Сравнение редакций…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 706 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартиби (мындан ары - Тартип) токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде, ошондой эле мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордо токой жайгаштыруунун бирдиктүү эрежелерин белгилейт.
2. Токой жайгаштыруу токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде жана мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордо ишке ашырылат.
3. Токой жайгаштыруу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) токой жайгаштыруучу уюму тарабынан келишимдик негизде уюштурулат жана жүргүзүлөт.
4. Токой жайгаштырууда токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерине инвентаризация жүргүзүлөт.
Токой жайгаштыруу материалдарынын негизинде баалуулугу аз жерлерди мыйзамдарда белгиленген тартипте кыйла баалуу жерлерге которуу ишке ашырылат.
5. Ушул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр жана аныктамалар:
Автордук көзөмөл - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан токой чарба ишин регламенттештирүүчү токой жайгаштыруу долбоорлорунун ишке ашырылышына жүргүзүлүүчү контроль.
Долбоордун автору - токой жайгаштыруу жумуштарынын бардык циклинин жетекчиси.
Бөлүкчө - мамлекеттик токой фондусуна, токой фондусуна жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына кирген да жана кирбеген токойлордун минималдуу чарбалык бирдиги, токой кварталынын бөлүгү.
Геодезиялык материалдар - карталарды түзүү жана кеңдиги, узундугу жана абсолюттук бийиктиги боюнча картадан объекттердин абалын аныктоо үчүн геодезиялык сүрөткө тартуулардын натыйжасында алынган материалдар.
Чек ара мамылары - мамлекеттик токой фондусунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин сырткы чек араларында орнотулуучу накталай токой жайгаштыруу белгиси.
Табигый жаңылануу (токойдун жаңылануусу) - токой түркүмдөрүндөгү дарак өсүмдүктөрүнүн муундарынын үзгүлтүксүз алмашуу процесси, ошондой эле токой өсүмдүктөрүнүн алар мурда өскөн жана табигый же анторопогендик факторлордун натыйжасында жок кылынган аймактарда өсүүсү жана калыптануусу.
Токойду инвентаризациялоо - бак-дарактарды жана токойдун айрым участокторун баяндап жазуу боюнча иштердин комплекси.
Картографиялык материалдар - токойлордун масштабы, алардын максаттуу арналышына жараша топографиялык же атайын жүктөмдөрү боюнча айырмалануучу толук мүнөздөмөсүн чагылдыруучу картографиялык материалдар.
Квартал - токой массивинин участогу же бөлүгү, токойдун туруктуу эсепке алынуучу жана чарбалык бирдиги.
Кварталдык тармак - мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде жана мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордо түзүлүүчү токой кварталдарынын системасы.
Кварталдык мамы - кварталдык чек аралар кесилүүчү жерлерде орнотулуучу накталай токой жайгаштыруу белгиси.
Токой - токой фондунун жана жер фондусунун башка категорияларынын минималдуу аянты 0.2 гектар, минималдуу кеңдиги 25 м, шактарынын минималдуу жыштыгы 10%, минималдуу жоондугу 0,1, бак-дарактардын минималдуу бийиктиги 1,9 м (бадалдардын - 0,5 м), болгон жерлеринде өсүүчү дарак-бадал өсүмдүктөрү.
Токой өсүмдүктөрү - бак-дарактардын жана бадалдардын түрлөрүн отургузуу же тигүү аркылуу жасалма жол менен өстүрүлгөн бак-дарактар.
Токой жайгаштырылуучу объект (жайгаштырылуучу объект) - токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери, мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлор, алардын чектеринде токой жайгаштыруу жумуштарынын бүткүл цикли ишке ашырылат.
Токой пайдалануу - токой фондунун участокторун жана токой фондуна кирбеген токойлордун участокторун белгиленген тартипте пайдалануу.
Токой жайгаштыруу планшети - токой кварталдарынын тобунун планын камтыган пландуу-картографиялык токой жайгаштыруу материалдарынын алгачкы документи.
Токой жайгаштыруу долбоору - жайгаштырылуучу объектиде токой жайгаштыруунун жыйынтыктары боюнча ревизиялык мезгилге карата иштелип чыгуучу документтердин топтому.
Токой жайгаштыруу кеңешмелери - токой жайгаштыруу жумуштарын уюштуруу, аларды аткаруунун өзгөчөлүктөрүн ар тараптуу талкуулоо максатында өткөрүлүүчү кеңешмелер.
Жаш токой - шактары жыш боло элек токой.
Шактары жыш боло элек токой өсүмдүктөрү - шактарынын жыштыгы ченемдик даражага жете элек жерлердеги жасалма калыбына келтирилген токой участоктору.
Бөлүкчөлөрдү баалоо - токой чарбалык зарыл болгон иш-чараларды пландоо менен бөлүкчөлөрдүн учурдагы абалын талаа шарттарында баяндоо.
Токой өсүмдүктөрүн которуу - өсүүсү жана абалы боюнча белгилүү бир сапаттык көрсөткүчтөргө жеткен токой өсүмдүктөрүнүн участогун токой баскан аянт категориясына кошуу.
Сынамык аянт - дарактарды, токой өсүмдүктөрүн, токойдун табигый жаңылануусун эсепке алуу жана башка ченөө иштери жүргүзүлүүчү токой жерлеринин участогу.
Долбоордук ведомосттор - алдыдагы ревизиялык мезгилге карата токой чарбалык жана токойду калыбына келтирүү иш-чараларынын долбоорлонуучу түрлөрүн жана көлөмдөрүн көрсөтүү менен таксациялык бөлүкчөлөр келтирилүүчү токой жайгаштыруу долбоорунун курамына кирген ведомосттор.
Ревизиялык мезгил - токой жайгаштыруу долбоору түзүлүүчү мөөнөт.
Токойду таксациялоо - токой ресурстарынын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн эсепке алуу, баалоо боюнча техникалык иш-чаралардын комплекси.
Таксациялык материалдар - токой кварталына түзүлүүчү, ар бир токой бөлүкчөсүнүн мүнөздөмөсүн жана анда белгиленген чарбалык иш-чараларды камтыган ведомосттор.
2. Токой жайгаштыруунун түрлөрү
6. Алгачкы, кайталанган жана үзгүлтүксүз токой жайгаштыруу болуп бөлүнөт.
7. Алгачкы токой жайгаштыруу мурда алар жүргүзүлбөгөн токой фондунда, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жана мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордо жүргүзүлөт.
Алгачкы токой жайгаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын токой жайгаштыруу уюму тарабынан жүргүзүлөт.
8. Кайталанган токой жайгаштыруу ревизиялык мезгилге ылайык мурда жайгаштырылган объекттерде аткарылат.
Кайталанган токой жайгаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын токой жайгаштыруу уюму тарабынан жүргүзүлөт.
9. Ревизиялык мезгилдер Кыргыз Республиканын токой экосистемаларынын касиеттерине жараша белгиленет жана төмөнкүлөрдү түзөт:
- жаңгак-мөмө токойлору үчүн - 10 жылды;
- карагай токойлору үчүн - 10 жылды;
- арча токойлору үчүн - 15 жылды;
- суунун алабындагы токойлор үчүн - 15 жылды;
- мамлекеттик жаратылыш парктардын жерлеринде - 15 жылды;
- мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жерлеринде - 20жылды.
10. Үзгүлтүксүз токой жайгаштырууда мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордун абалы, аткарылган токой чарбалык иш-чаралардын көлөмү жана сапаты, токой пайдалануунун түрлөрү жана көлөмү жөнүндө маалыматтарды ар жыл сайын чогултуу жана иштеп чыгуу, ошондой эле токой чарба жумуштарынын объекттерин жана көлөмдөрүн, кийинки жылга токой пайдалануунун жол берилүүчү көлөмүн аныктоо ишке ашырылат.
11. Токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде үзгүлтүксүз токой жайгаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мекемелери (токой чарбалары, жаратылыш парктары жана коруктар), ал эми мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордо - токой өскөн жерлердин менчик ээлери тарабынан жүргүзүлөт.
12. Биотүрдүүлүктү сактоо, токой чарбасын жүргүзүү максатында токой жайгаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тийиштүү финансылык жылга карата каралган каражаттардын чегинде, мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
13. Токой пайдаланууну жүргүзүү максатында токой жайгаштыруу токой пайдалануучулардын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
Токой пайдалануунун түрлөрү Кыргыз Республикасынын Токой кодексине ылайык белгиленет.
14. Мейманканаларды, кемпингдерди жана туристтерди тейлөөнүн башка объектилерин куруу жана пайдалануу ишке ашырылып жаткан мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлеринде токой жайгаштыруу жер участогун пайдалануучулардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
15. Геологиялык чалгындоо иштери жана пайдалуу казылмаларды (кен пайдалануу) иштетүү ишке ашырылып жаткан токой фондунун жерлеринде, мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордо токой жайгаштыруу кен пайдалануучунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
16. Токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин, мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлорду гидроэлектрстанцияларды, өткөргүч түтүктөрдү курууда, байланыш линияларын тартууда мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюу учурунда токой жайгаштыруу жер участокторун пайдалануучулардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
17. Токой жайгаштыруунун узактыгы ушул Тартиптин 12, 13, 14, 15 жана 16-пункттарында көрсөтүлгөн максаттарга жараша бир айдан эки жылга чейин созулат.
18. Токой жайгаштыруу цикли өзүнө төмөнкү жумуштарды камтыйт:
- талаа;
- камералык.
18. Даярдоо жумуштары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жайгаштырылуучу объекттин болгон тышкы чек арасын, анын административдик-чарбалык бирдиктерин аныктоону;
- мурунку токой жайгаштыруунун таксациялык, геодезиялык жана картографиялык материалдарын чогултууну жана аларды талдоону;
- жайгаштырылуучу объекттин жерлеринин кварталдык тармагынын картасынын долбоорун түзүүнү;
- чек аралык жана кварталдык мамыларды кайра калыбына келтирүүнүн талап кылынган көлөмдөрүн аныктоону;
- жамааттык машыгуу (окутуу) үчүн участокту тандоону;
- токой жайгаштырууну жүргүзүүгө смета түзүүнү.
19. Талаа жумуштары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жамааттык машыгуу (адистерди окутуу) өткөрүүнү;
- токой чарбалык иш-чараларды пландоону: топографиялык жана геодезиялык жумуштарды жүргүзүү, чек аралык жана кварталдык мамыларды орнотуу, биотүрдүүлүккө талдоо жүргүзүү, ревизиялык мезгилде токой чарбасын жүргүзүү; токой чарбасын жүргүзүүнү талдоо, бөлүкчөлөрдү көз менен болжолдоо методу менен баалоо жана токойлорго тандама статистикалык метод менен инвентаризация жүргүзүү;
- жумушчуларды убактылуу жана сезондук жумуштарга жалдоону.
20. Камералык жумуштар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- токой ресурстарынын маалыматтар базасын түзүүнү жана иштеп чыгууну;
- геомаалыматтык технологияларды колдонуу менен картографиялык материалдардын санариптик моделин түзүүнү;
- токой жайгаштыруу долбоорлорун иштеп чыгууну.
21. Даярдоо, талаа жана камералык жумуштарды жүргүзүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат жана бекитилет.
22. Бөлүкчө көз менен болжолдоп бааланат жана бир нече этаптар менен ишке ашырылат:
- бөлүкчөгө кварталдарды бөлүү;
- бөлүкчөнүн учурдагы абалын баяндоо;
- ревизиялык мезгилге карата бөлүкчөнү өнүктүрүүнүн токойчулук максаттарын аныктоо;
- ревизиялык мезгилге карата токой чарбалык иш-чараларды пландоо.
23. Бөлүкчөлөрдү баалоо "төмөндөн-жогору" принциби боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын токой жайгаштыруу адистери менен биргеликте токойчулар тарабынан жүргүзүлөт.
24. Токойлорду инвентаризациялоо туруктуу-сынамык аянттарды түптөө жана инструменттик өлчөө аркылуу тандама статистикалык метод менен жүргүзүлөт.
25. Токой жайгаштыруу жумуштарын жүргүзүүдө бөлүкчөлөрдү баалоо үчүн маалыматтарды чогултуу жана токойлорду инвентаризациялоо методикасы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
3. Токой жайгаштыруу долбоорлору
26. Биотүрдүүлүктү сактоонун, токой чарбасын жүргүзүүнүн токой жайгаштыруу долбоорлору уюштуруу долбоорун, долбоорлонуучу иш-чаралардын ведомостторун, таксациялык сыпаттамаларды, сынамак аянттардын жыйынды ведомостторун камтыйт.
Токой жайгаштыруу долбоорунун курамына ошондой эле токой жайгаштыруу планшеттери, токойчулуктун пландары (басымдуулук кылган түрлөр жана жаш топтору боюнча, долбоорлонуучу иш-чаралар, зоналарды жайгаштыруу боюнча боёлгон) аларда кыдырып текшерүү жана техникалык участоктордун чектерин, жайгаштырылуучу объекттин карта-схемаларын, 1:25000 масштабындагы токой отургузуу пландарын, 1:15000 масштабындагы планшеттерди, өрткө каршы иш-чараларды, пайдаланылуучу зоналарды, токойдун табигый жаңылануусун көрсөтүү менен кирет.
27. Токой пайдаланууну жүргүзүү максатында токой жайгаштырууда, мейманканаларды, кемпингдерди, музейлерди жана туристтерди тейлөөнүн башка объекттерин куруу жана пайдалануу ишке ашырылып жаткан мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлеринде токой жайгаштырууда, геологиялык чалгындоо иштери жана пайдалуу казылмаларды (кен пайдалануу) иштетүү ишке ашырылып жаткан токой фондунун жерлеринде, мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордо токой жайгаштырууда токой ресурстарынын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн, токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын эсебинин жыйынтыгын, долбоорлонуучу токой чарбалык жана токойду калыбына келтирүү иш-чараларынын ведомостторун, 1:25000 масштабдагы картографиялык материалдарды камтыган токой жайгаштыруу долбоорлору түзүлөт.
28. Токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин, мамлекеттик токой фондусуна кирбеген токойлорду гидроэлектрстанцияларды куруу максатында, байланыш линияларын, өткөргүч түтүктөрдү тартууда мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюу максатында токой жайгаштырууда токой ресурстарынын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн, токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын эсебинин жыйынтыгын, 1:25000 масштабындагы картографиялык материалдарды камтыган корутунду түзүлөт.
29. Жайгаштырылуучу объекттин токой жайгаштыруу долбоору мамлекеттик экологиялык экспертизанын он корутундусу болгондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын тиешелүү ведомстволук бөлүнүшүнүн аймактык органы менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет
4. Токой жайгаштыруу кеңешмелери
30. Токой жайгаштырууну уюштуруу жана жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан токой жайгаштыруу кеңешмелери өткөрүлөт:
биринчиси - талаа жумуштары башталганга чейин бир айдан кеч эмес;
экинчиси - биотүрдүүлүктү сактоо, токой чарбасын жүргүзүү, токой пайдалануу, кен пайдалануу жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин жана мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлорду пайдалануу долбоорунун негизги бөлүктөрүн иштеп чыгуу аяктагандан кийин.
31. Токой жайгаштыруу кеңешмелерин өткөрүүнүн конкреттүү даталары, алардын катышуучуларынын жеке курамы, аларга зарыл болгон материалдарды берүү мөөнөттөрү кызыкдар тараптар менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
32. Кеңешмелердин катышуучулары токой жайгаштыруу кеңешмелерине даярдалган материалдар менен алдын ала тааныштырылышы керек.
33. Биринчи токой жайгаштыруу кеңешмесинде жайгаштырылуучу объекттин талаа токой жайгаштыруу жумуштарын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү аныкталат, даярдоо жумуштар жөнүндө маалыматтар каралат.
34. Мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде (токой чарбалар, жаратылыш парктары жана коруктар) токой жайгаштыруу маселеси каралуучу биринчи токой жайгаштыруу кеңешмесинде аталган мекемелердин жетекчилери баяндама жасашат.
35. Мамлекеттик токой фондусуна кирбеген токойлордо токой жайгаштыруу маселеси каралуучу биринчи токой жайгаштыруу кеңешмесинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын долбоорлорунун авторлору баяндама жасашат.
36. Биринчи токой жайгаштыруу кеңешмесинде кабыл алынган чечимдер протоколго жазылат, алар токой жайгаштыруу жумуштарынын сметасын жана жайгаштырылуучу объекттин жерлеринде токой жайгаштыруу үчүн келишим түзүүгө негиз болуп саналат.
37. Экинчи токой жайгаштыруу кеңешмесинде талаа жана камералык жумуштардын жыйынтыктары талкууланат жана төмөнкү маселелер каралат:
- мамлекеттик токой фондунун (токой чарбанын), өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (жаратылыш паркынын, коруктун ж.б.), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын тиешелүү ведомстволук бөлүнүшүнүн аймактык органы менен макулдашылган чек араларынын сыпатталышы;
- мамлекеттик токой фондунун аймактарын, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын уюштуруу (кварталдарга, токойчулукка, кыдырып текшерүүлөргө, функционалдык зоналарга, пайдаланылуучу зоналарга, корголуу категорияларына ж.б. бөлүү);
- токой фондунун сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү;
- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин жана мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлорду инвентаризациялоонун жыйынтыктары;
- токой чарбалык иш-чараларды пландоонун жыйынтыктары;
- акыркы ревизиялык мезгилдеги токой чарбалык жана башка жумуштарды талдоо, токой өсүмдүктөрү бар участокторду сүрөткө тартуулар, питомниктерди, токойдун кесүүгө арналган бөлүктөрүн текшерүүнүн жыйынтыктары;
- алдыдагы ревизиялык мезгилге карата пландалуучу токой чарбалык, токойду калыбына келтирүү иш-чараларынын көлөмү, алардын пландарга жана токой чарбанын, мамлекеттик жаратылыш коругунун жана мамлекеттик жаратылыш паркынын мүмкүнчүлүктөрүнө шайкеш келиши;
- картографиялык материалдар;
- бөлүкчөлөр жана кварталдар боюнча таксациялык ведомосттор;
- ошол жайгаштырылуучу объект боюнча аткарылган токой жайгаштыруу жумуштарынын башка өзгөчөлүктөрү.
38. Экинчи токой жайгаштыруу кеңешмесинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын долбоорлорунун авторлору баяндама жасашат.
39. Экинчи токой жайгаштыруу кеңешмесинде кабыл алынган чечимдер кеңешменин протоколуна жазылат, ал токой жайгаштыруу долбоорунун акыркы вариантын түзүү үчүн негиз болуп саналат.
40. Зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган токой жайгаштыруунун талаа жана камералык жумуштарын жүргүзүү мезгилинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн техникалык кеңешмелерди өткөрөт.
5. Автордук көзөмөл
41. Автордук көзөмөл ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ревизиялык мезгилдин жарымы өткөндө, бирок токой жайгаштыруу жүргүзүлгөн датадан тартып бирок 5 жылдан кеч эмес жайгаштырылган объекттерде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-январындагы № 43 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ