КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-октябры № 692
Админнстративдик имаратты Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфаиа шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине шарттарды түзүү максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жѳнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Баткен облусу, Лейлек району, Исфана шаары, И. Раззаков кѳчѳсү, №10 дареги боюнча жайгашкан административдик имаратты белгиленген тартипте Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын муниципалдык менчигине ѳткѳрүп берсин.
2. Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын мэриясына белгиленген тартипте тѳмөнкүлѳр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- объектини кайра мамлекеттик каттоодоп ѳткѳрүү;
- объектини максаттуу багыты боюнча колдонууну камсыздоо.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнѳ жүктѳлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |