Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 747
Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 121-беренесинин 6-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ушул Типтүү уставдын негизинде алты айлык мөөнөттө коомдук алдын алуу борборунун уюмдаштыруучу документтерин иштеп чыгуу жана бекитүү сунушталсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |