Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-ноябры № 771
4-топтогу мүлк объекттерине салыктын толук чогулуусун камсыз кылуу жөнүндө
4-топтогу мүлк объекттерине салык алуунун механизмин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 18-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 4-топтогу мүлк объекттерине салыктын төлөнгөндүгүн ырастоочу атайын наклейканын үлгүсү 1-тиркемеге ылайык;
- 4-топтогу мүлк объекттерине салыктын төлөнгөндүгүн ырастоочу атайын наклейканын сүрөттөлүшү 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- уюмдар, жеке ишкерлер жана жеке жактар үчүн 4-топтогу мүлк объекттерине салык төлөө үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан кеч эмес мөөнөттө жүргүзүлөрү;
- 4-топтогу мүлк объекттери боюнча маалыматтык эсептөөлөр берилгенден жана салык төлөнгөндөн кийин салык төлөөчүгө салыктын төлөнгөндүгүн ырастоочу, ушул токтомдун тиркемесине ылайык белгиленген формадагы, салык кызматы органынын кызматкеринин колу жана анын ысымы жазылган мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, графалары мамлекеттик же расмий тилде кол менен же машинкага басуу аркылуу толтурулуучу атайын наклейканын (так отчеттуулук бланкы) акысыз берилери;
- атайын наклейка Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 330-беренесине ылайык 4-топтогу мүлк объекттерине салык төлөөдөн бошотулган адамдарга да берилери.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 “Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча Негизги жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат кылуу боюнча негизги жоболордо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызмат адамдарынын милдеттеринде:
8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
“ “4-топтогу мүлк объекттерине салык төлөө” – диаметри жантыгынан 80 мм жана тигинен 65 мм болгон сүйрү формадагы, тиешелүү түстөгү (атайын наклейканын түсү ыйгарым укуктуу салык органынын чечиминин негизинде жыл сайын өзгөрүлүп турат), сүрөттөлүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен үлгүгө шайкеш келген - механикалык транспорт каражатынын алдына (маңдайкы терезесине) жайгаштырылуучу атайын наклейка.”.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы белгиленген тартипте :
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы менен бирге 4-топтогу мүлк объекттерине салыктын төлөнүшүн башкарууну жана контролдоону күчөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына үстүбүздөгү жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде бланктык продукцияны даярдоого каражаттарды каржылоону камсыз кылсын.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 “4-топтогу мүлк объекттерине салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 544 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 “4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-августундагы № 469 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 “4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 491 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 “4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
9. Ушул токтом 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 1-3 жана 6-пункттарынан тышкары, расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
Атайын наклейканын γлгγсγ Юстиция министрилигинин архивинде сакталат
2-тиркеме
4-топтогу мүлк объекттерине салыктын төлөнгөндүгүн ырастоочу атайын наклейка (мындан ары - наклейка) сүйрү формага ээ, диаметри жантыгынан 80 мм жана тигинен 65 мм болот, ал тыгыздыгы 250 кв/м кем эмес, төрт түстөгү мөөрлүү, тонгир торчосу түрүндөгү коргоо элементи көрүнүп турган кагаздан жасалат. Кагаздын өңү жыл сайын ыйгарым укуктуу салык органынын чечиминин негизинде өзгөрүп турат.
Наклейканын алдыңкы бетинин сүрөттөлүшү
Наклейканы айландыра жогорку жана төмөнкү ачык жерлерге мамлекеттик жана расмий тилде типографиялык ыкма менен басылган:
“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА” деген жазуу жайгаштырылат.
Наклейканын борбордук бөлүгүнүн жогорку ачык жерине диаметри 6 мм түзгөн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлөт.
Наклейканы айландыра мамлекеттик тилде 4-топтогу мүлк объекттерине болгон салыкты башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы” деп мамлекеттик тилде жайгаштырылат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин төмөн жагында типографиялык ыкма менен басылган 4-топтогу мүлк объекттерине болгон салыктын төлөнгөн жылын билдирген цифралар (2016 жана андан ары) жайгаштырылат.
Көрсөтүлгөн цифралардын төмөн жагына типографиялык ыкма менен басылган текст мамлекеттик тилде жазылат:
“серия___ № ____ ”.
Аталган тексттин төмөн жагына автомобилдин сүрөтү жайгаштырылат.
Наклейканын арткы бети
Наклейканын сырткы бетин айландыра жогорку жана төмөнкү ачык жерлерине “Автоунаанын алдыңкы айнегинин төмөнкү оң бурчуна чапталат” деген жазуу мамлекеттик тилде жайгашат.
Ортосуна жогорудан ылдый карай типографиялык ыкма менен басылган мамлекеттик тилдеги төмөнкүдөй текст жайгаштырылат:
“Маркасы__________
Мамлекеттик №______
Төлөнгөн салыктын суммасы_______
Квитанциянын номери _______ датасы_________
__________________________ райондук (МСКБ)
Салык кызматкери_______________________
_______________ __________
(аты-жөнү) (колу)
(ИСН)_______________
М.О.”.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-ноябры № 771
4-топтогу мүлк объекттерине салыктын толук чогулуусун камсыз кылуу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомунун редакциясына ылайык)
4-топтогу мүлк объекттерине салык алуунун механизмин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 18-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- уюмдар, жеке ишкерлер жана жеке жактар үчүн 4-топтогу мүлк объекттерине салык төлөө үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан кеч эмес мөөнөттө жүргүзүлөрү;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 “Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча Негизги жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат кылуу боюнча негизги жоболордо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызмат адамдарынын милдеттеринде:
8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
“ “4-топтогу мүлк объекттерине салык төлөө” – диаметри жантыгынан 80 мм жана тигинен 65 мм болгон сүйрү формадагы, тиешелүү түстөгү (атайын наклейканын түсү ыйгарым укуктуу салык органынын чечиминин негизинде жыл сайын өзгөрүлүп турат), сүрөттөлүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен үлгүгө шайкеш келген - механикалык транспорт каражатынын алдына (маңдайкы терезесине) жайгаштырылуучу атайын наклейка.”.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы белгиленген тартипте :
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы менен бирге 4-топтогу мүлк объекттерине салыктын төлөнүшүн башкарууну жана контролдоону күчөтсүн.
5. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)