Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-мартындагы № 184
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-декабры № 881
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Деп соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, кризистик кырдаалга туш болгон балдарга көрсөтүлүүчү кызматтардын санатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ведомстволук бөлүнүштөрүнүн кызматкерлерине дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, алып ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 7-тиркемесинде:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунун жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы "Балдар үчүн ишеним телефону" борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү";
- 1-главада:
9-пунктундагы "3000" деген цифралар "4500" деген цифралар менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"
10 | Водитель | 5300 |
";
- 2-главада:
10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
10 | Кожойке-айым | 5300 |
";
11 жана 12-пункттарындагы "3000" жана "2700" деген цифралар тийиштүү түрдө "4500", "4050" деген цифралар менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 13-20-пункттар менен толукталсын:
"
13 | Психолог | 8000 |
14 | Ашпозчу | 5300 |
15 | Айдоочу | 5300 |
16 | Электрик | 4500 |
17 | Сантехник | 4500" |
18 | Кастелянша | 3750 |
19 | Лифтер | 3750 |
20 | Имараттарды оңдоо боюнча жумушчу | 3750 |
";
- 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"
5 | кызматтык жайларды тазалоочу | 3750 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборун, Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборун жана "Балдар үчүн ишеним телефону" борбору" мамлекеттик мекемесин каржылоону министрликке 2015-жылга каралган каражаттардын чегинде ишке ашырсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |