Загрузка документа…
Тиркеме
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 27-октябры № 743
токтому менен
бекитилди
Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүүнүн концепциясы
Киришүү
Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүүнүн концепциясы (мындан ары - Концепция) “Дары-дармек каражаттары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасы (мындан ары - Электрондук маалымат базасы) - бул импортердон жана жергиликтүү өндүрүүчүдөн керектөөчүгө чейин дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын кыймылына электрондук түрдө байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу автоматташтырылган система.
Электрондук маалымат базасы Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун Бирдиктүү маалымат системасынын (мындан ары - Бирдиктүү маалымат системасы) курамдык бөлүгү болуп, төмөнкү компоненттерден турат:
1) калк;
2) медициналык жана фармацевттик кадрлар;
3) саламаттык сактоо уюмдары;
4) өндүрүүчүлөр, дистрибьюторлор жана дарыкана уюмдары;
5) пациенттердин регистрлери;
6) медициналык жана фармацевттик кызмат көрсөтүүлөр;
7) дары-дармек каражаттары;
8) медициналык багыттагы буюмдар.
Концепцияны ишке ашыруу сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, медициналык жардамды көрсөтүү сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
1. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
Дүйнө жүзүндө саламаттык сактоонун маанилүү милдеттеринин бири болуп калкты коопсуз, натыйжалуу жана жеткиликтүү дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылуу саналат.
Калкты дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуу жана аларды сарамжалдуу пайдалануу мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат жана оорулардын алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо элементи катары калктын саламаттыгын сактоосунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
Бүгүнкү күндө республикада 2735 фармацевттик уюм иштейт, алардын ичинде 880 дарыкана, 1188 дарыкана пункттары, 164 дарыкана киосктору, дарылоо-алдын алуучу уюмдарда 61 дарыкана, 39 оптика дүкөн жана медициналык багыттагы буюмдардын 19 дүкөнү, дары-дармек каражаттарынын 233 дүӊ кампасы, медициналык багыттагы буюмдардын 114 кампасы, 37 өндүрүш бар.
Фармацевттик ишти жүргүзгөн чарба субьекттеринин көпчүлүгү Бишкек шаарында топтолгон - 36 %. Ош шаарында фармацевттик мекемелердин саны 8,6 %, Чүй облусунда - 13,1 %, Жалал-Абад облусунда - 12,6 %; Ош облусунда - 10,8 %, Ысык-Көл облусунда - 7,1 %, Талас облусунда - 4 %, Баткен облусунда - 4,7 %, Нарын облусунда - 2,7 % түзөт.
Фармацевттик кесиптик ассоциациясы тарабынан 5233 фармацевттик кызматкер фармацевттик иш менен иштөө укугуна аттестацияланды.
2015-жылдын 1-майына карата Кыргыз Республикасында 6785 фармацевттик продукциянын аталыштары катталган жана медициналык практикада колдонууга уруксат берилген, алардын ичинде дары-дармек каражаттары - 4423, медициналык багыттагы буюмдар - 2362.
Өлкөбүздү дары-дармек менен камсыз кылуу импорттун эсебинен жүргүзүлөт, ал фармацевттик рыноктун жалпы көлөмүнүн 97 %ын түзөт. Продукция дүйнөнүн 67 өлкөсүнөн импорттолот. Наркын алып караганда продукциянын басымдуу көлөмү Россия Федерациясынан, Кытай Эл Республикасынан, Германия Федеративдик Республикасынан, Словения Республикасынан ташылып келет.
Белгилеп кетчү нерсе, 1998-2010-жылдары иштеген мамлекеттик дары-дармек саясаты өлкөбүздүн фармацевттик секторунун сапаттуу өзгөрүүлөрүн жана динамикалуу өнүгүшүн шарттады.
Бирок дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү белгилүү жетишкендиктерге карабастан, бир катар чечилбеген проблемалар да бар.
Белгилеп кетчү нерсе, саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды үзгүлтүктүү жана өз убагында ташып келбөө проблемасы бардык жерде байкалууда.
Саламаттык сактоо уюмдарынын дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу ишинде айкындык жок. Алсак, саламаттык сактоо уюмдарында жана дарыкана пункттарында бир эле дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын наркы айырмаланып турат.
Дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү эл аралык тажрыйбаны изилдөө мамлекеттик деңгээлде дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын бирдиктүү базасын түзүүнүн актуалдуулугун көрсөттү.
Электрондук маалымат базасы иштеген өлкөлөрдө (Түркия, АКШ) ар бир дары-дармек каражатынын жана медициналык багыттагы буюмдун таңгагынын чек арадан өткөндөн керектөөчүгө жеткенге чейин байкоого алуу системасы жөнгө салынган.
Электрондук маалымат базасынын жардамы менен дары-дармек каражаттарынын мониторинги алардын Кыргыз Республикасынын аймагына келген учурдан баштап пациентке сатылганга чейин, ошондой эле рецепт менен берилген учурга чейин жүргүзүлүп турат.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында ар кайсы уюмдарда топтолгон дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын өз алдынча маалымат базалары бар:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде - дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүү, даярдоо жана сатуу боюнча ишти лицензиялоонун маалымат базасы;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда - камсыздандырылган жарандарды дары-дармектер менен жеңилдетип камсыз кылуу боюнча маалымат базасы;
3) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментинде - дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды каттоо, алып кирүү жана сертификациялоо боюнча маалымат базасы;
4) фармацевттик продукциянын жеткирүүчүлөрү өздөрүнүн маалыматтык системаларын түзүшкөн жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментинин дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды алып кирүү жана сертификациялоо боюнча маалымат базасына кошулган;
5) Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндө “бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасында “бирдиктүү терезенин” маалыматтык системасы түзүлгөн жана мамлекеттик органдар менен жеке жана юридикалык жактардын ортосунда “бирдиктүү терезе” системасынын алкагында белгиленген тартипте маалымат алмашуу жүргүзүлүп турат.
Азыркы мезгилде маалыматтарды автоматтык алмашуу төмөнкүдөй тизмекте жөнгө салынган: фармацевттик продукциянын жеткирүүчүлөрү - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаменти - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндө “бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы.
Колдонуудагы маалымат базаларынын ортосунда маалыматтарды автоматтык алмашуу каралбагандыктан, улуттук деңгээлде дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды натыйжалуу башкарууну жүргүзүүгө мүмкүн эмес, ошондой эле дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга баалары боюнча маалыматты автоматтык чогултуу жана электрондук сатып алууну жүргүзүү үчүн техникалык шарттар жок.
Ушуга байланыштуу дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар боюнча стандартташтырылган маалыматка негизделген Электрондук маалымат базасын түзүү өтө зарыл.
Концепциянын максаты Электрондук маалымат базасын түзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жашоого маанилүү, коопсуз, натыйжалуу жана сапаттуу дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын жеткиликтүүлүгүн, айкындыгын жана сарамжалдуу колдонулушун камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү, ыйгарым укуктуу органдар тарабынан дары-дармек каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды жүгүртүүнү мониторлоо жана майнаптуу чечимдерди кабыл алуу болуп эсептелет.
Концепциянын милдеттери болуп төмөндөгү маалымат базалары киргизиле турган Интернет тарамы аркылуу бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзүү болуп саналат:
- Кыргыз Республикасында медициналык колдонууга уруксат берилген дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын маалымат базасы;
- дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды жүгүртүүгө катышкан фармацевттик уюмдардын маалымат базасы (өндүрүүчүлөр, фармацевттик продукцияны жеткирүүчүлөр жана дарыкана мекемелери);
- дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын дарыкана тарамындагы маалымат базасы;
- медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин маалымат базасы;
- медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн маалымат базасы;
- пациенттердин маалымат базасы.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кызыкдар мамлекеттик органдарды жана көз карандысыз эксперттерди (фармацевттик уюмдарды, ассоциацияларды, бизнес-коомчулуктарын, донордук уюмдарды, эл аралык эксперттерди) тартуу менен Концепцияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын иштеп чыгат.
Мындан тышкары, Электрондук маалымат базасын түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
Концепциянын артыкчылыктары болуп төмөнкүлөр саналат:
- маалыматтык системалар үчүн ишенимдүү, жеткиликтүү инфраструктураны камсыз кылуу;
- дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугун жана айкындыгын камсыз кылуу;
- дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын өндүрүүчүдөн керектөөчүгө чейин байкоого алынуусун камсыз кылуу;
- Электрондук маалымат базасынын бардык катышуучуларынын ишин координациялоону камсыз кылуу;
- дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар жөнүндө маалыматка калктын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн жалпыга жеткиликтүү электрондук ресурстарды түзүү.
Электрондук маалымат базасын ийгиликтүү түзүү үчүн төмөнкү иш-чараларды ишке ашыруу зарыл:
- саламаттык сактоо уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуусунун автоматташтырылган системасына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды мамлекеттик электрондук сатып алуулар системасына дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын Бирдиктүү кодификаторун бекитүү жана ишке киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментинин, саламаттык сактоо уюмдарынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык медициналык-маалыматтык борборунун, фармацевттик уюмдардын маалыматтык инфраструктурасын иштеп чыгуу жана түзүү;
- Бирдиктүү маалыматтык системада бирдиктүү стандартташтырылган маалымдамаларды түзүү;
- колдонуудагы маалыматтык системаларды Бирдиктүү маалыматтык системанын компоненттери катары талдоо;
- дары-дармек каражаттарынын таңгактарын коддоо системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- дары-дармек каражаттарынын кыймылын андан ары байкоого алуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана алынып келинген дары-дармек каражаттарынын таңгактагы коддору менен маалымат базасын түзүү.
5. Концепцияны ишке ашыруунун негизги этаптары
Концепцияны ишке ашыруу үч этапта жүргүзүлөт.
Биринчи этапта Электрондук маалымат базасын түзүү максаттары үчүн учурдагы кырдаалга талдоо жүргүзүү каралган, ушуга байланыштуу төмөнкүдөй иш-чараларды ишке ашыруу керек:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүү боюнча Секторлор аралык координациялык кеңешти түзүү;
- дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына талдоо жүргүзүү;
- Электрондук маалымат базасы үчүн колдонуудагы маалыматтык системаларга баалоо жүргүзүү;
- фармацевттик рыноктун абалына баалоо жүргүзүү;
- Электрондук маалымат базасынын техникалык архитектурасын иштеп чыгуу;
- Электрондук маалымат базасын иштеп чыгууга болжолдуу сарптоолордун эсебин чыгаруу;
- Электрондук маалымат базасы үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгууга техникалык тапшырманы даярдоо.
Биринчи этапты ишке ашыруу мөөнөтү: 2016-жылдын I кварталы - 2016-жылдын IV кварталы.
Концепцияны ишке ашыруунун экинчи этабы Электрондук маалымат базасын түзүү үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталат, ушуга байланыштуу төмөнкүдөй иш-чараларды жүзөгө ашыруу болжолдонууда:
- Электрондук маалымат базасы үчүн маалымдамаларды, классификаторлорду жана кодификаторлорду иштеп чыгуу;
- Электрондук маалымат базасы үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу;
- Электрондук маалымат базасынын бардык катышуучулары үчүн материалдык-техникалык базаны камсыз кылуу;
- Электрондук маалымат базасынын иштеши үчүн колдонуудагы маалымат базаларын интеграциялоо;
- Электрондук маалымат базасы үчүн программалык камсыздоого тестирлөө жүргүзүү.
Экинчи этапты ишке ашыруу мөөнөтү: 2017-жылдын I кварталы - 2017-жылдын IV кварталы.
Концепциянын үчүнчү этабында төмөнкүдөй иш-чараларды ишке ашыруу керек:
- Электрондук маалымат базасы үчүн Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарында программалык камсыздоону орнотуу;
- пайдалануучуларды Электрондук маалымат базасынын программалык камсыздоосу менен иштөөгө окутуу;
- Электрондук маалымат базасынын программалык камсыздоосун этап-этабы менен орнотуу жана Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын жана облустарынын саламаттык сактоо уюмдарында пайдалануучуларды окутууну өткөрүү.
Үчүнчү этапты ишке ашыруу мөөнөтү: 2018-жылдын I кварталы - 2020-жылдын IV кварталы.
Концепцияны ишке ашыруу төмөнкүлөргө жардам берет:
- дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылын штрих - код боюнча өндүрүүчүдөн баштап керектөөчүгө чейин байкоо салууга;
- дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын бааларына мониторинг жүргүзүүгө жана республика боюнча саламаттык сактоого чыгымдарды оптималдаштырууга;
- дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды ташып келүүнүн натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатууга;
- контрабандалык дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды алып кирүүнү болтурбоого, бюджетке салыктык түшүүлөрдү жогорулатууга;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жасалма дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын өндүрүшүнө, алынып келишине жана сатылышына каршы аракеттенүүгө;
- мөөнөтү өткөн жана сапатсыз дары-дармек каражаттарын соодадан алып салууга, акырында бул пациенттердин өмүрүнө жана ден соолугуна коопсуздукту камсыз кылат;
- ар кандай дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар жөнүндө электрондук система боюнча маалыматты реалдуу убакыт режиминде алууга;
- өндүрүүчүнүн баасын жана фармацевттик уюмдардын кошкон баасын, дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын жарактуулук мөөнөтүн көрүүгө;
- дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын сарамжалдуу колдонулушун камсыз кылууга;
- өлкөнүн фармацевттик рыногун жөнгө салууну жакшыртууга;
- электрондук контролдоонун жардамы менен адам факторунун таасирин, дары-дармектерди негизсиз дайындоону минимумга жеткирүүгө, коррупцияны төмөндөтүүгө, фармацевттик уюмдардын арасында ак ниет атаандаштыкты жогорулатууга.
Дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө маалыматтык системаларды андан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттик уюмдардын маалыматташтыруусун жана маалыматтык инфраструктураны өнүктүрүүдө акыркы тенденцияларды эске алып, колдонуудагы маалыматтык-технологиялык инфраструктураны жаңыртуу жана борборлоштурулган архитектурасы менен заманбап ийкемдүү операциялык чөйрөнү түзүү талап кылынат.
Электрондук маалымат базасынын инфраструктурасы - бул маалыматтык-технологиялык системалар комплекси, алар бири - бири менен аракеттенип, ушул Концепциянын тиркемесинде көрсөтүлгөн төмөнкү компоненттерден турат:
1) ведомстволук маалыматтык системалар жана маалымат базалары;
2) ведомстволор аралык электрондук аракеттенүү системасынын интеграциялык шина/шлюзу;
3) электрондук сервис - электрондук идентификацияны башкаруу системасы;
4) электрондук сервис - документтерди алмашуу жана башкаруу системасы;
5) ченемдик-маалымдама идентификаторлор (маалымдамалар, классификаторлор, кодификаторлор);
6) маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу системасы.
Интеграциялык шина/шлюз коопсуздуктун бардык талаптарына жооп берип, төмөнкүлөрдү камсыз кылышы керек:
1) аутенттүүлүктү (катышуучулардын/колдонуучулардын ырастыгы) жана маалыматтын бүтүндүгү;
2) ведомстволордун ортосунда берилип жаткан маалыматтын купуялуулугу;
3) ведомстволук деңгээлде контролго жетишүү.
Төмөндө берилген таблицада Концепцияны ишке ашыруу мезгилинде чыгышы мүмкүн негизги тобокелдиктер келтирилди.
|
|
|
| |
Тобокелдикти сүрөттөө | Категория | Ыктымалдык | Башкаруу чаралары жана алардын кесепеттерин минималдаштыруу | |
1. Саламаттык сактоо уюмунун жетекчилиги тарабынан Электрондук маалымат базасынын маанисин жана пайдасын жакшы түшүнбөгөндүгү | Башкаруучулук | Орто | Кеңешмелерди жана семинарларды өткөрүү. Түшүндүрүү иши. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилигинин Электрондук маалымат базасын түзүү жана колдонуу боюнча жоопкерчиликтерин жогорулатуу | |
2. Маалыматтык технологиялар боюнча адистердин, кадрлардын кетиши | Башкаруучулук | Орто | Жогорулатуучу коэффициентти, категорияны, классты ж.б. ыйгаруу аркылуу эмгек акы төлөө системасын кайра кароо | |
3. Медициналык персоналдын жана калктын Электрондук маалымат базасы тууралуу жеткиликсиз кабардар болушу | Башкаруучулук | Орто | Электрондук маалымат базасын түзүү маселелери боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери жана медициналык персонал үчүн семинарларды жана тренингдерди өткөрүү, ошондой эле республикадагы калкка Электрондук маалымат базасы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымдоо | |
4. Саламаттык сактоо уюмдарын Интернет тарамына кошуудагы кыйынчылыктар | Экономикалык, техникалык | Орто | Мүмкүн болушунча фиксацияланган жана мобилдүү телекоммуникациялык тарамдарды колдонуу | |
5. Фармацевттик уюмдардын жана дарыкана мекемелеринин жетекчилери тарабынан Электрондук маалымат базасын түзүүнүн жана колдонуунун маанилүүлүгүн жана зарылдыгын жакшы түшүнбөгөндүгү | Башкаруучулук | Орто | Фармацевттик уюмдардын жана дарыкана мекемелеринин жетекчилеринин арасында Электрондук маалымат базасын түзүүнүн жана колдонуунун маанилүүлүгү жана зарылдыгы маселелери боюнча кеңешмелерди жана семинарларды, түшүндүрүү иштерин өткөрүү | |
9. Ресурстук камсыз кылуу
Концепцияны ишке ашырууга байланыштуу иш-чаралар министрликтердин жана административдик ведомстволордун, эл аралык уюмдардын жана фармацевттик уюмдардын административдик колдоосу менен камсыз кылынат.
Финансылык сарптоолорду талап кылган иш-чараларды ишке ашыруу донордук жардамдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка финансылык каражаттардын эсебинен камсыз кылынат.
Донордук каражаттар Электрондук маалымат базасынын техникалык архитектурасын түзүү үчүн керектүү программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана материалдык-техникалык жабдууга жумшалат.
10. Корутунду жоболор
Дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды жүгүртүүнүн мониторинг системасын жана башка аспекттерин маалыматтык камсыз кылуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды керектөөнү талдоо, финансылык ресурстарды колдонуу, калкка көрсөтүлүп жаткан дары-дармектик жардамдын сапатын баалоо жана дары-дармектик камсыз кылууну уюштуруу жаатында натыйжалуу башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу, жүргүзүлүп жаткан дары-дармектик саясаттын таасирин баалоо жана аны шайкеш түзөтүү үчүн туура маалымат базасын колдонууга жардам берет.