Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 15-майындагы № 246
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 670 токтому менен бекитилген |
Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799, 2020-жылдын 22-январындагы № 18, 2020-жылдын 3-июнундагы № 289, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 106 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул тартип билим берүү уюмдарын (институттук аккредитация) жана билим берүү программаларын (программалык аккредитация) аккредитациялоо жол-жобосун белгилейт.
Аккредитация аккредитациялануучу билим берүү уюмуна (улуттук аккредитация) коюлуучу Кыргыз Республикасынын минималдуу талаптарына же билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу боюнча эл аралык ассоциациялардын (тармактардын) (эл аралык аккредитация) стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.
Улуттук аккредитация билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңеш тарабынан таанылган аккредитациялык агенттиктер тарабынан жүргүзүлөт.
Эл аралык аккредитация аккредитациялык агенттиктер тарабынан жүргүзүлөт:
- билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңеш тарабынан таанылган;
- билим берүүнүн сапатын камсыз кылуунун эл аралык тармактарында толук же ассоциацияланган мүчөлөр болуп саналган.
Улуттук жана эл аралык программалык аккредитациялар баштапкы (Ex-Ante) (билим берүү программасын ишке ашыруунун биринчи жылында жүргүзүлүүчү) жана толук (билим берүү программасынын бүтүрүү курсу болгондо жүргүзүлүүчү) болот.
Билим берүү уюмунун институттук жана программалык аккредитациядан өтүүсү милдеттүү болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 106 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Аккредитациялоонун негизги максаттары:
- билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көмөктөшүү;
- билим берүү уюмдарынын жана билим берүү программаларынын бекитилген критерийлерге жана жол-жоболорго (Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынан төмөн эмес) шайкеш келүүсүнө көз карандысыз баа берүү;
- билим берүү уюмдарынын жана билим берүү программаларынын сапатына көз карандысыз баа берүүнүн жыйынтыктары, ошондой эле сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө коомчулукка маалымдоо;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана квалификациялар жөнүндөгү документтеринин дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде таанылышына көмөктөшүү;
- үзгүлтүксүз өзүн-өзү баалоо жана өркүндөтүү аркылуу билим берүү уюмдарын өнүктүрүүнү өбөлгөлөө жана билим берүү программаларын жакшыртуу.
3. Аккредитациялоонун негизги принциптери:
- аккредитациялоо системасын уюштуруунун көз карандысыз жана объективдүү мүнөзү, анда белгиленген тартипте таанылган мамлекеттик эмес, коммерциялык эмес уюмдардын катышуусу камсыздалат;
- айкындык;
- ачыктык;
- сырткы баа берүүнүн негизделген методдорун так колдонуу;
- билим берүү мекемесине (программасына) аккредитацияланган билим берүү уюму (программасы) статусун берүү мөөнөтүнүн чектелгендиги.
4. Аккредитациядан өткөрүү бардык билим берүү уюмдары үчүн бирдей шарттарда жана ушул Тартипте аныкталган негиздерде жүзөгө ашырылат.
Бир билим берүү уюмунун/программасынын чегинде аккредитациялоонун мөөнөтү 6 айдан кем эмес убакытты түзүшү керек.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Аккредитациялык агенттик катары таанылган уюм (мындан ары - Агенттик) билим берүү уюмунун аккредитация жүргүзүүсүнөн, анын ичинде атаандаштыкты чектөө же болбосо кайсы бир билим берүү уюмуна алардын менчигинин түрүнө, ведомстволук кызыкчылыгына же жайгашкан жерине жараша артыкчылык берүү максатында баш тартууга укуксуз.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Агенттик төмөнкү учурларда билим берүү уюмун аккредитациялоодон өткөрүүгө укуксуз:
- эгерде билим берүү уюму Агенттиктин демөөрчүсү же Агенттиктин пайдасына ири суммадагы кайрымдуулук каражаттарын берген болсо;
- эгерде Агенттикте аккредитациялануучу билим берүү уюмунда мурда иштеген кызматкер иштесе жана ал билим берүү уюмунан иштен кеткен учурдан бери үч жыл өтө элек болсо;
- эгерде Агенттиктин кызматкерлеринин бири билим берүү мекемесинин уюштуруучусу болсо же билим берүү уюмунун жетекчилери менен тууганчылык мамилеси болсо.
7. Билим берүү уюмдарын (программаларын) аккредитациялоону билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) тарабынан таанылган Агенттиктер беш жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүшөт.
8. Аккредитациялык экспертиза Агенттик түзгөн эксперттик комиссия (мындан ары - комиссия) тарабынан жүргүзүлөт. Комиссиянын курамына билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо үчүн сунушталган багыттар боюнча эксперттер жана Агенттиктин кызматкери киргизилет. Жогорку кесиптик билим берүү программаларын аккредитациялоодо комиссиянын ишине чет элдик эксперттердин катышуусу милдеттүү болуп саналат.
9. Экспертти аккредитациялык экспертизаны өткөрүүгө тартуу алар менен түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдин негизинде жүргүзүлөт, анын типтүү формасы Агенттик тарабынан бекитилет.
10. Билим берүү уюмдарын жана билим берүү программаларын аккредитациялоо акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Аккредитациялоону жүргүзүүнүн чыгымдары билим берүү уюмунун каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
Мамлекет тарабынан толук каржыланган билим берүү уюмдары аккредитациялоонун чыгымдарын мамлекеттик бюджеттин жана/же атайын каражаттардын эсебинен төлөйт.
11. Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоодон өткөрүүдө аларга сырттан баа берүү жүргүзүлөт:
а) билим берүү уюмунун аккредитациялык критерийлерге жана стандарттарга шайкеш келишин экспертизалоо (институционалдык аккредитациялоо);
б) билим берүү программасынын аккредитациялык критерийлерге жана стандарттарга шайкеш келишин экспертизалоо (программалык аккредитациялоо).
12. Сырткы баа берүү комиссиянын билим берүү уюмуна жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө баруу менен жүргүзүлөт.
13. Аккредитациялоонун алдында билим берүү уюму өзүн-өзү баалоосу зарыл. Өзүн-өзү баалоонун максаты билим берүү уюмунун ишинин жана программаларынын институттук жана программалык аккредитациялоонун стандарттарына жана критерийлерине, ошондой эле билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына шайкештигин баалоо болуп саналат.
Билим берүү уюмунун/билим берүү программасынын өзүн-өзү баалоосу Мамлекеттик билим берүү стандартынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 670 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аккредитациялануучу башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптарына ылайык Агенттик тарабынан белгиленген стандарттардын жана критерийлердин негизинде өткөрүлөт.
Билим берүү уюму Өзүн-өзү баалоонун материалдарын отчет түрүндө өзүн-өзү баалоо жол-жобосу аяктаган күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде Агенттик тарабынан отчетко карата белгиленген талаптарга жараша Агенттикке берет.
Өзүн-өзү баалоо мөөнөтү аккредитациялануучу билим берүү уюму менен макулдашылат жана Агенттик тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Аккредитация боюнча арызга жана ага тиркелген документтерге талаптар
14. Аккредитация жүргүзүү үчүн билим берүү уюму Агенттикке юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүктүн, билим берүү ишин жүзөгө ашырууга уруксат берүү документтеринин (лицензиялар) көчүрмөлөрүн жана өздүк баа берүүнүн материалдарын тиркөө менен аккредитациялоо жүргүзүү жөнүндө арыз берет.
Аккредитациялоодон өтүү жөнүндө арыз акыркы аккредитациялоонун мөөнөтү аяктаганга 6 айдан кем эмес мөөнөт калганда берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Агенттик арыз менен документтер катталган күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде билим берүү уюмун аккредитациялоо маселесинин бул Агенттиктин компетенциясына кирүүсүн, аккредитациялоо үчүн арналган бардык билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууга лицензиясынын бар экендигин, арыз менен документтердин туура жана толук таризделишин жана толтурулушун текшерет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Билим берүү уюму тарабынан тиешелүү документтердин толук эмес же туура эмес толтурулган формада берилгендиги аныкталган учурда Агенттик арыз түшкөн күндөн баштап 10 иш күндүн ичинде жетишпеген документтердин жана таризделиши жана/же толтурулушу белгиленген талаптарга шайкеш келбеген документтердин тизмеги жөнүндө билдирүүнү мекемеге жиберет же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө тапшырат. Эгерде аталган документтер билим берүү уюму тарабынан билдирүү алган күндөн тартып 2 айдын ичинде Агенттикке берилбесе, Агенттик билим берүү уюмунун арызын жана документтерин мааниси боюнча кароого кабыл алуудан баш тартат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Билим берүү уюму тарабынан Агенттикке толук көлөмдө, туура таризделген жана толтурулган арыздар жана документтер берилген учурда аталган арыздар жана документтер маанисин текшерүү үчүн кароого кабыл алынат. Арызды жана документтерди маанисин кароо үчүн кабыл алгандыгы жөнүндө билдирүү арызды жана документтерди маанисин кароого кабыл алган күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде билим берүү уюмуна жиберилет же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө тапшырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Агенттик тарабынан сырткы баа берүүнүн тартиби
18. Сырткы баа берүү үчүн Агенттик белгиленген тартипте комиссия түзөт. Комиссиянын ишинин тартиби, уюмдарды жана программаларды аккредитациялоо жаатындагы эксперттерге квалификациялык талаптар, ошондой эле эксперттерди сертификатташтыруунун жана аларды аккредитациялык экспертиза жүргүзүүгө тартуунун тартиби Агенттик тарабынан бекитилет.
19. Жүргүзүлгөн сырткы баа берүүнүн жыйынтыктары боюнча комиссия 10 иш күндүн ичинде корутунду даярдайт. Корутундуда Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана аккредитациялык стандарттардын аткарылуусун баалоо, ошондой эле билим берүү уюмду же программаларды өркүндөтүү боюнча сунуштамалар милдеттүү түрдө болууга тийиш. Корутундунун негизинде Агенттик 25 иш күндүн ичинде билим берүү уюмун (программасын) аккредитациялоо жөнүндө же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Өткөрүлгөн аккредитациялоонун жыйынтыктары боюнча Агенттиктин отчёттору чечим кабыл алынгандан кийин 5 иш күндүн ичинде толугу менен Агенттиктин сайтына жарыяланууга тийиш. Билим берүү уюмдары да арызды жана маанисин кароо үчүн документтерди кабыл алгандыгы жөнүндө Агенттиктен билдирүү алгандан кийин 5 иш күндүн ичинде өзүн-өзү баалоо боюнча отчётторун өздөрүнүн сайтына жарыялоого тийиш.
Аккредитациялоо жөнүндө чечимдердин объективдүүлүгүн жана мамлекеттик органдардан жана билим берүү уюмдарынан көз карандысыздыгын кепилдөө үчүн Агенттик курамына бирдей пропорцияда мамлекеттик органдардын, экономика секторунун жана жарандык коомдун өкүлдөрү киргизилген жумушчу органды түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799, 2020-жылдын 22-январындагы № 18 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
20. Корутундунун негизинде Агенттик төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:
- бардык аккредитациялык стандарттарга шайкеш келген шартта - 5 жылдык мөөнөткө аккредитациялоо жөнүндө;
- 1 аккредитациялык стандарт боюнча талаптарга жооп бербеген учурда 3 жылдык мөөнөткө жана 2 аккредитациялык стандарт боюнча талаптарга жооп бербеген учурда кемчиликтерди четтетүү талабы менен 1 жылдык мөөнөткө сын пикирлер менен (шарттуу) аккредитациялоо. Сын пикирлердин жоюлгандыгы боюнча фактылар ырасталган учурда аккредитациялоо мөөнөтү 5 жылга чейин узартылышы мүмкүн (шарттуу аккредитациялоо мөөнөтү менен бирге алганда), бирок шарттуу аккредитациялоо жөнүндөгү чечим эки жолудан ашык кабыл алынбайт.
- 2ден ашык аккредитациялык стандарттар боюнча талаптарга жооп бербеген шартта аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө.
3 же 1 жылдык мөөнөткө сын пикирлер менен (шарттуу) аккредитациялоодо, аккредитациялоодон өтүүгө баш тартылганда билим берүү уюму бир жылдан эрте эмес мөөнөттө сын пикирлер менен (шарттуу) аккредитациялоо, аккредитациялоодон баш тартуу чечимин чыгарган Агенттикте кайрадан аккредитациялоодон өтүшү керек. Сын пикирлер менен (шарттуу) аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу лицензиялык текшерүүнү жүргүзүүнү талап кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
201. Аккредитациялоо жол-жобосун жүргүзүүгө тоскоолдук жараткан өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими шарттарында же ал жеткис күчтүн жагдайлары жаралганда Агенттик тарабынан төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алууга жол берилет:
- мурунку аккредитациялоонун колдонуу мөөнөтүн 6 айдан ашык эмес мөөнөткө узартуу жөнүндө;
- аккредитациялоо жол-жобосун жүргүзүүнү 6 айдан ашык эмес мөөнөткө жылдыруу жөнүндө;
- Агенттик тарабынан аныкталган тартипте дистанттык технологияларды колдонуу менен онлайн режиминде аккредитациялоо жол-жобосун жүргүзүү жөнүндө.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 289 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Аккредитациялоодон баш тарткан учурда кайрадан аккредитациялоо боюнча арыз бир жылдан кийин гана кабыл алынат. Аккредитациялоону жүргүзүү үчүн төлөнгөн акча каражаты кайтарылып берилбейт. Билим берүү уюмун кайталап аккредитациялоодо кетирилген чыгымдар билим берүү уюмдарынын эсебинен төлөнөт.
22. Агенттик аккредитациялоо процессинин жүрүшүндө белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгарууга, ошондой эле билим берүү уюмунун беделине зыян келтирүүгө багытталган аракеттерди жасоого укуксуз. Эгерде Агенттик билим берүү уюмунун ишинде одоно тартип бузууларды аныктаса, билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аныкталган фактылар жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттүү.
23. Билим берүү уюмдарын жана билим берүү программаларын аккредитациялоо боюнча отчеттор Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялануусу, Кеңешке жана билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлүшү керек.
24. Билим берүү уюму комиссия тарабынан ага сырткы баалоо жүргүзүлгөнгө чейин аккредитация өткөрүү жөнүндө арызын кайтарып алууга укуктуу, мында аккредитациялоо үчүн төлөнгөн сумма кайтарылып берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Аккредитациялаган уюм аталышынын, жетектөөчү курамынын, жайгашкан жеринин өзгөргөндүгү жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында катталган байланыш маалыматтары жөнүндө бардык маалыматтарды бир айлык мөөнөттө Агенттикке кабарлоого милдеттүү.
4. Аккредитациялоо жөнүндө документтер
26. Аккредитацияланган билим берүү мекемелерине шарттуу аккредитациялангандарды кошо алганда колдонуу мөөнөтүн көрсөтүү менен аккредиттациядан өткөндүгү жөнүндө сертификат берилет.
27. Билим берүү уюму кайра каттоодон өткөн учурда сертификаттын жарактуулугу сакталат.
28. Шарттуу аккредитациялоонун мөөнөтүн эске албаганда билим берүү уюмдарынын жана программаларынын аккредитациялоо мөөнөтү аяктаса, аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын жарактуулук мөөнөтүн узартууга жол берилбейт.
29. Аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын жарактуулугу төмөнкү учурларда токтотулат:
- ага берилген мөөнөт аяктаса;
- билим берүү уюму жоюлса;
- сертификат берилген билим берүү уюмунун тиешелүү программасынын иши токтотулса.
30. Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо жөнүндө сертификаттардын бланктарынын формасы билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
31. Аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын бланкы жана анын тиркемесинин бланкы корголгон полиграфиялык продукция болуп эсептелет жана так отчетун берүүчү документ катары сакталууга, эсепке алынууга тийиш.
32. Аккредитациялоо жөнүндө сертификатка (анын тиркемесине) Агенттиктин жетекчиси (ал болбогон учурда - анын орун басары) кол коёт жана ал органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын тиркемесинде бир нече барак болсо, ал барактар тигилүүсү керек.
33. Аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын тиркемеси (тиркемелери) болбосо, ал жараксыз болуп эсептелет.
34. Аккредитациялоо жөнүндө сертификат жоголгон же бузулган учурда Агенттикке билим берүү уюмунун арызынын негизинде аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын дубликаты берилет. Аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын дубликатын берүү тууралуу Агенттиктин чечими арыз катталган күндөн тартып 15 иш күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынат. Аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын дубликаты бир нускада "дубликат" деген белги коюу аркылуу таризделет. Аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын дубликатынын көчүрмөсү уюмдун аккредитациялык делосунда сакталат.
35. Аккредитациялоо жөнүндө арыз жана ага тиркелген документтер, Агенттиктин аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө, аккредитациялоо жөнүндө сертификатты кайра берүү жөнүндө тескөөчү актылары, аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын тиркемелери менен көчүрмөлөрү, ошондой эле аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын дубликатын берүү үчүн тиешелүү документтер жана текшерүү жүргүзүү менен байланышкан бардык документтер уюмдун аккредитациялык делосун түзөт жана Агенттикте сакталууга тийиш, ошондой эле зарыл учурларда электрондук жана кагаз түрүндө тиешелүү органдарга түздөн-түз берилет же жеткирилгендиги жөнүндө маалымдоону мойнуна алып, тизме менен өткөрүп берүүчү почта заказы аркылуу жиберилет.
36. Агенттик аккредитациялоону жүргүзүүнүн жыйынтыгын чыгарган күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде аткарган иштери жана кабыл алынган чечимдери боюнча Кеңешке жана билим берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат берет.
37. Кеңеш электрондук формада аккредитациялоо өткөрүүгө укуктуу аккредитациялык агенттиктердин реестрин жүргүзөт.
Аккредитациялык агенттиктер аккредитациялануучу билим берүү уюмдарынын жана программаларынын реестрин электрондук формада жүргүзүп, аларды өз сайттарына жайгаштырат да, ар бир кварталда бир жолудан кем эмес жолу жаңыртып, ар бир отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-числосунан кечиктирбей билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга квартал сайын отчет берип турат.
38. Аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын жана программаларынын реестри чечим кабыл алынган датасы жана ыйгарылган каттоо номерин көрсөтүү менен хронологиялык тартипте түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Реестрде төмөнкү маалыматтар камтылат:
а) Агенттиктин аталышы;
б) аккредитациялоо жөнүндө сертификатты алган уюмдун толук аталышы, жайгашкан жери;
в) юридикалык жак катары уюмдун мамлекеттик каттоо күбөлүгүндөгү маалыматтар;
г) аккредитациялоо жөнүндө сертификатты алган уюмдун - салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
д) аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган дата;
е) аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын реквизиттери;
ж) аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын жарактуулук мөөнөтү;
з) аккредитацияланган билим берүү программаларынын тизмеги;
и) аккредитациялоо жөнүндө сертификатты кайра тариздөөнүн негизи жана датасы;
к) аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын жарактуулук мөөнөтүнүн аяктагандыгы жөнүндө негиздеме жана датасы.
40. Агенттиктин тескөөчү документи реестрге маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп эсептелет.
41. Аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын жана программаларынын реестри жөнүндө маалымат Агенттикте беш жыл сакталат жана андан кийин белгиленген тартипте архивге өткөрүлөт.