Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабры № 885 токтому менен бекитилген) |
Кыргыз Респубикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен
иштөөнүн тартиби
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 111, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы № 760, 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Коркунучтуу калдыктар менен иштөөдөгү коопсуздук талаптар
3. Кооптуу калдыктар көмүлүүчү полигондордун жайгашкан жерин – аймагын тандоо талаптары
4. Кооптуу калдыктарды көчүрүү жана ташуу
5. Кооптуу калдыктарды зыянсыздандыруу жана көмүү
6. Кооптуу өндүрүш калдыктарын көмүүнүн ыкмаларын тандоого коюлуучу талаптар
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөөнүн ушул тартиби (мындан ары - Тартип) иштери коркунучтуу калдыктар менен иштөө жана мындай калдыктарды жайгаштыруу жана көмүүчү объекттерди эксплуатациялоого байланышкан юридикалык жана жеке жактарга арналат.
2. Ушул тартип төмөнкүлөргө:
- радиоактивдүү калдыктар жана аларды көмүү полигондору менен байланышкан иштерге;
- тиричиликтик катуу жана аралаш калдыктар, аларды көмүү полигондору менен байланышкан иштерге;
- калдыктарды чек ара аркылуу ташууга байланышкан иштерге таркатылбайт.
21. Сымаптуу калдыктар менен иштөөдө төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
демеркуризациялоо - адамдардын жана жаныбарлардын уулануусуна жол бербөө максатында сымапты жана анын бирикмелерин физикалык-химиялык же механикалык ыкмалар менен алып салуу, ошондой эле жайларды жана буюмдарды металлдуу сымапты жана сымаптуу булактардын булгануусунан тазалоо;
сымаптуу калдыктарды кайра иштетүү боюнча уюмдар - сымаптуу калдыктарды кайра иштетүүчү жана демеркуризациялоочу, уулуу материалдарды, анын ичинде радиоактивдүү заттарды утилизациялоого, сактоого, көмүүгө, жок кылууга лицензиясы жана зарыл болгон технологиялык жабдуусу бар адистештирилген ишканалар;
сымаптуу буюмдар жана түзүлүштөр (мындан ары - СБТ) - металлдуу сымапты же анын бирикмелерин камтыган буюмдар жана түзүлүштөр: ченөө приборлору, температураны жөнгө салгычтар, сымаптуу барометрлер жана манометрлер, лабораториялык, техникалык жана медициналык сымап гермометрлери, тонометрлер, чыгым өлчөгүчтөр, деңгээл өлчөгүчтөр, игнитрондор - кубаттуу түздөөчү түзүлүштөрдө колдонулуучу атайын приборлор, сымаптуу гальваникалык элементтер, жогорку жана төмөнкү басымдагы сымаптуу толтургучу бар люминесценттүү лампалар, сымаптуу башка буюмдар;
сымаптуу калдыктар - өзүнүн керектөө сапаттарын толук же жарым-жартылай жоготкон (өзүнүн ресурсун иштеп бүткөн же жараксыз абалга келген) СБТ, буюмдардан алынган металлдуу сымап, металлдуу сымап же анын бирикмелери менен булганган материалдар жана буюмдар;
сымаптуу калдыктарды чогултуу - сымаптуу калдыктарды кайра иштетүү боюнча ишканаларга андан ары ташуу максатында жеке жана юридикалык жактардан сымаптуу калдыктарды кабыл алуу;
атайын идиш - сымаптуу калдыктарды сактоодо, жүктөө-түшүрүү жумуштарын аткарууда, ташууда алардын сактыгын камсыздоочу контейнер;
сымаптуу калдыктарды кайра иштетүү - сымаптуу калдыктардын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасирин алдын алуу, ошондой эле андан ары пайдалануу үчүн материалдык ресурстарды бөлүп алуу максатында сымаптуу калдыктарды атайын түзүлүштөрдө технологиялык ыкма менен иштетүү;
сымаптуу калдыктарга утилизациялык жыйым - СБТ өзүнүн керектөө сапаттарын жоготкондон кийин кайра иштетүүгө тийиш болгон, сымаптуу буюмдарды өндүрүүчүлөр тарабынан төлөнүүчү сымаптуу калдыктарды кайра иштетүүгө салыктык эмес жыйым;
сымаптуу калдыктарды сактоо - калдыктарды кайра иштетүү максатында чыгарганга чейин аларды атайын жабдылган топтогучтарда сактоо.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кооптуу калдыктар менен иштөө процесстери (калдыктардын жашоо цикли) өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт: пайда болушу, чогулушу, (көбөйүшү, убактылуу сакталышы, кампаларга жайгаштырылышы) ташууларды зыянсыздоо, утилдештирүү, кайра пайдалануучу чийки зат катары пайдалануу, көмүү.
4. Кооптуу калдыктардын ар бир түрлөрү менен иштөө алардын пайда болуусуна, агрегаттык абалына, субстраттын физикалык-химиялык касиеттерине, компоненттеринин сандык карым-катнаштарына жана калктын ден-соолугу жана адамдардын жашоо чөйрөсү үчүн кооптуулук деңгээлине жараша жүргүзүлөт.
5. Кооптуу калдыктар кооптуу беш класска бөлүнөт:
- биринчи класс – кооптуулугу өзгөчө заттар (калдыктар);
- экинчи класс – кооптуулугу жогорку заттар (калдыктар);
- үчүнчү класс – кооптуулугу орточо заттар (калдыктар);
- төртүнчү класс – анча кооптуу эмес заттар (калдыктар);
- бешинчи класс – таптакыр кооптуу эместер;
Калдыктардын кооптуулук классын аныктоо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 “Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген, кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарга ылайык жүргүзүлөт.
6. Калдыктарды жайгаштыруу объекттери төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- өндүрүш ишканасынын аймагында кооптуу калдыктарды кампаларга жайгаштыруу жана убактылуу сактоо объекттери (кампалар, өндүрүш имараттарындагы, цехтердеги жана аянттарындагы чыгдандар, убактылуу туруктуу эмес кампалар, ачык аянттар);
- кооптуу калдыктарды туруктуу жайгаштырууга, сактоого жана көмүүгө ылайыкталып, атайын жабдылып курулган, кооптуу калдыктарды туруктуу кампага жайгаштыруу жана көмүү объектилери: полигондор, шлам сактагычтар, калдык сактагычтар жана башкалар (мындан ары – көмүү полигондору).
7. Өндүрүш ишканасынын аймагында убактылуу сактоо жана жайгаштыруу объектилеринде кооптуу калдыктардын так санын сактоонун көлөмүнүн чегин аныктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 559 “Кыргыз Республикасында өндүрүш жана жана керектөө калдыктары менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө тартибине ылайык жүргүзүлөт.
2. Коркунучтуу калдыктар менен иштөөдөгү коопсуздук талаптар
1. Химиялык заттардын пайдаланылган таралары жана
таңгактары менен иштөө
8. Химиялык заттардын пайдаланылган таралары жана таңгактары менен иштөөдө коопсуздук чараларын камсыз кылуу керек, алар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- алардын курамындагы химиялык заттардын кооптуулугунун же потенциалдуу кооптуулугунун алдын алуучу белгилердин жана маркировкалардын болуусу;
- адистештирилген ишканаларда утилдештирүү;
- персоналдын жеке гигиенасын сактоо жана алардын атайын кийиминин жана жекече коргоо каражаттарынын болушу;
- авариялык кырдаалга жол бербөө жана аларды жоюу каражаттарынын болушу.
9. Химиялык заттардын пайдаланылган тараларын жана таңгактарын сактоодо жана жайгаштырууда өрт коопсуздугун жана өзүнөн - өзү пайда болушуна жол бербей турган атайын чаралардын сакталышы зарыл, анын ичинде кооптуу продуктулардын пайда болушу жана төмөнкүлөргө алып келүүсү мүмкүн болгон бири-бири менен коркунучтуу реакцияга кирип кетүүсү:
- күйүүгө жана (же) чоң көлөмдөгү жылуулуктун бөлүнүп чыгышына;
- тез күйүүчү, уулуу же уулантуучу газдардын бөлүнүп чыгышына;
- башка химиялык активдүү жана кооптуу, анын ичинде коррозия кылуучу заттардын пайда болушуна алып келет.
10. Химиялык заттардын пайдаланылган тараларын жана таңгактарын жайгаштыруу жана сактоо ушул максаттар үчүн жабдылган атайын чатырчасы бар аянттарда жүргүзүлүшү керек.
11. Тараны кайра пайдалануу ошондой заттар үчүн гана пайдаланылат.
12. Таңгактарды, тараны жана/же болбосо аларды утилдештирүүнү кайрадан коопсуз колдонуу боюнча чаралар көрүлөт.
13. Таңгактарды колдонууда, персоналдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында төмөнкү шарттар сакталууга тийиш:
- айлана-чөйрөгө, адамдын жашоосуна жана ден-соолугуна, таралардын, таңгактардын капталдарындагы, түбүндөгү сакталган кооптуу химиялык продукциянын таасиринин коркунучка жол бербөөчү эмгекти коргоо ыкмаларын жана методдорун пайдалануу;
- жекече гигиенанын керектүү каражаттарын, жекече коргонуу каражаттарын берүү;
- персоналды химиялык заттардын таңгактарды коопсуз колдонуу чаралары менен тааныштыруу;
- авариялык кырдаалдарга жол бербөө жана жоюу чараларын иштеп чыгуу.
§ 2. Сымаптуу калдыктар менен иштөө
14. Бардык сымаптуу калдыктар жана иштен чыккан сымаптуу приборлор адистешкен ишканаларда кайра иштетүү үчүн чогултулууга жана кайра берилүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык)
141. СБТ пайдаланган юридикалык жана жеке жактар сымаптуу калдыктарды башка калдык түрүнөн өзүнчө атайын ага арналган жерде жана атайын идишинде чогултат жана убактылуу сактайт, мында бул буюмдардын бузулуп калышына жана аларда камтылган сымаптуу калдыктардын абага, суу менен камсыздоо булактарына, топуракка жана тамак-аш азыктарына аралашып кетишине жол берилбеши керек.
Чогултулган сымаптуу калдыктар кайра иштетүү боюнча уюмдарга келишимдин негизинде өткөрүп берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Иштетилген сымаптуу лампаларды чогултуу жана алмаштыруу боюнча иштерге билими боюнча текшерүүдөн жана мындай иштин түрүн аткарууда коопсуздук чаралары жөнүндө нускамадан өткөн электромонтерлерго, электрослесарларга жол берилет.
16. Сымаптуу калдыктарды чогултуу жана сактоо өндүрүш жайларынан өзүнчө жайгашкан, атайын жабдылган жайда жүргүзүлүшү керек. Сымаптуу калдыктарды сактоо коопсуздук техникасынын жана санитардык ченемдердин эрежелеринин сакталышы менен ишке ашырылышы керек.
Иштетилген СБТны алмаштырууда, убактылуу жана туруктуу сактоодо, ошондой эле чогултууда негизги шарт болуп аларды герметикалык сактоону камсыздоо болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык)
161. Өзүнүн ресурсун иштеп бүткөн сымаптуу буюмдарды борборлоштурулган чогултуу жана убактылуу сактоо сымаптуу калдыктарды кайра иштетүү боюнча уюмдар тарабынан тиричилик калдыктарын чогултуу пункттары аркылуу атайын орнотулган контейнерлерди колдонуу менен жүргүзүлөт, мында өзүнүн ресурсун иштеп бүткөн СБТнын бузулуп калышына жана аларда камтылган сымаптуу калдыктардын абага, суу менен камсыздоо булактарына, топуракка жана тамак-аш азыктарына аралашып кетишине жол берилбеши керек.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык)
162. СБТны стационардык соода түйүндөрү аркылуу калкка сатуу менен алектенген соода ишканалары СБТны кайра иштетүү жана/же өндүрүү боюнча уюмдарга, импорттоочуларына кийин өткөрүп берүү менен кандайдыр бир чектөөлөрсүз акы төлөмө негизинде өзүнүн ресурсун иштеп бүткөн СБТны калктан кабыл алууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык)
163. Өзүнүн керектөө сапаттарын жоготкондон кийин кайра иштетүүгө тийиш болгон СБТнын өндүрүүчүсү, импорттоочусу утилизациялык жыйымды төлөйт. Сымаптуу калдыктарды кайра иштетүүгө утилизациялык жыйымдын өлчөмү, тартиби жана төлөөнүн мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
СБТнын өндүрүүчүсү, импорттоочусу утилизациялык төлөмдү продукциянын өздүк наркына кошот.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык)
164. Утилизациялык жыйым төлөөнүн эсебине республикалык бюджетке келип түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексинин 842-беренесине ылайык чыгымдалат.
Жараксыз же өзүнүн ресурсун иштеп бүткөн СБТны тапшыруу үчүн калкка жана соода ишканаларына төлөнүүчү сумма СБТны өндүрүүчү, импорттоочу же сымаптуу калдыктарды кайра иштетүү боюнча уюмдар менен соода ишканаларынын ортосундагы келишимдерге ылайык аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык)
165. СБТны колдонгон юридикалык жакта өзүнүн аймагы болбогон жана ижара келишими боюнча аянтты (өнөр жай өндүрүш объекттеринен тышкары) кеңсе, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн объекттерин жайгаштыруу үчүн гана ээлеп турган учурда сымаптуу калдыктарды чогултуу жана убактылуу сактоо ижарага берүүчү тарабынан жүргүзүлүшү керек.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Лампаларды сактоо жана чогултуу үчүн, бүтүн люминесценттүү лампалардын бүтүн картон кутулар, картон, фанера кутулар, жыгач - таарынды такта (ДСП) кутулары, полиэтилен жана кагаз баштыкчалар - тара болуп саналат.
Таңгакталган иштетилген лампаларды жана башка сымаптуу калдыктарды, таңгактардын бузулушуна жол бербеген стеллаждарда сактоо керек.
18. Сымаптуу сынган лампаларды сактоо жана чогултуу “Сынган сымаптуу калдыктар үчүн” маркировкаланган жана ташуу үчүн кармагычы бар, жылчыксыз, болот идиштерде жүргүзүлүшү зарыл.
19. Сымаптуу калдыктарды сындырууга жана кооптуу калдыктарды жайгаштыруу үчүн каралбаган таштандыларга жана башка жерлерге чыгарууга тыюу салынат.
Сынган сымаптуу калдыктар үчүн металл идиштерден сымапты бөлүп алуу сымаптуу калдыктарды кайра иштетүү боюнча уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Сымаптуу калдыктарды ташуу адистештирилген транспорт менен жүргүзүлүшү керек. Андай транспорт болбогон учурда ташуу айлана-чөйрөгө, адамдардын ден-соолугуна зыян келтирүүчү авариялык кырдаалга жол бербей турган, тамак-аш азыктарын жана аларга теңештирилген товарларды ташуу үчүн арналбаган башка транспорт каражаттары менен жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Сымаптуу калдыктарды ташууда жолдо таранын бузулушуна жол бербеген, сымаптын жоголушуна жана транспорт каражаттарын жана жерлерди сымап менен булганышына жол бербей тургандай туура катарлаш жыюуну камсыз кылуу керек.
Сынган лампалар кармагычы бар жылчыксыз контейнерлерде ташылышы керек.
22. Сымаптуу калдыктарды жүктөө, ташуу жана жүк түшүрүү ишкананын жоопкерчиликтүү адамынын катышуусунда жүргүзүлүүгө тийиш. Жүктөө убагында таңгактарды ыргытууга тыюу салынат. Таңгактарды жыйып тизүү таралар төмөнкү катарларда орун алгандай жүргүзүлүшү керек.
23. СБТ пайдаланган юридикалык жактар иштетилген сымаптуу калдыктардын пайда болуу жана чогултуу боюнча сандык эсепти жүргүзүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык)
231. СБТ колдонгон юридикалык жактар тарабынан төмөнкүлөр милдеттүү түрдө ишке ашырылат:
- СБТ жүгүртүүнү эсепке алуучу журналды жүргүзүү. Журналда жылдын ичинде сатып алынган СБТнын саны, пайдаланган жери, кайра иштетүүгө өткөрүп берилген өзүнүн керектөө сапаттарын жоготкон СБТнын саны көрсөтүлөт;
- ишканада болгон СБТны жана пайда болгон калдыктарды жыл сайын инвентаризациялоо, кооптуу калдыктардын паспортун түзүүнү камсыздоо.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык)
232. Сымаптуу калдыктарды чогултуу жана кайра иштетүү боюнча уюмдардын ишин каржылоо СБТ ташып киргизүүгө (импорттоого) жана өндүрүүгө утилизациялык жыйым түрүндө республикалык бюджеттин келип түшүүлөрүнүн, гранттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 3. Иштетилген аккумулятордук батареялар менен иштөө
24. Иштетилген аккумулятордук батарея (мындан ары – АКБ) –бул автомобилдердин, электромобилдердин, гибриддик автотранспорттун, электросамокаттардын, темир жол, аба, суу транспортунун, ошондой эле атайын жана башка техниканын (щелочтуу, никель-металлогидриддик жана литий-иондук) АКБлары, алар керектөө касиеттерин жоготкондон кийин өзүнүн түздөн-түз арналышы боюнча пайдаланылышы мүмкүн эмес.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Электролити агып кетпеген, иштетилген аккумулятордук батареялар чогултулууга, сакталууга, эсепке алынууга, кайра иштетилүүгө, жаңы АКБга алмаштырылууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Иштетилген АКБны чогултуу алардын пайда болгон жерлеринде: ТТС, автосервистерде, соода-базар комплекстеринде, кабыл алуу пункттарында, чогултуучу уюмдарда жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерде жүргүзүлөт. Аларды чогултуу өндүрүштүн жана керектөөнүн башка калдыктарынан өзүнчө ишке ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Иштетилген АКБларды чогултууда электролиттин агуусуна жол бербөө үчүн аккумулятордун жылчыксыздык шарты сакталышы керек.
28. Иштетилген АКБлар механикалык таасир берүүгө кабылбоого тийиш.
29. Иштетилген АКБлар алар үчүн атайын даярдалган жайда сакталышы керек. Сактоо жайы администрациялык - тиричиликтик имараттан алыс болууга тийиш.
30. Иштетилген АКБлар жабык идиште (темир челек, темир контейнер, жыгач куту ж.б.) сакталат, ал электролиттин куюлуусуна жол бербеген атайын поддондо турушу керек.
31. Иштетилген АКБны сактоо үчүн арналган терассага жана жайга суунун жана башка нерселердин кирүүсүнө жол бербөө зарыл.
32. Айлана-чөйрөнүн булганышын жана анын төгүлүү мүмкүнчүлүгүнө жол бербөө үчүн иштетилген АКБлардагы электролитти төгүүнү поддондо гана ишке ашыруу керек.
33. Сактоо үчүн арналган жайда электролиттин төгүлүүсү менен байланышкан, мүмкүн болгон авариялык кырдаалды жоюу, аны жокко чыгаруу үчүн соданын жана суунун керектүү көлөмүн караштыруу зарыл.
34. Төгүлүп калган учурда төгүлгөн электролитти жыгачтын таарындылары менен жаап, кийин аларды чогултуп, сактоочу жайдан чыгарып салуу керек. Электролит төгүлгөн жерлерди атайын эритме менен тазалоо зарыл, андан кийин суу менен жууп, чүпүрөк менен кургатуу керек. Бардык жумушту жеке коргонуу каражаттары менен аткаруу керек. Электролитти канализацияга төгүүдөн мурда, аны атайын эритме менен тазалоо керек.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Иштетилген АКБларды балдар оңой жеткен жерлерде, жер үстүндө жана ачык асман алдында, башка калдыктар менен чогуу сактоого тыюу салынат.
351. Ушул Тартиптин 26-пунктунда көрсөтүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттер иштетилген АКБлардын эсебин жүргүзүүнү камсыз кылууга, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жана мамлекеттик статистика органына алардын саны жана “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кайра иштетүүгө өткөрүлүшү жөнүндө отчетту тапшырууга милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
352. Щелочтуу АКБны ажыратуудан мурун электролит эритмесин коопсуз идишке куюп, атайын эритме менен тазалоо керек.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
353. АКБны кайра иштетүү калдыксыз алдынкы технологиялар боюнча экологиялык коопсуз ыкмада жүргүзүлүшү керек.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
354. Иштетилген АКБнын пластик, темир, коргошун, никель, литий, кадмий жана башка материалдардан калган бөлүктөрү максималдуу түрдө чыгарылып, экинчилик калдыктарды пайда кылбастан кайра иштетилүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
355. Иштетилген АКБны, анын айрым бөлүктөрүн катуу тиричилик калдыктары жайгашкан жерлерге таштоого тыюу салынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
356. АКБны жана башка калдыктарды чогултуу, зыянсыздандыруу, ташуу жана кайра иштетүү менен байланышкан ишти жүзөгө ашыруучу адистештирилген ишканалардын лицензиясы болушу керек жана алар “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген кайра иштетүүчүлөрдүн реестринде турушу керек.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 4. Иштетилген мунай заттары менен иштөө
36. Иштетилген мунай заттары (мындан ары – ИМЗ) болуп пайдалануучулук касиеттерин жоготкон, анын ичинде жумушчу системалардан төгүлгөн, калдыктар катары классификацияланган жана майлоочу материалдарды, майларды жана атайын суюктуктарды алуу максатында гана кайра иштетүүгө (утилдештирүүгө) тийиш болгон майлоочу материалдар, майлар жана атайын суюктуктар саналат.
ИМЗнын сапат паспорту – лабораториялык сыноолордун натыйжасында алынган иштелип чыккан продукциянын сапатынын көрсөткүчтөрүнүн сандык маанилеринин ченемдик документтердин талаптарына шайкештигин белгилөөчү жана даярдоочу тарабынан берилүүчү документ.
ИМЗ менен иш жүргүзүү Бажы бирлигинин 030/2012 “Майлоочу материалдарга, майларга жана атайын суюктуктарга карата талаптар жөнүндө” техникалык регламентинин талаптарына жана ченемдерине шайкеш келүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
37. ИМЗ төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
ИММ – поршендүү авиациялык, карбюратордук жана дизелдик кыймылдаткычтар үчүн иштетилген мотор майлары, компрессордук, вакуумдук жана индустриялык майлар;
ИИМ – гидросистемалар үчүн индустриалдык иштетилген майлар жана жумуш суюктуктары, газтурбиналык, прибордук, трансформатордук жана турбиналык, компрессордук, гидравликалык, коррозияга каршы, электр изоляциялык майлар;
ИМА – иштетилген мунай заттарынын аралашмасы, анын ичинде мунайды жууп-тазалоочу суюктуктар, металлдарды термикалык иштетүүдө колдонулган майлар, цилиндрдик, октук, трансмиссиялык майлар, прокаттык стандар үчүн майлар, мунай эмульсияларын иштетүүдөн алынган мунай заттары, мунайлуу суулардан жана тазалоочу курулмалардан алынган жана ташуу, сактоо каражаттарын тазалоодо чогултулган мунай жана мунай заттарынын аралашмалары;
атайын суюктуктар – муздатуучу суюктуктар (анын ичинде майлоочу-муздатуучу суюктуктар), тормоз суюктуктары.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Бардык топтордогу ИМЗ чогултууда аларга пластикалык майлагычтардын, коррозиялык-агрессиялык жана уулуу заттардын, органикалык эритмелердин, тоң майлардын, лактардын, сырлардын, химиялык заттардын жана булгоочулардын кошулуп кетүүсүн жокко чыгаруу керек, ал эми ММО жана МИО топторундагы иштетилген майларды чогултууда мунай, бензин, керосин, дизелдик май, мазут менен аралаштырууга жол бербөө керек.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
39. ИМЗны алгачкы чогултуу алардын пайда болгон жерлеринде: ТТС, автосервистерде, май алмаштыруучу пункттарда, соода-базар комплекстеринде, кабыл алуу пункттарында, чогултуучу уюмдарда жана башка жайларда башка калдыктардан өзүнчө жана атайын жылчыксыз жабылган идиштерде жүргүзүлүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Ушул Тартиптин 39-пунктунда көрсөтүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттер пайда болгон ИМЗнын эсебин жүргүзүүгө, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жана мамлекеттик статистика органына алардын саны жана “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кайра иштетүүгө өткөрүлүшү жөнүндө отчетту тапшырууга милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
41. ИМЗ бар идиштерди сактоочу чатырчалар жана аянтчалар тосмолор менен курчалып, темир поддон менен жабдылышы керек, суу жана башка заттардын кирүүсүн жокко чыгаруучу катуу каптамасы жана чатыры болууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Иштетилген майларды ташууда бочкалардын тыгындарын катуу бекитүү керек. Ташуу учурунда суюктуктун кеңейүү коэффицентин эске алуу менен куюлган же идиштин деформациясына жол бербөө үчүн бочкада жетиштүү орун калтырылат.
43. ИМЗны колдонууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
– ИМЗ бар идиштерди ысытылган беттердин жанына жакын орнотууга;
– ИМЗ бар идиштерди башка материалдар жана заттар менен бирге сактоого;
– ИМЗны канализацияга, суу объекттерине, топуракка төгүүгө, ошондой эле өрттөөгө;
– ИМЗ менен иштөө үчүн алдын ала нускамадан өтпөгөн же 18 жашка толо элек адамдарды жумушка тартууга;
– жалпы пайдалануудагы көлмөлөргө, топуракка жана канализация тармактарына таштоого (төгүүгө);
– тиричилик жана өнөр жай калдыктары үчүн полигондорго көмүүгө;
– энергетикалык орнотмолор үчүн арналган отун алуу максатында мунай (газ конденсаты), бензин, керосин, отун (дизель, кеме, казан-меш мазуту) менен аралаштырууга;
– кайра иштетүүдөн тышкары, отун катары же башка максаттарда колдонуу үчүн сатууга же берүүгө;
– туруктуу органикалык булгоочу заттарды жана өзгөчө уулуу компоненттерди (полихлорлонгон бифенилдер, полихлорлонгон терфенилдер ж.б.) камтыган ИМЗны кайра иштетүүгө.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Сактоо жерлеринде иштетилген майлар менен иштөө тартиби жөнүндө нускамалар жана өрткө каршы режим илиниши керек.
45. Мүмкүн болгон төгүлүүлөрдү жоюу үчүн кум салынган куту жана күрөк болушу керек. Чогулган кум герметикалык идишке салынып, утилдештирүү үчүн адистештирилген ишканаларга өткөрүп берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
451. ИМЗны идентификациялоо төмөнкүдөй белгилер боюнча жүргүзүлөт: товардык мунай заттарын алуу максатында кайра иштетүү (утилдештирүү) үчүн гана арналган; продукцияны түздөн-түз арналышы боюнча колдонуунун натыйжасында алынган; товардык мунай заттарын алуу үчүн баштапкы чийки зат катары колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
452. Жүгүртүүгө чыгарылган жана (же) жүгүртүүдөгү ИМЗнын ар бир партиясы ИМЗнын сапат паспорту менен коштолууга тийиш.
ИМЗнын сапат паспорту төмөнкүлөрдү камтышы керек:
– продукциянын аталышы, марканын белгилениши жана арналышы; даярдоочунун же импорттоочунун, же сатуучунун аталышы, анын товардык белгиси (бар болсо), жайгашкан жери, байланыш маалыматтары; ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык продукциянын коопсуздук көрсөткүчтөрүнүн ченемдик маанилери жана сыноолордун иш жүзүндөгү натыйжалары;
– документтин белгилениши, ага ылайык продукция өндүрүлөт (бар болсо); ага ылайык продукция өндүрүлгөн ченемдик документте белгиленген продукциянын көрсөткүчтөрүнүн ченемдик маанилери жана сыноолордун иш жүзүндөгү натыйжалары; сактоо мөөнөттөрү жана шарттары; даярдалган датасы; партиянын номери; паспорттун номери; паспортту тариздеген адамдын колу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
453. ИМЗ кийинки кайра иштетүүгө даярдоо үчүн чогултуу пункттарына тапшырылууга тийиш. ИМЗны сактоо топтор боюнча жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
454. Чогултуу пункттарына тапшырылуучу ИМЗны кошпогондо, чогултуу пункттарынан кайра иштетүүгө берилүүчү ИМЗ сапат паспорту менен коштолууга жана ушул Тартиптин 3-тиркемесинде баяндалган талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
ИМЗны кайра иштетүү калдыксыз алдынкы технологиялар боюнча экологиялык коопсуз ыкмада жүргүзүлүшү керек.
ИМЗны кайра иштетүүнүн натыйжасында пайда болгон механикалык аралашмалар (чөкмөлөр, шламдар) адистештирилген ишканаларда утилдештирилиши керек.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
455. ИМЗны чогултуу жана утилдештирүү боюнча иш улуттук мыйзамдарга жана Евразия экономикалык бирлигинин укугуна ылайык жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
46. ИМЗны жана башка калдыктарды чогултуу, зыянсыздандыруу, ташуу жана кайра иштетүү менен байланышкан ишти жүзөгө ашыруучу адистештирилген ишканалардын лицензиясы болушу керек жана алар “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген кайра иштетүүчүлөрдүн реестринде турушу керек.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 5. Эскирген пестициддер менен иштөө
(Параграф КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы № 760 токтомунун редакциясына ылайык)
461. Эскирген, жараксыз болуп калган, өзүнүн керектөө сапаттарын жоготкон пестициддер чогултулууга, аралашууга жана өзүнөн-өзү реакцияга кирүүгө жол бербеген жылчыксыз атайын идишке, сыйымдуулукка же таңгакка салынууга тийиш. Таңгак тыгыз болушу керек жана чачылууга же агып кетүүгө жол бербеши керек, ошондой эле көрсөтүлгөн пестициддер менен аларды сактоодо, ташууда айлана-чөйрөнү булгоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышы керек. Ошол эле учурда тыгыз полиэтилен же кагаз баштыктар, таза кургак металл же пластмасса бочкалар колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы № 760 токтомунун редакциясына ылайык)
462. Эскирген пестициддерди чогултуу жана сактоо атайын жабдылган убактылуу сактоо жана топтоо кампаларында жүргүзүлүшү керек. Эскирген пестициддер коопсуздук техникасынын эрежелерин жана санитардык ченемдерди сактоо менен жыгач поддондордо сакталууга тийиш.
Сактоо жайы өзүнчө жайгашууга, обочолонууга тийиш жана башка өндүрүштүк жайлардан коопсуз аралыкта болушу керек, жакшы желдетилип жана турак жай курулушунан, калктуу конуштардан аралыкта жогорку нымдуулукту болтурбоочу температуралык режим сакталышы керек. Пестициддерди сактоочу кампалар үчүн санитардык коргоо зонасынын аралыгы кампадагы эскирген пестициддердин көлөмүнө жараша болот: 50 тоннага чейин - 300 м, 50 тоннадан жогору - 500-1000 м.
Калктын жашоо шарттарына жагымсыз таасирин болтурбоо максатында эскирген пестициддерди сактоочу кампаларда жана санитардык-коргоо зоналарынын чегинде атмосфералык абанын абалына контролду жүзөгө ашыруу зарыл.
Тыюу салынган жана жараксыз болуп калган пестициддерди сактоо алардын сакталышын камсыз кылуучу, коромжуга учурашын жана айлана-чөйрөнүн булганышын болтурбоочу так маркалоо менен бүтүн идиште гана жүзөгө ашырылат.
Контейнердеги бүтүндүгү бузулган белгилер идиштеги пестициддер бүтүн идишке салынат.
Жуулбай турган боек менен идиште анда камтылган тыюу салынган жана жараксыз пестициддердин аталышы көрсөтүлөт.
Эскирген пестициддерди пайда болгондо жана кампага өткөрүп берүүдө аларды эсепке алуу жүргүзүлөт. Этиятсыз колдонуунун натыйжасында идиштин механикалык түрдө бузулушу жана/же пестициддердин төгүлүшү өзгөчө кырдаал болуп саналат. Пестициддердин калдыктары менен контакт болгон бардык кызматкерлер авариялык кырдаалдарда биринчи өзүн-өзү жана өз ара жардам көрсөтүү эрежелерине үйрөтүлүшү керек
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы № 760 токтомунун редакциясына ылайык)
463. Эксплуатациялануучу же жабык кампа жайларынын иштөөсүнүн гигиеналык коопсуздугунун критерийлери болуп жумушчу зонанын абасында, атмосфералык абада, ачык көлмөлөрдөгү сууда жана кыртышта химиялык заттардын жол берилген эң жогорку концентрациясы, ошондой эле физикалык факторлордун жол берилген эң жогорку деңгээли саналат.
Пестициддер төгүлгөн учурда аларды нейтралдаштыруу үчүн кампа жайлары сакталган пестициддердин идиштеринин этикеткаларында көрсөтүлгөн дезактивациялоочу каражаттардын зарыл болгон саны менен камсыз кылынат.
Авариялык же өзгөчө кырдаал учурда жергиликтүү өзгөчө кырдаалдарда жергиликтүү байланыш адамдардын тизмеси болушу керек, анда уулар жөнүндө маалыматка ээ болгон тиешелүү медициналык мекемелер камтылышы керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы № 760 токтомунун редакциясына ылайык)
464. Эскирген пестициддерди жүктөө/түшүрүү күндүз гана (табигый жарыкта) жүргүзүлүүгө тийиш.
Жараксыз пестициддерди жүктөө, ташуу жана түшүрүү менен байланышкан бардык иштер механикалаштырылууга тийиш.
Жумуштарды кол менен аткарууда жүктөөчүлөр жеке коопсуздук чараларын жана жүктөрдү төгүлүүдөн, чачылуудан, таңгактын бузулушунан алдын алуу чараларын сактоого милдеттүү.
Өзгөчө кооптуу эскирген пестициддер бар идишти жээктегенге, ыргытууга, сүйрөөгө, ага башка жүктөрдү коюуга тыюу салынат.
Эскирген пестициддерди жүктөө жүктү жөнөтүүчүнүн жооптуу кызмат адамынын, ал эми түшүрүү - жүктү алуучунун кызмат адамынын милдеттүү катышуусу менен жүргүзүлөт. Эки учурда тең жүктү коштоп жүргөн жооптуу кызмат адамы катышууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы № 760 токтомунун редакциясына ылайык)
465. Эскирген пестициддерди ташуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги, № 198 токтому менен бекитилген Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерине ылайык өзгөчө кырдаалдарды түзүү, айлана-чөйрөгө, адамдардын ден соолугуна зыян келтирүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган ыкма менен жүргүзүлүүгө тийиш.
Пестициддерди ташуу атайын жабдылган жана тиешелүү маркалоосу бар транспорт каражаттарында, анын ичинде кооптуулугу жөнүндө маалымат системасынын авариялык карточкаларынын болушу менен ишке ашырылат.
Жумуш аяктагандан кийин транспорт каражаттары нымдуу тазаланат жана жуучу эритме менен зыянсыздандырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы № 760 токтомунун редакциясына ылайык)
466. Эскирген пестициддер менен иштөөдө бардык жумуштар атайын кийим жана жеке коргонуу каражаттары менен жүргүзүлөт.
Ар бир жумушчуга бардык иштеген мезгилде жекече коргоочу каражаттардын комплекти бекитип берилет: атайын кийим, атайын бут кийим, респиратор, противогаз, коргоочу көз айнек, мээлей же кол кап. Противогаздарга жана респираторлорго алмаштырылуучу коробкалар жана патрондор берилет.
Бул иштер үчүн 18 жашка толо элек, ошондой эле алдын ала инструктаждан өтпөгөн адамдарды тартууга тыюу салынат.
Эскирген пестициддер менен контакт болгон кызматкерлер ишке кирүүдө жана андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 225 "Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо жаатындагы нормативдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген тартипте медициналык кароодон өтүүгө тийиш.
Эскирген пестициддер менен иштерди жүргүзгөн жерлерде кызматкерлер эскирген пестициддер менен ууланган учурда биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн каражаттардын топтому бар медициналык аптечка, ошондой эле эскирген пестициддер менен контакт болгон кызматкерлерге жардам көрсөтүү ыкмалары боюнча нускама (эскертме) болушу керек.
Эскирген пестициддердин кампасы жергиликтүү өрттөрдү өчүрүү үчүн зарыл болгон алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттар (өрт өчүргүчтөр, суу бар бочка, кум бар ящиктер) менен камсыз болушу керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы № 760 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кооптуу калдыктар көмүлүүчү полигондордун жайгашкан
жерин – аймагын тандоо талаптары
47. Кооптуу өндүрүш калдыктары көмүлүүчү полигондор аймактын функциялык зоналаштыруунун негизинде тандалат жана жаан-чачындын, кардын эриген жана ташкын суулар каптап кетпей турган калктуу конуштардын, массалык эс алуу жайларынын, ичүүчү жана чарбалык суу камсыздоо булактарынын, минералдык булактардын, ачык суу көлмөлөрүнүн жана жер астындагы суулардын булгануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган, инженердик чечимдерди ишке ашырууга жол берген өзгөчөлөнгөн, курулуштардан бош, жел жакшы жүргөн аянттарда жайгаштырылат.
48. Көмүү полигондору төмөнкүдөй жайгаштырылууга тийиш:
- шамалдын басымдуулук кылуучу багытын эске алуу менен калктуу конуштардын шамалдан ыктоо жагына;
- чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу жайларынан суу агымы боюнча ылдый жагына, кыштоочу чуңкурчалардын, балыктардын массалык урук таштоочу жана тоюттануучу жайларынын ылдый жагына;
- ачык суу көлмөлөр үчүн суу алуучу аянттарынын чегинен сырткары жерлерде, жер астындагы суулар 20 метр ашык тереңдикте жайгашкан жана чыпкалоо коэффициенти 10-6 м/сут ашпаган аз өткөрүүчү тоо тектүү аянттар жагына.
49. Көмүү полигонунун аймагынын калктуу конуштардан, өнөр жай ишканаларынан, айыл чарба жерлеринен жана суу агымдарынан жантайыңкылыгы 1,5 % тен ашпашы керек.
50. Кооптуу калдыктарды көмүү полигондорун турак жай курулуштарынын резервдик аймактарында, өндүрүш ишканаларынын кеңейишине, рекреациялык аймакка, суу объектилеринин суу коргоо аймактарында, жер үстүндөгү суу агымдары түзүлгөн аймактарында 1, 2 жана 3-зона алкактарынын чегиндеги суу булактарынын санитардык коргоо аймактарында, топурагы басырылган жана көөп чыгуучу аймактардагы кокту-колоттордо, ошондой эле карсттык процесстер өнүгүүчү жайларда жайгаштырууга тыюу салынат.
51. Көмүү полигонунун аянтынын өлчөмү калдыктардын өндүрүмдүүлүгүнө, түрүнө жана кооптуулук классына, иштөө мөөнөтү 20 - 25 жылга эсептелген кайра иштетүү технологиясына жана кийин калдыктарды кайра пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө жараша аныкталат.
52. Жаан-чачындын жана эриген кар сууларын тосуу үчүн көмүү полигонунун аймагынын периметри боюнча тегерек казылган арык менен чектелиши керек, тегерек казылган арыкка жана курчап турган аймакка уулуу калдыктардын кошулушунун алдын алуу максатында ички периметри боюнча бийиктиги 2 метр жана туурасы 3,0-3,5 метрден кем эмес, котловандан (траншеядан) чыккан топурак менен үймөктөлүшү керек.
53. Көмүү полигондору өндүрүш ишканаларынын жеке муктаждыгы үчүн да, бир же бир нече шаардагы өндүрүш райондору үчүн да (муниципалдык объектилер) долбоорлонот жана курулат.
4. Кооптуу калдыктарды көчүрүү жана ташуу
54. Кооптуу калдыктарды көмүү полигондоруна ташуу ишкананын өзүнүн атайын жабдылган транспорту менен же болбосо адистешкен транспорттук фирмалар тарабынан ишке ашырылат.
55. Төгүлүүчү калдыктар үчүн өткөргүч түтүктүү транспорттун бардык түрлөрүн колдонуу артык, биринчи кезекте пневмовакуумдук. Калдыктардын калган түрлөрү үчүн тасма транспортерлор, башка горизонталдык жана жантык-өткөрүү механизмдери, ошондой эле завод ичиндеги автомобилдик, тар колеялуу жана кадимки темир жол транспорту колдонулат.
56. Адистешкен транспорттун эксплуатациялоо шарты жана конструкциясы, жолдо бара жатканда жана калдыктарды бир транспорттон башкасына которуштуруп жүктөө учурунда авариялык кырдаалдарды, жоготууларды жана айлана-чөйрөнү булгоо мүмкүнчүлүктөрүн жокко чыгарышы керек. Калдыктарды негизги жана көмөкчү өндүрүштөрдө жүктөө, ташып алып баруу жана түшүрүү менен байланышкан бардык иштер механикаланышы жана мүмкүн болушунча жылчыксыздандырылышы керек.
57. Кооптуу калдыктарды ташуу процессинде аларды идиштерден чыгарууга жол берилбейт.
58. Калдыктарды ташуу, жүктөө жана түшүрүү процессинде:
- чала суюк (паста сымал) калдыктарды ташуу үчүн транспорт аларды төгүү үчүн ылайыкташкан шланга менен жабдылышы керек;
- катуу жана чаң түрүндөгү калдыктарды ташуу учурунда автокрандар менен түшүрүү үчүн өз алдынча орнотмо же кармоого ылайыктуу болгон идиштер зарыл;
- чаң түрүндөгү калдыктар менен иштөө учурунда: жүктөө, ташуу, алып баруу, түшүрүү учурунда бардык этаптарды чаң басаңдатууну камсыз кылуу зарыл.
59. Коркунучтуу калдыктарды ташуу учурунда айдоочудан жана жүктү коштоп баруучу ишкананын кызматкеринен башка адамдардын катышуусуна жол берилбейт.
5. Кооптуу калдыктарды зыянсыздандыруу жана көмүү
60. Көмүү полигондору кооптуу калдыктарды көмүүгө жана зыянсыздандырууга кабыл алууну камсыз кылат, аларды эксплуатациялоонун бардык мөөнөтүндө жана жабуудан кийин калктын экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо шартында, ушундай калдыктарды узак мөөнөткө сактоо үчүн арналат.
Көмүү полигондоруна төмөнкүлөр кабыл алынбайт: радиоактивдүү калдыктар, идиш калдыктары (металл, жыгач, синтетикалык), курулуш калдыктары, курулуш таштандылары, булгаары өнөр-жайынын, тигүү ишканаларынын калдыктары жана экинчи чийки зат категориясына кирген башка калдыктар.
61. Көмүү полигондорунда коркунучтуу өндүрүш калдыктарын зыянсыздандыруу жана көмүү төмөнкү негизги методдор менен ишке ашырылат: өрттөө, бейтараптоо жана көмүү.
62. Көмүү полигонунда эки зона түзүлөт: уулуу калдыктарды көмүү үчүн - өндүрүштүк жана туурасы 25 метрден кем эмес эркин тилке менен бөлүнгөн көмөкчү багытталган зоналар.
63. Өндүрүш аймактары ар түрдүү кооптуулук класстагы калдыктарды өз өзүнчө көмүүнү эске алуу менен карталарга бөлүнөт, карталардын өлчөмдөрү ар бир конкреттүү учурда келип түшкөн калдыктардын санына жана полигондун иштешинин эсептик мөөнөтүнө жараша аныкталат.
Бир картада ар түрдүү өндүрүш калдыктарын, эгерде аларды чогуу көмгөн учурда өтө зыяндуу жана жарылуучу-өрттөнүүчү заттарды пайда кылбаган шарттарда гана чогуу көмүүгө жол берилет.
64. Өндүрүш зонасында өндүрүш машиналары, механизмдери жана орнотмолор үчүн жана суу өткөрбөөчү жабуу түзүлүштөрүнө арналган материалдарды сактоо үчүн аянтча каралышы керек.
Мындай аймакта өзүнчө казанчаны, калдыктарды өрттөө үчүн атайын түзүлүштөрдү, машиналардын механизмдерин жуучу, буулоочу жана жугушсуздандыруучу курулмаларды жайгаштырууга жол берилет. Бул аянтчалар көмөкчү багыттагы зонадан 15 метрден кем эмес аралыкта, ал эми күйүүчү калдыктарды өрттөө боюнча жабдууларды орнотуу үчүн аянт 50 метрден кем эмес аралыкта жайгашышы керек.
65. Көмүү полигонунун калдыктарды көмүү үчүн карталар менен бириктирип турган жана аянттан сырткары автожолго чыгаруучу өндүрүш аймагынын периметри боюнча темир менен бетондолгон плиталар менен тегеректелген автожолу болушу керек.
Тегеректелген автожол жана калдыктарды өрттөө боюнча жабдууларды орнотуу үчүн аянт бири-биринен 10 метрден кем эмес аралыкта ажыратылып турушу керек.
Тегеректелген автожолду пландоодо полигондун аянтына чектеш болгон аймактардан өндүрүш зонасынын аймагына жаан-чачындын, эриген кардын жана ташкын суулардын агып кирүүсү жокко чыгарылышы керек.
66. Кооптуу калдыктар көмүлгөн полигондун карталарынын участокторуна жаан-чачындын жана эриген кардын суулары тазаланбастан полигондон сырткары түшүүсүнө жол берилбейт. Мындай сууларды чогултуу полигондун ичиндеги атайын буулантуучу карталарда ишке ашырылат же өндүрүштүк муктаждыктар үчүн суу менен камсыздоо тутумунда пайдаланылат. Дренаждык сууларды жана үстүнкү агындыларды тазалоо үчүн локалдуу тазалоочу курулмалар каралат.
67. Булгоочу заттардын суу горизонтуна кошулуусуна бөгөт коюу үчүн көмүү полигонунун жайгашкан жеринин түбү жана дубалы калың чополуу, полимердүү, битум-бетон-топурактуу, асфальт бетондуу, асфальт полимер бетондуу жана башка материалдардан турган, конструкциясы алгачкы долборлоо жана долборлоо иштеринде тандалып жана эсептелген жылчыксыздоолор каралат.
68. Кыртыш жана жер астындагы суулардын бийиктигин, алардын химиялык курамын контролдоону камсыздоо үчүн, жер астындагы горизонттордогу калдыктардан агындыларын чыпкалоону контролдоону камсыздоо үчүн көмүү полигонунун жана анын чегинен тышкары аймакта, полигонду куруу долбоорунун курамдык бөлүгү болуп саналган байкоо тармагындагы скважиналарды орнотуу каралышы зарыл. Скважиналардын жана алардын жабдуулары жайгашкан жер казынасын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылышы керек. Скважиналардын жабдуулары полигонду урунууга чейин ишке ашырылышы керек.
69. 1 жана 2-класстын кооптуулук калдыктарын көмүү полигондору (калдык сактагычтар, шлам сактагыч) эксплуатациялык байкоолорду жүргүзүү үчүн контролдук-өлчөө аппаратурасы менен жабдылышы керек. Полигондун дамбасынын тулкусунун, анын негиздеринин, жээк боорлорунун чөгүшүнө, горизонталдык жана вертикалдык жылууларына, дамбанын тулкусундагы жана полигондун түбү аркылуу чыпкалоо процессинин өнүгүүсүнө, мүмкүн болгон чыпкалоо агындарынын химиялык абалына байкоо жүргүзүү милдеттүү.
70. Көмөкчү-тиричилик багытындагы зонада нөөмөтчү кызматкерлер жана өрткө каршы мүлк-шаймандарды сактоо үчүн жайлар жана башка имараттары менен бириктирилген өтүүчү жай жайгаштырылат.
Тиричилик зонадагы өзүнчө имаратта контролдук-анализдик лаборатория жайгаштырылат.
71. Өндүрүштүк зонага кошулуучу жол тармактары жана өндүрүштүк зона кечки жана түнкү убактарда мачта прожекторлору менен жарыкталышы керек.
72. Көмүү полигону тегеректелген арыктын ары жагынан периметри боюнча бийиктиги 2,4 метр болгон зым тосмо жана коюу өскөн жашылдандыруучу бадалдар менен тосулушу керек.
73. Утилдештирилбеген өндүрүш калдыктарын көмүү үчүн көмүү полигондорунда калдыктардын ээлөөчү менчик ээси утилдештирилбеген калдыктарды паспорттоштурууну жүргүзөт кооптуулук класстары боюнча алардын (суткадагы, жылдагы) санын аныкташат.
6. Кооптуу өндүрүш калдыктарын көмүүнүн ыкмаларын тандоого
коюлуучу талаптар
74. Калдыктарды сактоо жана көмүү ыкмасы заттардын жана алардын бирикмелеринин кооптуулук классына, агрегаттык абалына, сууда эрүүчүлүгүнө жараша тандалат.
75. Көмүү полигонунун аймагына калдыктарды жайгаштыруу ар кандай ыкмалар менен: тектир-тектир кылып, террикондолуп, жөөктөлүп, котловандарда, траншеяларда, цистерналарда, сыйымдуулуктарда, топтогучтарда, карталарда, платформаларда ишке ашырылат.
76. Сууда эрүүчү заттарды камтыган 1-кооптуулук класстагы калдыктарды көмүү котловандарда контейнердүү таңгактарда, алар толтурулганга чейин жана андан кийин жылчыксыздыгы эки жолу текшерилүүчү, бетондолгон себетке жайлаштырылган болот баллондордо жүргүзүлөт. Калдыктар менен толтурулган котловандар топурак катмары менен бөлүнүп туюкталат жана суу өткөрбөөчү жабуу менен капталат.
77. 1-класстагы начар эрүүчү кооптуу заттарды камтыган калдыктарды көмүүдө чыпкалоо коэффициенти 10-8 см/с ашпоосун камсыздоо менен котловандын дубалдарынан жана түбүнөн суу өткөрбөөчү кошумча чаралар каралышы керек.
78. 2 жана 3-класстагы эрүүчү кооптуу заттарды камтыган паста сымал катуу калдыктар дубалдары жана түбү суу өткөрбөөчү котловандарда көмүлүүгө тийиш. 2 жана 3-класстагы кооптуу калдыктарды камтыган катуу жана чаң сыяктуу калдыктарды көмүү топуракты тыгыздоо жана чыпкалоо коэффициенти 10-6 см/с ашпаган котловандарда ишке ашырылат.
4-класстагы кооптуу катуу өндүрүш калдыктары кабаттап тыгыздоо менен атайын картада жайгаштырылат.
79. Көмүү полигондоруна, чыпкалагычта кычкылтектин биохимиялык керектөөсүнүн (КБК20) деңгээли 100 - 500 мг/л деңгээлинде, КХК - 300 мг/л ашпаган деңгээлде сакталган шартта, фракцияларынын өлчөмү 250 мм аз болгон бир өңчөй түзүлүштөгү 4-класстагы кооптуу өндүрүш калдыктары бөлүүчү катмар аралыгы катарында санына чектөө коюлбастан кабыл алынат жана пайдаланылат.
80. Катуу тиричиликтик калдыктар менен бирге жайгаштыруу үчүн жол берилген кооптуу калдыктар төмөнкү технологиялык талаптарга жооп бериши керек: жарылуу, өзүнөн-өзү күйүү кооптуулугу жок болуп, нымдуулугу 85 % ашпашы керек.
Катуу тиричилик калдыктары менен бирге жайгаштыруу үчүн жол берилген кооптуу калдыктардын түрлөрү ушул тартиптин тиркемесинде келтирилген.
81. Көмүү полигонуна ташылып келип жаткан бардык калдыктарга калдыктардын курамынын химиялык мүнөздөмөсүн жана аларды көмүү жана өрттөө учурунда полигондо аларды урунуунун коопсуздук чараларынын кыскача мүнөздөмөсүн камтыган паспорт берилиши керек.
82. Сууда эрибеген 2 жана 3-кооптуулук классындагы уулуу заттарды камтыган катуу жана чаң сыяктуу калдыктарды көмүү котловандарда ишке ашырылат. Котловандын өлчөмү чектелбейт. Котлованга калдыктар катмарланып төгүлүп тыгыздалып турушу керек. Котловандагы калдыктардын эң жогорку деңгээли пландалган белгиден төмөн, котлованга чектеш аймактан 2 метрден кем эмес болушу керек. Котловандарды жайгаштыруу учурунда котлованга пландалган чектеш аймактын туурасы 8 метрден кем болбошу керек. Топуракты пайдаланган шартта чыпкалоо коэффициенти 10-6 м/сут ашпаган учурда көмүү жүргүзүлүшү мүмкүн.
83. Сууда эриген 2 жана 3-кооптуулук класстагы уулуу заттарды камтыган катуу жана паста сымал калдыктар дагы түбү жана каптал дубалдары 1,0 метр калыңдыктагы тыгыздалган чопо катмары менен бөлүнгөн котловандарда көмүлүүгө тийиш.
84. Котловандарда чаң сыяктуу калдыктарды көмүү аларды транпорттон түшүрүү учурунда бул калдыктардын шамал учурушун четке кагууну кепилдеген иш-чараларды аяктоо менен суулоону же кагаз жана полиэтилендик каптарда ташуу ыкмасы менен жүргүзүлүшү зарыл. Суткалык көмүүнүн жумушчу аянты минималдуу болушу керек. Чаң сыяктуу калдыктар котлованга ар бир көмүүдөн кийин алар топурак менен бөлүнүшү керек.
85. Котловандын толтурулган участогу тыгыздалган топурак катмары менен бекемделиши зарыл, ал боюнча котловандын калган бөлүгүн толтуруу үчүн калдыктар жеткирилет. Тыгыздоочу топурак катмары боюнча калдыктарды ташууда бул катмар бузулбашы керек.
86. Начар эрүүчү 1-кооптуулук класстагы уулуу заттарды камтыган калдыктарды көмүү учурунда алардын миграциясын алдын алууга багытталган кошумча чаралар кабыл алынышы керек, булар:
- котловандардын дубалын жана түбүн 1,0 метрден кем эмес эзилген чопо катмары менен же 10-8 см/сек ашпаган чыпкалоо коэффициентин камсыздоо эсептелген түзүлүштөгү чыпкаланууга каршы экрандар менен төшөө;
- бетон плиталары менен котловандын түбүн жана дубалдарын чыңдоо, плиталардын бириккен жерлерин битум, гудрон же башка суу өткөрбөгөн материалдар менен бекитүү.
Сууда эриген өзгөчө кооптуу заттарды камтыган аз сандагы калдыктарды көмүү, котловандарда контейнер таңгактарында, алар толтурулганга чейин жана толтурулгандан кийин жылчыксыздыгы эки жолу текшерилүүчү, бетондолгон себетке жайгаштырылган калыңдыгы 10 мм болгон болот баллондордо жүргүзүлүүгө тийиш.
87. Калдыктар менен толтурулган котловандар 2,0 метр калыңдыктагы тыгыздалган топурак катмары менен бөлүнөт, андан кийин суу өткөзбөгөн гудрон жабдуусу, тез катуучу чайыр, цемент гудрону же башка суу өткөрбөгөн материалдар менен жабылат.
88. Тыгыздоочу катмарлар жана суу өткөрбөөчү жабуулар котлованга чектеш аянттардан өйдө болушу керек. Суу өткөрбөөчү жабдуулар котловандын тыш өлчөмүнүн ар бир жагынан 2,0-2,5 метр өйдө чыгып, кошуна котловандардын ушундай эле жабуулары менен биригип турушу керек. Бириккен жерлер, алар котловандын үстүнөн жаан-чачын жана эриген кар сууларды атайын буулантуучу аянтка чогултууга жана бурууга көмөк берүүсүн ойлоо менен пландалууга тийиш.
89. Бөлүп туруучу жабууларды жана чыпкалоого каршы экрандарды жайгаштыруу, суу чыгаруучу арыктарды орнотуу жана котловандарга көмүү, аларды толтуруу ыкмалары боюнча уюштуруу иштери ар бир конкреттүү учурда участоктордун рельефин, гидрогеологиялык шарттарды, тийиштүү механизмдердин бардыгын эске алуу менен чечилет.
| Кыргыз Респубикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөө тартибине 1-тиркеме |
Тиричилик калдыктары менен чогуу жайгаштырууга жол берилген
кооптуу калдыктардын түрлөрү
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
Калдыктын түрү |
I топ |
Көбүктөнүлгөн полистиролдук желимдер |
Резинанын кесиндилери |
111-08 каңылтыр электротехникалык гетинакс (электр тогун өткөрбөй турган материалдарды өндүрүү учурунда чыккан калдык) |
ЛСНПЛ-О.17 жабышкак тасма (электр тогун өткөрбөй турган материалдарды өндүрүү учурунда чыккан калдык) |
ПНП полиэтилен трубкасы (электр тогун өткөрбөй турган материалдарды өндүрүүдөн чыккан калдык) |
Акрилонитрил же метилметакрилат менен сополимер стиролдорду суспензиялык өндүрүү |
Полистиролдук желимдерди суспензиялык өндүрүү |
Суспензиялык жана эмульсиялык полистиролдор |
Лакталган айнек чүпүрөк ЛСЭ-О.15 (электр тогун өткөрбөй турган материалдарды өндүрүү учурунда чыккан калдык) |
Айнектелген чүпүрөк Э2-62 (электр тогун өткөрбөй турган материалдарды өндүрүү учурунда чыккан калдык) |
Каңылтыр электротехникалык текстолит Б-16,0 (электр тогун өткөрбөй турган материалдарды өндүрүү учурунда чыккан калдык) |
Фенопласт 03-010432 (электр тогун өткөрбөй турган материалдарды өндүрүү учурунда чыккан калдык) |
Акрилонитрилбутадиенонитрилдик желимдерди эмульсиялык өндүрүү |
II топ |
Жыгач жана таарынды-сүрүндү калдыктары (өндүрүш бөлмөлөрүнө полго төгүлүүгө жумшалган таарындыларды өзүнө камтыбайт) |
Кайра кайтарылбас жыгач жана кагаз идиш (майлуу кагазды камтыбайт) |
III топ (1:10 катыштыгындагы катуу тиричилик калдыктары менен аралаштар) |
Хромдун өөн курагы (жеңил өнөр жай калдыктары) |
Агарган жер (тамак-аш өнөр жай калдыктары) |
IV топ (1:20 катыштыгындагы катуу тиричилик калдыктары менен аралаштар) |
В-6 витаминин өндүрүүдөгү активдештирилген көмүр |
Булгаарыны алмаштыруучулардын кесиндилери |
| Кыргыз Республикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөө 2-тиркеме |
Продукциянын мүнөздөмөлөрүнө карата талаптар
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Көрсөткүчтүн аталышы | Пластикалык майлагычтар | Майлар | Атайын суюктуктар |
1. | Өзүнөн-өзү күйүү температурасы***, °С | Аныкталбайт | 165тен кем эмес | Аныкталбайт |
2. | Ачык тигелде жалын чыгуу температурасы, °С | Аныкталбайт | 135тен кем эмес | Аныкталбайт |
3. | Селективдүү эриткичтердин курамы*, % | Аныкталбайт | 0,3төн кем эмес | Аныкталбайт |
4. | 101,3 кПа (760 мм сым. м.) басымында кайноо температурасы, °С, төмөнкүлөрдөн төмөн болбошу керек: |
|
|
|
- муздатуучу суюктуктар үчүн; | Аныкталбайт | Аныкталбайт | Аныкталбайт | |
5. | - тормоздук суюктуктар үчүн | Аныкталбайт | Аныкталбайт | 115 |
6. | Кристалдашуу башталган температурасы, °С, төмөнкүлөрдөн жогору болбошу керек: |
|
|
|
- тоңуусу төмөн муздатуучу суюктуктар үчүн | Аныкталбайт | Аныкталбайт | Минус 35 | |
7. | Суунун камтылышы*, массанын % | "Издери" | Аныкталбайт | |
8. | Механикалык аралашмалардын камтылышы, массанын % | 0,03төн ашык эмес | ||
9. | Полихлордифенилдердин камтылышы**, мг/кг | Аныкталбайт | 50дөн ашык эмес | Аныкталбайт |
10. | Суутек көрсөткүчү (pH) | Аныкталбайт | Аныкталбайт | 6дан 10го чейин |
* - кошулмасыз майлар үчүн; ** - трансформатордук жана кабелдик майлар үчүн; *** - декларациялоо үчүн | ||||
| Кыргыз Республикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөө 3-тиркеме |
Иштетилген продукцияны (майлоочу материалдарды,
майларды) чогултууда, сактоодо (топтоодо) жана кайра
иштетүүгө (утилдештирүүгө) берүүдө-кабыл алууда
алардын сапатынын физикалык-химиялык
көрсөткүчтөрүнө карата талаптар
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 821 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Көрсөткүчтүн аталышы | Топ үчүн ченем | ||
ММО | МИО | СНО | ||
1. | 50 °С температурадагы кинематикалык илээшкектик, мм2/с (сСт) | 35тен ашык | 5тен 35ке чейин* | - |
2. | Ачык тигелде аныкталган жалын чыгуу температурасы, °С, төмөн болбошу керек | 100 | 120 | - |
3. | Механикалык аралашмалардын массалык үлүшү, %, жогору болбошу керек | 1 | 1 | 1 |
4. | Суунун массалык үлүшү, %, жогору болбошу керек | 2 | 2 | 2 |
5. | Булгануулардын камтылышы | Жоктугу | ||
* Көрсөткүч айрым маркалар үчүн чоңураак болушу мүмкүн | ||||