Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2015-жылдын 20-ноябрындагы № 791
токтому менен бекитилди
Астана шаары, 2014-жылдын 7-ноябры
Мындан ары Тараптар деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү,
2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 19-беренесин жетекчиликке алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Макулдашуунун 5-беренеси төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5-берене.
1. Автоунаа каражаттары менен жүктөрдү ташуулар уруксаты жок ишке ашырылат:
1) эки Тараптын мамлекеттеринин ортосунда;
2) эки Тараптын мамлекеттеринин аймагы боюнча транзит менен.
2. Айырмалуу белгилери жок, убактылуу (транзиттик) каттоо номерлүү бош автоунаа каражаттарын белгиленген жерге жеткирүүдө да уруксат талап кылынбайт.
3. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагынан үчүнчү мамлекеттин аймагына жана үчүнчү мамлекеттин аймагынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына жүктөрдү ташуулар экинчи Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынан алынган уруксаттын негизинде аткарылат.
Эгерде эки Тараптын мамлекеттери катышкан башка эл аралык келишимдерде үчүнчү мамлекетинин аймагына/аймагынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына жүктөрдү ташууну ишке ашыруунун башка тартиби белгиленсе, анда мындай ташуулар ошол эл аралык келишимдердин негизинде жүргүзүлөт.".
2-берене.
Макулдашуунун 10-беренесинин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Айдоочуларда өзү башкарган унаа каражаттарынын категорияларына тиешелүү улуттук же эл аралык айдоочунун күбөлүгү жана автоунаа каражатына улуттук каттоо документтери болушу керек.
Айырмалуу белгилери жок, убактылуу (транзиттик) каттоо номерлүү бош автоунаа каражаттарын дайындалган жерге жеткирген учурда айдоочуларда мындай автоунаалык каражаттарга убактылуу каттоо документтери болушу керек.".
3-берене.
Бул Протокол, анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн баштап күчүнө кирет.
Астана шаарында 2014-жылдын 7-ноябрында кыргыз, казак жана орус тилдеринде, ар бири эки нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |