Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-октябры № 725
Чүй облусу, Жайыл району, Сосновка айылы, Фрунзе көчөсү, 85 дарегинде жайгашкан администрациялык имаратты жанаша аймагы менен Сосновка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинен мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө
Сосновка милициянын поселоктук бөлүмүнүн имаратын рационалдуу пайдалануу максатында, милициянын поселоктук бөлүмүнүн имаратын Сосновка айыл өкмөтүнүн балансынан Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын Жайыл районунун ички иштер органдарынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө Чүй облусунун Жайыл районунун Сосновка айылдык кеңешинин 2015-жылдын 6-февралындагы № 1 токтомун жана милициянын поселоктук бөлүмүнүн имаратын Сосновка айыл өкмөтүнүн балансынан Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын Жайыл районунун ички иштер органдарынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө Чүй облусунун Жайыл районунун Сосновка айыл аймагынын 2015-жылдын 18-июнундагы № 15 токтомун көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- Чүй облусу, Жайыл району, Сосновка айылы, Фрунзе көчөсү, 85 дарегинде жайгашкан администрациялык имаратты аянты 994 квадрат метр болгон жанаша аймагы менен мамлекеттик менчикке кабыл алсын;
- жанаша аймагы менен администрациялык имараттын наркын баалоону жүргүзсүн;
- аталган объектти Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда аталган администрациялык имаратты жанаша аймагы менен ыкчам башкарууга кабыл алсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |