катышуучу болуп саналган компаниялар, ошондой эле (жана) алардын кызмат адамдары өзүнүн ишин банк мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырышат.
17-берене. Улуттук холдинг компаниясынын мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышуусу
1. Улуттук холдинг компаниясы жана анын туунду компаниялары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программаларын ишке ашырууга, эгерде бул алардын өнүгүү стратегияларында тике каралса гана катышышат.
2. Улуттук холдинг компаниясынын жана анын туунду компанияларынын рентабелдүүлүгү (актоочулугу) алардын директорлор кеңеши бекиткен деңгээлден төмөн болгон долбоорлорго катышуусуна тыюу салынган.
18-берене. Улуттук холдинг компаниясынын, анын туунду жана көз каранды компанияларынын аудити
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктары улуттук холдинг компанияга, анын туунду же көз каранды компанияларына Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишинин максатына ылайык жана белгиленген компаниялар тарабынан мамлекеттик бюджеттин каражаттарын пайдаланууга аудит үчүн гана таркалат. Улуттук холдинг компаниясынын анын туунду жана көз каранды компанияларынын акцияларына (катышуу үлүшүнө) ээ болушу мамлекеттин мындай компаниялардын капиталына катышуусу болуп саналбайт. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы улуттук холдинг компанияга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын максаттарына жана аракеттенүү тармагына ылайык келбеген аудитти жүргүзүүгө укуктуу эмес.
2. Улуттук холдинг компаниясы ар жылдык көз карандысыз тышкы аудитти жүргүзүүгө милдеттүү. Мындай аудит аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жүргүзүлүшү керек жана тиешелүү лицензиясы жана эл аралык таанылган кадыр-баркы, ошондой эле холдинг компанияларга аудит жүргүзүүдө 5 жылдык тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасында катталган аудитордук уюм тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Аудитордук уюмга карата башка талаптар, аудитордук уюмду тандоо, аны менен аудит өткөрүүгө келишим түзүү жана аудит боюнча техникалык тапшырманы бекитүү улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешинин компетенциясына кирет. Улуттук холдинг компаниясынын ар жылдык көз карандысыз аудити бириктирилген негизде жүргүзүлөт.
Улуттук холдинг компаниясынын ар жылдык көз карандысыз тышкы аудиттин жыйынтыгы ар бир календардык жылдын 1-июлунан кечиктирилбестен анын директорлор кеңеши тарабынан каралышы керек.
19-берене. Улуттук холдинг компания жана анын туунду компаниялары тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуусу
1. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган атайын тартиби улуттук холдинг компания жүзөгө ашыруучу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларга карата колдонулбайт. Улуттук холдинг компаниясы жана анын туунду компаниясы тарабынан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга карата ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.
2. Улуттук холдинг компаниясы жана анын туунду компаниялары тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу алардын директорлор кеңеши, ал эми туунду компаниялардын иши директорлор кеңешин түзбөстөн ишке ашырылса, анда алардын жогорку башкаруу органы бекиткен тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.
3. Улуттук холдинг компаниясы жана анын туунду компаниялары сатып алууларды уюштуруу жана жүргүзүү жол-жоболорунун аткарылышына жооптуу болгон атайын түзүмдүк бөлүмдөргө ээ болушу керек. Улуттук холдинг компаниясынын туунду компанияларындагы мындай түзүмдүк бөлүмдөр улуттук холдинг компаниясынын сатып алуулардын бирдиктүү кызматы менен алмаштырылышы мүмкүн.
4. Улуттук холдинг компаниясынын ревизиялык комиссиясы улуттук холдинг компаниясы жана анын туунду компаниялары жүзөгө ашыруучу сатып алуулардын ички ченемдеринин жана эрежелеринин сакталышына көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашырат.
Контроль юридикалык жактар тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун ушул беренеде көрсөтүлгөн эрежелеринин сакталышын текшерүү жана байкоо жүргүзүү боюнча ишти түшүндүрөт.
5. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда ушул Мыйзамдын 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) тендердин катышуучулары берүүчү тендердик документтерде тендердин катышууларынын - ата-мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн жана жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн бааларды бекитилген спрэддин чегинде шарттуу төмөндөтүү боюнча талаптарды караштырууга;
2) бекитилген спрэддин чегинде бааларды шарттуу төмөндөтүүнү ата-мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн жана жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн билдирмелерин кароодо жана тендердин жеңүүчүсүн аныктоодо колдонууга;
3) тендердин катышуучуларынын баалык сунуштары бирдей болгон учурда ата-мекендик товар өндүрүүчүлөргө жана жумуштар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн ата-мекендик жеткирүүчүлөрүнө артыкчылык берүүгө.
20-берене. Ири бүтүмдөр жана кызыкчылык бүтүмдөрү
1. Улуттук холдинг компаниясынын ири бүтүмдөрү ушул Мыйзамга ылайык анын башкаруу органдарынын жактыруу жол-жобосунан өтүшү керек. Улуттук холдинг компаниясынын туунду компанияларынын ири бүтүмдөрү ушул Мыйзамга жана башка мыйзамдарга ылайык аларды жактыруу жол-жобосунан өтүшү керек.
2. Улуттук холдинг компаниясынын жана анын туунду компанияларынын акционерлери жана кызмат адамдары өздөрү кызыкдар болгон бүтүмдү түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууда ушул Мыйзамга ылайык добуш берүүгө, эгерде мындай бүтүм улуттук холдинг компаниялардын ортосунда гана түзүлүп жатса, катышышат. Түзүүгө кызыкчылыгы бар бүтүмдү түзүү жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ачыкталат.
21-берене. Улуттук холдинг компаниясында жана анын тобуна кирген компанияларда стратегиялык башкарууну жана пландоону уюштуруунун өзгөчөлүктөрү
1. Улуттук холдинг компаниясы анын тармактык өзгөчөлүгүнө тийиштүү чөйрөлөрдө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын эске алуу менен келерки он жылга өзүнүн өнүгүүсүнүн стратегиясын иштеп чыгышы, бекитиши жана жыл сайын жаңыртып турушу керек.
2. Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу максатында улуттук холдинг компаниясы өзүнүн өнүгүүсүнүн планын иштеп чыгышы жана беш жылдык мөөнөткө бекитиши керек. Улуттук холдинг компаниясынын өнүгүү планынын мазмунуна карата талаптар анын директорлор кеңеши тарабынан аныкталат. Улуттук холдинг компаниясынын тобуна кирген туунду компаниялар өз ишинин чөйрөсүнүн чегинде улуттук холдинг компаниясынын өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга тартылышат. Улуттук холдинг компаниясынын тобуна кирген башка компаниялар өзүнүн башкаруу органдарынын чечимдерине ылайык улуттук холдинг компаниясынын стратегиясын иштеп чыгууга катышат.
3. Улуттук холдинг компаниясынын туунду компаниялары аны өнүктүрүү стратегиясын эске алуу менен үч жылдан кем эмес мөөнөткө өзүнүн өнүгүүсүнүн жеке стратегияларын жана пландарын иштеп чыгышы, бекитиши жана ар жыл сайын жаңыртышы керек.
22-берене. Улуттук холдинг компаниясынын бирдиктүү кызматтары
Улуттук холдинг компаниясы тарабынан анын тобуна кирген бардык же бир нече компанияларды кандайдыр бир багыт боюнча же алардын директорлор кеңешин тейлөө үчүн бирдиктүү борборлоштурулган кызматтарды түзө алышат. Мындай бирдиктүү кызматтар улуттук холдинг компаниясынын башкармасы бекиткен жоболордун негизинде жана мындай компаниялардын директорлор кеңешинин же аткаруу органдарынын чечимдерине ылайык өзүнүн ишин жүзөгө ашырат.
4-глава. Корутунду жоболор
23-берене. Улуттук холдинг компаниясынын, анын кызмат адамдарынын жана башка кызматкерлеринин жоопкерчилиги
1. Улуттук холдинг компаниясы жана анын туунду компаниялары өзүнүн милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекти болуп саналган мүлктөн тышкары, бардык өзүнүн мүлкү менен тартат.
2. Улуттук холдинг компаниясынын адамдары, ошондой эле алардын туунду же көз каранды компанияларында кызмат адамдарынын милдеттерин аткаруучу алардын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, алардын уставдарында жана алар менен түзүлгөн контракттарда каралган шарттарда жана тартипте администрациялык, граждандык-укуктук жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартышат.
3. Улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешинин мамлекеттик кызматкер болуп саналган мүчөлөрү улуттук холдинг компаниясынын директорлор кеңешине караштуу комитеттер жана анын туунду компаниялары менен тийиштүү тармактык мамлекеттик органдардын жана алардын ыйгарым укуктуу адамдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
25-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|