Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-августу № 587
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 24-пункт менен толукталсын:
"24) "Системалык негиздеги иш" - эгерде календардык жылдын ичинде экиден ашык товар сатылса, окшош товарларды сатуу боюнча иш, ошондой эле акы төлөнүүчү негизде иштерди аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү.".
2. 21-берененин 1-бөлүгү "башка иш-аракеттер" деген сөздөрдөн мурун "системалык негизде жүзөгө ашырылуучу" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 95-берененин 1-бөлүгү:
"Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн мурун "Иши ушул Кодекстин 21-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ишкердик деп таанылган жана/же" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Аталган субъекттер ушул Кодекстин 21-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык алардын иши ишкердик деп таанылган айдан кийинки айдын акыркы числосунан кечиктирбей салыктык каттоо жөнүндө арызын салык органына берүүгө милдеттүү.".
4. 153-берене төмөнкүдөй мазмундагы 47 жана 48-пункттар менен толукталсын:
"47) "Жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо" - ушул Кодекске ылайык жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин орду Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан учурда салык салынуучу субъект тарабынан аткарылган жана көрсөтүлгөн жумуштардын жана кызматтардын беримдери;
48) "Товарларды экспорттоо" - сатылуучу товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин аймагына же Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары ташып чыгуу.".
5. 212-берененин 1-бөлүгүнүн 8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
6. 224-берененин 3 жана 6-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
7. 229-берененин 1-бөлүгүндөгү "4000000" деген цифралар "6000000" деген цифралар менен алмаштырылсын.
8. 239-берененин 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
9. 316-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-10-пункттар менен толукталсын:
"7) 12 пайыз өлчөмүндөгү ставка боюнча КНС салынуучу беримдер, уюлдук байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнөн тышкары;
8) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо;
9) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары сатуу;
10) ишкананын же анын өз алдынча бөлүмүнүн КНС салыгын төлөөчүнүн бири тарабынан экинчи КНС салыгын төлөөчүгө же өткөрүп берүү учурунда ушундай субъектке сатылуусу.".
10. 319-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"319-берене. Салыктын ставкасы
1. Сатуудан салыктын ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:
1) КНС боюнча катталган салык төлөөчүлөр үчүн КНСтен бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда:
а) соода иши үчүн - 1,0 пайыз өлчөмүндө;
б) ушул пункттун "а" пунктчасында каралбаган иш үчүн - 2,0 пайыз өлчөмүндө;
2) КНС боюнча катталбаган салык төлөөчүлөр үчүн:
а) соода иши үчүн - 2,0 пайыз өлчөмүндө;
б) ушул пункттун "а" пунктчасында каралбаган иш үчүн - 3,0 пайыз өлчөмүндө;
3) КНС боюнча катталганына карабастан уюлдук байланыш кызмат көрсөтүүлөрү боюнча - 5 пайыз өлчөмүндө.
Ушул беренеде:
1) соода иши деп сатуу максатында алынган товарларды сатуу боюнча иш түшүнүлөт;
2) уюлдук байланыш кызмат көрсөтүүлөрү деп байланыш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бул кызматтарды көрсөтүүчү уюмга берилген лицензияда саналган зымсыз жана спутник байланышынын телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрү түшүнүлөт.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., №8, 923-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
6-берененин 2 жана 6-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 9-бөлүгүнүн экинчи абзацынан жана 10-бөлүгүнөн, 2-беренесинен тышкары, 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ