Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-январы № 15
Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл аймагынын Жаңы-Жол айылында жайгашкан «Yмγт» балдар бакчасын Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл аймагынын Ак-Кыя айыл ѳкмѳтγнγн муниципалдык менчигине ѳткѳрγп берγγ жѳнγндѳ
Жергиликтγγ маанидеги маселелерди чечγγ максатында, «Мγлккѳ муниципалдык менчик жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик мγлктγ башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен бирдикте Нарын облусунун Кочкор раонунун Ак-Кыя айыл аймагынын Жаңы-Жол айылында жайгашкан «Yмγт» балдар бакчасын Нарын облусунун Кочкор раонунун Ак-Кыя айыл аймагынын Ак-Кыя айыл ѳкмѳтγнγн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте ѳткѳрγп берсин.
2. Нырын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл аймагынын Ак-Кыя айыл ѳкмѳтγнѳ белгиленген тартипте тѳмѳнкγлѳр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган балдар бакчасын муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- объектини мамлекеттик кайра каттоодон ѳткѳрγγ;
- объектини максаттуу багыт боюнча пайдаланышын камсыз кылуу.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган кγндѳн он кγн ѳткѳндѳн кийин кγчγнѳ кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |