Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-сентябры № 664
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 "Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерде:
1.1.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.1.1. Ушул Эрежелер "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык иштелип чыкты жана административдик жана экономикалык иштер боюнча сот (мындан ары - сот) тарабынан сот тартибинде карыз тарапты банкрот деп таануунун же карыз тараптын макулдугу менен кредиторлордун чогулушунда соттон тышкары тартипте карыз тарапты банкрот деп жарыялоонун негиздерин аныктайт, ошондой эле банкроттук процессинде колдонулуучу жол-жоболорду жүргүзүүнүн тартибин жана шарттарын жөнгө салат: атайын башкаруу, санация, реабилитация, жарашуу макулдашуусу, карыз тарапты банкроттукка жеткиргендиги үчүн жоопкерчилик чараларын жана карыз тарап кредиторлордун талаптарын толук көлөмдө канааттандырууга жөндөмсүз болгондо пайда болуучу башка мамилелерди кошкондо.";
1.1.2-пунктундагы "коммуналдык" деген сөз "муниципалдык" деген сөз менен алмаштырылсын;
1.1.9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.1.9. Жеке жана юридикалык жактардын банкроттугуна (кудуретсиздигине) байланышкан маселелер Мыйзам жана ушул Эрежелер менен жөнгө салынат, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, банктардан жана башка финансы-кредиттик уюмдардан тышкары.";
1.1.10, 1.1.11 жана 1.1.12-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
1.2.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.2.2. "Жөнгө салынуучу уюм" иши көзөмөлдөнүүгө жана лицензияланууга тийиш болгон уюмду, топтолмо пенсиялык фондду же инвестициялык фондду, камсыздандыруу уюмун билдирет.";
1.2.3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
1.2.4-пункттун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
1.2.4-пункттун 3-пунктчасындагы "мамлекеттик эмес" деген сөздөр "топтолмо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2.3-бөлүмдө:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) сот тартибинде административдик жана экономикалык иштер боюнча сот тарабынан;";
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) соттон тышкары тартипте кредиторлордун чогулушу менен.";
2.5.3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2.7-бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.7-бөлүм. Кредиторлордун өкүлдөрү
Кредитордун өкүлү кредитордон алган ишеним кагаздын негизинде кредитордун атынан карыз тарапты банкрот деп таануу жөнүндө сотко арыз берүүгө укуктуу же кредитордун атынан кредиторлордун чогулушунда чыгып сүйлөөгө укуктуу.";
2.9.2-пунктта "жана/же башка далилдер" деген сөздөр алып салынсын;
2.14.2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3.13.2-пунктта:
- "банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин жоюу комиссиясынын мүчөлөрүн" деген сөздөр алып салынсын;
- "ал эми банктар үчүн - акциялардын 5 пайызына чейин" деген сөздөр жана цифралар алып салынсын;
4.3-бөлүмдүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
4.6.3-пунктта "Кредитордун суранычы боюнча карыз тарап бериши мүмкүн" деген сөздөр "Кредитордун талабы боюнча карыз тарап берүүгө милдеттүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4.8.1-пункттун 6-пунктчасында "же атайын башкаруу" деген сөздөр алып салынсын;
расмий тилдеги текстинде 4.8.3-пункттагы "бить" деген сөз "быть" деген сөз менен алмаштырылсын;
4.15.7-пункттун 1-пунктчасындагы "жана администратордун колу коюлган" деген сөздөр алып салынсын;
5.1.9-пункттагы "4" деген цифра "3" деген цифра менен алмаштырылсын;
5.1.26-пункттагы "акылга сыярлык мөөнөттүн ичинде" деген сөздөр "30 календардык күндүн ичинде" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
7.2.6-пункттагы "Мыйзамда аныкталган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-статьясында белгиленген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8.1.4-пункттагы "же бейтарап сотто" деген сөздөр алып салынсын;
9.1.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9.1.1. Жогоруда аталган жактардын аракетке жөндөмдүүлүгү жана укук жөндөмдүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга, ошондой эле Мыйзамдын 8-беренесинин 2-пунктунда белгиленген шарттарга жооп берүүчү жеке жак администратор боло алат.";
9.1.3-пункттагы "же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын" деген сөздөр алып салынсын;
9.2.1-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
9.2.2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (банктардын банкроттугунда)," деген сөздөр алып салынсын;
9.2.3-пункттун биринчи абзацындагы "жооптуу органдар менен аныкталат" деген сөздөр "жооптуу орган менен аныкталат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9.2.3-пункттун экинчи абзацындагы ", банктардын банкроттугунан тышкары" деген сөздөр алып салынсын;
9.2.4-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бир эле мезгилде экиден көп эмес чарба жүргүзүүчү субъекттерде-карыз тараптарда (активдер менен камсыздалган) же бештен көп эмес чарба жүргүзүүчү субъекттерде-карыз тараптарда (карыз тарапты сот ордунда жок деп тааныган шартта) банкроттук процессинин жол-жоболорун жүргүзүү үчүн администратор дайындалышы мүмкүн. Мында алардын жалпы санынын жыйындысы беш чарба жүргүзүүчү субъекттен-карыз тараптан ашпашы керек.";
9.2.6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
9.3.2-пункттун биринчи абзацындагы ", же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (банктардын банкроттугунда)" деген сөздөр алып салынсын;
9.3.2-пунктунун экинчи абзацындагы "же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан (банктардын банкроттугунда)" деген сөздөр алып салынсын;
9.3.7-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
9.4.3-пункт "администратордун" деген сөздөн кийин "аудитордун" деген сөз менен толукталсын;
9.4.8-пункттун биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" деген сөздөр алып салынсын;
9.8.2-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
9.8.6-пункттагы "же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен" деген сөздөр алып салынсын;
10.4.1-пункттагы ", же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан" деген сөздөр алып салынсын;
10.4.3-пункттагы "3 календардык күндөн" деген цифра жана сөздөр "5 календардык күндөн" деген цифра жана сөздөр менен алмаштырылсын;
10.4.7-пункттун 2-пунктчасындагы "минималдык айлык акынын" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтөрдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10.8.4-пункттун биринчи абзацындагы "банктарга жана башка финансы-кредиттик мекемелерге карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары менен аныкталат" деген сөздөр ", эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе." деген сөздөр менен толукталсын;
10.23.19-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссияда" деген сөздөр "Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
расмий тилдеги текстинде 13.3.7-пункттун 1-пунктчасындагы "хроме" деген сөз "кроме" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |