Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 746
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо
киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-апрелиндеги № 247 “Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция башкармасынын жетекчи жана катардагы курамдагы кызматкерлери үчүн кызматтык кийимди кийип жүрүүнүн эрежесин, берүүнүн нормаларын жана кийип жүрүү мөөнөттөрүн, айырмалоо белгилеринин сүрөттөмөсүн, мундирдин предметтеринин, бут кийиминин жана жабдыктарынын сыпаттамасын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункттагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматына” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясы)” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |