Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын
18-июлундагы № 497 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТОТ
3-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 токтому менен бекитилген |
Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү үчүн башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Соцфонд) же топтолмо пенсиялык фонд (мындан ары - ТПФ) менен пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимдерин түзүү үчүн башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурс уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
2. Башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурсту уюштуруучу Соцфонд же ТПФ (мындан ары - конкурсту уюштуруучу) болуп саналат.
3. Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү үчүн башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурс (мындан ары - конкурс) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык катышуучулардын саны чектелбестен ачык өткөрүлөт.
4. Конкурстун жыйынтыгы боюнча ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген талаптарга шайкеш келген башкаруучу компания (башкаруучу компаниялар) аныкталат, аны менен Соцфонд же ТПФ пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзөт.
2. Башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурска даярдык көрүү жана өткөрүү
5. Конкурска даярдык көрүүнү жана өткөрүүнү конкурстук комиссия ишке ашырат, анын курамын конкурсту уюштуруучу 5 адамдан кем эмес жана 15тен ашпаган санда бекитет (комиссия мүчөлөрүнүн саны так санды түзүүгө тийиш).
Соцфонд түзгөн конкурстук комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет.
ТПФ конкурстук комиссиянын курамын өз алдынча аныктайт жана анын курамына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн киргизүүгө укуктуу. ТПФ түзгөн конкурстук комиссиянын курамына финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү милдеттүү түрдө киргизилет.
6. Конкурстук комиссиянын төрагасы болуп конкурсту уюштуруучунун өкүлү эсептелет, ал конкурстук комиссиянын ишин жетектейт жана анын ишин уюштурат. Конкурстук комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын функциясын комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат.
7. Конкурстук комиссия төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
а) өтүнмөлөрдү каттоо журналында катталган конкурска катышууга өтүнмөлөрү бар конверттерди ачат;
б) өтүнмөлөрдү карайт жана алардын ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген талаптарга шайкештигин аныктайт;
в) өтүнмөлөрдү баалайт жана салыштырат;
г) конкурстун жеңүүчүсүн/жеңүүчүлөрүн (мындан ары - жеңүүчү) аныктайт жана жыйынтыгын чыгарат;
д) конверттерди ачуунун жана өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы жөнүндө конкурстук комиссиянын чечиминин протоколун тариздейт.
8. Конкурсту уюштуруучу конкурс өткөрүүгө чейин 30 (отуз) календардык күн мурда конкурс өткөрүү жана конкурстун катышуучуларына коюлуучу талаптар жөнүндө маалыматтарды республикалык маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарына жана конкурсту уюштуруучунун расмий сайтына жарыялайт.
9. Конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялануучу кабарда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
а) конкурсту уюштуруучунун аталышы жана дареги;
б) конкурс өткөрүлүүчү жай жана убактысы;
в) пенсиялык топтолмо каражаттарды. ишенимдүү башкаруу келишиминин шарттары, анын ичинде келишим колдонулуучу мөөнөт;
г) конкурстун катышуучуларына коюлуучу, ушул Жобонун 10-пунктуна ылайык белгиленген талаптар;
д) конкурстук документтерди алуу тартиби жана орду;
е) конкурстук өтүнмөлөрдү кепилдик камсыздоонун өлчөмү, тартиби жана мөөнөтү;
ж) конкурска катышууга өтүнмө берүүнүн тартиби, орду жана мөөнөтү;
з) конкурстун жеңүүчүсүнүн пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзүүсүнүн мөөнөтү.
10. Төмөнкүдөй талаптарга туура келген башкаруучу компаниялар конкурска катышууга киргизилет:
а) инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы барлар;
б) депозитарийдин аффилирленген жактары же болбосо анын аффилирленген адамы болуп саналбагандар;
в) акыркы 2 жылдын ичинде инвестициялык активдерди башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга ага карата банкроттук жол-жоболору же болбосо лицензиянын жарактуулугун токтото туруу же жокко чыгаруу санкциялары колдонулбагандар;
г) конкурска катышууга өтүнмө берген күнгө карата инвестициялык активдер ишенилген башкаруучу катары иштеген ишинин узактыгы тиешелүү лицензияны алган учурдан тартып 2 жылдан кем болбогондор;
д) конкурска катышууга өтүнмө бергенден мурдагы 2 жылда чыгашалары жоктор;
е) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүнүн ченемдерине жооп бергендер;
ж) конкурска катышууга өтүнмө берген күнгө карата 3төн кем эмес штаттык кызматкерлери (адистери) болсо, жеке аткаруу органынын функциясын аткаруучу адамды же баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун тиешелүү квалификациялык күбөлүгү бар, инвестициялык активдер ишенилген башкаруу боюнча түздөн-түз иш жүргүзгөн өзүнчө түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисин кошкондо;
з) баалуу кагаздар менен болгон операцияларга кол салган административдик укук бузуулар үчүн жаза-чаралары болбосо. Ушундай талап акыркы 2 жылдын ичинде башкаруучу компаниянын жетекчисине да коюлат;
и) конкурска катышууга өтүнмө берген күндөн мурунку отчеттук күнгө карата салык органдарынын жана Соцфонддун алдында карыздары болбосо.
11. Юридикалык жактар төмөнкүдөй учурларда пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу боюнча башкаруучу компания боло алышпайт:
- оффшордук зоналарда катталса;
- катышуучулар катары акционерлери жана аффилирленген жактары бар:
оффшордук зоналарда катталган юридикалык жактар;
оффшордук зоналардын аймагында жашаган же оффшордук зоналарда катталган юридикалык жактардын акционерлери (катышуучулары) болуп саналган жеке адамдар.
12. Конкурсту уюштуруучу конкурстук документтерде каралган өлчөмдө жана формада конкурстук өтүнмөлөрдү кепилдик камсыз кылууну төккөн, конкурска катышууга талапкер болгон (мындан ары - талапкер) башкаруучу компанияларга конкурстук документтерди берет.
Конкурстан өтпөй калган конкурстун катышуучусуна кепилдик камсыз кылуу толук өлчөмдө кайтарылып берилет.
Конкурстун жеңүүчүсүнө кепилдик камсыз кылуу пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимине кол коюлгандан кийин кайтарылып берилет.
13. Конкурстук документтерди мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен стандарттуу конкурстук документтерге ылайык конкурсту уюштуруучу иштеп чыгат.
14. Конкурстук документтер төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
а) нускаманы жана конкурсту уюштуруучу бекиткен форма боюнча конкурска катышууга арызды тариздөөгө талаптарды;
б) ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген конкурстун катышуучусуна талаптарды;
в) пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишиминин шарттарын, анын ичинде келишимдин жарактуулук мөөнөтүн;
г) конкурстук өтүнмөнү кепилдик камсыз кылуу өлчөмүн жана формасын;
д) конкурска катышууга өтүнмө берүүнүн тартиби, орду жана мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды;
е) конкурска катышууга өтүнмөлөрдүн жарактуулук мөөнөтүн;
ж) конкурска катышууга өтүнмөлөрү бар конвертти ачуунун орду, күнү жана убактысы тууралуу маалыматты;
з) конверттерди ачуунун жана конкурска катышууга өтүнмөлөрдү кароонун тартиби жөнүндө маалыматты;
и) конкурстук документтердин жоболоруна түшүндүрмө берүүнүн тартибин.
3. Конкурска катышууга өтүнмө берүүнүн тартиби
15. Талапкер конкурска катышуу үчүн конкурстук документтерде камтылган талаптарга ылайык таризделген конкурска катышууга өтүнмөнү жарыяланган маалыматта белгиленген мөөнөттө конкурсту уюштуруучуга берет.
16. Конкурска катышууга өтүнмө анда көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастаган документтер менен бирге конвертке салынып, чапталып берилет, ал конкурстук комиссиянын жыйынында гана белгиленген тартипте ачылат.
Конвертте төмөнкүдөй реквизиттер көрсөтүлөт:
а) конкурска катышууга талапкердин дареги жана аталышы;
б) конкурсту уюштуруучунун дареги жана аталышы;
в) конкурстун аталышы.
17. Конкурска катышууга өтүнмөгө төмөнкүдөй документтер тиркелет:
а) юридикалык жактын нотариуста күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин, юридикалык жакты - талапкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
б) жеке аткаруу органынын - талапкердин функциясын ишке ашырган адамдын шайланышы (дайындалышы) жөнүндө документтин нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
в) конкурска катышууга өтүнмө берилген жылдан мурдагы акыркы 2 жыл үчүн финансылык отчет жана ага карата берилген аудитордук корутунду;
г) конкурска катышууга өтүнмө берген адамдын ыйгарым укугун ырастаган документ;
д) талапкердин жетекчиси күбөлөндүргөн, акциялардын беш жана андан ашуун пайызына ээлик кылган акционерлер (катышуучулар) жөнүндө маалыматтардын тизмеси. Тизмеде төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш: акционер - юридикалык жактар жөнүндө - акционерлердин толук аталышы, юридикалык жана почта дареги, юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөн күнү жана күбөлүгүнүн номери; юридикалык жактын аталышындагы, уюштуруучулук-укуктук формасындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтар; аткаруу органынын башчысынын же жеке жетекчинин - юридикалык жактын аты-жөнү жана жашаган жери; акционерлер - жеке жактар жөнүндө - акционерлердин (катышуучулардын) аты-жөнү;
е) активдердин талапкерде башкаруучу компания катары иш жүргүзүүдө тажрыйбасы болгон түрлөрүн гана камтыган инвестициялык декларация;
ж) инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иш жүргүзүүгө лицензиянын көчүрмөсү;
з) конкурстук өтүнмөнү кепилдик камсыз кылуу жөнүндө төлөм документинин көчүрмөсү;
и) салык кызматы органынын жана Соцфонддун конкурска өтүнмө берилген күнгө чейинки карызынын жоктугу жөнүндө 1 айдын ичинде берген маалымкаты;
к) баалуу кагаздар менен болгон операцияларга кол салган административдик укук бузуулар үчүн жаза-чараларынын жоктугу жөнүндө финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ырастамасы.
18. Конкурсту уюштуруучу конкурска катышууга түшкөн өтүнмөлөрдү журналга каттайт.
19. Конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяланган маалыматта көрсөтүлгөн мөөнөттө келип түшкөн конкурска катышууга өтүнмөсү бар ар бир конвертти конкурска катышууга өтүнмөлөрдү каттоо журналына уюштуруучу каттайт жана аларды алуунун күнүн жана убактысын көрсөтүү менен талапкерлерге тил кат берет.
20. Келип түшкөн өтүнмөлөрдү каттоо журналына конкурска катышууга өтүнмө катталган учурдан тартып талапкерлер конкурстун катышуучусу статусуна ээ болот.
21. Талапкерлердин бир же андан ашуун өтүнмөлөрү катталган учурда конкурс болду деп таанылат.
22. Конкурстун катышуучусу конкурска өтүнмө берүүчү мөөнөт биротоло бүткөнгө чейин өзүнүн конкурска берген өтүнмөсүн өзгөртүүгө же кайта сурап алууга укуктуу, бул учурда ал конкурстук өтүнмөнү кепилдик камсыздоону кайта алуу укугун жоготпойт.
23. Бир катышуучу бир гана өтүнмө берүүгө укуктуу, бир катышуучу эки же андан көп өтүнмө берген учурда, катышуучу конкурска катышкандардын катарынан чыгарылат.
24. Конкурстун катышуучусу уюштуруучудан конкурстук документтер боюнча түшүндүрмө сураганга укуктуу. Конкурсту уюштуруучу мындай суроо-талапка 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбей түшүндүрмө берүү менен жооп берүүгө милдеттүү.
25. Конкурстун катышуучулары менен жолугушуулар өткөрүлгөн учурда конкурсту уюштуруучу конкурстук документтерге карата кандайдыр бир маселелерди түшүндүрүү үчүн протокол түзөт, анда ушул жолугушуунун жүрүшүндө конкурстук документтердин жоболорун түшүндүрүү жөнүндө берилген суроо-талаптар, ошондой эле ошол суроо-талаптарга алардын булагын көрсөтпөстөн жоопторду камтыган протокол түзүлөт. Протоколдор 2 (эки) жумуш күндүн ичинде түшүндүрмө сурап кайрылган конкурстун катышуучуларына берилет.
4. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо
26. Конкурстук комиссия конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо максатында конкурска катышууга берилген өтүнмөлөрдү карайт, баалайт жана салыштырат.
27. Конкурстук комиссиянын жыйынында конкурстук комиссиянын төрагасы конкурска катышууга өтүнмөлөр салынган конверттерди ачат. Конверттерди ачууда конкурска катышууга өтүнмөдө камтылган конкурска катышуучулардын аталышы жана даректери, ушул Жобонун 10-пунктуна ылайык конкурска катышуучуларга коюлган талаптардын ар бири боюнча маалыматтар жарыяланат, алар конкурс өткөрүү жөнүндө протоколго киргизилет. Конкурстун келбей калган катышуучусуна аталган маалыматтар алардын талабы боюнча билдирилет. Конверттерди ачууда конкурстун катышуучулары же алардын өкүлдөрү катышууга укуктуу.
28. Конкурстук комиссия конкурстун катышуучуларынан почта менен аларга билдирүү жиберүү же аны конкурстун катышуучусунун өкүлүнүн өзүнө тапшыруу жолу менен конкурска катышууга өтүнмөлөрүндө камтылган маалыматтарды түшүндүрүп берүүнү талап кылууга укуктуу. Түшүндүрмө билдирүүнү алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде берилүүгө тийиш.
29. Ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген талаптарга туура келген (келишкен) конкурстун катышуучусу (катышуучулары) конкурстун жеңүүчүсү (жеңүүчүлөрү) деп таанылат.
30. Конкурстун катышуучусу, эгерде конкурстук комиссия төмөнкүлөрдү аныктаса, анда конкурска андан ары катышуудан четтетилет:
а) конкурстун катышуучусу ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген талаптарга туура келбесе;
б) конкурстун катышуучусунун конкурска катышууга өтүнмөсү конкурстук документтерде каралган талаптарга жооп бербесе.
31. Конкурстук комиссиянын чечими жыйынга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Эгерде жыйынга комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, анда конкурстук комиссия өз компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө укуктуу. Добуш берүүдө комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Комиссия мүчөлөрүнүн добушу тең чыгып калса, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
32. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө чечим конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол менен таризделет, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) конкурстун предметин;
б) конкурстун шарттарын;
в) ар бир катышуучунун конкурстук сунуштарын;
г) кароонун жыйынтыктары ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген талаптарга туура келишин жана ар бир катышуучунун конкурстук сунуштарын салыштырууну;
д) конкурстун жеңүүчүсүнүн аталышын жана турган жерин, конкурстун катышуучусун (катышуучуларын) конкурстун жеңүүчүсү деп таануу жөнүндө конкурстук комиссия кабыл алган чечимдин негиздемесин.
33. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө чечим конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол менен таризделет, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) конкурстун предметин;
б) конкурстун шарттарын;
в) ар бир катышуучунун конкурстук сунуштарын;
г) кароонун жыйынтыктары ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген талаптарга туура келишин жана ар бир катышуучунун конкурстук сунуштарын салыштырууну;
д) конкурстун жеңүүчүсүнүн аталышын жана турган жерин, конкурстун катышуучусун (катышуучуларын) конкурстун жеңүүчүсү деп таануу жөнүндө конкурстук комиссия кабыл алган чечимдин негиздемесин.
34. Конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде конкурсту уюштуруучу 3 (үч) жумуш күндүн ичинде конкурстун жеңүүчүсүнө анын конкурстун жеңүүчүсү деп таанылганы тууралуу билдирүүнү, конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө конкурстук комиссиянын протоколунун бир нускасын ага тиркөө менен жөнөтөт.
35. Конкурстун жеңүүчүсү жана конкурсту уюштуруучу конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяланган маалыматта көрсөтүлгөн мөөнөттө пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзүшөт.
36. Конкурсту уюштуруучу конкурстун жеңүүчүсү аныкталган күндөн тартып 10 (он) календарлык күндөн кечиктирбей конкурстун жыйынтыгы жөнүндө маалыматты республикалык маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарына, анын ичинде конкурсту уюштуруучунун расмий сайтына жарыялоого милдеттүү.
37. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү жарыялангандан кийин конкурстун жеңүүчүсү конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяланган маалыматта белгиленген мөөнөттө пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзүүдөн баш тартса же качса, конкурсту уюштуруучу кошумча конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялабастан эле конкурстун жеңүүчүсүнөн кийинки эң көп сандагы добуш алган конкурстун катышуучусу менен пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзүүгө укуктуу. Конкурстун жеңүүчүсү менен депозитарийдин кызмат көрсөтүүсү жөнүндө келишим түзүлбөгөн учурда конкурсту уюштуруучу конкурсту кайра өткөрөт.
38. Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө кулактандыруу жарыялангандан кийин 10 (он) календарлык күндүн ичинде конкурстук комиссиянын чечимине конкурстун катышуучулары административдик иштер жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте же ТПФ түзгөн конкурстук комиссиянын чечими боюнча финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга даттанууга укуктуу.