Сравнение редакций…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
Бишкек шаары, 2001-жылдын 19-ноябры № 92
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, N 7, 229-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
52-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"52-статья. Мүлктү конфискациялоо
(1) Мүлктү конфискациялоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте кайтарылууга тийиш болгон мүлктү кошпогондо, соттолуучунун кылмыш жасоо үчүн кызмат кылган же ага арналган же болбосо кылмыштын натыйжасында алынган мүлкүн мамлекеттин менчигине мажбурлап акысыз алып коюуда турат. Эгерде мүлктүн бир гана бөлүгү конфискацияланууга тийиш болсо, сот мүлктүн кайсы бөлүгү конфискациялана тургандыгын даана көрсөтүүгө же конфискациялануучу буюмдарды тизмелеп берүүгө тийиш.
(2) Мүлктү конфискациялоо ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тийиштүү статьяларында каралган пайда көздөөгө ниеттенүү менен жасалган оор же өзгөчө оор кылмыштар үчүн гана сот тарабынан дайындалышы мүмкүн.
(3) Эгерде соттолуучунун карыздары жана милдеттенмелери тергөө органдары же сот тарабынан мүлктү сактоо боюнча чаралар көрүлгөндөн кийин жана анын үстүнө бул органдардын макулдугусуз келип чыкса, мүлктү конфискациялоодо мамлекет алар үчүн жооп бербейт.
(4) Мамлекет конфискацияланган мүлктүн эсебинен канааттандырылуучу дооматка карата активдин чектеринде гана жооп берет, мында дооматтарды канааттандыруунун кезектүүлүгүнө карата Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде белгиленген эрежелер сакталат.".
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана өткөн мезгилге карата колдонулбайт.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
2001-жылдын 18-октябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |