Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 34 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-ноябры № 780
Кыргыз Республикасыныи Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 260 "Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролдоо (көзөмөл) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүγ жөнүндө
Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролдоо (көзөмөл) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекетгик органдарды аныктоо максатында, "Кьфгыз Республикасыныи Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасыныи конституциялык Мыйзамынын 10 жана 10-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасыныи Өкмету
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 260 "Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролдоо (көзөмөл) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жѳнүндѳ" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1-пунктунун а) пунктчасы төмөнкүдей мазмундагы он үчүнчү - он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- темир жолдун кыймылдуу курамынын коопсуздугу жѳнүндѳ (БС TP 001/2011);
- темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн коопсуздугу жөнүндө (БС TP 003/2011);
- дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жѳнүндө (БС TP 018/2011);
- автомобиль жолдорунун коопсуздугу (БС TP 014/2011);
- айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин коопсуздугу жөнүндө (БС TP 031/2012);".
2. Кыргыз Республикасыныи Өкмөтүнѳ караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасыныи Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бѳлүмүнө, агроөнөр-жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндѳн он күн ѳткөндѳн кийин күчүнө кирет
Премьер-министр | Т.А. Сариев |