Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-декабры № 855
«Эл аралык ѳзгѳчѳ жардам жѳнγндѳ» жана «Тышкы миграция жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизγγ тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн корутундусу жѳнγндѳ
«Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Б. Джумалиева тарабынан демилгеленген «Эл аралык ѳзгѳчѳ жардам жѳнγндѳ» жана «Тышкы миграция жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизγγ тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |