Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 365 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-декабры № 818
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 25-августундагы № 643 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин айрым категорияларына берилүүчү жеңилдиктер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Татаал географиялык жана климаттык шарттарда жайгашкан жетүүгө кыйын жана алыскы гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун кызматкерлерине социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 25-августундагы № 643 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин айрым категорияларына берилүүчү жеңилдиктер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- расмий тилдеги текстинин аталышындагы "льготах" деген сөз "социальных гарантиях и компенсациях" деген сөздөр менен, "Главного управления по гидрометеорологии Министерства экологии и" деген сөздөр "Агентства по гидрометеорологии при Министерстве" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- расмий тилдеги текстинин преамбуласындагы "Главного управления по гидрометеорологии Министерства экологии и" деген сөздөр "Агентства по гидрометеорологии при Министерстве" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- расмий тилдеги текстинин 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Если бесплатное питание не выдается в натуральном виде, то его стоимость может быть выплачена в денежном выражении.";
- жогоруда аталган токтом менен расмий тилде бекитилген Бекер тамак-аштын паектук категориялары боюнча жетүүгө кыйын гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун тизмеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу "Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына оңдоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |