Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-октябрындагы № 566 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-ноябры № 767
Кыргыз Республикасынын аймагына жеңил жана орто дистилляттарды, керосинди, газойлду, дизель отунун жана башка мунайзаттарын ташып келүүнү жөнгө салуунун айрым маселелери жѳнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагына мунайзаттарын ташып келүүнү тартипке салуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына жеңил жана орто дистилляттарды, керосинди, газойлду, дизель отунун жана башка мунайзаттарын (мындан ары -мунайзаттары) автомобиль транспорту менен ташып келүү төмөнкүдөй учурларда ишке ашырылаары белгиленсин:
-мунайзаттарга товарды коштоочу документтер болгондо;
-мунайзаттарын коопсуз ташып өтүүнүн талаптары сакталганда;
- ташуучунун же/жана жуктү алуучунун салыктык каттоосун тастыктаган документтери болгондо.
2. Ушул токтомдун 1-пункту менен каралган талаптар бензинге, жеңил жана орто дистилляттарга жана башка бензинге карата колдонулат (ЕАЭБ ТЭИТН коддору 2710121100-2710129009, 2710191100-2710191500, 2710192500-2710192900), дизель отуну (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 2710193100-2710194800, 2710201100-2710201900), мазут (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 2710195100-2710196809, 2710203101-2710203909), май жана газ конденсаты (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 2709001001, 2709001009, 2710197100-2710199800), битумдук материалдан алынуучу чийки мунай жана чийки заттар (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 2709009001-2709009009).
3. Ушул токтомдун 1-пунктунда каралган талаптар сакталбаса, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн мунайзаттар өткөрүлбөйт.
4. Кыргыз Республикасынын аймагына төмөнкүлөр ташып келүүчү мунайзаттарга ушул токтомдун 1-пунктунда каралган талаптар таркатылбайт:
-жеке колдонуу үчүн жеке адамдар;
-дипломаттык ѳкγлчγлүктүн кызматкерлери, консулдук мекемелер, эл аралык уюмдар, дилломаттык (кызматтык) паспортторду же алардын статустарын тастыктаган башка документтерди кѳрсѳткѳндѳ ушул уюмдардын өкүлчүлүктөрү;
- чет мамлекеттин аймагында жайгашкан Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдүн мамлекеттик уюмдарынын кызматкерлери -кызматтык күбөлүктөрүн көрсөткөндѳ.
5. Кыргаз Республикасынын аймагына жеке адамдар тарабынан жеке пайдалануу үчүн ташылып келүүчү мунайзаттарга транспорт каражатындагы май куюучу бакта болгон мунайзат, ошондой эле 20 литрден ашык эмес көлөмдөгү башка идиштегй мунайзат кирет.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнѳ караштуу Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнѳ караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте мобилдик топторду түзүшсүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу мунайзаттарды мыйзамсыз ташып келүү, мунайзаттарды ташып өтγү боюнча талаптар бузулган фактыларды табуу жана бөгөт коюу боюнча контролдук жана оперативдик-рейддик иш-чараларды уюштурушсун.
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги убактылуу кармалган транспорт каражаттарын кырдаалды териштиргенге чейин айыптык токтотуучу жайларга жайгаштырсын.
8. Автомобилдерге май куюучу жайлардын резервуарларына мунайзаттарды куюуда идиштерге контролдук пломбалар менен пломбалоо ыйгарым укуктуу салык органынын инспектору тарабынан саат 9-00 дөн 19-00 чейин ишке ашырылаары белгиленсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргаз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар белүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчѳ кырдаалдар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнѳ жүктѳлсүн.
10. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |