Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-октябры № 713
Мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматчыларына майыптыгы боюнча пенсиянын эң төмөнкү өлчөмүн белгилөө жана Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик багыттагы башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучулары үчүн компенсациялык төлөөлөрдү белгилөө жөнүндө
"Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесин ишке ашыруу жана пенсионерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу иштерине Кыргызстандын жарандарынын олуттуу салымын таануу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин "в" пунктунда каралган мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматчыларына майыптыгы боюнча пенсиянын эң төмөнкү өлчөмү 1850 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик маанидеги башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучуларынын "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген пенсияларына ар айлык компенсациялык төлөөлөр төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:
- пенсияларынын өлчөмдөрү 3850 сомдон ашкан адамдарга 600 сом өлчөмүндө;
- пенсияларынын өлчөмдөрү 3850 сомго жетпеген адамдарга, - 3850 сомдун жана алуучу пенсиясынын өлчөмүнүн ортосундагы айырма катарында аныкталган өлчөмдө, мында компенсациялык төлөөлөрдүн өлчөмү 600 сомдон аз болбошу керек.
Мындан ары пенсиялардын өлчөмүн жогорулатууда пенсионерлерге компенсациялык төлөөнүн ушул өлчөмү сакталат.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомго ылайык пенсияларды жана компенсациялык төлөөлөрдү төлөп берүү үчүн республикалык бюджеттен кошумча каражат тапсын.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарында каралган пенсияларды жана компенсациялык төлөөлөрдү кайра эсептөө жана төлөп берүүнү белгиленген тартипте жүргүзсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |