Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-октябры № 716
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 374 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк Соода Уюмунун алдындагы милдеттенмелерин натыйжалуу, аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 374 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дүйнөлүк соода уюму менен макулдашууларды жана Кыргыз Республикасынын ДСУнун алдындагы милдеттенмелерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун жоопкерчиликтерин бөлүштүрүү жөнүндө жободо:
- 1-пунктунда:
он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуунун (2-беренесинин 2.9, 2.10-пункттарынын, 5-беренесинин 5.6, 5.7-пункттарынын, 10-беренесинин 10.1, 10.7 жана 10.10-пункттарынын, 10.1.2-пунктчасынан тышкары) жана "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясынын талаптарына ылайык техникалык регламенттерди жана шайкештикти баалоо жол-жоболорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү боюнча улуттук органдын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган, техникалык регламенттер жана шайкештикти баалоо жол-жоболору боюнча улуттук маалымат алуу кызматынын функцияларын аткаруу;";
төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- Санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча макулдашуунун (В тиркемесинин 7-беренесинин, 1-7 жана 10-пунктчаларынын) талаптарына ылайык Кыргыз Республикасында иштелип жаткан санитардык жана фитосанитардык чаралар жөнүндө кабарлоо боюнча улуттук органдын функцияларын аткаруу;";
жыйырма төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) стандартташтыруу боюнча улуттук орган аркылуу - Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашууну жана анын стандарттар бөлүгүндөгү, анын ичинде стандарттар боюнча иштердин программасы боюнча билдирүүлөрдү даярдоо боюнча тиркемелерин аткарууну камсыз кылат (10-беренесинин 10.3-пункту жана 3-тиркемеси, 10.1.1, 10.1.3 жана 10.1.4-пунктчаларынан тышкары);";
жыйырма бешинчи жана жыйырма алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
жыйырма жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен бирдикте Санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча макулдашууга ылайык, Кыргыз Республикасында кабыл алынып жаткан санитардык жана фитосанитардык чаралар жөнүндө билдирүүнү даярдоо жана жөнөтүү бөлүгүндө милдеттердин аткарылышын камсыздайт.";
6-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен бирдикте Санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча макулдашуунун жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасында иштелип жаткан санитардык жана фитосанитардык чаралар жөнүндө билдирүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук органына жөнөтүү үчүн Кыргыз Республикасында кабыл алынып жаткан санитардык жана фитосанитардык чаралар жөнүндө билдирүүлөрдүн долбоорлорун даярдоо боюнча маалымат алуу кызматтарын түзөт жана ишин камсыз кылат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |