Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-ноябры № 759
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлѳөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнѳр жай министрлигинин мамлекеттик кызматкерлеринин эмгегин өбөлгөлөө максатында, ошондой эле "Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ подстанциясын куруу боюнча долбоордун аяктагандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жѳнүндѳ" Кыргыз Республикасынын конституниялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүнде" токтомуна төмөнкудөй толуктоо киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы З2 пункт менен толукталсын:
«З2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин мамлекеттик кызматкерлерине 2015-жылдын ичинде тѳрт айлык эмгек акы фонду ѳлчөмүндѳгү каражаттар сый акы берүүгѳ жумшалат деп белгиленсин.". »
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана ѳнѳр жай министрлиги 2015-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде 2015-жылы министрликтин кызматкерлерине сый акы берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жѳнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгөртүүлѳрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тийиштүү долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |