Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-октябры № 688
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 "Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин жана алар жашаган чөйрөлөрдү коргоону камсыз кылуу максатында, "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 "Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышы "өсүмдүктөр дүйнөсүнө" деген сөздөрдөн кийин ", мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга" деген сөздөр менен толукталсын;
- преамбула:
"Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө"," деген сөздөрдөн кийин "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
"мумие камтыган минералдык сырьену" деген сөздөрдөн кийин "жана козу карындарды" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирилген зыян үчүн өндүрүлгөн суммалар Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын (алардын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн) атайын эсептерине төлөнө тургандыгы белгиленсин, алардын 30 пайызы эреже бузууну аныктаган жана акты түзгөн адамдарга (протоколдорду/актыларды түзүүчүлөргө) сыйлык берүүгө жумшалат, 70 пайызы бирдей өлчөмдө республикалык бюджетке жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын (алардын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн) атайын эсептерине которулат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен бирге ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 16-октябрында N 99 жарыяланды
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |