Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-августу № 597
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 354 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2016-жылга жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
2016-жылга жана 2017-2018-жылдарга макроэкономикалык параметрлерди тактоо максатында, "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 354 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2016-жылга жана 2017-2018-жылдарга болжолуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2016-жылга жана 2017-2018-жылдарга болжолу ушул токтомдун тиркемесине ылайык баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Т.Сариев |
Тиркеме
I. Киришүү
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2016-жылга жана 2017-2018-жылдарга болжолунун негизги максаты болуп тенденциялар менен өбөлгөлөрдү тактоо жана конкреттештирүү, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн болгон ресурстарды жана мүмкүн болгон тобокелдик факторлорун аныктоо аркылуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарба субъекттери үчүн орто мөөнөттүү мезгилге социалдык-экономикалык саясаттын багыттарын жана чараларын аныктоо саналат.
Болжол 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча экономиканы өнүктүрүү тенденцияларын жана 2015-жылдын январь-июлундагы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча учурдагы экономикалык кырдаалды талдоонун жана 2015-жылы өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн күтүлгөн көрсөткүчтөрүн баалоонун негизинде эсептелди. 2016-жылга экономиканын маанилүү секторлорун өнүктүрүүнүн негизги багыттары, алардын болжолдуу маанилерин кенен сүрөттөөнү жана 2017-2018-жылдарда өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү келечегин кошуу менен, тармактык министрликтердин, ведомстволордун расмий болжолдорунун жана учурдагы тенденциялардын базасында түзүлгөн Евразия экономикалык бирликтин (мындан ары - ЕАЭБ) интеграциялык бирикмесинин курамында иштөө алкагында экономиканы эске алуу менен аныкталды. Тышкы жана ички факторлор, мүмкүн болгон тобокелдиктер белгиленгенди.
Ушул болжол 2016-жылга жана 2017-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат.
II. 2014-жылдагы макроэкономикалык кырдаалга жана 2015-жылдын январь-июлундагы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктарына сереп
1. 2014-жылдагы макроэкономикалык кырдаалга кыскача сереп
2014-жылы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү дүйнөлүк экономиканын өсүү темпинин солгундашы, негизги соода өнөктөш-өлкөлөрүндөгү геоэкономикалык кырдаал уланып келе жаткан ааламдык финансылык каатчылыктын терс таасиринин шарттарында жүрдү (Россияга каршы экономикалык санкцияларды киргизүү, башка валюталарга салыштырганда АКШ долларынын курсунун бекемделишинин эсебинен валюта рыногундагы каатчылык). Ушундан улам жылдын ичинде Кыргыз Республикасында экономикалык өсүштүн солгундашы жана инфляциянын деңгээлинин өсүү тенденциясы байкалды.
2014-жылдын жыйынтыгынын негизги натыйжасы болуп экономиканы өнүктүрүүнүн оң динамикасын жана өлкөдө макроэкономикалык, социалдык туруктуулукту сактоо болду.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин (мындан ары - УСК) маалыматтары боюнча 2014-жылды өлкөнүн экономикалык өсүшү 103,6% түздү, 2013-жылы реалдуу өсүш 110,0% түзгөн. Ички дүң продуктунун (мындан ары - ИДП) көлөмү 397,3 млрд. сом болду. ИДПнын дефлятору 107,9%дын деңгээлинде түзүлдү. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда ИДПнын реалдуу өсүшү 4,6%ды түздү, 2013-жылы мындай көрсөткүч 6,1%ды түзгөн.
ИДПнын көлөмү калктын жан башына эсептегенде 71,2 миң сомду түздү жана 2013-жылга салыштырганда 1,5%га өстү.
1-таблица
ИДПны түзүүчү секторлор боюнча түзүм жана өсүү темптери(1)
Көрсөткүчтөр | 2013-жыл иш-жүзүндө | 2014-жыл, алдын ала иш жүзүндө | 2014-жыл (күтүлүү, 14.08.2014-ж. | Күтүлүүдөн өсүү темпинин четтөөсү (+/-) п.п. | ||||||
млн. сом | өсүү темпи, % | ИДПга карата % менен | млн. сом | өсүш темпи, % | ИДПга карата % менен | ИДПнын өсүшүнө салымдын үлүшү п.п. | млн. сом | өсүү темпи, % | ||
ИДП | 355294,8 | 110,9 | 100,0 | 397277,1 | 103,6 | 100,0 | 3,6 | 388813,7 | 104,5 | -0,9 |
Айыл чарбасы | 52007,6 | 102,7 | 14,64 | 58888,7 | 99,4 | 14,8 | -0,09 | 58065,1 | 100,8 | -1,4 |
Өнөр жай | 65801,5 | 135,9 | 18,53 | 61741,3 | 98,3 | 15,6 | -0,31 | 58504,0 | 105,1 | -6,8 |
Курулуш | 22466,5 | 116,4 | 6,32 | 29461,1 | 124,9 | 7,4 | 1,57 | 30004,9 | 117,5 | 7,4 |
Кызмат көрсөтүүлөр | 165603,7 | 104,8 | 46,61 | 191139,3 | 104,1 | 48,1 | 1,94 | 186391,7 | 103,6 | 0,5 |
Продуктуга жана импортко таза салык | 49415,5 | 110,9 | 13,91 | 56046,7 | 103,6 | 14,1 | 0,50 | 55848,0 | 104,5 | -0,9 |
Экономикалык өсүш курулуштун 1,57 жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн 1,94 деңгээлиндеги пайыздык пункттарынын оң салымынын эсебинен камсыздалды. Айыл чарбасы 0,09 жана өнөр жай 0,31 деңгээлиндеги пайыздык пункттары менен ИДПны түзүүгө терс салымын кошту, мында айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жагымсыз табигый-климаттык шарттар (жаздын кеч келиши, кургакчылык жана сугаттын жок болушу, суунун аз болушу) жана алтын өндүрүшү төмөндөгөнүнөн улам өнөр жай өндүрүшүнүн динамикасынын олуттуу кыскарышы негизги факторлор болуп саналды.
Негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөргө оң дагы, терс дагы таасир көрсөткөн негизги факторлор төмөнкүлөр болду:
- негизги соода өнөктөш-өлкөлөрдөгү геоэкономикалык кырдаал (экономикалык санкцияларды киргизүү, капиталдын чыгышы ж.б.);
- айыл чарбасын жана энергетиканы өнүктүрүү үчүн жагымсыз табигый-климаттык шарттар (жаздын кеч келиши, кургакчылык жана сугаттын жок болушу, суунун аз болушу);
- орточо айлык эмгек акынын реалдуу өсүү темпинин 1,2% кечеңдеши;
- жеке жактардын акча которууларынын таза агымынан 5,1%га азайышы, ал 2014-жылы 1811,9 млн. АКШ долларын түзгөн (2013-жылы 1908,2 млн. АКШ долларын түзгөн);
- фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү (алты банк тарабынан жалпы суммасы 5,3 млрд. сом насыя берилди), айыл чарба техникаларын лизингге сатып алуу жана матрезервдин эсебинен КММны бөлүп берүү;
- текшерүүлөрдүн, лицензиялардын санын жана башка мамлекеттик жөнгө салуучу чараларды кыскартуу аркылуу бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- 2013-жылга салыштырганда керектөө насыялары 36,7%га өстү;
- 2013-жылга салыштырганда экономикага насыялар 43,6%га өстү.
Экономиканын тармактарындагы өсүш өлкөнүн социалдык көрсөткүчтөрүнүн жакшырышы менен коштолду. 2014-жылда калктын кирешеси өстү жана эмгек рыногунда кырдаалдын жакшырышы белгиленди. 110252 жумуш орундары түзүлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) тарабынан жумушсуз жарандарды мамлекет ичинде, анын чегинен тышкары дагы ишке орноштуруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ишке орноштуруучу мамлекеттик кызматтардын көмөгү менен 2014-жылы 48,1 миң адам ишке орноштурулган, бул 2013-жылга салыштырмалуу 21,0%га көп (39,7 миң адам).
2014-жылы бир кызматкерге орточо айлык номиналдуу эмгек акы (чакан ишканаларды эске албаганда) 12285,0 сомду түзүп, 2013-жылга салыштырганда 8,3%га өстү, ал эми керектөө бааларынын индексин эсепке алуу менен саналган анын анык өлчөмү 0,7%га өстү (2013-жылы 11341,0 сомду түзгөн жана 2012-жылга салыштырганда 5,7%га өстү).
Жашоо минимумунун көлөмү 2014-жылы 4981,5 сомду түздү жана 2013-жылга салыштырганда 8,3%га өстү. Айлык акынын орточо көлөмү жашоо минимумунун көлөмүн дээрлик 2,5 эсеге жабат. Соңку 4 жылда пенсиянын орточо өлчөмү 3760,0дөн 4562,0 сомго чейин 21,3%га, ал эми пенсионердин жашоо минимумуна карата 95,6%дан 102,9%га чейин өстү.
2014-жылы мамлекеттик бюджеттен социалдык чөйрөгө чыгымдардын салыштырма салмагы (53363,4 млн. сом) 57,8%ды түздү, 2013-жылга караганда бардыгы болуп 11449,2 млн. сомго көп багытталды.
2014-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешесинин көлөмү 119376,3 млн. сомду же 2013-жылга карата 101,6%ды, ИДПга карата үлүш - 28,2%ды түздү. Бекитилген параметрлердин алкагындагы социалдык милдеттенмелер аткарылды.
2014-жылда бюджеттин тартыштыгы ИДПга карата 0,7%ды түзсө, 2013-жылы 0,5%ды түзгөн. 2014-жылдын аягына мамлекеттин тышкы карызы ИДПга карата 50,9%ды түздү.
2014-жылы инфляция 3,6%дан 10,5%га чейинки диапазондо өзгөргөн, ал эми анын орточо жылдык көлөмү 7,5%ды түздү.
2-таблица
Керектөө бааларынын индексинин (КБИ) көрсөткүчтөрү
№ | Керектөө бааларынын индекси (КБИ) | 2013-жыл | 2014-жыл |
1 | Мурунку жылдын декабрына карата, % менен | 104,0 | 110,5 |
2 | Мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата % менен (орточо жылдык мааниси) | 106,6 | 107,5 |
Банк секторун өнүктүрүүнүн оң динамикасы белгиленди, бул банк тутумунун суммалык активдеринин өсүшү менен коштолду, алар 2014-жылдын башынан тартып 23,9%га өстү жана 137,6 млрд. сомду түздү. Банк секторунун жалпы депозиттик базасы (банктарга жана башка финансылык-насыялык мекемелерге берилген депозиттерди эсепке албаганда) 77,9 млрд. сомду түзүп, жыл башынан бери 22,1%га өстү, анын ичинен жеке жактардын депозити 34,6 млрд. сомду түзүп, жыл башынан бери 23,7%га өстү.
2014-жылдын 31-декабрына карата банк секторунун насыялык портфелинин көлөмү (банктарга жана башка финансы-насыялык мекемелерге берилген насыяларды эсепке албаганда) 78,6 млрд. сомду түзүп, жыл башынан бери 45,9%га жогорулады.
2014-жылы экономикага насыя(2) 282,1 млрд. сомду түзүү менен 2014-жылдын башынан тартып 43,6%га көбөйдү (2013-жылы 36,1%га).
Айыл чарба өндүрүшүнө дем берүү максатында "Айыл чарбаны каржылоо-2" долбоору ишке ашырылды (Өкмөттүн 2014-жылдын 31-январындагы № 61 токтому), анын алкагында республиканын алты банкы тарабынан фермерлерге жалпы суммасы 5300 млн. сомго 15525 жеңилдетилген насыялар бөлүнгөн.
Экономиканы капиталдаштыруунун деңгээли 2013-жылдагы 23,3%дан 2014-жылы 26,6%га чейин, негизинен чет өлкөлүк насыялардын көлөмүнүн (2,5 эсе), калктын каражаттарынын (15,2%), ишканалардын жана уюмдардын каражаттарынын (15,0%) көбөйүшүнүн эсебинен жогорулаган. 2014-жылы 15 долбоор ишке ашырылды, алардын ичинде 7 долбоор - агроөнөр жай комплексинде, 4 долбоор - энергетикалык сектордо, 4 долбоор - транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндө.
2014-жылы калктын керектөөсүнүн деңгээли ИДПга карата 115,2%га жогорулады (2013-жылы ИДПга карата - 115,6%). Жеке керектөө үлүшү 97,8%ды түзгөн, бул орточо айлык номиналдуу эмгек акынын, калкты социалдык колдоого кеткен чыгымдардын, акча которуу тутуму аркылуу жеке адамдардын акча которууларынын таза агып келиши (2014-жылы 1811,9 млн. АКШ долларын түздү), ошондой эле керектөөчүлүк насыялардын өсүшү (2013-жылга салыштырганда 36,7%га) менен шартталды. ИДПны пайдалануу түзүмүндө мамлекеттик керектөөнүн салыштырма салмагы 2013-жылдагы 18,4%дан 2014-жылы 17,2% чейин төмөндөдү.
2014-жылы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 7612,3 млн. АКШ долларын түздү жана 2013-жылга салыштырганда 4,8%га кыскарды.
2014-жылы соода балансынын тартыштыгы 3852,5 млн. АКШ долларын түздү жана 2013-жылга салыштырганда 3,2%га азайды. Экспортко караганда импорттун алдыга озгон өсүү динамикасынан улам, ИДПга карата товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн таза экспортунун терс сальдосу жогору бойдон калууда, ал 2014-жылы (баалоо) (-)49,9%ды түздү (2013-жылы (-)49,5%).
Жаратылышты коргоо, жаратылыш чөйрөсүндөгү жоготууларды калыбына келтирүү, биотүрдүүлүктү жана токой экотутумун сактоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларды каржылоо, токой тармагын жана өзгөчө корголгон жаратылыш аймактарын өнүктүрүүнү камсыздоо максатында 2014-жылы жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фондусунун каражаттарынан 202,75 млн. сом бөлүнгөн. Жаратылышты коргоо ишин каржылоо көлөмүнүн өсүшү 2013-жылга салыштырганда 133,6%ды түздү.
Жогорку Евразия экономикалык кеңештин 2014-жылдын 10-октябрындагы № 75 чечими менен бекитилген, ЕАЭБди түзүүнү эске алуу менен, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Иш-чаралар планы ("жол картасы") активдүү ишке ашырылды. Улуттук мыйзамдарды ЕАЭБдин ченемдик базасына ылайык келтирүү боюнча масштабдуу иш жүргүзүлдү, анын алкагында 112 ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди (38 мыйзам, 74 башка ченемдик укуктук актылар).
2014-жылдын негизги окуясы болуп 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлик жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө келишимге 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлушу болду. 2015-жылдын 1-январынан бери постсоветтик мейкиндикте ири интеграциялык бирикме - ЕАЭБ иштей баштады, ал ЕАЭБдин мүчө-өлкөлөрүнүн ортосунда товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдардын жана эмгек ресурстарынын кыймылынын эркиндигин камсыздайт.
2014-жылда жүргүзүлгөн макулдашылган экономикалык саясат дүйнөлүк экономикада, анын ичинде негизги соода өнөктөш өлкөлөрдө (Россия Федерациясында, Казакстан Республикасында) өсүү темпинин солгундашы уланып келе жаткан кырдаалга тийгизген терс таасирине карабастан, өлкөдө экономиканы өнүктүрүүнүн белгиленген оң динамикасын, макроэкономикалык жана социалдык туруктуулукту сактоого мүмкүндүк берди.
2. 2015-жылдын январь-июлундагы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн алдын ала жыйынтыктары
2015-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгынын негизги натыйжалары болуп экономикалык өсүштүн оң тенденциялары болду.
УСКнын алдын-ала баалоосу боюнча 2015-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 210,9 млрд. сом суммасында түзүлдү жана өсүүнүн реалдуу темпи 107,1%ды түздү. ИДПнын дефлятору 105,0%дын деңгээлинде түзүлдү.
Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо, ИДПнын реалдуу өсүү темпи 104,5%ды түздү, 2014-жылдын тиешелүү мезгилинде ушундай көрсөткүч 103,3%ды түзгөн.
Экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлору тарабынан камсыздалды, алардын оң салымдары айыл чарбасында 0,57 пайыздык пунктка, өнөр жайда - 3,48 пайыздык пунктка, курулушта - 0,63 пайыздык пунктка, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө - 1,34 пайыздык пунктка бааланды.
3-таблица
ИДПны түзүүчү секторлор боюнча түзүм жана өсүү темптери(3)
Көрсөткүчтөр | 2014-жылдын январь-июлу | 2014-жылдын январь-июлу | |||||
Иш жүзүндө (млн. сом) | Өсүү темпи, % | ИДПга карата % менен | Иш жүзүндө (млн. сом) | Өсүү темпи, % | ИДПга карата % менен | ИДПнын өсүшүнө салымдардын үлүшү п.п. | |
ИДП | 187650,0 | 104,1 | 100,0 | 210917,3 | 107,1 | 100,0 | 7,1 |
Өнөр жай | 27516,5 | 108,8 | 14,7 | 36850,0 | 123,7 | 17,5 | 3,48 |
Айыл чарба | 23914,8 | 98,3 | 12,7 | 25232,3 | 104,5 | 12,0 | 0,57 |
Курулуш | 11587,9 | 121,3 | 6,2 | 13335,5 | 110,2 | 6,3 | 0,63 |
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү | 96800,8 | 102,5 | 51,6 | 106943,1 | 102,6 | 50,7 | 1,34 |
Продуктуга таза салыктар | 27830,0 | 104,1 | 14,8 | 28556,4 | 107,1 | 13,5 | 1,05 |
Номиналдуу ИДПнын түзүмүндө товар өндүрүүчү тармактардын үлүшү 2,2 пайыздык пунктка жогорулады жана 35,8%ды түздү, кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 0,9 пайыздык пунктка азайды жана 50,7% түздү.
Отчеттук мезгилде тармактардагы экономикалык өсүштүн оң динамикасын кармоонун жана өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшүнүн негизги факторлору текшерүүлөрдү, лицензиялардын санын жана башка мамлекеттик чараларды азайтуу аркылуу бизнестин жүргүзүүсүнө ылайык шарттарды түзүү болду, бул:
- айыл чарбасында:
фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүү (2015-жылдын 6-августка чейин алты банк аркылуу берилген 7712 кредиттин жалпы суммасы 2,941 млрд. сомду түздү;
мал-чарба тармагында өндүрүш 2,2%га өстү;
дан эгиндери, бакча, картошка, жер-жемиш өсүмдүктөрдү жакшы климаттык шарттардан улам эрте оруу-жыйноо (өсүмдүк өстүрүү тармагынын продукциясы 9,9%га көбөйдү);
дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн өсүшү (маалымат үчүн, 7 айдын жыйынтыгы боюнча буудайдын түшүмдүүлүгү 26,0 га/ц түздү, бул өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнөн 6,7 ц/га га көп, арпанын түшүмдүүлүгү - 20,7 ц/га түзүп, өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнөн 8,2 ц/га га көбөйдү, башка дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү 2 эсе өсүп, 28,1 ц/га түздү, чанактуу дан жана май чыга турган өсүмдүктөрдүн көлөмү 19,3 ц/га жана 18,8 ц/га болуп, 1,2 ц/га га көбөйдү);
- өнөр-жайында:
Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканалар стабилдүү иштегени үчүн (оң салымы 2,80 пайыздык пунктту түздү), негизги металлдарды өндүрүү 1,5 эсе көбөйдү;
"Петроль Компани "Джунда" НИЗдин өндүрүшү күчөтүлгөн үчүң мунай продуктуларынын өңдүрүшү 3,4 эсеге көбөйдү;
көмүр казып алуу (26,5%га өстү), мунай жана газ чыгаруу (13%га өстү) компаниялары стабилдүү иштеди;
Бозымчак кенин иштетүүгө киргизүү аркылуу металл рудаларды казып алуу 7,2 эсеге көбөйдү;
курулуш материалдарын өндүрүү (өсүшү 13,3%) инфраструктуралык жана инвестициялык проекттерди киргизүү аркылуу көбөйдү;
- курулушта:
продукциянын жалпы дүң көлөмү 10,2%га өстү (2014-жылдын январь-июлунда 21,3%га көбөйдү), бул өсүш курулуш келишим менен иштелүүчү жана башка капиталдык иштер, имараттардын жана курулма капиталдык жана күндөлүк оңдоо көбөйгөнү менен шартталды, ал көбөйүү ички инвестициялардын көлөмү 3,3%га (ал эми жергиликтүү бюджеттен - 3,3 эсеге, республикалык бюджеттен - 1,8 эсеге, элдин каражаттарынан - 28,4%га), тышкы булактардын - 16,5%га (анын ичинде чет өлкөлүк гранттар - 2,6 эсеге, түз чет элдик инвестициялар - 26,9%га) өскөнүн көрсөттү;
- кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө:
дүң жана чекене соода көбөйгөнү, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо 4,1% көбөйгөнү, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдөн (өсүшү - 3,8%), маалымат жана байланыш (өсүшү - 4,9%) үчүн түзүлдү.
Булардан тышкары экономикалык өсүш төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыздалды:
- керектөө насыялары 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырганда быйылкы жылдын январь-июлунда 42,2%га көбөйдү;
- экономикага насыялар 2015-жылдын январь-июнунда 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 10,7%га өстү.
Инфляциянын деңгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индекси 99,8%ды түздү (мурдагы жылдын декабрына карата 2015-жылдын июлу), 2014-жылы ушундай көрсөткүч 105,0% түзгөн. Инфляциянын жылдык орточо мааниси (2014-жылдын январь-июлуна карата 2015-жылдын январь-июлу) 107,7%ды түздү.
Ал эми төмөндөө бир гана азык-түлүк продукциясынын жана алкоголсуз ичимдиктердин бааларында 5,1%га болду, бирок азык-түлүк эмес товарлардын баалары 5,1%га, кызмат көрсөтүүнүн баалары - 3,4%га өстү. Алкоголдуу ичкиликтер жана тамеки ушул жылдын башынан бери 4,9%га кымбаттады.
Баалардын түзүлүш деңгээлине төмөнкүдөй факторлор кармап туруучу да, өсүүчү да таасир тийгизди:
- негизги азык-түлүк товарларына дүйнөлүк баалардын өсүшүнүн басаңдашы;
- азык-түлүк товарларына баалардын сезондук өзгөрүшү (жашылчалар, жемиштер);
- керектөө себетинде негизги үлүштү ээлеген (48,2%) азык-түлүк товарларына баалардын өсүү маанисинин 5,1%га чейин төмөндөшү (өткөн жылдын декабрына карата 2015-жылдын июлу) (2014-жылдын июлундагы өсүш - 6,5%);
- улуттук валютага жана ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттеринин валюталарына карата АКШ долларынын курсунун бекемделиши (2015-жылдын 31-июлуна карата сомдун 3,6%га арзандашы) (орточо алганда бекемдөө 13,2%ды түздү);
- КММга ички рынокто баанын төмөндөшү (россиялык мунай иштетүү заводдорунда сатуу баасынын түшүүсү, ошондой эле дүйнөлүк рынокто чийки мунайга болгон баалардын арзандашынан улам).
2015-жылдын 31-майына карата банк тутумунун суммалык активдери жыл башынан тартып 8,7%га өстү жана 149,5 млрд. сомду түздү. Банк секторунун жалпы депозиттик базасы(4) жыл башынан тартып 0,6%га өсүү менен 78,4 млрд. сомду түздү, анын ичинде юридикалык жактардын депозиттери жыл башынан тартып 3,1%га өсүү менен 31,9 млрд. сомду түздү жана жеке жактардын депозиттери 35,9 млрд. сомду түздү; жыл башынан тартып өсүш - 3,6%. Банк секторунун насыялык портфелинин(5) көлөмү 2015-жылдын 31-майына карата жыл башынан тартып 9,0%га өсүү менен 85,8 млрд. сомду түздү (2014-жылдын аягында - 78,8 млрд. сом).
2015-жылдын январь-июнундагы мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 59810,9 млн. сомду түздү (ИДПга карата 34,7%), же пландуу тапшырмага карата 120,5% түздү, 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырганда бюджеттин жалпы кирешеси 21,6%га өстү. 2015-жылдын январь-июнундагы мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгү (атайын каражаттарды кошпогондо жана мамлекеттик карызды эске албаганда) 52791,2 млн. сом суммасында аткарылды (ИДПга карата 30,6%), пландын 93,6% жана 55901,8 млн. сомду түздү, жана 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырганда жалпы чыгымдар 12,3%га көбөйдү. 2015-жылдын январь-июнундагы республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө чыгымдардын салыштырма салмагы (27839,8 млн. сом) 58,5% түздү.
Калкты социалдык коргоо жаатында калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана социалдык жактан аялуу жарандардын абалын жакшыртуу боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүүдө. Отчёттук мезгилде мамлекеттик жөлөк пул төлөөгө республикалык бюджеттен жалпы суммасы 2248,5 млн. сомго акча каражаттары каржыланды (4,7%га өсүш). 2015-жылдын январь-июнундагы пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө керектелген 16474,2 млн. сом көлөмүндөгү бардык сумма толук көлөмдө каржыланды.
2015-жылдын январь-июнундагы бир кызматкерге орточо айлык номиналдуу эмгек акы (чакан ишканаларды эске албаганда) 12484,0 сомду түзүп, 2014-жылдын январь-июнуна салыштырганда 7,9%га өстү, ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен саналган анын анык өлчөмү 0,3%га азайды. 2015-жылдын II кварталында жашоо минимумунун көлөмү 5396,27 сомду түздү жана 2014-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 7,7%га өстү, ал эми 2015-жылдын 1-кварталына салыштырганда өсүшү 0,3%ды түздү.
Ошентип Кыргыз Республикасы ЕАЭБке кошулганына карата 2010-жылдагы болгон кризистен кийин туруктуу экономикалык жана саясий стабилдүүлүк түзүлдү, алар өнүгүүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасир этип жатышат.
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү дагы эле негизги соода өнөктөрдүн экономикалык өсүшү жайланган шарттарда болуп жатат.
2015-жылдын I жарымынын жыйынтыгы боюнча Россияда экономикалык өсүштүн терс динамикасы түзүлдү (-3,4%), ал эми Казакстанда басаңдады (1,7%га чейин). Натыйжада республикага жеке жактардын акча которууларынын таза агымынын көлөмү 25,4%га төмөндөдү, ал 2015-жылдын I жарымында 618,99 млн. АКШ долларын түздү.
2015-жылдын январь-июнунда Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 2707,9 млн. АКШ долларын түздү жана 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 13,5%га же 422,7 млн. АКШ долларына кыскарды.
2015-жылдын январь-июнунда экспорт 712,6 млн. АКШ долл. түздү, бул 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2,6%га аз. Алтынды экспорттоонун жогору деңгээлде өсүү темпине (1,4 эсе) жана анын экспорттун товардык структурасында бир далай салыштырма салмагына (57,7%) карабастан, экспорттун жалпы көлөмү республика боюнча өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда азайды, ал негизинен КМШдан сатып келинген товарлардын көлөмү азайгандыгы менен шартталды (33,8%га азайды). Мында жемиштердин келүүсү 3,4 эсеге азайды, жашылча - 1,8 эсеге, органикалык эмес химиялык заттар - 49%га, кийим-кеченин көлөмү - 38,7%га азайды.
Колдонулган жүк ташуучу (27,9 эсеге) жана жеңил (22,9 эсеге) унаалардын кирүүсүнүн азаюусуна байланыштуу 2015-жылдын январь-июнь айларында импорттук келүүлөр 1995,3 млн. АКШ долл. түзүп 16,8%га азайды.
Кыргыз Республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн 2015-жылдын 7 айындагы жыйынтыгы төмөндөөчү траекторияны көрсөтүүдө (4-таб.), өсүш темпи ушул жылдын июлуна карата 7,1%га чейин акырындап, жылдын башынан бери 2,4 пайыздык пунктка азайды (2015-ж. февраль айында - 9,5%).
4-таблица
2015-жылдын башынан бери түзүлгөн экономикалык өсүштүн динамикасы (пайыз менен)
| январь | январь-февраль | январь-март | январь-апрель | январь-май | январь-июнь | январь-июль |
ИДП | 108,4 | 109,5 | 107,0 | 107,0 | 106,9 | 107,3 | 107,1 |
Өнөр жай | 125,7 | 131,0 | 121,0 | 121,2 | 122 | 124,2 | 123,7 |
Айыл чарба | 101,2 | 101,4 | 101,6 | 101,7 | 101,8 | 102,4 | 104,5 |
Курулуш | 111,6 | 112,2 | 111,2 | 112 | 111,8 | 111,2 | 110,2 |
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү | 103,0 | 103,0 | 102,9 | 103,2 | 102,9 | 102,9 | 102,8 |
Ички дүң продуктунун дефлятору экономиканын бүткүл секторлорунда туруктуу төмөндөтүүчү трендди көрсөтүүдө, ал ИДПнын номиналдык көлөмүнүн азайышына алып келиши мүмкүн.
5-таблица
2015-жылдын башынан бери түзүлгөн ИДПнын дефляторунун деңгээлинин динамикасы (пайыз менен)

ИДП | 113,2 | 109,0 | 108,6 | 107,9 | 107,2 | 105,7 | 105,0 |
Өнөр жай | 133,2 | 113,6 | 121,9 | 117,7 | 114,5 | 110,8 | 108,3 |
Айыл чарба | 108,6 | 107,2 | 105,6 | 104,3 | 103,0 | 101,4 | 101,0 |
Курулуш | 105,0 | 105,0 | 105,0 | 104,8 | 104,8 | 104,7 | 104,4 |
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү | 109,8 | 110,8 | 107,1 | 108,4 | 108,7 | 107,7 | 107,7 |
Экономиканын өнүгүүсүнүн азыркы тенденциясын жана чындыгында түзүлгөн шарттарды эске алып, 2015-жылда күтүлүүчү көрсөткүчтөр саналды ага жараша 2016-2018-жылдардын божомол көрсөткүчтөрү дагы саналды.
III. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБке кошулуусунун макроэкономикалык көрсөткүчтөргө тийгизген таасири
Кыргыз Республикасынын экономикасы региондогу эң ачык экономика болуп саналат жана алтын өндүрүшүнөн, мигрант-жумушчулардын акча которууларынан, транзиттик соодадан жана тышкы жардамдан өтө көз карандылыгы менен мүнөздөлөт. Бул көз карандылык тышкы жана ички олку-солкулуктардын алдында экономиканын алсыздыгын шарттайт жана Кыргызстандын экономикасы дагы да болсо жетишээрлик туруктуу эмес бойдон калууда.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБке кошулуусу негизги соода өнөктөш-өлкөлөрдө 2014-жылы башталган геоэкономикалык кырдаалга туш келди, ЕАЭБтин мүчө-мамлекеттеринин экономикасынын иштеши үчүн татаал тышкы шарттардын сакталышы жана түзүлүшү уланууда жана ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттеринин экономикалык өсүү темпинин андан ары төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн, бул өз кезегинде Кыргыз Республикасынын экономикасына да терс таасирин тийгизет:
дүйнөлүк чийки зат рыногунда баа дагы деле төмөн бойдон калууда: Brent маркасындагы мунайга болгон баа 2015-жылдын 14-августуна карата 49,57 доллар/баррелди түздү, ал эми 2014-жылдын ушул мезгилинде 102,08 доллар/баррелди түзгөн;
АКШ долларынын бекемделишинен валюталардын курсунун түшүшү уланууда, жылдын башынан бери 2015-жылдын 14-августуна карата россия рубли - 13,8%га, евро 9,3%га, белорусь рубли - 35,0%га, азербайжан манаты - 33,7%га, казак теңгеси - 3,1 %га, армян драмы - 0,6%га арзандады. АКШ доллары башка валюталарга караганда орточо 13,4%га бекемделди (2014-жылы - 25,0%га);
капиталдын чыгышы уланууда (мисалы, Россия Федерациясында 2015-жылдын I жарымында 52,5 млрд. АКШ долларын түздү, ал 2015-жылдын аягында мунайдын баасы 40-45 доллар болгон шартта өлчөмү 131,0 млрд. доллар болуп божомолдонууда (РФ ББнын жана РФ Экономикалык өнүгүү министрлигинин маалыматтары боюнча). 2015-жылдын I-кварталында Кыргыз Республикасынан капиталдын чыгышы 23,9%га өстү жана 281,0 млн. АКШ долларын түзгөн.
Ушундай шарттардан улам дүйнөлүк экономикада экономикалык өсүштүн басаңдаган тенденциясы уланууда. 2015-жылы дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүү болжолу 3,3%га чейин төмөндөө жагына каралган, мурдагы болжолго салыштырганда - 3,8%, еврозона болжолу бир аз - 1,5%га чейин, мурдагы болжолго салыштырганда 1,3%га жакшырды. Ошондой эле 2015-жылы экономикалык өсүү деңгээлинин көрсөткүчтөрү Россия Федерациясында да каралган, анда болжол бир аз жакшырган (-)3,0%дан (-)2,8%га чейин, Казакстан Республикасында 4,7%дан 1,9%га чейин, Беларусь Республикасында - 1,5%дан (-)4,2%га чейин, Армения Республикасында - 3,5%дан (-)0,9%га чейин, Кытай Эл Республикасында - 7,1%дан 6,8%га чейин.
6-таблица
БАЭБдин мүчө-мамлекеттеринин дүйнөлүк экономикасынын өсүү темпи, % менен
Мамлекеттер | 2013-жыл иш жүзүндө | 2014-жыл алдын ала иш жүзүндө | 2015-жыл болжол | 2016-жыл болжол | 2017-жыл болжол | 2018-жыл болжол | ||
2014-жылдын аягындагы болжол | 2015-жылдын I кв. чейинки болжол | 2015-жылдын январь-июнундагы болжол | ||||||
Дүйнөлүк экономика | 3,3 | 3,3 | 3,8 | 3,5(6) | 3,3(7) | 3,8 | 3,8 | 3,8 |
Еврозона | -0,4 | 0,9 | 1,3 | 1,5(9) | 1,5(10) | 1,7 | 1,6 | 1,6 |
Кытай Эл Республикасы | 7,7 | 7,4 | 7,1 | 6,79(9) | 6,8(10) | 6,3 | 6,0 | 6,1 |
Россия Федерациясы | 1,3 | 0,6 | -3,0 | -3,08(8) | -2,8(9) | 2,3 | 2,3 | 2,4 |
Казакстан Республикасы | 6,0 | 4,3 | 4,7 | 1,5(10) | 1,9(12) | 4,1(12) | 4,3(12) | 4,6 |
Беларусь Республикасы | 0,9 | 1,6 | 1,5 | 0,2-0,7(11) | -4,2(12) | 0,3(12) | 1,4(12) | 0,4 |
Армения Республикасы | 3,5 | 3,4 | 3,5 | -0,98(9) | 0,9(12) | 3,0(12) | 3,5(12) | 2,5 |
2015-жылдын 8-майында Москва шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттеринин башчылары тарабынан эки маанилүү протоколго кол коюлган: 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулушуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго жана Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдерге жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулушуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимди, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдерди жана ЕАЭБдин органдарынын активдерин Кыргыз Республикасынын колдонуусу боюнча шарттар жана өтмө жоболор жөнүндө протоколго. 2015-жылдын 12-августунда, баардык процедуралары аяктагандан кийин (ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин Келишимди ратификациялоосу, чек араларды ачуу) Кыргыз Республикасы уюмдун толук укуктуу мүчөсү болду. Бирок экономикалык субъекттери жаңы шарттарга көнүшүүсү, сапатты баалоо системасын ылайык келтирүү үчүн көп убакыт керектигин (2015-жылдын аягында күтүлүүдө) эске алып, ЕАЭБдин шарттарынын таасир берүүсүнүн кызуу учуру 2016-жылы күтүлөт, ал кийинки жылдарда азаяры белгиленүүдө.
Республика үчүн бул экономикалык интеграциянын жаңы тепкичи. Өлкө алдында жаңы горизонттор ачылат жана ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөр, тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканалар, бизнес үчүн чакырыктар, экономикада иштиктүү активдүүлүк деңгээлин жогорулатуу үчүн өбөлгөлөр түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБке кошулуусунун негизги артыкчылыктары:
- инвестициянын көлөмүнүн өсүшү, инвесторлор үчүн алымдарсыз жана тоскоолдуктарсыз рынок ачылат;
- мурда бажылык контроль менен кармалып турган чек арадагы сооданы өнүктүрүү жаңы жумуш орундарын түзүүгө, калктын акчалай кирешесинин көбөйүшүнө, жер-жерлерде транспорттук, турак-жай, социалдык инфратүзүмдөрдү жакшыртууга шарт түзүлөт;
- бажылык администрациялоо эрежелерин ЕАЭБтин ченемдерине ылайык келтирүү, товарды салмагы боюнча эмес, анын наркы боюнча бажылык тариздөө түшүүлөрдүн кыйла жогорулашына алып келет;
- өндүрүштүк секторго дем берүү - тигүү өндүрүшү жана тамак-ашты кайра иштетүү рыногу кеңейет; сатуу рыногунун кеңейишине (Казакстан Республикасы, Россия Федерациясы, Армения Республикасы, Беларусь Республикасы) байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүштөрдү ачууга инвесторлордо кызыкчылык пайда болот;
- Россиядан, Казакстандан жана Беларустан минералдык жер семирткичтерди, айыл чарба машиналарын, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жана жогорку өнүмдүү үрөндү ташып келүүгө кеңири жеткиликтүүлүк; айыл чарба техникасын жана жер семирткичтерди чыгаруу боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү;
- эмгектин жана капиталдын эркин кыймылы.
Негизги тобокелдиктер:
- негизги соода өнөктөш-өлкөлөрдө экономикалык өсүү темпинин төмөндөшүнүн эсебинен керектөөчүлүк суроо-талаптын азайышы;
- алымдардын жогорулашынан, сапаттын начар инфратүзүмүнөн жана ЕАЭБдин техрегламенттеринин жаңы талаптарын аткаруудан улам импорттолуучу материалдардын жогорку салыштырма салмагы менен экономиканын секторлору үчүн өндүрүш чыгымдарынын өсүшү жана атаандаштык жөндөмүнүн кыскарышы (бирок бир четинен, атаандаштыктын өсүшү кыргыз ишкерлерин өзүнүн бизнес-процесстерин жакшыртууга мажбур кылат);
- акча которууларынын кыскарышы өз кезегинде курулуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн дүң продуктусунун көлөмүнүн төмөндөшүнө алып келет;
- шарттардын өзгөрүүсүнүн эсебинен сооданын көлөмүнүн төмөндөшү (бирдиктүү бажы тарифин кабыл алуу (алып коюусуз), бажылык тариздөөнүн жөнөкөйлөтүлгөн шарттамын жокко чыгаруу, ЕАЭБдин техникалык регламенттерин, шайкештикти тастыктоонун кыйла катуу талаптарын кабыл алуу);
- чек аралык жана тышкы соодада тоскоолдуктарды сактоо же акырындап жеңүү; чет өлкөлүк өндүрүүчүлөр тарабынан ички рынокто атаандаштыктын өсүшү;
- экспортёрлор үчүн чыгымдардын өсүшү, кээ бир учурларда ЕАЭБге кабыл алынган техникалык жөнгө салуу тутуму өндүрүүчүлөргө жана продукцияга айрыкча катуу талаптарды койгондуктан, экспорттоонун мүмкүн эместиги (сыноо лабораторияларын модернизациялоонун созулган процесси, өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык контролду ЕАЭБдин талаптарына ылайык келтирүү жана техникалык жөнгө салуу тутумун жакшыртуу боюнча башка чараларды көрүү);
- бажы алымдарынын өсүшүнөн, ЕАЭБге кирбеген өлкөлөр менен товар жүгүртүүнүн төмөндөшүнөн улам Кыргыз Республикасына айрым товарларды ташып келүүнүн токтотулушу;
- кытай товарларын реэкспорттоонун бир топ кыскарышы, натыйжада дүң соодада иш менен камсыздоонун азайышы;
- ЕАЭБдин өнөктөш-өлкөлөрүнө ата мекендик өндүрүштүн айыл чарбалык продуктуларынын айрым түрлөрүнүн чыгышы, натыйжада бул продуктуларга болгон баалардын өсүшүнө алып келет;
- товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон бааларды ЕАЭБ өлкөлөрүнүн баалары менен теңдөө жана өлкө ичинде баалардын өсүшү, натыйжада калктын кирешеси төмөндөп, бул өлкөдө социалдык чыңалууну пайда кылат;
- ата мекендик рыноктон квалификациялуу жумуш күчүнүн чыгышы;
- экономика секторлорунда өндүрүш көлөмүнүн төмөндөшүнүн эсебинен мамлекеттик бюджетке болгон басым, "Дордой", "Карасуу" жана "Мадина" ири дүң базарларынан, алып-сатма соодасы менен алектенген ишкерлерден түшүүлөрдүн төмөндөшү;
- тартыштыкты жабуу үчүн узак мөөнөттүү зайымдардын көбөйүшү, мамлекеттик карыздын көбөйүшү;
- улуттук валюта курсунун туруксуздугу;
- созулган ыңгайлашуу мезгили, анын натыйжасында ЕАЭБдин алдына коюлган милдеттерди кыйла натыйжалуу аткарууга мүмкүндүк түзүүчү документтердин, принциптердин жана стандарттардын ишке жөндөмдүү топтому түзүлөт (бул мезгил болжол менен 3-4 жылды ээлеши мүмкүн), бул экспортту жана өндүрүштү ЕАЭБдин рыногуна жайылтуу процессине терс таасирин тийгизет.
2015-2016-жылдары ЕАЭБдин алкагында айыл чарбалык өнүгүүгө дем берүүгө, реалдуу сектордо кызматташууну тереңдетүүгө жана ишкердик чөйрөсүн жакшыртууга багытталган чаралар комплекси иштелип чыгат.
Өткөөл мезгил аяктагандан кийин, жаңы шарттарда бизнес жүргүзүү эрежелери таризделгенден кийин инвестициялык жагымдуулуктун жогорулашы күтүлүүдө.
Соода ишин жүргүзүү шарттарынын өзгөрүшү кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө түз таасирин тийгизет (ИДПнын түзүмүндөгү үлүш болжол менен 48%ды түзөт). Экономиканын кызмат көрсөтүүчү тармактарынын арасында айрыкча салыштырма салмагына соода жана коммуникациялар рыногу ээ, алардын суммалык үлүшү дээрлик 53%ды түзөт. Дал ушул тармактар ЕАЭБге кошулуу кесепетинин таасирине дуушар болушат.
Импорттук продукцияга бажы коюмдарынын көлөмүн жогорулатуу үчүнчү өлкөлөрдөн алып келинүүчү товарлардын өздүк наркынын жогорулашына алып келет, бул калктын сатып алуу жөндөмүнө таасирин тийгизет жана товарлардын ички соодасы (чекене соода жүгүртүү) мурдагы жылдардагыдай тез темп менен өнүкпөшүнө калып келет. Дүң соода ички суроо-талаптын кыскарышынан, негизги соода өнөктөш-өлкөлөрдүн суроо-талабынын төмөндөшүнөн дагы басымдын төмөндөшүн сезет. Өнүгүүнүн мындай динамикасы Казакстан Республикасы менен Россия Федерациясынын рынокторуна реэкспорттолгон Кытайдан, Түркиядан жана башка үчүнчү өлкөлөрдөн импорттук товарлардын өздүк наркынын кымбатташы менен шартталат. Экономика тармактарын колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын чаралары, анын ичинде транспорттук соода-логистикалык борборлорду түзүү дүң соодада өсүштүн оң динамикасын сактоого мүмкүндүк түзөт, бирок ЕАЭБге кошулуунун алгачкы жылдарында сооданын өсүшү төмөн динамикалык темптер менен өтөт.
ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттеринин ортосунда бажы чек араларын алып салуу Россия жана Казакстан жарандарынын чек арадан өтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет, бул чек арадагы аймакта соода кылууга жана өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө да оң таасирин тийгизет. Чек арадан өтүүдөгү бул жеңилдик Бирликтин катышуучу-өлкөлөрүнөн туристтердин агымын жогорулатууга мүмкүндүк түзөөрү жана туристтик кызмат көрсөтүүчү экономика тармактарынын өсүшүнө оң таасирин тийгизээри күтүлүүдө.
ЕАЭБге кошулуунун маанилүү шарттарынын бири болуп Бирдиктүү бажы тарифин кабыл алуу саналгандыктан, ушул шарттарды кабыл алуу Кыргыз Республикасынын тышкы соодасындагы айрым өзгөрүүлөргө алып келет. Кыргыз Республикасы ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттеринен импорттолгон товарлардын болжол менен жарымын импорттойт, ошондуктан агымдардын өзгөрүүсү ушул категориядагы товарларга тиешеси жок.
Бирок Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасынан бардык импорттолуучу товарлардын болжол менен бештен бир бөлүгүн импорттойт, алар негизинен керектөөчүлүк, аралык жана инвестициялык товарлар, калган 30% башка өлкөлөрдөн импорттолот. Интеграциялык экономикалык бирликке кошулуу экономикалык агымдардын кайра багытталышын алып келет, ошондуктан ЕАЭБдин мүчөлөрү болуп саналбаган өлкөлөрдөн импорттолуучу товарлар үчүн бирдиктүү бажы тарифин колдонуу ЕАЭБдин өлкөлөрү менен тышкы сооданын бир аз жогорулашына жана башка өлкөлөрдүн үлүшүнүн кыскарышына алып келет. Кыргыз Республикасынын импортунун түзүмү өзгөчө жана товарлар тобунун басымдуу бөлүгү белгилүү бир өлкөдөн же өлкөлөрдүн тобунан импорттолот жана ЕАЭБдин өлкөлөрүнөн импорттоого мүмкүн болгон субституттарга ээ эмес. Ошондуктан импорттун түзүмү олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болбойт, бирок соода шарттарын өзгөртүү, анын ичинде бажы тарифтерин жогорулатуу жана бажылык тариздөөнүн жөнөкөйлөтүлгөн режимин жокко чыгаруу импорттук товарлардын наркынын кымбатташына алып келет. Товарлардын өздүк наркынын кымбатташы өз кезегинде ушул товарларга карата калктын керектөө суроо-талабына терс таасирин тийгизет, ошондуктан соода жүргүзүүнүн жаңы шарттарына ыңгайлашуу мезгилинде импорттун реалдуу туюнтмада төмөндөшү күтүлүүдө, бирок номиналдык туюнтмада көлөмдүн жогорулашы күтүлүүдө.
ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттеринин ортосунда бажы чек араларын алып салуу ата мекендик товарларды бирликтин рыногуна экспорттоо жол-жоболорун жеңилдетүүгө түрткү берет жана бул фактор ата мекендик өндүрүүчүлөрдү ички өндүрүштү көбөйтүү үчүн ыкчамдатууга көмөк көрсөтөт. Бирок башка өлкөлөрдөн импорттолуучу аралык товарлардын бир бөлүгүнүн наркы айрыкча жогору тарифтерди колдонуудан улам кымбаттайт жана ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн атаандаштык жөндөмү төмөндөйт. Ошону менен бирге эле соода үчүн тарифтик эмес тоскоолдуктарга байланышкан тобокелдиктер бар, аларды чечүү алгачкы этаптарда өлкөнүн экспорттук дараметин кармап турат. Ошондуктан, ЕАЭБге интеграциялоонун алгачкы этаптарында Кыргыз Республикасынан товарларды экспорттоо чектүү өсүшкө ээ болот.
Демек, жогоруда белгиленген окуялардын фонунда баалоонун негизине тышкы жана ички факторлор дагы түптөлгөн, алар 2015-жылы жана орто мөөнөттүү мезгилде өлкөнүн өнүгүүсүнө оң жана терс таасирин тийгизет.
Мындай шарттарда орто мөөнөттүү мезгилге экономикалык саясаттын негизги максаты макроэкономикалык стабилдүүлүктү сактоо болот. Терс таасирлерди минималдаштыруу жана экономиканы жаңы шарттарга оңой ыңгайлаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын евразиялык интеграциялоо жолунда пайда болгон бардык маселелерди оперативдүү чечүү үчүн өлкөлөрдүн ЕАЭБге кошулуу маселелери боюнча оперативдүү штаб түзүлдү.
IV. 2015-жылга күтүлүүчү макроэкономикалык көрсөткүчтөр
2015-жылы өлкөнү экономикалык өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында (мындан ары - ТӨУС) түптөлгөн багыттардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуу шарттарында түзүлөт.
Экономикалык саясаттын негизги максаты макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана экономиканын бардык секторлорунда экономикалык өсүштүн оң динамикасын камсыз кылуу болуп саналат, аларга жетүү үчүн улуттук экономиканы чыңдоо боюнча 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планы активдүү түрдө жүзөгө ашырылат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-февралындагы № 78 токтому). Бул планга кризиске каршы иш-чаралар, улуттук экономиканы чыңдоо боюнча иш-чаралар кирди, алар бизнес-чөйрөсүн жакшыртууга, экономикага инвестицияларды тартууга, ЕАЭБдин алкагында улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө, экономиканын стратегиялык тармактарын өнүктүрүүгө, региондорду өнүктүрүүгө багытталган.
Туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн Өкмөттүн иш-аракеттери ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну улантууга багытталат, экспорттук дараметти күчөтүү максатында 2013-2017-жылдардын мезгилинде ТӨУСту аткаруу максатында даярдалган 2015-2017-жылдарда Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн планын ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлөт (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-мартындагы № 174 токтому), ал өлкөнүн экспорттук дараметин кеңейтүү боюнча "жол картасы" катары колдонулат. Мындан тышкары, "Экспортко багытталган өндүрүштөрдү каржылоо" долбоорун ишке киргизүү пландалууда.
2015-жылы күтүлгөн көрсөткүчтөрдү түзүү негизине төмөнкүдөй негизги өбөлгөлөр киргизилген:
- Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөш-өлкөлөрүнүн экономикасынын өсүшүнүн басаңдашы (негизги соода өнөктөш-өлкөлөрдөгү күтүлүүчү экономикалык өсүштүн маанилеринин жакшыруусу (2015-жылдын 11-июнунда кайрадан каралып чыкты): Россияда 0,2 п.п. жогору (97,0%дан 97,2 %га чейин), Казакстанда 0,4 п.п. жогору (101,5%дан 101,9 % чейин);
- өлкөнүн айыл чарбасын жана энергетикасын өнүктүрүүгө жаратылыш-климаттык шарттардын таасири;
- ТӨУСтө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программада түптөлгөн ири инвестициялык долбоорлорду жана чараларды жүзөгө ашыруу;
- мамлекеттик бюджеттин эсебинен 2015-жылдагы капиталдык салымдардын көбөйүшү (жолдорду, социалдык объекттерди курууга);
- азыркы учурда иштеген жана жаңыдан киргизилип жаткан ишканалардын күтүлгөн стабилдүү ишинин көлөмүнүн өсүшү;
- "Петроль Компани "Джунда" МКЗ мунай продуктуларын, Кумтөр кенин иштетүү боюнча өндүрүш көлөмүнүн такталышы;
- Бозымчак жез-алтын кенин ишке киргизүүгө (2015-жылдын 1-августу) жана Талды-Булак сол жээк алтын кенинде өндүрүштү баштоого (2015-жылдын 29-июлу) байланыштуу өндүрүүнүн көлөмүн тактоо;
- текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн көлөмүнүн азаюусу;
- керектөө суроо-талабынын төмөндөшү (жеке адамдардын акча которууларынын агымынын басаңдашынан (2015-жылдын I жарымында төмөндөө 25,4%ды түздү) жана калктын чогулткан акчаларынын. азайышынан улам);
- кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө орточо өсүш (ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан бажы контролунун катаалданышынан улам сооданын реалдуу көлөмү жай темп менен өсөт (товарлардын реэкспортун кыскартуу);
- акча сунуштоонун кыскарышы, коммерциялык банктар берген насыялардын көлөмүнүн төмөндөшү;
- 2015-жылдын августунан баштап кыргыз-казак чек-арасынын ачылышы;
- ЕАЭБге кошулууга байланыштуу тышкы экономикалык иштин шарттарынын өзгөрүшү;
- сомго карата чет өлкөлүк валюталардын алмашуу курсунун өзгөрүшү;
- капиталдын чыгышы;
- инфляциянын деңгээлинин жай өсүшү.
Ушул өбөлгөлөрдүн бардыгы 2015-жылы жана келерки жылдары макроэкономикалык көрсөткүчтөргө түздөн-түз таасир тийгизет.
Натыйжада, 2015-жылы экономикалык өсүш 3,1% деңгээлинде, ал эми Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда – 4,5% деңгээлинде күтүлүүдө. 2015-жылы ИДПнын номиналдуу көлөмү 437,8 млрд. сом суммасында күтүлүүдө.
2015-жылы негизги күтүлгөн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр төмөнкүдөй жол менен түзүлөт:
7-таблица
ИДПны түзүүчү секторлор боюнча түзүм жана өсүү темптери(13)
| 2014-жыл, алдын ала иш жүзүндө | 2015-жыл, күтүлүүдө | ||||||
Алдын ала иш жүзүндө млн. сом | Өсүү темпи, % | ИДПга карата % менен | ИДПнын өсүшүнө салымдын үлүшү п.п. | Күтүлгөнү млн. сом | Өсүү темпи, % | ИДПга карата % менен | ИДПнын өсүшүнө салымдын үлүшү п.п. | |
ИДП | 397277,1 | 103,6 | 100,0 | 3,6 | 437772,7 | 103,1 | 100,0 | 3,1 |
Айыл чарба | 58888,7 | 99,4 | 14,8 | -0,1 | 63720,6 | 102,0 | 14,6 | 0,30 |
Өнөр жай | 61741,3 | 98,3 | 15,6 | -0,3 | 64559,5 | 100,0 | 14,7 | -0,01 |
Курулуш | 29461,1 | 124,9 | 7,4 | 1,6 | 34633,6 | 111,8 | 7,9 | 0,88 |
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү | 191139,3 | 104,1 | 48,1 | 1,9 | 213094,4 | 103,1 | 48,7 | 1,49 |
Продуктуга жана импортко таза салыктар | 56046,7 | 103,6 | 14,1 | 0,5 | 61764,5 | 103,1 | 14,1 | 0,48 |
3,1% деңгээлинде күтүлгөн экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлорунун ИДПга болгон оң салымы менен камсыздалат, анын ичинде: (1) айыл чарба өндүрүшү - 2,0%га; (2) курулуш сектору - 11,8%га; (3) кызмат көрсөтүүлөр сектору - 3,1%га. Көбүрөөк салым кызмат көрсөтүүлөр сектору (1,49 пайыздык пункт) тарабынан камсыздалат, ал эми курулуш (0,88 пайыздык пункт) жана айыл чарбасынын салымдары (0,30 пайыздык пункт) орточо болот.
Экономиканын негизги секторлорунда 2015-жылы күтүлүүчү көрсөткүчтөр төмөнкүдөй:
(1) айыл чарбасында 2015-жылы реалдуу өсүү темпи өсүмдүк өстүрүүчүлүктө 2,1%га жана мал чарбасында - 2,0%га өсүштүн эсебинен 2% деңгээлинде күтүлөт. ИДПнын жалпы көлөмүндө салыштырма салмагы 14,6%ды түзөт, ал эми ИДПнын өсүшүнө салым - 0,3 пайыздык пунктту түзөт.
Айыл чарбасында күтүлүүчү көрсөткүчтөрдүн негизине төмөнкүдөй өбөлгөлөр түптөлгөн:
- дан өсүмдүктөрүнүн түшүмүн көбөйтүү;
- ири мүйүздүү малдын башын көбөйтүү;
- айдоо аянттарынын түзүмүн жакшыртуу;
- "Айыл чарбаны каржылоо" программасы боюнча мурда берилген жеңилдетилген насыялардан натыйжа жана 2015-жылы айыл чарба өндүрүшүн насыялоону улантуу (2011-2014-жылдары 9,7 млрд. сом суммасына насыялык каражаттар берилген, 2015-жылдын 6-августуна карата "Айыл чарбасын каржылоо-3" долбоорун ишке ашыруу алкагында жалпы суммасы 2,941 млрд. сомго 7712 жеңилдетилген насыялар берилди, анын ичинде мал чарбасын өнүктүрүүгө - 2316,1 млн. сом, өсүмдүк өстүрүүчүлүккө - 323,3 млн. сом, кайра иштетүү өндүрүшүнө - 302,4 млн. сом). Айыл чарбасын каржылоодон натыйжа 0,12 п.п. түзүүсү күтүлөт (жалпы таанылган ченемдик көрсөткүчтөр боюнча);
- жагымдуу жаратылыш-климаттык шарттардын таасири.
(2) Өнөр-жай секторунда(14) 2015-жылдын ичинде төмөнкүлөрдүн эсебинен өнүгүүнүн оң динамикасы күтүлүүдө жана физикалык көлөм 100%:
- Кумтөр кенин иштеткен мекемелердин туруктуу иштеши, анда негизги металлдарды өндүрүүнүн көлөмү 488,0 миң унцияны түзөт (мурда эсепке 480,0 миң унция алынган). "Кумтор Голд компани" ЖАК 2015-жылга жаңы техникалык отчётуна ылайык 2015-жылга жана орто мөөнөткө 2014-жылга салыштырмалуу өндүрүү көлөмү Кумтөр кенинде (2013-жылдын аягынан баштап 1,6 млн. унцийге, 2014-жылда кайра иштеткенден кийин эсепте рудада 731 миң унций) мурда такталган жана болжолдонгон алтындын запасынын азайгандыгына байланыштуу азайтылган, анын негизги себептери болуп 2014-жылдын өндүрүштүк көрсөткүчтөрүн тактоодо, запасты эсептөөнүн жаңы блоктук моделин киргизүү, Борбордук карьердин долбооруна, карьер ичинин отвалын куруу, карьердин кээ бир жактарын тегиздөөнү эске алуу менен өзгөртүүлөрдү киргизүү эсептелет. Мындан тышкары өндүрүүнү баштаганга мүмкүндүк бербеген Сары-Төр участкасындагы геотехникалык көйгөйлөрдүн бардыгы үчүн мурда болжолдонгон 520,0 миң унциянын көлөмү азайтылган;
- "Петроль Компани "Джунда" НКЗ такталган көлөмүнүн эсебинен мунай продуктуларын өндүрүүнүн көлөмү көбөйтүлгөн;
- Бозымчак жез-алтын кенин ишке киргизүүгө (2015-жылдын 1-августу) жана Талды-Булак сол жээк алтын кенинде өндүрүштү баштоого (2015-жылдын 29-июлу) байланыштуу мурда болжолдонгон өндүрүүнүн көлөмүн тактоо менен металл рудаларды өндүрүү 5 эсеге көбөйтүлдү;
- көмүр өндүрүү мекемелеринде жана курулуш материалдарын чыгаруу мекемелеринде өндүрүштүн пландаштырылган көлөмүн камсыз кылуу;
- токтоп турган ишканаларды жандандыруу боюнча иш жүргүзүү, банкрот, структуралык кайра түзүү ж.б. процедураларды колдонуу менен чарбалык субъекттерди жандандыруу;
- Россия, Казакстан рынокторунда керектөө суроо-талабынын азайышынан улам текстиль-тигүү өндүрүшүнүн көлөмүнүн кыскарышы;
- Токтогул суу сактагычына суунун аз келишинен улам электр энергиясын иштеп чыгуунун төмөндөшү. 2015-жылы Тажикстан Республикасынан жана Казакстан Республикасынан 1500 млн. кВт саат көлөмүндө электр энергиясын импорттоо пландалган. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы өкмөттөр аралык келишимдерди аткаруу максатында 400 млн. кВтс чейин көлөмдө электр энергиясын товардык алмашуу каралган (бул көлөм экспорт жана импорт боюнча көрсөткүчтөргө киргизилген).
Натыйжада өнөр жай секторунун ИДПнын өсүшүнө болгон номиналдык салымы күтүлүүдө, ал ИДПнын жалпы көлөмүнө 14,8% салыштырма салмагы менен (-)0,01 пайыздык пунктту түзөт. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, өнөр жайлык өндүрүштүн өсүшү 11,3% деңгээлинде таш көмүр жана күрөң көмүр (лигнит) казуу, чийки мунайзат жана жаратылыш газын өндүрүү, металл кендерин казуу; тамак-аш азыктарын, курулуш материалдарын, мунай заттарын, электр жабдууларын, фармацевтика товарларын өндүрүү боюнча ишканалардын туруктуу иштеринин эсебинен күтүлүүдө.
(3) Курулуш секторунда 2015-жылы капиталдык салымдардын жалпы көлөмүнүн өсүшү күтүлүүдө жана 126,1 млрд. сомду түзөт (мурунку 123,5 млрд. сомдун ордуна).
Капиталдык салымдардын өсүшү мурда 2015-жылдын бекитилген бюджетинде "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча чыгымдарга 2700 млн. сом көлөмүндөгү каражат каралгандыгы менен шартталат. "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 11-июлундагы № 151 Мыйзамына ылайык бюджетти тактоодо бул сумма 2800,2 млн. сомго көбөйтүлгөн. Ошентип, быйылкы жылга такталган бюджеттин долбоорунда мамлекеттик капиталдык салымдардын жалпы көлөмү 5500,2 млн. сомду түздү, же болбосо мурункуга караганда 2 эсеге көбүрөөк.
Чыгымдардын көбөйүшү "Бишкек-"Манас" эл аралык аэропорту" автомобиль жолун, республиканын шаарларынын жана облустук борборлорунун көчөлөрүн реконструкциялоо менен байланышкан. Ошондой эле кошумча каражаттардын эсебинен Баткен областынын чек арага чектеш райондорунда автомобиль жолдору жана Исфана шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчылары үчүн көп квартиралуу үй курулат, андан тышкары башка социалдык маанидеги маселелер чечилет.
Алгачкы бекитилген "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча сметанын өсүшү болду, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык "Бишкек - "Манас" эл аралык аэропорту автомобиль жолун реконструкциялоого 1084,8 млн. сом көлөмүндө сумма каралган, анын ичинде 2015-жылы 584,8 млн. сом, 2016-жылга 500,0 млн. сом;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык республиканын шаарларынын жана облустук борборлорунун көчөлөрүн реконструкциялоого 850,0 млн. сом;
- 2015-жылдын 15-майындагы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринде өткөрүлгөн жыйындын № 18-50 протоколуна ылайык 2015-жылы эксплуатацияга киргизе турган объекттерди бүтүрүү үчүн 500,0 млн. сом.
Экономиканы капиталдаштыруунун пландалган көлөмүнөн улам 2015-жылга курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмүнүн реалдуу өсүшү 11,8%га (7,8%дын ордуна) күтүлүүдө жана 113,9 млрд. сомду түзөт. Курулуш секторунун экономикалык өсүшкө таасири оң болот жана 0,88 пайыздык пункту түзөт, ИДПны өндүрүүнүн түзүмүндө курулуштун салыштырма салмагы - 7,9 %.
(4) Кызмат көрсөтүү чөйрөсү мурдагыдай эле ИДПнын түзүмүндө үстөмдүк кылуучу үлүштү ээлейт (48,6%), мында 3,2%га реалдуу жогорулоо күтүлүүдө, ал сооданын 5,1%га, транспорт кызмат көрсөтүүлөрүнүн - 4,5%га жана мейманканалар менен ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн - 6,5%га өсүшүнүн эсебинен камсыздалат. ИДПны түзүүгө кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн оң салымы 1,49 пайыздык пунктту түзөт.
2015-жылы керектөө бааларынын индексинин динамикасы ар тараптуу факторлор менен аныкталат (чет өлкөлүк валюталарга карата улуттук валютанын алмашуу курсунун өзгөрмөлүүлүгү, дүйнөлүк баалардын азык-түлүккө таасири, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусуна байланыштуу калктын инфляциялык күтүүлөрү, тарифтик саясаттын өзгөрүшү ж.б.), бирок бир орундуу сандын чегинде күтүлүүдө.
Негизги соода өнөктөш-өлкөлөрдө экономиканы өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын экономикасына түздөн-түз таасирин тийгизет, ошондуктан өлкөдө инфляциянын деңгээли рыноктун тышкы конъюнктурасынын өркүндөө же начарлоо таасиринен көз каранды болот. Инфляциянын деңгээлинин өсүшү Россия Федерациясында 11,6-11,9%га чейин, Казакстан Республикасында - 6,0-8,0% коридорунда, Беларусь Республикасында - 15,0-18,0%га чейин, Арменияда - 2,5-5,5%га чейин күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасы импортко көз каранды өлкө болуп саналат жана азык-түлүк (керектөө себетинде 48,2%ды ээлейт) жана азык-түлүк эмес товарлардын (салыштырма салмагы - 29,0%) көпчүлүк бөлүгү негизги соода өнөктөш-өлкөлөрдөн чет өлкөлүк валютада алынып келет, бул баалардын өсүшүн шарттайт жана дем берет, ал алмашуу курсунун өзгөрүүлөрүнө, ошондой эле азык-түлүк товарларына жана импортко баалардын өсүшүнө көз каранды болот (ЕАЭБге кошулууга байланыштуу чек араларды ачуу менен ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттеринин бааларына биздин бааларды теңдөө процесси башталат).
Бирок инфляцияга кармап туруучу таасирди продуктулардын негизги түрлөрү боюнча эл аралык уюмдардын жагымдуу болжолдору тийгизет, алар инфляцияга айрыкча таасир тийгизген азык-түлүк товарларына карата керектөө бааларынын динамикасына оң таасирин тийгизет.
Дан боюнча Эл аралык кеңештин маалыматтары боюнча Казакстанда дандын түшүмү 16,5 млн. тоннаны түзөт. Мында алгачкы запастар - 3,1 млн. тоннаны түзөт, сунуштун жалпы көлөмү - 19,8 млн. тоннаны түзөт. Дандын экспортунун болжолу - 6,9 млн. тонна деңгээлинде болжолдонот. Россия Федерациясында жакшы дан түшүмү күтүлүүдө, Эл аралык кеңештин болжолу боюнча 2015-жылы дандын болжолу 90,3 млн. тоннаны түзөт. 2015-2016-жылдарда Россия Федерациясы 28,9 млн. тонна данды экспорттошу мүмкүн.
Валюта рыногунда спекулятивдик операцияларды болтурбоо жана керектөө товарларынын наркына алмашуу курсунун таасирин болтурбоо максатында алмашуу курсунун кескин өзгөрүүлөрүн жоюу, товарларга, кызмат көрсөтүүлөргө жана КММге баалардын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча 2015-жылга иш-чаралар планы кабыл алынган (2015-жылдын 14-январы), аны ишке ашыруу керектөө бааларынын өсүү темпин кармап турууга мүмкүндүк берет, мында негизги чаралар болуп төмөнкүлөр саналат:
- сомдун алмашуу курсунун кескин өзгөрүүлөрүн жоюу максатында валюталык интервенцияларды жүргүзүү;
- алмашуу бюролоруна текшерүүлөрдү жүргүзүү, айрыкча банктык эмес сектордо;
- товардык интервенцияларды жүргүзүү;
- накталай валютаны алып чыгууну көзөмөлдөө;
- милдеттүү резервдердин ченемдерин жөнгө салуу;
- валюталар курсуна күчөтүлгөн мониторинг жана рыноктук баа түзүү процессине контроль;
- социалдык маанилүү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата баалардын мониторинги (ун, нан, эт, сүт, май, кант, КММ ж.б.);
- экономиканын экспортко багытталган тармактарын насыялоо механизмин киргизүү;
- капиталдын чыгышын төмөндөтүү үчүн жагымдуу инвестициялык климатты жакшыртуу;
- Кыргыз Республикасынын төлөм балансына талдоо жүргүзүү жана импортту алмаштырууга дем берүү боюнча сунуштарды даярдоо;
- экономиканын тармактарынын түзүмүн өркүндөтүү (экономиканы диверсификациялоо);
- айыл чарба рынокторун жана "дем алыш күн" жарманкесин өнүктүрүүнүн комплекстүү планын иштеп чыгуу;
- ЖМКда кеңири чагылдыруу (туруктуу теле жана радио берүүлөрдү, пресс-конференцияларды уюштуруу);
- жумушчу жолугушууларды, "тегерек столдорду", бизнес-ассоциациялар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү (мунайтрейдерлер ассоциациясы, жеткирип берүүчүлөр ассоциациясы ж.б.).
Алмаштыруу курсунун өзгөрүүлөрүн жолго коюу максатында, зарыл учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу жана сатуу боюнча валюталык интервенциялар жүргүзүлүп турат.
Региондор боюнча 2015-жылы ИДПны өндүрүүнүн негизги үлүшү Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында 77,6%дык салыштырма салмагы менен экономиканын иштешинин эсебинен камсыздалат, алардын республиканын ИДПсында суммалык салымы 2,27%ды түздү. Жалал-Абад (11,3%) жана Ысык-Көл (10,7%) облустарында ИДПны өндүрүүнүн жалпы көлөмүндөгү олуттуу үлүштөрү Жалал-Абад облусунун аймагында республикада өндүрүлгөн электр энергиясынын 90,0%га жакыны өндүрүлгөндүгү менен байланышкан, ал эми Ысык-Көл облусунун аймагында Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканалар жайгашкан.
ИДПнын калган бөлүгү эң аз салымдары менен 0,79%дын деңгээлинде Ош, Баткен, Нарын, Талас облустарынын жана Ош шаарынын ортосунда бөлүштүрүлгөн.
8-таблица
ИДПны өндүрүүдө региондордун салымы
Көрсөткүчтөр | 2014-жыл, алдын ала иш жүзүндө | 2015-жыл, күтүлүүдө | ||||
млн. сом | өсүү темпи, % | млн. сом | өсүү темпи, % | ИДПга карата % менен | ИДПнын өсүшүнө салым, п.п. | |
ИДП (Республика) | 397277,1 | 103,6 | 437772,7 | 103,1 | 100,0 | 3,1 |
Баткен облусу | 15666,8 | 96,2 | 16673,2 | 100,4 | 3,81 | 0,02 |
Жалал-Абад облусу | 44672,9 | 107,7 | 49515,9 | 103,3 | 11,31 | 0,37 |
Ысык-Көл облусу | 48557,0 | 97,4 | 47023,4 | 96,9 | 10,74 | -0,38 |
Нарын облусу | 11787,7 | 100,3 | 13178,2 | 103,9 | 3,01 | 0,12 |
Ош облусу | 29722,3 | 101,2 | 33547,4 | 104,8 | 7,66 | 0,36 |
Талас облусу | 12408,3 | 101,6 | 13645,7 | 102,3 | 3,12 | 0,07 |
Чүй облусу | 53834,8 | 105,0 | 59780,7 | 103,9 | 13,66 | 0,53 |
Бишкек ш. | 161956,3 | 106,3 | 183510 | 104,3 | 41,92 | 1,75 |
Ош ш. | 18671,1 | 101,2 | 20898,2 | 104,9 | 4,77 | 0,23 |
2015-жылы экономиканы өнүктүрүүнүн күтүлгөн параметрлерине карата жашоо деңгээлин мүнөздөгөн негизги социалдык көрсөткүчтөр төмөнкүдөй түзүлөт:
- калктын жан башына ИДПнын көлөмү 2015-жылы 7,9%га жогорулайт жана 76,8 миң сом көлөмүндө күтүлөт;
- калктын акчалай кирешеси номиналдуу түрдө 11,9%га, ал эми керектөө бааларынын күтүлүүчү өсүшүн эске алуу менен акчалай кирешенин өсүшүнүн реалдуу темпи - 4,4%га өсүшү күтүлүүдө;
- акчалай кирешелер түзүмүндө "айлык акынын" өсүшү күтүлүүдө, мында орто айлык номиналдуу өлчөмү 8,3%га чейин, ал эми реалдуу өсүш - 1,0%га өсөт. Орточо айлык пенсиянын номиналдуу өлчөмү 3,0%га жогорулайт, ал эми анын реалдуу көлөмү 3,9%га төмөндөйт;
- экономикада жумуш орундарын түзүү жана жумуштуулардын санынын өсүшү эмгек рыногунда суроо-талап менен сунушту аныктоого багытталган калкты иш менен камсыздоо жаатындагы саясат чараларынын; жумушсуз жарандарды кесиптик даярдоо жана кайра даярдоону өркүндөтүүнүн; микро насыяларды берүү аркылуу жумуш орундарын түзүү боюнча активдүү чаралардын эсебинен күтүлүүдө.
V. 2016-жылга макроэкономикалык болжол
1. Макроэкономикалык саясат
2016-жылда экономикалык саясаттын башкы максаты болуп макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана экономикалык өсүштүн туруктуу темптерине чыгуу үчүн экономиканын бардык секторлорунда экономикалык өсүүнүн оң динамикасын камсыздоо саналат.
2016-жылда макроэкономикалык саясатты иштеп чыгуунун негизине төмөнкүдөй өбөлгөлөр жана шарттар киргизилди;
таасир этүүнүн жагымдуу тышкы факторлору:
- региондо жана негизги соода өнөктөштөр-өлкөлөрдө саясий туруктуулук;
- дүйнөлүк экономиканын акырындык менен жакшырышы (экономиканын болжолдонгон өсүшү 3,9%га чейин);
- коңшу мамлекеттерде - Россияда (2,3%)(15), Казакстанда (4,1%)(16), Кытайда (6,3%)(17) экономиканын болжолдонгон өсүшү;
- Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөш-өлкөлөрүндө инфляциянын болжолдонгон орточо өсүшү: Россияда - (7,0%), Казакстанда - (5,0%), Кытайда - (1,5%);
- Шанхай кызматташтык уюмунун, КМШнын алкагында тышкы экономикалык кызматташууну кеңейтүү, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге жана ДСУга мүчөлүгүн активдүү пайдалануу, эл аралык экономикалык жана финансылык уюмдар менен кызматташууну тереңдетүү;
- ЕАЭБге кошулуунун натыйжасында керектүү материалдык-техникалык ресурстарды; айыл чарба машиналарын жана жабдууларды, минералдык жер семирткичтерди жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу үчүн жеткиликтүүлүктү кеңейтүү;
таасир этүүнүн жагымсыз тышкы факторлору:
- дүйнөлүк экономиканын туруксуздугунун сакталышы;
- ички рыноктун товарлардын азык-түлүк тобунун, КММ импортунан көз карандылыгы (ун, суюк май, кант, крупалар ж.б.);
- алтынга болгон дүйнөлүк баалардын өзгөрмөлүүлүгү;
- ЕАЭБге кошулуу шарттарында экономиканын иштеши (ЕАЭБдин шарттарынын таасиринин эсебинен дүң рыноктордун, челнок соодасынын соода активдүүлүгүнүн кыскарышы, ал өз кезегинде, кыска мөөнөттүү мезгилде жумуштуулукка олуттуу таасир тийгизет; Кыргыз Республикасындагы баалар деңгээлин россиялык жана казакстандык баалардын деңгээлине теңдөө айрым бир инфляциялык кысымга жана баалардын өсүшүнө алып келет).
таасир этүүнүн жагымдуу ички факторлору:
- акча-насыялык саясаттын куралдары менен алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн кармап туруу;
- мурда берилген жеңилдетилген насыялардан натыйжа;
- Кыргыз Республикасында айыл чарбалык каттоону өткөрүү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854 токтому), ал агрардык тармактын кошумча резервдерин табууга мүмкүндүк түзөт;
- иштеп жаткан ишканалардын стабилдүү иши жана ишке киргизилген ишканалардын көлөмүн көбөйтүү;
- айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыяларды берүүнү улантуу;
- 2013-2017-жылдарда Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программага ылайык ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу;
- ишкердик жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- калкты жумуш менен камсыздоого көмөк көрсөтүү, микро насыяларды берүү аркылуу жаңы жумуш орундарын түзүү;
таасир этүүнүн жагымсыз ички факторлору:
- азык-түлүк товарларына баанын өсүшүнүн эсебинен инфляциянын деңгээлинин жогорулашынын тобокелдиги;
- импорттолгон товарлардын өздүк наркынын жогорулашынын натыйжасында ички соодада реалдуу өсүштүн жай темптеринен улам кызмат көрсөтүү көлөмүнүн жай өсүшү.
Келтирилген тышкы жана ички өбөлгөлөргө жана өнүктүрүү шарттарына карата жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык 2016-жылга негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болжолдонууда:
9-таблица
ИДПны түзүүчү секторлордун түзүмү жана өсүү темпи(18)
| 2015-жыл. | 2016-жыл | ||||||
Күтүлгөнү (млн. сом) | Өсүү темпи, % | ИДПга карата % менен | ИДПнын өсүшүнө салымдын үлүшү, п.п. | Болжол (млн. сом) | Өсүү темпи, % | ИДПга карата % менен | ИДПнын өсүшүнө салымдын үлүшү, п.п. | |
ИДП | 437772,7 | 103,1 | 100,0 | 3,1 | 501582,5 | 105,2 | 100,0 | 5,2 |
Айыл чарба | 63720,6 | 102,0 | 14,6 | 0,30 | 71582,8 | 102,5 | 14,3 | 0,36 |
Өнөр жай | 64559,5 | 100,0 | 14,7 | -0,01 | 72027,4 | 109,6 | 14,4 | 1,41 |
Курулуш | 34633,6 | 111,8 | 7,9 | 0,88 | 42284,5 | 112,1 | 8,4 | 0,96 |
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү | 213094,4 | 103,1 | 48,7 | 1,49 | 245194,4 | 103,8 | 48,9 | 1,73 |
Продуктуга жана импортко таза салыктар | 61764,5 | 103,1 | 14,1 | 0,48 | 70493,5 | 105,2 | 14,1 | 0,74 |
ИДПнын номиналдуу көлөмү 501,6 млрд. сом суммасында, ал эми өсүштүн реалдуу темпи - 105,2%, дефлятор - 108,9% болжолдонууда.
5,2% деңгээлинде болжолдонгон экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлорунун ИДПга болгон салымы менен камсыздалат. Мында эң чоң салым кызмат көрсөтүү сектору - 1,73 пайыздык пункт, курулуш - 0,96 пайыздык пункт, өнөр жай - 1,41 пайыздык пункт менен камсыз кылынат, алардын суммалык салымы 4,1 пайыздык пунктту түзөт, ал эми айыл чарбасынын (0,36 пайыздык пункт) салымы минималдуу болот.
Региондор боюнча 2016-жылы ИДПны өндүрүүнүн негизги үлүшү Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында 78,08%дык салыштырма салмагы менен экономиканын иштешинин эсебинен камсыз кылынат, алардын республиканын ИДПсына суммалык салымы 4,39%ды түзөт.
ИДПны өндүрүүнүн калган бөлүгү эң аз салымдары менен 0,85%дын деңгээлинде Ош, Баткен, Нарын, Талас облустарынын жана Ош шаарынын ортосунда бөлүштүрүлгөн.
10-таблица
ИДПны өндүрүүдө региондордун салымы
Көрсөткүчтөр | 2015-жыл, күтүл. | 2016-жыл, болжол | ||||
(млн. сом) | өсүү темпи, (%) | (млн. сом) | өсүү темпи, (%) | ИДПга карата % менен | ИДПнын өсүшүнө салым, % | |
ИДП (Республика) | 437772,7 | 103,1 | 501582,5 | 105,2 | 100 | 5,2 |
Баткен облусу | 16673,2 | 100,4 | 18288,4 | 102,8 | 3,65 | 0,11 |
Жалал-Абад облусу | 49515,9 | 103,3 | 55993,6 | 104,9 | 11,16 | 0,55 |
Ысык-Көл облусу | 47023,4 | 96,9 | 52596,8 | 108,7 | 10,49 | 0,93 |
Нарын облусу | 13178,2 | 103,9 | 14827,4 | 103,7 | 2,96 | 0,11 |
Ош облусу | 33547,4 | 104,8 | 38032,6 | 104,2 | 7,58 | 0,32 |
Талас облусу | 13645,7 | 102,3 | 15280,1 | 103,3 | 3,05 | 0,10 |
Чүй облусу | 59780,7 | 103,9 | 69778,4 | 106,5 | 13,91 | 0,89 |
Бишкек шаары | 183510 | 104,3 | 213243,9 | 104,8 | 42,51 | 2,01 |
Ош шаары | 20898,2 | 104,9 | 23541,3 | 104,4 | 4,69 | 0,21 |
Мында белгилей кетчү нерсе, 2015-жылы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн күтүлгөн көрсөткүчтөрүн төмөндөтүүгө/өсүүгө багытталган жаңы факторлордун пайда болушу менен экономикада иш жүзүндө түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен 2016-жылга болжолдонгон макроэкономикалык көрсөткүчтөр түзөтүлөт.
2. Акча-насыялык саясат. Керектөө бааларынын индекси
Тийиштүү акча-насыялык саясатты жүргүзүү аркылуу орто мөөнөттүү мезгилде баалардын туруктуулугуна жетишүү жана аларды сактоо "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иш максаты болуп саналат. Акча-насыялык саясатты иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу ТӨУСтө белгиленген милдеттерди аткарууга багытталат.
Кыргыз Республикасы чакан ачык экономика болуп саналгандыгын, ошондой эле өлкөнүн импортко болгон жогорку көз карандылыгын, өлкөдөгү макроэкономикалык кырдаалдын туруксуз мүнөзүн эске алганда баа динамикасы өзгөрүүлөрдүн чоң таасирине дуушар болот, алар монетардык эмес мүнөздөгү тобокелдиктин ички жана тышкы факторлорунун таасири менен пайда болушу мүмкүн. Мындай тобокелдиктер пайда болгон учурларда бул инфляциянын сандык багыттан туруктуу алысташына алып келет, акча-насыялык саясаттын чаралары инфляцияны сандык багытка кайтарууга багытталат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы орто мөөнөттүү мезгилге Акча-насыялык саясаттын негизги багыттарынын алкагында акча-насыялык саясатты жүргүзөт(19). Акча-насыялык саясаттын аралык көрсөткүчү катарында КРУБдун эсептик коюму (саясаттын коюму) болот, ал акча рыногунда каражаттардын наркынын багыты болуп саналат. Акча-насыялык саясаттын операциялык багыты болуп акча рыногунун пайыздык коюмдары. саналат. КРУБ эсептик коюмдун тегерегинде пайыздык коюмдар коридорунун маанисин аныктайт. Коюмдар коридорунун төмөнкү деңгээли катары КРУБдун акча-насыялык куралдары боюнча "овернайт" депозити" коюму, жогорку деңгээли катары - КРУБдун акча-насыялык куралдары боюнча "овернайт" насыя" коюму колдонулат. Коюмдар коридорунун төмөнкү жана жогорку деңгээлдеринин маанилери акча рыногунун катышуучулары үчүн коюмдардын чектеринин индикаторлору катары кызмат кылат, бул акча рыногунда пайыздык коридордун чегиндеги коюмдар боюнча бүтүмдөрдү түзүүгө мүмкүндүк берет.
Акча-насыялык саясатты ишке ашырууда КРУБ акча-насыялык саясаттын куралдарынын бардык спектрин колдонот. Зарылдыгына жараша, болгон куралдар өркүндөтүлөт жана жаңы куралдар колдонууга киргизилет.
КРУБ өзгөрүлмө алмашуу курсунун кабыл алынган шарттамын сактоону улантат. Валюталык интервенциялар алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө максатында гана жүргүзүлөт. Эл аралык резервдерди башкаруу ликвиддүүлүктү сактоонун жана резервдин активдердин коопсуздугун камсыздоонун негизги принциптерин эске алуу менен ишке ашырылат. Тышкы рынокто чет элдик валюталардын курсунун өзгөрүүлөрүнүн таасирин төмөндөтүү, КРУБдун резервдик активдеринин наркынын начарлоо тобокелдигин диверсификациялоо, алтын валюталык резервди топтоо максатында КРУБ алтынды ички рынокто улуттук валютага сатып алууну жүргүзөт.
3. Салык саясаты
Салык саясатынын негизги багыттары ТӨУСтө каралган чараларды ишке ашырууну улантуу болот: (1) салыктарды толук чогултууну камсыздоо; (2) салык жана бажы кызматтарын модернизациялоо; (3) салыктык отчёттуулук тутумун өркүндөтүү жана автоматташтыруу, отчёттордун санын кыскартуу жана аларды берүү мезгилдүүлүгүн тартипке келтирүү; (4) бажы декларацияларын электрондук түрдө берүү тутумун камтыган бажы кызматынын автоматташтырылган маалымат тутумун киргизүү боюнча иштерди улантуу.
Өндүрүштү диверсификациялоого, технологиялык жаңыртууга жана модернизациялоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдеги мүчөлүгүнүн алкагында экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган салык саясатынын дем берүүчү ролу сакталат.
Жогоруда белгиленген негизги багыттарды ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй чараларды ишке ашыруу болжолдонот:
1. Салыктык эмес төлөмдөрдү администрациялоо мамилелерин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында колдонулган мамилелерге максималдуу шайкеш келтирүү менен аларды классификациялоого бирдиктүү мамилелерди түзүү.
2. Бюджеттин кирешелерин жана чыгымдарын талдоону кошуу менен фискалдык саясаттын максаттары үчүн мамлекеттик статистикалык маалыматтарды түзүү жана берүү тутумун кайра карап чыгуу жана финансылык иш жөнүндө отчётту төлөөчү тарабынан бир мамлекеттик органга берүү мүмкүндүгүн караштыруу.
3. Ишкердик субъекттерин мамлекеттик каттоо тутумун кайра карап чыгуу, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын ишин өркүндөтүүнүн, ошондой эле жеке ишкерлерди каттоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүүнүн негизинде анын чачкындуулугун жана кайталанышын жокко чыгаруу.
4. Кошумча нарк салыгын (КНС) жана сатуудан салыктын кайталанышын жокко чыгаруу: КНСтин коюмун көтөрбөстөн, салык салынуучу жеткирүүлөр боюнча сатуудан салыкты толук алып салуу.
5. Контролдук (идентификациялык) белгилер боюнча маркалоо тутумун колдонуу менен алкоголдук жана тамеки продукцияларына акциз маркаларын киргизүү аркылуу товарлардын акциздик тобун каттоо, эсепке алуу жана контролдоо механизмин өзгөртүү. ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттеринде белгиленген алкоголдук жана тамеки продукцияларына карата акциздин ставкаларына этап менен жакындатуу максатында акциздин колдонуудагы коюмдарын кайра карап чыгуу.
6. Мүлктүн айрым түрлөрүнө (кыймылдуу жана кыймылсыз) коюмдарды жогорулатуу же жогорулатуучу коэффициенттерди колдонуу аркылуу ашкере байлыкка салык салуунун элементтерин киргизүү.
7. Кыргыз Республикасында болгон артыкчылыктарды максималдуу сактап калуу мүмкүндүгүн эске алуу менен ЕАЭБдин алкагында салыктык администрациялоого болгон мамилелерди жакындатуу жана шайкеш келтирүү.
4. Бюджеттик саясат
Бюджеттик саясаттын негизги максаты болуп бюджеттик туруктуулукка жетишүү, натыйжалуу жана ачык бюджеттик тутумду түзүү, мамлекеттик бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу, аны экономикалык өсүшкө дем берүүгө багыттоо, бюджеттик чыгымдардын натыйжалуулугун жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, мамлекеттик карыздын оптималдаштырылган түзүмүн түзүүнү эске алуу менен туруктуу өнүгүүгө өтүүнүн алкагында каржылоо керектөөлөрүн камсыздоо саналат.
Бюджеттик саясат төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттарга топтолот: (1) бюджеттик туруктуулукту камсыздоо; (2) мамлекеттик финансыларды башкаруу системасын реформалоону улантуу; (3) мамлекеттик тышкы карыздын туруктуулугун камсыздоо жана ички зайымдардын көлөмүн жогорулатуу.
Бюджеттик туруктуулукту камсыздоо боюнча артыкчылыктуу багыт төмөнкүдөй маселелерди чечүүгө багытталат: бюджеттин ресурстук дараметин жогорулатуу; мамлекеттик чыгымдарды оптималдаштыруу; бюджеттин тартыштыгын кыскартуу.
Аталган багыттарды ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй чаралар көрүлөт:
- бюджетти пландаштыруу процессин өркүндөтүү; социалдык багыттагы бюджеттен өнүктүрүү бюджетине өтүү; мамлекеттик чыгымдарды азайтуу жана тийиштүү финансылык негиздемеси жок жаңы чыгымдык демилгелерди кабыл алууну токтотуу;
- бюджет тартибин күчөтүү; "каражаттар боюнча жашоо" принцибине негизделген бюджеттин тең салмактуулугун камсыздоо; мамлекеттик чыгымдардын натыйжалуулугун контролдоону күчөтүү;
- бюджеттик каражаттарды колдонуу натыйжалуулугунун финансылык жана финансылык эмес көрсөткүчтөрүн аныктоо;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - ЖӨБО) киреше дараметин көбөйтүүгө жана чыгымдардын натыйжалуулугун жакшыртууга кызыкдарлыгын жогорулатуу; жергиликтүү бюджеттерди башкаруу боюнча ЖӨБОнун ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу; жергиликтүү бюджеттердин дотациялуулугун этап менен азайтуу;
- мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө электрондук тооруктарды өткөрүү жана электрондук сатып алуулар тутумун бюджеттик процесске интеграциялоо;
- эки тараптуу тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча иштерди жүргүзүү; Кыргыз Республикасынын эки тараптуу карызы менен конверсиялык операциялар механизмин демилгелөө;
- карыздардын жеңилдетилишинин (грант-элемент) 35% минималдык деңгээлин сактоодо мамлекеттик жаңы тышкы карыздарды тартуу; ИДПнын 60% ашпаган тышкы карыздын жылдык калдыгын сактоону эсепке алуу менен кайра тартылуучу тышкы карыздын жылдык көлөмүн чектөө;
- ички рыноктогу мамлекеттик карыз алуулар баа түзүүнүн рыноктук механизмдери аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу эсебинен гана, тактап айтканда аукциондор аркылуу жүргүзүлөт.
5. Өнүгүү бюджети
Өнүгүү бюджетинин каражаттары мамлекеттик артыкчылыктуу жана социалдык-экономикалык маанилүү объекттерди өнүктүрүү үчүн колдонулат.
Мамлекеттик капиталдык салымдар региондорду жана республиканы туруктуу экономикалык өнүктүрүүгө багытталат.
Мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен каржылоону өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча негизги милдеттер төмөнкүлөр болот:
- орто мөөнөттүү мамлекеттик, тармактык (сектордук) жана региондук программаларды иштеп чыгуу баскычында инвестициялык сунуштарды түзүү;
- орто мөөнөттүү мамлекеттик, тармактык (сектордук) жана региондук программаларды макулдашуу баскычында баалоо жүргүзүү жана аларды баалоо боюнча оң корутундунун негизинде тандоо;
- тандалган инвестициялык сунуштарды бюджеттик инвестициялык долбоорлордун (программалардын) тизмегине пландаштырылган инвестициялык долбоорлор (программалар) катарында киргизүү, алар ишке ашыруу учурунан тартып, пландаштырылган мезгилдин экинчи же үчүнчү жылы киргизилет;
- инвестициялык сунуштарды түзүү жана тандоо этабында артыкчылыктуу бюджеттик инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизүү шартында бюджеттик инвестициялык долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу;
- колдонуудагы же иштелип жактан мамлекеттик, тармактык (сектордук) жана региондук программалардын негизинде артыкчылыктуу бюджеттик инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү;
- Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн орто мөөнөттүү планынын курамында үч жылдык мезгилге ар жыл сайын Артыкчылыктуу республикалык бюджеттик инвестициялык долбоорлордун тизмегин жана артыкчылыктуу жергиликтүү бюджеттик инвестициялык долбоорлордун тизмегинин долбоорлорун иштеп чыгуу, алар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди иштеп чыгууда өнүгүүнүн бюджеттик программаларын каржылоо көлөмүн жана тизмегин аныктоо бөлүгүнө негиз болот.
6. Инвестициялык саясат
Негизги соода өнөктөш-өлкөлөр менен бирдикте Кыргызстандын жаңы экономикалык уюмдарга катышуусунун алкагында соода шарттарынын олуттуу өзгөрүүлөрүн эске алганда рыноктун жагымдуулугу жогорулайт, буга байланыштуу инвестициялык мүмкүнчүлүктөр өнүгүү үчүн кеңири келечекке ээ болушат.
Туруктуулук, анын ичинде, саясий, укуктук, экономикалык жана социалдык туруктуулук инвестицияларды тартуу үчүн негиз салуучу фактор болуп саналат.
Инвестициялык саясат лицензиялардын, текшерүүлөрдүн, мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын санын кыскартуу аркылуу мамлекеттин бизнестин ишине кийлигишүүсүн минималдаштыруу менен өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына инвестицияларды тартууга багытталат. Акырындык менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери киргизилет жана өлкөнүн экономикасынын инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган сынамык долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда.
Инвестициялык саясат төмөнкү эки артыкчылыктуу багытка топтолот: (1) мамлекеттик инвестициялык саясаттын натыйжалуулугун арттыруу; (2) инвестицияларды тартуу жана колдоо механизмдерин өркүндөтүү.
Багыттарды илгерилетүү төмөнкү чараларды ишке ашырууну караштырат:
- инвестицияларды илгерилетүү боюнча түзүлгөн институттун статусун жогорулатуу, ал инвестициялар чөйрөсүндө координациялоочу орган катары чыгат;
- колдонуудагы жана пландаштырылган долбоорлордун келечектеги пайдасы жөнүндө жергиликтүү калкка маалымдоо;
- ата мекендик бизнес-түзүмдөрдү инвестицияларды ишке ашыруу процессине активдүү тартуу;
- бардык багыттар боюнча мыйзамдарды реформалоону улантуу;
- чет өлкөлүк чакан жана орто инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү боюнча активдештирүү.
Кыргызстанда адам ресурстарынын сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралар пландаштырылган. Адам ресурстарынын сапаты чет өлкөлүк инвестициялардын катышуусу менен долбоорлорду ишке ашырууда жаңы технологияларды пайдалануунун натыйжасында инвестицияларды тартууда мындан дагы көбүрөөк сынга алынат. Инвестицияларды тартуу саясаты адам капиталынын сапатын камсыздаган тутумдарга тийиштүү талаптарды коюусу керек. Ушуга байланыштуу жогору жана атайын орто билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган программалык документтерди шайкеш келтирүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу жумуш күчүн тартуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү зарыл.
Инвестициялык саясаттын жагымдуулугун камсыздоо түз чет элдик инвестициялардын көлөмүнүн жыл сайын өсүшүн камсыздоого, экономиканын экспортко багытталган тармактарына түз чет элдик инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет, калкты жумуш менен камсыздоо жана региондорду өнүктүрүү деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтөт.
Саясаттын ажырагыс бөлүктөрүнүн бири болуп бизнес жүргүзүү шарттарынын өзгөрүүсүнө же чет элдик инвесторлорго карата укук колдонуу практикасы менен болгон көйгөйлөргө оперативдүү жооп берүү максатында бизнес-ассоциациялар менен туруктуу диалог жүргүзүү саналат.
7. Инновациялык саясат
Инновациялык саясаттын негизги максаты болуп экономиканы өнүктүрүү жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн интеллектуалдык менчикти жана инновациялык ишти коргоонун натыйжалуу тутумун түзүү саналат.
2012-2016-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 593 токтому) чакан жана орто ишканалардын инновациялык ишин өнүктүрүүгө маалыматтык көмөк көрсөтүүгө, калктын ден соолугуна жана жашоосуна коркунуч келтирүүчү контрафакттык продукциянын таркатылышына каршы аракеттенүүгө, жаштардын жана мектеп окуучуларынын арасында ойлоп табуучулукту жана чыгармачылыкты колдоого, ошондой эле элдин салттык билимдерин сактоого багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштер улантылат.
Өлкөнүн болгон мүмкүнчүлүктөрүнө жараша иш ата мекендик ишканалар үчүн натыйжалуу жана инновациялык технологияларды издөө, карызга алуу, ыңгайлаштыруу жана жайылтуу тутумун жана механизмдерин түзүүгө багытталат. Артыкчылыктуу багыттар болуп төмөнкүлөр аныкталды: (1) инновациялык ишти өнүктүрүү жана интеллектуалдык менчиктин объекттерин пайдалануу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
(2) энергия үнөмдөөчү жана энергиялык натыйжалуу технологияларды кошкондо, инновациялык ишти өнүктүрүү жаатында чечимдерди натыйжалуу кабыл алууга көмөк көрсөтүүчү тутумду түзүү;
(3) инновациялык иш жана интеллектуалдык менчиктин объекттерине укуктарды коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
(4) интеллектуалдык менчиктин жана инновациялык иштин ролу жана мааниси жөнүндө коомчулуктун маалымдалышы, окутуу жана квалификацияны жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү.

- технологияларды инновациялык, энергия үнөмдөөчү жана энергиялык натыйжалуу технологиялардын катарына киргизүү критерийлерин иштеп чыгуу;
- инновациялык, энергия үнөмдөөчү жана энергиялык натыйжалуу технологиялардын реестрин түзүү;
- инновациялык технологияларды издөө, тандоо жана маркетинг жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүү;
- өлкөдө экономиканын калыптанышына көмөк көрсөтүүчү инновациялык иштин абалына комплекстүү талдоо жүргүзүү;
- инновациялык өнүктүрүү жаатындагы ата мекендик статистикалык көрсөткүчтөрдү дүйнөлүк стандарттарга ыңгайлаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү;
- интеллектуалдык менчикти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга инновациялык, энергия үнөмдөөчү жана энергиялык натыйжалуу технологияларды пайдалануучу ишканаларга дем берүүнү жана мамлекеттик колдоону караган өзгөртүүлөрдү киргизүү.
Интеллектуалдык менчикке укуктук колдоо көрсөтүүдө экспертизанын сапатын жогорулатуу; интеллектуалдык менчиктин объекттерине укук коргоо деңгээлин жогорулатуу; улуттук инновациялык тутумдун элементтерин түзүү; интеллектуалдык менчиктин жана инновациялык иштин ролу жана мааниси жөнүндө коомго маалымдоо жана интеллектуалдык чыгармачылыкты өнүктүрүү боюнча чаралар комплекси пландаштырылган.
Көрүлгөн чаралар интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүгө; улуттук инновациялык тутумду түзүүгө жана өнүктүрүүгө; чакан жана орто ишкерлер, фермерлер, мамлекеттик түзүмдөр менен өлкөнүн илиминин ортосунда кызматташуу үчүн аянтча түзүүгө; бизнес-коомчулуктун, изилдөө институттарынын өкүлдөрүн интеллектуалдык менчиктин укуктарын башкаруунун жана аларды коргоонун практикалык ыкмаларына окутууга; чыгармачыл жаштардын интеллектуалдык дараметин өнүктүрүүгө жана дем берүүгө; жаш авторлордун чыгармачыл ишин сыйлоого жана дем берүүгө; интеллектуалдык менчик объекттерине билдирмелерди кароо процессин автоматташтырууга; интеллектуалдык менчиктин объекттери камтыган контрафакттык продукциянын зыяны жөнүндө калкты маалымдоого; интеллектуалдык менчиктин маселелерине адистешкен ЖМК өкүлдөрүнүн топторун түзүүгө көмөк көрсөтөт.
8. Экологиялык коопсуздук жана курчап турган чөйрөнү коргоо
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы иштер экотутумдардын туруктуулугунун бардык аспекттерин камтыган экологиялык коопсуздук жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну улантууга багытталат. Экономикалык саясат өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмүн жогорулатуу, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн алдыга озгон өсүшү аркылуу туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдаланууга багытталат.
Ушул тармактагы иштин негизги максаты курчап турган чөйрөнүн жана жарандардын айрыкча маанилүү кызыкчылыктарын чарбалык жана башка иш жүргүзүүнүн мүмкүн болгон терс таасиринен коргоо кепилдигин камсыздоого, учурдагы жана келечек муундар үчүн уникалдуу экотутумдарын сактоого багытталган чараларды комплекстүү ишке ашыруу болуп саналат.
Экологиялык туруктуулук өлкөнүн улуттук коопсуздугунун жана туруктуу өнүгүүсүнүн негизин түзүүчүсү болуп саналат. Экономиканын жана социалдык аспекттердин экологиялык туруктуулук менен тыгыз өз ара байланышы жана так аныкталган эриш-аркактыгы гана өлкөнүн туруктуу өнүгүүгө жылуу процессин алдын ала айтуучу жана башкарылуучу кылат.
Экологиялык коопсуздукту камсыздоо үчүн артыкчылыктуу багыттар болуп төмөнкүлөр саналат:
- климаттын өзгөрүшү боюнча маселелерди эске алуу менен, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жетүү максатында экологиялык коопсуздукту камсыздоо үчүн улуттук экологиялык саясатты жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- бирдиктүү улуттук экологиялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана жаратылышты пайдалануунун экономикалык механизмдерин өркүндөтүү;
- биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана токой экотутумдарын туруктуу өнүктүрүү боюнча саясаттын жана чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү;
- курчап турган чөйрөгө мамлекеттик экологиялык мониторинг жүргүзүү;
- биологиялык ар түрдүүлүктүн ресурстарын сактоо жана калыбына келтирүү, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (ӨКЖА) аянттарын кеңейтүү;
- токойлорду калыбына келтирүү жана токойлордун аянтын кеңейтүү;
- токой-аңчылык жайгаштырууну жүргүзүү;
- жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдаланууну көзөмөлдөө жана жөнгө салуу;
- эл аралык кызматташууну жүзөгө ашыруу;
- коомчулукту маалымдоо, экологиялык билим берүү;
- жаратылышты коргоо иш-чараларын кошо каржылоо.
Ушул багыттар 2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленген иш-чараларды ишке ашыруу аркылуу алга жылат.
9. Реалдуу секторду өнүктүрүү
9.1. Айыл чарбасы
Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн негизги максаты болуп өндүрүштүн өсүшү үчүн шарттарды түзүү, продукциялардын сапатын көтөрүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо саналат. Айыл чарбасын өнүктүрүү төмөнкү артыкчылыктуу багыттарга топтолот: (1) айыл чарбасын башкаруунун натыйжалуу тутумдарын түзүүгө жана кадрларды даярдоого, айыл чарба өндүрүшүн топтоо үчүн өбөлгөлөрдү түзүүгө; (2) агрардык өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн өсүшүн жана экспорттоону колдоого; (3) айыл чарба өндүрүшүн тейлөө кызматтары менен камсыздоого; (4) суу жана жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу натыйжалуулугун жогорулатууга. Белгиленген багыттарды илгерилетүү үчүн 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программадагы чаралар ишке ашырылат.
2016-жылы айыл чарба, токой чарба жана балык өстүрүү продукцияларын дүң өндүрүү 234,8 млрд. сом көлөмүндө, ал эми реалдуу өсүү темпи ИДПнын жалпы көлөмүнө 14,3% салыштырма салмагы менен 2,5% деңгээлинде, ал эми ИДПнын өсүшүнө салым өсүмдүк өстүрүүчүлүктө - 3,0%га жана мал чарбасында - 2,0%га өсүшүнүн эсебинен 0,36 пайыздык пунктка болжолдонууда.
11-таблица
2015-2016-жылдарда айыл чарбасындагы өсүү темпинин динамикасы
Көрсөткүчтөр | 2015-жыл, күтүл. | 2016-жыл, болжол | ||
млн. сом | % | млн. сом | % | |
Айыл чарбасынын, токой чарбасынын жана балык өстүрүүнүн дүң продукциясы | 210230,7 | 102,0 | 234770,3 | 102,5 |
анын ичинде: |
|
|
|
|
өсүмдүк өстүрүүчүлүк | 109921,1 | 102,1 | 123123,5 | 103,0 |
мал чарбасы | 96516,3 | 102,0 | 107703,5 | 102,0 |
Айыл чарба өндүрүшүнүн түзүмү негизинен өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылык продукциясы менен тиешелүү түрдө 52,4% жана 45,9% салыштырма салмакта берилген.
2016-жылы өсүмдүк өстүрүүчүлүктө болжолдонгон өсүү темпи пайдаланылбаган айдоо жерлерин кыскартуунун, айыл чарба багытындагы жердин күрдүүлүгүн калыбына келтирүүнүн жана өзгөчө коркунучтуу зыянкечтерге, илдеттерге, отоо чөптөргө каршы коргоочу иш-чаралар комплексин жүргүзүүнүн, жер иштетүү тармагында жагымдуу агрохимиялык жана фитосанитардык кырдаалды түзүүнүн, кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн себилүүчү кондицияга туура келген үрөндөрүнүн салыштырма салмагын көбөйтүүнүн, айыл чарбасынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуунун, жер реформаларын тереңдетүүнүн, жайытты сарамжалдуу пайдалануунун, техникалык өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуунун, жазгы талаа жумуштарын өз учурунда жүргүзүүнүн, айдоо аянтынын түзүмүн оптималдаштыруунун, үрөндөрдүн сортторун жакшыртуунун, машина-трактордук паркты жаңыртуунун эсебинен камсыз кылынат.
Айыл чарба өндүрүшү үчүн аянттарды максималдуу натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу максатында, ошондой эле ЕАЭБ интеграциялык биримдигине республиканын мүчөлүгүн эске алуу менен, ата мекендик өндүрүштөгү агроөнөр жай продукциясынын айрым түрлөрүнө: жашылчаларды, бакча өсүмдүктөрүн, картошканы, мөмө-жемиштерди айдоо аянттарын кеңейтүү пландаштырылууда.
Ошону менен бирге, ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттеринин агроөнөр жай продукциясын сунуштоосун эске алуу менен, буудайдын айдоо аянттарын кыскартуу зарылдыгы келип чыгууда, анткени Кыргызстандын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү Казакстан Республикасынан жана Россия Федерациясынан бир топ арзан жана жогорку сапаттагы буудайдын данын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Өсүмдүк майы боюнча да ушундай кырдаал, ошондуктан май чыгаруучу өсүмдүктөрдүн айдоолору акырындык менен кыскартылат.
Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын эт-сүт азыктарына болгон суроо-талаптарын эске алуу менен, жыл сайын малдын башын жана айыл чарбасындагы малдын башка түрлөрүн көбөйтүү зарыл. Ушуларга байланыштуу концентрацияланган, кесек жана чыктуу түрүндөгү бекем тоюттук базаны камсыз кылуу үчүн дан, арпа айдоолорун, көп жылдык буурчак сымал тоюттардын айдоо аянттарын кеңейтүү пландалууда.
Мал чарба азыктарын өндүрүүдө реалдуу өсүш малдын башын көбөйтүү, зоотехникалык, ветеринардык тейлөө тарамдарын жана жеке ветеринардык кызматтарды кеңейтүүнүн эсебинен селекциялык асыл-тукум иштерин жогорулатуу аркылуу камсыздалат. 2016-жылы тирүү салмактагы этти өндүрүүнүн өсүшү 2,0%га болжолдонууда, бул мурунку жылга салыштырганда 7,7 миң тоннага, сүт продукцияларын - 29,6 миң тоннага көбөйтүү менен 2,0%га, жумуртканы - 11,0 млн. даанага көбөйтүү менен 2,4%га жана жүндү - 0,2 миң тоннага көбөйтүү менен 1,7%га көбөйөт.
2016-жылы айыл чарба өндүрүшүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү үчүн төмөнкү өбөлгөлөр таасир этет:
- "Фермерлерге арзан насыя" жана "Айыл чарбасын каржылоо" программаларынын алкагында бүгүнкү күнгө карата 12,0 млрд. сомдон ашык берилген жеңилдетилген насыялардын натыйжасы;
- айыл чарба өндүрүшүндөгү негизги каражаттарды жаңылоо, техникалык сервистик кызматтардын инфратүзүмүн кеңейтүү жана өлкөнүн айыл чарба субъекттеринин машина-трактор паркын модернизациялоо;
- айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыяларды берүү тажрыйбасын улантуу;
- күйүүчү-майлоочу материалдарга жетишүүгө жеңилдиктерди берүү, жеңилдетилген насыялык шарттарда, лизинг боюнча айыл чарба техникаларын сатып алуу аркылуу фермерлерди керектүү айыл чарба техникалары менен камсыздоо; дыйкандарды жана фермерлерди азоттуу минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо көйгөйлөрүн чечүү боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү улантуу;
- ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерде чек араны ачуу, бул зарыл болгон материалдык-техникалык ресурстарды, минералдык жер семирткичтерди, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жана жогорку түшүмдүү үрөндөрдү сатып алууга, ошондой эле агроөнөр жай продукцияларын экспорттоого мүмкүндүк берет;
- мамлекеттик сортторду сыноочу станциялардын жана сортторду сыноочу мамлекеттик участоктордун материалдык-техникалык базаларын чыңдоо жана жаңыртуу, өндүрүшкө тездетип киргизүү үчүн питомниктерде алардын үрөндөрүн өндүрүү көлөмүн көбөйтүү;
- рынокторду кеңейтүү жана мөмө-жемиштерди, сүт азыктарын чыгарган ишканалардын атаандаштык жөндөмүн жогорулатуу аркылуу "Агро Горизонт" Эл аралык өнүктүрүү боюнча америкалык агенттигинин (ЮСАИД) долбоорун ишке ашыруу;
- көп жылдык чөптөрдүн аянттарын 30%га чейин жеткирүү жана жайыттардын тоюттук дараметин сарамжалдуу пайдалануу;
- өтө жугуштуу оорулар боюнча мал чарбасындагы эпизоотикалык абалдын ийгиликтүү болушун камсыздоо;
- айыл чарба айбанаттарынын жана канаттуулардын генофондун туура пайдалануу, селекциялык-асыл тукумдуулук иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, ар бир айыл аймагында баалуу генетикалык материалды колдонуу менен жасалма уруктандыруу пункттарын түзүү;
- асыл тукум малдын башын 1,5-2,0%га көбөйтүү;
- азыктуулук заттары боюнча балансташкан жана толук рационду колдонуу жолу менен төлдү жакшыртуу;
- тармакты өнүктүрүүгө түз инвестицияларды жана өздүк каражаттарды тартуу.
Айыл чарба тармагы республиканын дээрлик бардык региондорунда бар. Маанилүү бөлүгүн Ысык-Көл (11,1%) Жалал-Абад (21,6%), Ош (16,9%) жана Чүй (21,8%) облустары ээлейт.
Ушул сектордо негизги тобокелдиктер жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттар, анын ичинде суу ресурстарынын жетишсиздиги; айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жетишсиздиги; айыл чарба техникасынын жетишсиздиги жана сапатынын канааттандырбаган деңгээли; айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн менен жетишсиз камсыздалышы, айыл чарба техникаларынын жетишсиздиги жана сапатынын канааттандырарлыксыз деңгээли; КММге жана отунга баалардын туруксуздугу; кыш мезгилине тоютту жетишсиз даярдоо; жагымсыз эпизоотиялык кырдаал; өндүрүүчү үчүн жагымсыз рынок бааларынын өзгөрүшү; мамлекеттин берилип жаткан насыялык ресурстарын натыйжасыз пайдалануу; "жол картасынын" иш-чаралар планы өз убагында аткарылбагандыктан ЕАЭБге мүчө - мамлекеттер тарабынан чек аралардын кеч ачылышы.
9.2. Өнөр жай(20)
Өнөр жайды өнүктүрүү маселелерин чечүү боюнча комплекстүү ыкма түзүү үчүн 2013-2017-жылдарда Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программаны ишке ашыруу улантылат (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому), анда өнөр жай саясатынын негизги стратегиялык багыттары аныкталган, алар - жагымдуу салык климатын камсыз кылуу, инвестицияларга, экспортко жана кооперацияга көмөк көрсөтүү, ата мекендик чийки заттарды кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө дем берүү, изилдөөлөрдү, иштеп чыгууларды жана инновацияларды илгерилетүү, экономиканын электр энергияга керектөөсүн камсыздоо жана өлкөнүн энергетикалык көз карансыздыгына жетишүү; керектөөчүлөрдү энергия менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатуу жана чыгарылган, бөлүштүрүлгөн электр энергияларын эсепке алуунун аныктыгын камсыздоо; кайра иштетүүчү өнөр жайы жана соода менен айыл чарбасында ар кандай формадагы кооперацияларды түзүү; минералдык-чийки заттардын дараметин сарамжалдуу пайдалануу менен кен тармагын туруктуу өнүктүрүү жана курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирин минималдаштыруу.
Өндүрүштүн кубаттуулугун натыйжалуу пайдалануу жана республиканын өнөр жай дараметин андан ары өнүктүрүү максатында иштеп жаткан ишканалардын, мамлекеттик үлүш катышкан ишканалардын ишин активдештирүү жана токтоп турган ишканаларды, жаңы өндүрүштү ишке киргизүү боюнча иш-чаралар планы ишке ашырылат. 2015-2017-жылдарда Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Планын ишке ашыруу улантылат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-мартындагы № 174 токтому), мында 2015-2017-жылдарда текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүүнүн, жагымдуу шарттарды түзүүнүн жана калкты жумуш менен камсыздоо тармагында атаандашуу жөндөмүн жогорулатуунун артыкчылыктуу ролу белгиленген. Республиканын экономикасы үчүн тигүү тармагынын маанилүүлүгү өндүрүштүн олуттуу көлөмү жана экспорту менен эле эмес, баарынан мурда социалдык маанилүүлүгү менен шартталат.
"Чайна Петроль Компани "Джунда" мунайды кайра иштетүү заводу ЖЧКсын жана Токмок мунайды кайра иштетүүчү заводун пайдаланууга киргизүү жана көлөмүн өстүрүү кошумча 1000 жумуш ордун түзүүгө, экономика тармактарына жана калкка КММны үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздоого мүмкүндүк берет.
ЕАЭБдин ченемдерин жана талаптарын киргизүүгө байланыштуу соода шарттарынын өзгөрүшү, ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттеринин техникалык регламенттерин колдонуу сыноо лабораторияларын модернизациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнү болжолдойт.
Энергетиканы өнүктүрүү үчүн 2012-2017-жылдарда Кыргыз Республикасында Электр энергетикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясында (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы 28-майындагы № 330 токтому) каралган иш-чаралар жүзөгө ашырылат. Энергетика секторун өнүктүрүү саясаты реформа жүргүзүү үчүн төрт артыкчылыктуу багытты көздөйт: энергетика секторун өнүктүрүүнү жөнгө салууну өркүндөтүү (тарифтик саясатты реформалоо, энергетика секторун реформалоо); энергияны үнөмдөөгө дем берүү үчүн шарттарды түзүү (энергияны үнөмдөөгө реформа); калыбына келтирилүүчү энергия булактарын өнүктүрүү; энергетика секторун туруктуу өнүктүрүү жана экологиялык коопсуздук ченемдерин сактоо (экспортко багытталган энергетиканы реформалоо).
Бюджетке чегерүүлөр жана экспорттук жеткирип берүүлөр жагынан алганда өнөр жай экономиканын маанилүү тармактарынын бири болуп кала берет. Өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндө беш тармак экономиканы түзүүчү, анын ичинен төрт тармак кайра иштетүүчү өнөр жай чөйрөсү болуп саналат. Бул - металлургия жана азык-түлүктү кайра иштетүү өндүрүшү, текстиль жана тигүү өндүрүшү, металл эмес башка минералдык продуктулар өндүрүшү (курулуш материалдары) жана өнөр жайдын өзүнчө тармагы катары энергетика. Аталган тармактар биргеликте 80%га жакын өнөр жай продукцияларын чыгарышат жана республиканын кайра иштетүүчү өнөр жайынын экспорттук түзүмүндө олуттуу үлүштү алтын, азык-түлүк товарлары, тигүү продукциялары жана курулуш материалдары ээлейт.
Акыркы жылдары Кыргызстандын өнөр жайын өнүктүрүү өсүү темпинин кыйла өзгөрүшү менен мүнөздөлүүдө. Көпчүлүк учурда мындай өзгөрүүлөр сектордун Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканалардын ишине (өнөр жайдагы үлүшү 40%га жакын) болгон жогорку көз карандуулугу менен шартталды.
2016-жылда өнөр жайды өнүктүрүү болжолу төмөнкү негизги факторлорду жана өбөлгөлөрдү эске алуу менен даярдалды:
- энергетикада ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу;
- Кумтөр кенин ачык иштетүү үчүн эсептер жана болжолдонгон ресурстар;
- Бозымчак жана Талды-Булак - Сол жээк кендеринде кен казып алуунун, мунайды кайра иштетүүчү ишке киргизилген ишканалардын өндүрүш көлөмүн көбөйтүү;
- өндүрүштү диверсификациялоонун төмөнкү деңгээли (энергетиканы кошпогондо, өнөр жайдагы негизги башкы тармактын салыштырма салмагы орточо эсеп менен 70%ды, ал эми калган 14 тармагы орточо 30%ды түзөт). Соңку жылдардын ичинде иштетүү өнөр жайында олуттуу түзүмдүк өзгөртүүлөр болду: айрым тармактар жок болуп, жанылары пайда болду. Мисалы, пахта жана жибек кездемелерди өндүрүү сыяктуу тармактар жоюлду; булгаары бут кийимдердин ордуна резина бут кийимдер чыга баштады; машина куруу продукцияларын - ири электромашиналар, электрокыймылдаткычтар, металл кесүүчү станоктор, прессподборщиктер, жүк ташуучу унаалар, темир уста-пресс машиналары жана башкаларды чыгаруу токтотулду;
- ЕАЭБдин шарттарында сезгич тармактардагы, анын ичинде азык-түлүк продуктулар өндүрүшүндөгү; тигүү өндүрүшүндөгү, курулуш материалдар өндүрүшүндөгү (транспорттук инфратүзүм жана техникалык регламенттерге, сертификаттарга талаптар) товарлардын сатып өткөрүү рынокторуна кирүүнүн чектелгендиги жана өндүрүштүн маанилүү эмес көлөмү;
- негизги соода өнөктөш-өлкөлөрдөгү - Россия Федерациясындагы жана Казакстан Республикасындагы экономикалык кырдаал (суроо-талаптын кыскарышы, бул кыска мөөнөттүк аралыкта ишканалардын ишине, алардын рынокторуна экспорттолуучу продукцияларга терс таасирин тийгизет);
- электр энергиясынын тартыштыгынан улам энергия ресурстарына жетүүнүн чектелгендиги;
- чийки заттардын жана комплектөөнүн импортуна жогорку көз караандуулук;
- АКШ долларынын болжолдонгон туруктуу чыңдалышы импорттолуучу комплектөөлөрдүн жана чийки заттардын кымбатташына алып келет, демек анын өздүк наркы да өсөт, бул натыйжада ички жана тышкы рыноктордо өнөр жай продукцияларына болгон суроо-талаптардын кыскарышы мүмкүн;
- алтынга болгон баанын кескин өзгөрүшүнүн жоктугу (баасы 1 трой унциясы үчүн 1150-1200 доллардын чегинде). "Тегиз" динамика жакынкы келечекте алтынга болгон баага карата дүйнөлүк эксперттердин болжолунун ар түрдүү болушуна байланышкан. Алардын бир бөлүгүнүн ой-пикири боюнча алтынга болгон баа суроо-талаптын жогору болушунан жана 1 трой унциясына 1200 АКШ долларынан төмөн болгон баанын экономикалык негизсиздигинен улам кескин өзгөрүп кетиши мүмкүн. Башка эксперттер болсо баанын өсүшү күтүлбөйт деп эсептешүүдө. Доллардын жана америкалык экономиканын чыңдалышы жалпысынан баанын өсүшүн кармап турат, анткени, "алтын-доллар" түгөйлөрү айрым кайтарым көз карандуулукту көрсөтүүдө: биринин өсүшү экинчисинин түшүшүнө алып келүүдө.
Натыйжада, 2016-жылга өнөр жай секторунда иштеп жаткан өнөр жай ишканаларынын туруктуу иштешинин эсебинен жана жаңы кендерди иштетүүгө киргизүүнүн эсебинен өндүрүштүн көлөмүнүн реалдуу өсүшү 9,2%га болжолдонууда. Ошону менен, 2015-жылы күтүлүүчү төмөнкү базанын натыйжасынын таасирин белгилей кетүү керек, анда 2016-жылда өнөр жайдагы өсүү темпинин кескин өзгөрүшү негизинен 2015-жылы күтүлгөн пайданын төмөндөшүнөн кийин, Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларда өндүрүштүн болжолдук маанилеринин жакшырышы менен шартталды. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо, өнөр жай өндүрүшүнүн реалдуу өсүшү 9,6% деңгээлинде болжолдонууда.
12-таблица
Өнөр жай тармактарынын өсүү темпинин динамикасы, өткөн жылга карата пайыз менен
| 2015-жыл | 2016-жыл |
күтүү | болжол | |
Өнөр жай, бардыгы | 99,6 | 109,2 |
Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо өнөр жайы | 111,3 | 109,6 |
анын ичинде: |
|
|
пайдалуу кендерди казып алуу | 172,5 | 106,2 |
кайра иштетүү өндүрүшү | 96,6 | 110,8 |
электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыз кылуу (жабдуу) | 98,3 | 103,0 |
суу менен камсыздоо, калдыктарды тазалоо, иштетүү жана экинчи сырьё алуу | 106,0 | 104,0 |
ИДПнын өсүшүнө оң салым ИДПнын жалпы көлөмүнө салыштырма салмагы 14,4% менен, 1,41 пайыздык пунктту түзөт.
(1) Иштетүү өнөр жайында өнөр жай продукциясын өндүрүүдө эң жогорку салыштырма салмагы (77,2%) менен реалдуу өсүш 10,8%га болжолдонууда, ал негизинен төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыздалат:
- негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүрүү (өсүш 14,0%га) өнөр жайдын жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы 39,2%: (а) Кумтөр кенин иштетүүчү ишканалардын туруктуу иштөөсү, мында өсүш көлөмү 8,6%га болжолдонот; (б) "Кыргызалтын" ААК өндүрүшүнүн жана Талды-Булак Сол жээк кендеринин көлөмүн өстүрүү; (в) "Кадамжай сурьма комбинаты" ААКсына сырьёну туруктуу жеткирүүнү уюштуруу эсебинен өндүрүштүн көлөмүн жогорулатуу; (г) "Кызыл-Кыя машина куруу заводу" АКнын өндүрүшүн кеңейтүү жана эл керектөөчү товарлардын түрлөрүн өздөштүрүү - курулуш жана айыл чарбасы үчүн комплектөөчү буюмдар, бакча шаймандары, стандарттык эмес жабдууларды даярдоо эсебинен өндүрүштүн көлөмүн жогорулатуу; "БМЗ" АКсы - тоюттарды майдалоо, мини-УДС "Диаболо" пневмопулька жана башкалар. 2014-2017-жылдарга "БМЗ" ААКны жана "БШЗ" мамлекеттик ишканасын өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу активдүү улантылат, ал ТӨУСту аткаруу максатында аныкталган продукциялардын стратегиялык номенклатурасынын негизинде түзүлгөн, аны ишке ашыруу өндүрүштүн көлөмүн этап менен көбөйтүүнү камсыздоого, заводдун активдерин пайдаланууну оптималдаштырууга, өндүрүштү башкарууну өркүндөтүүгө мүмкүндүк берет. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиянын 17-жыйынынын Протоколуна киргизилген чечимдерди аткаруу боюнча иштер, жаңы атаандашууга жөндөмдүү рентабелдүү продукцияларды диверсификациялоо жана даярдоо улантылат.
- резина жана пластмасса буюмдарын, металл эмес башка минералдык продукцияны өндүрүү (2,7%га өсүш), өнөр жайдын жалпы көлөмүндөгү анын салыштырма салмагы 9,7%ды түзөт: (а) айнек такталарын чыгаруунун көлөмү 2015-жылга салыштырганда 5%га өсө турган жана 21 млн. кв, метрге жете турган "Интергласс" ЖЧКнын өндүрүштүк көлөмүн өстүрүү; (б) цемент жана асбестоцемент буюмдарын өндүрүүнүн өсүшү "Түштүк-Кыргыз Цемент" ЖАКтын, "Курулуш материалдарынын түштүк комбинаты" ЖЧКнын, "Кант цемент заводу" ААКнын, "Ак-Сай Цемент" ЖЧКнын кубаттуулуктарын өнүктүрүүнүн эсебинен болжолдонууда, бул ички рыноктун цементке болгон керектөөсүн толук жабууга мүмкүндүк берет. Металл эмес башка минералдык продукцияны өндүрүүнү өнүктүрүүнүн абалы жана келечеги негизинен курулуш секторун жана цемент, айнек өндүрүштөрүнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү менен аныкталат;
- текстиль өндүрүшү, кийим жана бут кийим, тери жана башка тери буюмдары (өнөр жайынын жалпы көлөмүнө салыштырма салмагы - 3,3%) 2013-2015-жылдарда өндүрүш бир топ төмөндөп кеткенден кийин, кийим чыгарууну калыбына келтирүүнүн эсебинен реалдуу өсүшү 4,9%га болжолдонууда. Ошону менен, 2011-жылы өндүрүлгөн көлөмгө, болжолдуу баалоолор боюнча 2019-жылы гана жетүүгө болот. Тармактагы өндүрүштү акырындык менен калыбына келтирүү ар түрдүү вектордук таасир менен шартталат: бир жагынан рублдин девальвациясы жана Россия рынокторунда Кыргызстандын тигүү продукциясынын салыштырмалуу кымбатташы жана экинчи жагынан Россияда башка өлкөлөрдөн (Европа, Америка) келген кийимдерге баанын тез темп менен өсүшү. Акырындык менен өсүүнүн болжолу ЕАЭБге кошулуу шарттарында товарларды экспорттоодо мүмкүн болгон тобокелдиктер менен шартталат;
- продуктулардын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки өндүрүүнүн реалдуу өсүшү (салыштырма салмагы - 14,6%), мында суроо-талап жогору болгон нан, ун, сүт азыктарын жана башка тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн туруктуу өсүш эсебинен 3,7% өсүш болжолдонууда;
- Кара-Балта жана Токмок шаарларында мунайды кайра иштетүүчү заводдордун кубаттуулуктарын көбөйтүүнүн эсебинен, кокс жана тазартылган мунай продуктуларын өндүрүүнүн көлөмүн 37,3%га көбөйтүү.
Мындан тышкары, электр жабдууларын өндүрүү (өсүш 1,6%), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүү; полиграфиялык иштер (2,0%га), химиялык өндүрүш (2,0%га), фармацевтикалык продукцияларды чыгаруу (4,0%га) боюнча ишканалардын ишинин туруктуулугу болжолдонууда.
(2) Пайдалуу кендерди казып алууда (өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнө салыштырма салмагы 5,8%) 2016-жылы өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшү 6,2% деңгээлинде болжолдонууда. Таш көмүр жана күрөң көмүрдү казып алуу 5,6%га көбөйөт, чийки мунай жана жаратылыш газы - 2,4 %га, металл кени - 8,6%га, башка пайдалуу кендер 3,2%га көбөйөт.
Бул тармактагы өндүрүштүн болжолдонгон көлөмү "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын пландалган технологиялык чараларын ишке ашыруунун эсебинен күтүлүүдө; Бишкек шаарынын ЖЭБине кыргыз көмүрүн жеткирүүнү көбөйтүү менен, күзгү-кышкы мезгилдерден өтүүдө ички рыноктордо кыргыз көмүрлөрүн сатуунун жетишилген көлөмүн сактоо; "Кыргызнефтегаз" ААКга пландалган иш-чараларды ишке ашыруу жана продукцияларды бөлүү менен туруп калган скважиналарды пайдаланууга киргизүү үчүн инвесторлорду тартуу; Бозымчак кенинен кен казып алуу көлөмүн көбөйтүү.
(3) 2016-жылга карата электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен (салыштырма салмагы 16,0%) камсыздоодо өсүү көлөмү 3,0%га болжолдонууда.
Токтогул гидротүйүнүнүн айрылышына Нарын дарыясынын агып келишинин орточо көп жылдык агымын эсепке алуу менен эсептелген электр энергиясын иштетип чыгаруу 13587,7 млн. кВт/с деңгээлинде болжолдонууда. Болжолдук көрсөткүчтөрдү эсептөөдө электр энергиясын ички керектөөнүн өсүшү жана Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлинин өтө азайып кетүүсүнө жол бербөө максатында электр энергиясынын импорту каралган.
2016-жылы төмөнкүлөр пландалды:
- Бишкек шаарындагы ЖЭБди реконструкциялоону аяктоо, натыйжада кыргыз көмүрүн пайдалануу менен кошумча 1950 млн. кВтч иштеп чыгып, кубаттуулук 300 МВтга көбөйтүлөт, бул 50 жыл мурун ишке киргизилген эскирип калган жабдууларды. алмаштырууга, суу режимине көз каранды болбогон базалык, кепилденген электр кубаттуулугун түзүүгө мүмкүндүк берет;
- 500 кВ "Датка-Кемин" электр берүү линияларын жана 500 кВ "Датка" көмөкчү чордонун курууну аяктоо.
"Газпром" ААКсы (РФ) тарабынан иштелип чыккан 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын газ менен камсыз кылуунун жана газдаштыруунун башкы схемасында Кыргыз Республикасынын газ транспорттук багыттарын, ошондой эле газды жер алдында сактоо жана бөлүштүрүү объекттерин масштабдуу реконструкциялоо жана модернизациялоо каралган. Башкы схеманын алкагында республиканын түштүгүнө газды ташуу үчүн кубаттуулук жана өлкөнүн айрым райондорун автономдук газдаштыруу түзүлөт. 2015-2017-жылдарда "Газпром Кыргызстан" туунду компаниясынын инвестициялык программасы 35 млрд. рублду түзөт.
2016-жылы Кыргыз Республикасына жаратылыш газынын келиши жалпысынан 600 млн. мЗ көлөмүндө болжолдонууда, бул 2015-жылга салыштырганда 20%га көп, ал газ менен камсыздоо системасы аркылуу газ түрүндөгү отунду бөлүштүрүү кызматынын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
(4) Өнөр жай түзүмүндө суу менен камсыздоо, калдыктарды тазалоо, кайра иштетүү жана кайра пайдаланылуучу сырьёну алуу анча көп эмес салыштырма салмакты (0,9%) ээлейт, сууну топтоо, иштетүү жана бөлүштүрүүнүн (суу менен камсыздоонун) эсебинен реалдуу өсүш 4,0%дын деңгээлинде (өсүш 3%га), калдыктарды топтоо, иштетүү жана жок кылуу, кайра пайдаланылуучу сырьёну алуу (5%га) жана калдыктарды жугушсуздандыруу жана башкача иштетүүлөрдү жүргүзүү (7%га) болжолдонууда.
Республиканын бардык региондорунда өнөр жай продукцияларынын физикалык көлөмүнүн өсүшүнө жетишүү болжолдонууда. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнө негизги салымды салт болуп калгандай Чүй (44,7%), Ысык-Көл (19,0%), Жалал-Абад (8,1%) облустары жана Бишкек шаары (19,5%) кошот, алардын суммалык үлүшү 91,3%ды түзөт. Ысык-Көл жана Чүй облустарында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү Кумтөр кенин жана "Джунда" мунай иштетүүчү заводду иштетүү боюнча ишканалардын иштерин активдештирүүнүн, ал эми Жалал-Абад облусуңда Бозымчак кенин ишке киргизүүнүн жана электр энергия өндүрүшүнүн көлөмүн калыбына келтирүүнүн эсебинен болжолдонууда.
Мүмкүн болгон тобокелдиктер: бизнес-чөйрөдөгү туруксуздуктан улам өнөр жай секторундагы ишканалардын инвестициялык ыңгайсыздыгы (жергиликтүү калктын инвесторлор менен кагылышы, технологиянын эскириши, рентабелдүүлүктүн төмөнкү деңгээли жана башкалар); "Кыргызстанда жасалган" бренди менен кытай өндүрүшүнүн контрафакттык тигилген продукциясынын көбөйүшү; техногендик факторлордон улам Кумтөр кенинде өндүрүштүн кыскарышы, пландагы кендердин өз учурунда ишке кирбей калышы; ишке кирген мунайды кайра иштетүүчү ишканалардын сырьё менен камсыздалбай калышы; техникалык адистиктеги квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги; натыйжасыз менеджмент жана жүгүртүү каражаттарынын жетишсиздиги; ЕАЭБге Кыргыз Республикасынын кошулушунун алкагында товарларды импорттоодо/экспорттоодо жаңы шарттарга акырындык менен көнүү жана башкалар болуп саналат.
9.3. Курулуш
2016-жылы экономиканын курулуш секторун тездетилген темп менен өнүктүрүү болжолдонууда жана 2013-2017-жылдарда Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программага киргизилген ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен улуттук экономиканын туруктуу өсүшүн камсыздоочу маанилүү багыттардын бири болуп калат.
2016-жылы өлкөнүн курулуш комплексин өнүктүрүүнүн комплекстүү чараларын көрүүнүн натыйжасында капиталдык салымды 11,2%га көбөйтүү болжолдонууда жана көлөмү 152,7 млрд. сомду түзөт.
13-таблица
2015-2016-жылдарда курулуш тармагындагы өсүү темпинин динамикасы
Көрсөткүчтөр | 2015-жыл, күтүүлөр | 2016-жыл, болжол | ||
млн. сом | % | млн. сом | % | |
Негизги капиталга инвестиция | 126118,0 | 113,4 | 152657,8 | 111,2 |
анын ичинен: |
|
|
|
|
ички инвестициялар | 71878,4 | 108,7 | 83835,8 | 107,1 |
тышкы инвестициялар | 54239,6 | 120,3 | 68822,0 | 116,5 |
Курулуштагы дүң продукция | 113925,7 | 111,8 | 139109,7 | 112,1 |
2015-жылдагы күтүүлөргө карата капиталдык салымдардын түзүмү ички инвестициянын үлүшү 57,0%дан 54,9%га чейин кыскаруу жагына өзгөрөт, ал эми тышкы инвестициянын үлүшү 43,0%дан 45,1%га чейин жогорулайт.
Ички инвестициялардын түзүмүнүн негизги үлүшүн ишканалардын, уюмдардын жана калктын каражаттары ээлейт, ал 90,2%ды түзөт.
2016-жылы курулуштагы артыкчылыктуу багыттар төмөнкүлөр болот: жеке турак-жай курулуш объекттери, транспорттук магистраль объекттери; энергетика объекттери (өлкөнүн аймактарын бирдиктүү энергетикалык айлампага байланыштырган электр берүү линияларын куруу боюнча иштер), айыл чарба объекттери (ирригациялык курулмалар) жана башкалар.
Мамлекеттик бюджеттин эсебинен 3500 млн. сом суммасындагы капиталдык салымдар социалдык-экономикалык маанилүү объекттерди, анын ичинде билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт, турак-жай курулуш объекттерин курууга жана оңдоого сарпталат.
Ишканалардын жана уюмдардын эсебинен 49 млрд. сом суммасындагы капиталдык салымдардын көлөмү "Кумтөр Голд компани" ЖАКтын (237,1 млн. АКШ долл.), "Газпром Кыргызстан" компаниясынын (15 млрд. сом) жана башкалардын каражаттарынан болжолдонууда.
2016-жылы транспорт жана энергетика тармагында ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат, алар курулуш тармагын өнүктүрүүгө негизги салымын кошот.
Каржылоонун ири көлөмү транспорт секторуна жумшалат - бардыгы 21785,3 млн. сомду түзөт, ал төмөнкүлөрдүн эсебинен күтүлүүдө: Кытай Эл Республикасы каржылоочу "Түндүк-Түштүк" альтернативдүү жолун куруу" (5183,9 млн. сом), "Түндүк-Түштүк" альтернативдүү жолун куруу" экинчи фаза (6761,1 млн. сом), "Кыргыз Республикасында автожолдордун эки участогун реабилитациялоо" (841,3 млн. сом) долбоорлору; "Транспорттук коридор-1 БАРЭК" (Бишкек-Нарын-Торугарт жолу (703,8 млн. сом) үчүнчү долбоору", "БАРЭК-3 коридорун жакшыртуу" (Бишкек-Ош унаа жолдору, Бишкек-Кара-Балта участогу) 4-фаза (701,1 млн. сом)", "Бишкек-Ош автоунаа жолун жакшыртуу 4-фаза" долбоору, Маданият-Жалал-Абад участогу (АКФ ЕАӨБ) (3622,0 млн. сом), "БА жолдордун байланыштарын жакшыртуу" долбоору (ДБ) (676,8 млн. сом), "Транспорттук коридорлордун ЦАРЭС боюнча 1 жана 3-жолдорун бириктирүү" долбоору (АӨБ) (1004,5 млн. сом), "Негизги эл аралык жолдорду жакшыртуу" долбоору (JIСА) (74,2 млн. сом), Араб координациялык тобу каржылоочу (1115,3 млн. сом) "Бишкек-Нарын-Торугарт" долбоору; "Ош-Баткен-Исфана" автоунаа жолдорун реабилитациялоо" (473,4 млн. сом) ИБР долбоору, ИБР жана СФР тарабынан каржылануучу "Тараз-Талас-Суусамыр-3" авто жолдорун оңдоо" (512,1 млн. сом) долбоору жана башкалар.
Энергетика тармагын каржылоонун көлөмү 14876,3 млн. сом сумманы түзөт, ал төмөнкүлөрдүн эсебинен күтүлөт: Кытай Эл Республикасынын "Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линияларын жана "Датка" 500 кВ көмөкчү чордонун куруу" (1335,1 млн. сом) долбоорлору, "Бишкек шаарынын ЖЭБин реконструкциялоо" (6610,3 млн. сом) долбоорлору, Немец өнүктүрүү банкынын (KfW) "Электр бөлүштүрүүчү тармактардын натыйжалуулугун жогорулатуу" (56,9 млн. сом) долбоорун ишке ашыруу, Азия өнүктүрүү банкынын "Энергетика секторун өнүктүрүү" (680,9 млн. сом), "Энергетика секторун реабилитациялоо" (397,7 млн. сом) долбоорлору жана "Энергетика секторун реабилитациялоо" долбоорунун пландалган экинчи фазасы (2-фаза - 68,8 млн. сом), Дүйнөлүк банктын пландалган долбоорлору "CASA-1000 долбоору" (1233,0 млн. сом), "Электр жабдууларынын отчеттуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу" (633,6 млн. сом); Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорлору "Бишкек жана Ош шаарларынын электр жабдууларын жакшыртуу" (529,6 млн. сом), "Лейлек районунун Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу" (385,3 млн. сом), " CASA-1000 долбоору" (822,0 млн. сом), Швейцария Конфедерациясы каржылоочу "Ат-Башы ГЭСин реабилитациялоо" долбоору (412,8 млн. сом) жана башкалар.
"РусГидро" ААКнын 7,5 млрд. сомго жакын суммада (Жогорку-Нарын ГЭСтер каскадынын, Нарын - 1, 2, 3, Ак-Булуң-4 ГЭС курулушуна), "POSCO" түндүк Корея компаниясынын 2 млрд. сомго жакын суммада (Таш-Көмүр шаарында ферро эритме заводунун курулушуна) капиталдык салымдарынын эсебинен чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмү 12,6 млрд. сом суммасында болжолдонууда.
Экономиканы капиталдаштыруунун пландаштырылган көлөмүнө карата 2016-жылы курулуш продукциясынын жалпы дүң көлөмүнүн 12,1%га реалдуу жогорулашы күтүлүүдө жана ал 139,1 млрд. сомду түзөт. Курулуш секторунун экономикалык өсүү темпине карата таасири оң болот жана 0,96 пайыздык пунктту, ал эми ИДПнын өндүрүш түзүмүндө курулуштун салыштырма салмагы 8,4%ды түзөт.
Региондор боюнча курулуш көлөмүнүн өсүшү транспорт, кең казуу жана энергетика тармактарындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу эсебинен бардык региондордо күтүлүүдө. Негизги үлүштү Бишкек шаары (38,0%), Чүй (18,5%), Ысык-Көл (15,8%) жана Жалал-Абад (10,9%) облустары ээлейт. Алардын курулуш секторунун өсүшүнө кошкон суммалык салымы 10,8 пайыздык пунктту түзөт.
Мында экономиканын курулуш секторун өнүктүрүүгө таасир тийгизүүчү төмөнкү факторлорду эске алуу керек.
Алсак, региондордо геоэкономикалык чыңалуу шарттарында (Россияга каршы экономикалык санкциялардын киргизилиши, Кыргыз Республикасына жеке жактардын акча которууларынын азайышы) кандайдыр бир тобокелдиктер жана коркунучтар пайда болушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасында Россиянын долбоорлору "РусГидро" ААКсы жана "Газпром" сыяктуу россиялык ири мамлекеттик компаниялар тарабынан ишке ашырылууда. Россияга каршы киргизилген экономикалык санкциялардан улам аталган компанияларда киреше булактары, жаңы технологиялар кыскартылышы мүмкүн. Ошондуктан бул Кыргыз Республикасына салына турган каражаттарга да түздөн-түз таасир тийгизиши мүмкүн.
Ошондой эле акча которуулардын негизги бөлүгү (90%дан көбү) Россия Федерациясынан келээрин эске алуу керек. Эгерде бул каражаттардын агымы азайса, калктын каражатынын эсебинен ишке ашырылып жаткан турак-жай курулушунун көлөмү да кыскарат.
Көптөгөн курулуш материалдар Кыргызстанга Эл Республикасынан жана Түркия Республикасынан келээрин эске алуу керек. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусу менен курулуш материалдарына болгон баа бир кыйла өсүшү мүмкүн, натыйжада кыймылсыз мүлккө болгон баа дагы жогорулашы мүмкүн.
Жогоруда айтылган шарттар төмөнкүлөргө алып келиши мүмкүн:
- өндүрүштүн көлөмүнүн азайышына;
- негизги капиталга инвестициянын азайышына;
- курулуп жаткан объекттердин токтоп калышына;
- турак-жайлардын өз убагында берилбей калышына ж.б.
9.4. Кызмат көрсөтүү чөйрөсү
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусу өзгөчө таасир бериши мүмкүн, таасирдин эң жогорку чеги 2016-жылга туура келет. Ушуга байланыштуу 2016-жылы кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн болжолдонгон өсүшү 103,9%ды түзөт, ал эми анын ИДПгы үлүшү 48,9%га чейин жетет. Экономиканын кызмат көрсөтүү тармагынын өсүү темпи басаңдаганына карабастан, алардын ИДПга кошкон салымы салттуу түрдө жогору болот жана 1,73 пайыздык пунктту түзөт. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң чыгарылышы 424,5 млрд. сом көлөмүндө болжолдонууда, анын ичинен кызмат көрсөтүүнүн рыноктук түрлөрү 104,9% өсүү темпи менен 79,6%ды, ал эми рыноктук эмес түрлөрү - 100,6%ды түзөт.
14-таблица
2015-2016-жж. кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүү темпинин динамикасы, мурунку жылга карата пайыз менен
Көрсөткүчтөр | 2015-ж. | 2016-ж. |
күтүү | болжол | |
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү | 103,2 | 103,9 |
анын ичинен тармактар боюнча: |
|
|
Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо | 105,1 | 107,0 |
Транспорттук иштер жана жүктөрдү сактоо | 104,5 | 105,7 |
Мейманкана жана ресторан | 106,5 | 107,5 |
Маалымат жана байланыш | 104,9 | 101,0 |
Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу | 101,5 | 101,0 |
Кыймылсыз мүлктөр менен операциялар | 100,7 | 100,9 |
Кесиптик, илимий жана техникалык иштер | 99,9 | 101,1 |
Административдик жана көмөкчү иштер | 100,0 | 101,5 |
Мамлекеттик башкаруу жана коргоо, милдеттүү социалдык камсыздоо | 99,0 | 99,2 |
Билим берүү | 101,1 | 101,7 |
Саламаттык сактоо жана калкты социалдык тейлөө | 101,4 | 101,7 |
Искусство, оюн-зоок жана эс алуу | 102,0 | 102,3 |
Башка тейлөөчү иштер | 101,0 | 101,1 |
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө салттуу болгондой негизги үлүштү соода ээлейт, ал көбүрөөк деңгээлде өлкөнүн экономикасын ЕАЭБдин экономикасына интеграциялоо процессинин таасирине кабылат. ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн импорттук продукцияларды ташып келүү шарттарынын өзгөрүшү продукциянын өздүк наркынын жогорулашына алып келет, бул дүң жана чекене сооданын иш жүзүндөгү көлөмүнө терс таасирин тийгизет. Ошону менен бирге эле ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттеринин ортосунда бажы чек араларын алып салуу товарларды республиканын рыногунан коңшулаш өлкөлөрдүн рынокторуна өтүшүн жеңилдетет, Кыргыз Республикасы менен ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык жана логистикалык байланыштардын болушу үчүнчү өлкөлөрдөн ЕАЭБге товарлардын багыттык агымын кармап турууга мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусунан улам пайданын жана тобокелдиктердин ар тараптуу таасиринин натыйжасында 2016-жылы болжолдонгон дүң жана чекене сооданын; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун өсүшү 107,0%ды түзөт.
2016-жылы транспорт иштери жана жүктөрдү сактоо кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүң чыгарылышы 56,9 млрд. сомду түзүү менен, реалдуу өсүү темпи 105,7%да болжолдонууда. Мындай өсүш жүк ташуунун, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуунун туруктуу өсүшүнөн камсыздалат. Эл аралык автотранспорттук кызмат көрсөтүүдө ата мекендик жүк ташуучулар үчүн шарттарды жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулат, анын өсүшү 2016-жылы 10% деңгээлде болжолдонот. Республикада колдонулуучу транспорттун негизги түрү автоунаа транспорту болуп саналаарын эске алуу менен (жол тармактары аркылуу автоунаа менен бардык ички жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуунун 95%га чейинкиси камсыздалат), негизги артыкчылыктар төмөнкүлөр болот: (а) жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү транспорттук ташууда калктын керектөөлөрүн канааттандыруу; (б) автотранспорт каражаттарынын паркын жаңылоо жана толтуруу; (в) жол тармактарын реабилитациялоо жана колдоо.
Аба транспорт тармагындагы негизги иш багыттары: ички каттамдар үчүн аэропортторду реконструкциялоо жана модернизациялоо, "Ош" эл аралык аэропортун модернизациялоо, ошондой эле эл аралык авиа учуулардын зонасын кеңейтүү.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин киргизүү транспорттук кызмат көрсөтүүнү кеңейтүү чөйрөсүндөгү саясаттын базалык негизи болот.
Байланыш жана маалымат кызмат көрсөтүүлөрүн дүң чыгаруу 32,5 млрд. сомду түзөт, анын ичинде байланыш кызматынын дүң чыгарылышы 26,95 млрд. сомду, реалдуу өсүү темпи 101,0%ды түзөт. Өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктары көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртууга жана көлөмүн көбөйтүүгө, керектөөчүлөргө алар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн артыкчылыгын тандоого мүмкүндүк берген кызмат көрсөтүүлөрдүн жана альтернативалардын жаңы түрлөрүн киргизүүгө багытталат.
Туризмди өнүктүрүү атаандашууга жөндөмдүү туристтик индустрияны түзүүнү көздөйт. Дүйнөлүк туристтик рынокту өнүктүрүүнүн тенденцияларын эске алуу менен чаралар 2016-жылы жогорку экономикалык кайтарымды берүүгө жөндөмдүү Кыргызстанда туризмдин төрт негизги түрүн өнүктүрүүгө багытталат - бул Казакстанга, Россияга (Сибирь жана Урал), Өзбекстанга багытталган курорттук-рекреациялык туризм; ЕС өлкөлөрүнө, Японияга, Түштүк Кореяга жана башка өлкөлөргө багытталган Улуу Жибек жолундагы туризм; ЕС өлкөлөрүнө, Казакстанга, Россияга жана башка өлкөлөргө багытталган экологиялык туризмди кошкондо, тоодогу-окуялуу туризм; Кыргызстандын географиялык ыңгайлуу жайгашкандыгын пайдалануунун эсебинен ишкер туризм. Туристтик кызмат көрсөтүүнүн экспортунун өсүшү 441 млн. АКШ доллары деңгээлинде, ИДПга карата туристтик иштер чөйрөсүндөгү кошумча нарктын салыштырма салмагы 4%га чейин жогорулашы болжолдонууда.
Туризмди өнүктүрүү жаатындагы саясат төмөнкүдөй маселелерди чечүүгө багытталат:
- туристтик формалдуулуктарды тартипке келтирүү жана саякаттардын коопсуздугун жогорулатуу;
- туристтик инфратүзүмдөрдү, анын ичинде транспорт жана коммуникацияны өнүктүрүү;
- туристтик ишканалардын персоналдарын окутуу үчүн шарттарды түзүү;
- туристтик объекттерде жана баруучу региондордо экологиялык ченемдердин сакталышын камсыздоо;
- туризм үчүн ыңгайлуу өлкөнүн образын түзүү аркылуу чет өлкөлүк рыноктордо улуттук туристтик продуктуларды илгерилетүү;
- туризмди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнүн экономикалык жана административдик механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү;
- курчап турган чөйрөнү, маданий жана тарыхый мурастарды сактоо боюнча чараларды чыңдоо.
2016-жылы региондор аралык рыноктук кызмат көрсөтүүнүн көлөмүнө негизги салым Бишкек шаарынан (54,3%), ошондой эле Чүй (11,7%), Жалал-Абад (9,7%) облустарынан болжолдонууда. Алардын суммалык салымы 75,7%ды түзөт, бул түздөн-түз ушул региондордун республиканын башка облустарына салыштырганда ишкердик активдүүлүгү жана калкынын жогорку кирешелери менен байланышкан.
10. Тышкы экономикалык иштер
2016-жылы тышкы экономикалык иштер республиканын экспорттук дараметин өстүрүү жана өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталат.
Негизги багыттар болуп төмөнкүлөр саналат: (1) өлкөнүн экспорттук дараметин өнүктүрүү; (2) Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларын ЕАЭБдин документтери менен шайкештигин камсыздоо.
Артыкчылыктарды ишке ашыруу алкагында төмөнкү чараларды көрүү болжолдонууда:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-мартындагы № 174 токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарда Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн планын ишке ашыруу; Кыргыз Республикасы үчүн преференциялардын жалпы системасы + (ПЖС+) бенефициар статусун алуу; ченемдик укуктук актылар аркылуу экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын функцияларын кеңейтүү;
- эл аралык стандарттарды пайдалануу маселеси боюнча эл аралык уюмдар менен жана кыргыз улуттук стандарттары катары эл аралык жана аймактык стандарттарды колдонуу боюнча негизги соода-экономикалык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- улуттук стандарттарды эл аралык ченемдер жана эрежелер менен айкалыштыруу;
- негизги соода-экономикалык өнөктөштөр менен шайкештик стандарттарын баалоо жыйынтыгын өз ара таануу жөнүндө макулдашууларды түзүү;
- донордук уюмдардын каражаттарын тартуу менен лабораториялык-сыноо жана эталон базаларын кайрадан жабдуу;
- продуктунун сапатынын жана коопсуздугунун менеджментин киргизген чарбакер субъекттерге дем берүү боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттеринин рыногунда товарларды сатуу маселелери боюнча жеке сектор үчүн консультациялык-маалыматтык иш-чараларды өткөрүү.
Тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2015-жылдагы деңгээлден 3,9%га номиналдык өсүш менен, 7900 млн. АКШ долларынын деңгээлинде болжолдонот.
Экспорттук жеткирүүлөрдүн номиналдык көлөмү 2,0 млрд. АКШ долларына чейин болоору жана алтын жеткирүүнү 17,2%га, чыңалуу лампаларын 0,5%га, айнек - 2.3%га, пахта-буланы - 9,7%га көбөйтүүнүн эсебинен өсүү темпи 11,1% деңгээлинде түзүлөөрү болжолдонууда.
Импорт тууралуу айтсак, анын көлөмү 5,9 млрд. АКШ долларынын өлчөмүндө болот жана номиналдык өсүшү 101,7%ды түзөт, ал жаратылыш газын жеткирүү көлөмүн 20,0%га, эки ортодогу, ошондой эле керектөө товарларынын көлөмүн көбөйтүү менен байланышкан керектөө суроо-талабынын өсүшү менен аныкталат.
Натыйжада соода балансынын терс сальдосу 3,9 млрд. АКШ долларынын деңгээлинде түзүлөт.
Товарлардын таза экспортунун жана кызмат көрсөтүүлөрдүн терс сальдосу ИДПга карата 2015-жылдагы (-)50,2%дан 2016-жылы (-)50,0%га чейин жакшырат.
15-таблица
Пайдалануу боюнча ИДП (ИДПга карата % менен)
Көрсөткүчтөр | 2015-ж. | 2016-ж. |
күтүү | болжол | |
Керектөө | 114,9 | 115,0 |
Мамлекеттик | 16,8 | 16,1 |
Жеке | 98,1 | 98,8 |
Дүң инвестициялар | 35,2 | 35,1 |
Мамлекеттик инвестициялар | 8,8 | 8,2 |
алардын ичинен МТИ (тышкы) | 5,0 | 6,6 |
Жеке инвестициялар | 26,4 | 26,9 |
Экспорт (товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр) | 33,4 | 31,1 |
Импорт (товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр) | 83,5 | 81,1 |
Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн таза экспорту | -50,2 | -50,0 |
2016-жылы жеке керектөөнүн үлүшү ИДПнын көлөмүнөн 98,8%ды түзөөрү, реалдуу өсүү темпи 104,2% деңгээлин түзөөрү болжолдонууда. Жеке керектөө чыгымдары жаңы жумуш орундарын түзүүнүн жана орточо номиналдуу эмгек акынын 13,3%га өсүшүнүн эсебинен калктын акчалай кирешелеринин 12,0%га болжолдонгон өсүшү менен бекемделет.
11. Социалдык саясат
2016-жылы социалдык өнүктүрүү саясаты мурункудай эле биринчи кезекте мамлекеттин кепилденген социалдык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарууга, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларынын абалын оңдоого, мамлекеттин заманбап талаптарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жакырчылыктын масштабын азайтууга багытталат.
Башталган реформаларды улантуу, жетишилген ийгиликтерди бекемдөө, социалдык коргоо тутумунун туруктуулугун камсыздоо максатында жана социалдык саясат курсун өткөрүүнүн ырааттуулугунда Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасы кабыл алынды (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 85 токтому).
Программа жарандардын айрыкча аялуу категорияларына даректүү социалдык жардам көрсөтүүгө, эмгекке жөндөмдүү калктын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга жана турмуштук оор кырдаалдардан чыгууга көмөк көрсөтүүгө багытталган.
Программанын негизги максаты болуп социалдык жактан корголбогон категориядагы жарандар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоо саналат. Ушул Программанын негизги артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү социалдык коргоо;
- ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык коргоо;
- улгайган жарандарды социалдык коргоо.
Негизги максат төмөнкү артыкчылыктуу багыттар боюнча конкреттүү маселелерди ишке ашыруунун жыйынтыгында жетишилет:
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана аларга сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүүнү камсыздоо;
- АЧСЖнын даректүүлүгүн күчөтүү жана алардын өлчөмүн көбөйтүү;
- базалык кызмат көрсөтүүгө жетүүнүн тең укуктуулугун камсыздоо жана ДМЧАларды коомдо натыйжалуу интеграциялоо максатында алар үчүн жашоо-турмушуна жеткиликтүү чөйрөнү түзүү;
- улгайган жарандарга сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүү менен социалдык төлөмдөрдүн татыктуу деңгээлин камсыздоо.
ТӨУСкө ылайык Кыргыз Республикасынын Пенсиялык камсыздоо тутумун өнүктүрүү концепциясы иштелип чыккан (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 токтому), анда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы пенсиялык тутумунун негизги параметрлерин анын адилеттүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу, пенсиялык камсыздоого республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу максатында реформалоонун андан аркы этаптарынын келечектүү багыттары, камсыздандыруу принцибин чыңдоо максатында пенсияны дайындоо жана индексациялоо саясатын өзгөртүү аныкталган.
Пенсиялык саясатты өнүктүрүү алкагындагы негизги аракеттер төмөнкү келечектүү багыттарга арналат:
- пенсиялык камсыздоого республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу;
- пенсиянын базалык бөлүгүнүн ролун жана пенсиялык тутумда электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү кайрадан баалоо;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун тарифтик саясаты;
- пенсия алуучулардын айрым жеңилдиктер берилген категориялары үчүн пенсияга чыгуу курагын жогорулатууну караган мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү;
- пенсияга карата кошумча төлөмдөрдү дайындоо жана төлөө шарттарын кайрадан карап чыгуу;
- эмгек мигранттарын пенсиялык камсыздоо.
Иш менен камсыздоо саясаты 2020-жылга чейин калкты иш менен камсыздоого көмөктөшүү жана ички жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу программасынын алкагында аныкталат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 485 токтому).
Жогоруда аталган Программанын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- иш менен камсыздоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү аркылуу ишсиз жарандарды жана калктын социалдык аялуу катмарын иш менен камсыздоого көмөк көрсөтүүчү активдүү иш-чараларды күчөтүү, ошондой эле айрым аялуу топтордун өзгөчө керектөөлөрүн эске алуу менен бир катар чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- окутуу, кайрадан окутуу жана квалификациясын жогорулатуу, иш берүүчүлөр тарабынан кадрларды даярдоону көз карандысыз баалоо жана сертификатташтыруу механизмдерин ишке киргизүү маселелеринде социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү тутумун өркүндөтүү аркылуу эмгек рыногундагы жумушчу күчүнүн сапатын жана атаандашуу жөндөмүн жогорулатуу;
- эмгек рыногуна талдоо жүргүзүү, өлкөнүн экономикасынын тармактарындагы керектөөлөргө ылайык адистерди даярдоо түзүмүн жана көлөмүн аныктоо аркылуу эмгек рыногунда маалымат тутумун жана эмгек ресурстарындагы керектөөлөрдү болжолдоо тутумун өнүктүрүү;
- чет өлкөлөрдө иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча толук кандуу тутумду камсыздоо;
- мыйзамдарды өркүндөтүү, маалыматтык билим берүүнү камсыз кылуу, чет өлкөлөрдө иштөөнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарына кызмат көрсөтүү аркылуу эмгек миграциясын мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуу тутумун түзүү жана өнүктүрүү;
- эки тараптуу жана көп тараптуу мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүгө негизделген эмгек миграциясын жөнгө салуунун формасын жана ыкмаларын өнүктүрүү;
- ишке орноштуруу жана миграция чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү боюнча ишке орноштуруу кызматынын иштеринин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусун эске алуу менен уюшулган жалдоо, социалдык камсыздандыруу жана эмгек мигранттарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасы менен ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттеринин ортосунда макулдашууларды бекитүү болжолдонууда.
Ички миграциялык саясат чет өлкөлүк жогорку квалификациялуу жумушчу күчүн тартууга уруксат берүүнү жөнөкөйлөтүүгө жана уруксат берүүнү карап чыгууда ачыктыкты камсыздоого багытталат.
Бул үчүн чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга шарттарды түзүү, жаңы өндүрүштүк технологияларды өздөштүрүү, чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын эске алуу менен, бош орундарга жана түзүлгөн жумушчу орундарына Кыргыз Республикасынын жарандарынын артыкчылыктуу укуктары камсыздалганда чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасына жумушка тартуу саясатын жүргүзүү пландалууда. Адистерге карата керектөөлөрдү камсыз кылуу үчүн жогорку квалификациялуу жумушчу күчтөрүн тартууга көп көңүл бурулат.
Саламаттыкты сактоо тутумунда негизги иш багыттары 2012-2016-жылдарда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун "Ден соолук" улуттук программасына (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 309 токтому) ылайык ишке ашырылат. Ошондой эле, 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо стратегиясы кабыл алынды ("Ден соолук-2020") (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 306 токтому). "Ден-соолук-2020" стратегиясынын максаты болуп секторлор аралык мамиленин жана тилектештик принциптерин сактоонун негизинде элдин жана ар бир адамдын кызыкчылыгында ар кандай оорулардын алдын натыйжалуу алуу, саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кызматтардын сапатын, жеткиликтүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу үчүн зарыл болгон социалдык, экономикалык жана башкаруучулук шарттарды түзүү саналат.
Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү негизги милдеттер болуп төмөнкүлөр саналат:
- саламаттык сактоо кызматтарынын жалпы элге жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;
- элдин аялуу топторунун (өспүрүмдөр, улгайып калган адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ж.б.) муктаждыктарын канааттандыруу;
- калктын ден соолугун сактоо жана чыңдоо маселелерине башка секторлорду тартуу;
- социалдык-экономикалык жана маданий факторлорду, саламаттык сактоо маселелерин тармактык программаларга интеграциялоону эске алуу менен саламаттыкты сактоо көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу.
Эненин жана балдардын өлүмүн азайтуу 2008-2017-жылдарда Кыргыз Республикасында Перинаталдык жардамды жакшыртуу боюнча программанын алкагында чечилет, анын максаты болуп энелердин, перинаталдык, неонаталдык жана балдардын өлүмүн азайтуу, энелерге жана ымыркайларга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу, өлкөнүн бардык региондоруна бирдей мүмкүнчүлүк берүү, анын ичинде перинаталдык/неонаталдык жардамдын көп кырдуу тутумун түзүү саналат.
Кыргыз Республикасында билим берүү тутумун реформалоо 2012-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын алкагында ишке ашырылат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 токтому). Аны ишке ашыруу ата мекендик билим берүүнүн жана эл аралык тажрыйбанын эң мыкты деген салттарын эске алуу менен, ийкемдүү, ачык, заманбап талаптарга туура келген улуттук билим берүү тутумун түзүүгө багытталган.
Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө негизги багыттарды төмөнкүлөргө багыттоо пландалууда:
- билим берүү уюмдарынын иштеп жаткан тармагы аркылуу 5-6 жаштагы балдарды (мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кошо алганда) мектепке даярдоо программасына тартууну жогорулатуу;
- мектепке чейинки билим берүү боюнча Мамлекеттик стандарттарды ишке ашыруу (инклюзивдик билим берүүнү кошо алганда);
- мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, курстарда жана тренингдерде иштеген педагогдордун квалификациясын жогорулатуу;
- жаңы мекемелерди куруу аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тармактарын кеңейтүү;
- интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону оптималдаштыруу.
Мектептик билим берүү алкагында төмөнкүлөр сыяктуу иш-чаралар ишке ашырылат:
- мамилелердин компетенттүүлүгүн эске алуу менен билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо;
- жалпы билим берүү жана адистештирилген мектептердин базасында өзгөчө керектөөлөр менен балдарга инклюзивдик билим берүү шарттарын камсыз кылуу;
- жалпы билим берүү уюмдарын билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн алуучунун алдында жоопкерчиликке негизделген финансылык-администрациялык өз алдынчалуулук принциптерине которуу.
Кесиптик орто билим берүүдө башкы артыкчылыктар болуп төмөнкүлөр саналат:
- өлкөлүк артыкчылыктарды жана региондордун экономикалык стратегияларын талдоонун негизинде орто жана жогорку кесиптик билими менен кадрларды даярдоо түзүмүн өзгөртүү;
- жумуш берүүчүлөрдү бүтүрүүчүлөрдүн квалификациялык мүнөздөмөлөрүн түзүүгө жана квалификацияларын баалоо процессине тартуу, атайын кесиптик билим берүү мекемелеринде педагогикалык кызматкерлердин кадрдык дараметинин сапатын жогорулатуу;
- кесиптик орто билим берүүнүн аброюн жогорулатууга багытталган республиканын кесиптик орто билим берүү тутуму жөнүндө калкка маалымат берүү;
- эмгек рыногундагы керектөөлөргө ылайык ЖОЖдордо кадрларды даярдоо;
- экономикалык активдүү калкты тез өзгөрүп туруучу эмгек рыногунун талаптарына ыңгайлашуусуна өбөлгө түзүү.
2016-жылы экономиканы өнүктүрүүнүн болжолдонгон параметрлерине карата жашоонун деңгээлине мүнөздөмө берүүчү негизги социалдык көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болот:
2016-жылы калктын жан башына ИДПнын көлөмү 2015-жылга караганда 76,8ден 86,3 миң сомго чейин же 12,3%га жогорулайт.
Калктын номиналдык акчалай кирешеси 2015-жылга салыштырмалуу 13,3%га жогорулап, көлөмү 352,8 млрд. сомду түзөт. Керектөө бааларынын болжолдонгон өсүшүн эске алуу менен, акчалай кирешенин өсүшүнүн реалдуу темпи 105,0%ды түзөт. Акчалай киреше түзүмүндө "эмгек акы" көбөйөт, мында номиналдык өлчөм 12,0%га жогорулайт жана 14900,0 сомду түзөт, ал эми туюнтмада 3,8%га көбөйөт. Пенсиянын орточо номиналдык өлчөмү 5,6%га өсөт жана 4965,0 сомду түзөт. Жашоо минимуму 5762,1 сомду түзөт.
Ошентип, 2016-жылга болжолдонгон 5,2% экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлорунун оң өсүшү менен камсыздалат. Болжолдонгон макроэкономикалык параметрлерге жетүү үчүн экономикалык процесстердин бардык катышуучулары тарабынан макулдашылган акча-насыялык, салык-бюджеттик, инвестициялык, инновациялык саясат жүргүзүлөт, ал этап менен өнүгүү үчүн экономикалык, уюштуруучулук жана укуктук чаралардын комплекси камтылган тийиштүү иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн негизди түзөт.
VI. 2017-2018-жылдарга макроэкономикалык болжол
2017-2018-жылдарда экономикалык саясаттын башкы максаттары болуп социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн белгиленген позитивдүү тенденцияларын бекемдөө, күтүлүүчү көйгөйлөрдү алдын алуу жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо саналат.
Максаттуу макроэкономикалык көрсөткүчтөргө улуттук ири долбоорлорду ишке ашыруу, өлкөнүн мамлекеттик активдерин натыйжалуу башкаруу, экономиканын бардык тармактарына дем берүү үчүн мамлекеттик жөнгө салуу тутумун реформалоо аркылуу жетишилет.
16-таблица
2017-2018-жылдарда ИДПнын өндүрүү секторлорунун реалдуу салымдары, % менен
| 2017-ж. болжол | 2018-ж. болжол | 2017-2018-жж. орточо салыштырма салмагы | 2017-2018-жж. орточо өсүү темпи | 2017-2018-жж. ИДПнын өсүшүнө салым |
1. Өнөр жай |
|
|
|
| 0,38 |
ИДИнын түзүмүндөгү салыштырма салмагы | 13,5 | 13,1 | 13,3 |
|
|
реалдуу өсүү темпи, % | 101,0 | 104,6 |
| 102,8 |
|
Айыл чарбасы |
|
|
|
| 0,44 |
ИДПнын түзүмүндөгү салыштырма салмагы | 14,1 | 13,9 | 14,0 |
|
|
реалдуу өсүү темпи, % | 102,9 | 103,3 |
| 103,1 |
|
Курулуш |
|
|
|
| 0,95 |
ИДПнын түзүмүндөгү салыштырма салмагы | 9,0 | 9,6 | 9,3 |
|
|
реалдуу өсүү темпи, % | 110,3 | 111,5 |
| 110,9 |
|
Кызмат көрсөтүү |
|
|
|
| 2,04 |
ИДПнын түзүмүндөгү салыштырма салмагы | 49,4 | 49,3 | 49,35 |
|
|
реалдуу өсүү темпи, % | 104,0 | 104,3 |
| 104,15 |
|
Продуктуларга жана импортко салык |
|
|
|
| 0,62 |
ИДПнын түзүмүндөгү салыштырма салмагы | 14,1 | 14,1 | 14,1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
ИДПнын реалдуу өсүү темпи, % | 103,9 | 104,9 |
| 104,4 | 4,4 |
ИДП дефлятору | 107,0 | 107,2 |
|
|
|
2015-жылы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн күтүлгөн көрсөткүчтөрүнө жана 2016-жылга болжолдонгон көрсөткүчтөргө карата 2017-2018-жылдарда ИДПнын жылдык орточо реалдуу өсүшү 4,4% деңгээлинде болжолдонууда.
2017-2018-жылдарда секторлор аралык болжолдонгон жылдык орточо өсүү темпи: айыл чарбасында - 3,1%ды, өнөр жайда - 2,8%ды, курулушта 10,9%ды, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө - 4,1%ды түзөт.
2017-2018-жылдарда ИДПнын өсүшү негизинен Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын эсебинен болжолдонууда.
Жалпысынан 2017-2018-жылдардын аралыгында инфляциянын деңгээли катуу соккулар болбогон шартта маанилүү бир сандык көрсөткүчтүн деңгээлине болжолдонот, мындай болжолдун негизине макроэкономикалык туруктуулук тенденциясын чыңдоого багытталган, макулдашылган акча-насыялык жана бюджеттик-салык саясатын жүргүзүүнү улантуу киргизилген. Ошол эле учурда акча-насыялык саясаттын негизги максаты болуп баанын туруктуулугуна жетүү жана кармап туруу болот.
Акча-насыялык, салыктык-бюджеттик, инвестициялык, социалдык саясаттын негизги багыттары ар бир алдыда турган жылга экономикалык саясат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кабыл алган биргелешкен билдирүүгө ылайык жүргүзүлөт.
Экономиканын бардык секторлорунда өсүштүн оң темпи болжолдонот.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү 2017-2018-жылдарда кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүш жылына орточо 104,1%ды түзөт, ошону менен бирге эле экономиканын кызмат көрсөтүүчү тармагынын үлүшү 2016-жылы 48,9%дан 2018-жылы 49,3%га чейин өсөт. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өсүшү калктын реалдуу акчалай кирешесинин жылына орточо 6,6%га өсүшү менен шартталган, ички керектөөнүн өсүшү, ошондой эле негизги соода өнөктөш-өлкөлөрдүн экономикасын калыбына келтирүүгө байланыштуу тышкы суроо-талаптарды жаңылоо менен жетишилет.
Кызмат көрсөтүү секторундагы саясат 2017-2018-жылдарда жашоо үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жана ЕАЭБдин экономикалык байланышын, алардын ичинде байланыш кызматын, транспорт, микрофинансылык уюмдардын кызматын, сооданын жана башка кызматтарды интеграциялоого башталат.
Кызмат көрсөтүүнүн өсүшү негизинен кызмат көрсөтүүнүн рыноктук түрлөрүн өнүктүрүү менен камсыз кылынат, анын кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн түзүмүндөгү үлүшү 78%га чейин жогорулоо менен, орточо өсүшү жылына 105,3%ды түзөт.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өсүшү соода, транспорт иштери, жүктөрдү сактоо, мейманкана жана ресторан иштериндеги кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү менен камсыз кылынат.
Чекене жана дүң сооданын; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун жылдык орточо реалдуу өсүү темпи 7,1% деңгээлинде, ал эми кызмат көрсөтүү түзүмүндө салыштырма салмагы 2016-жылы 33,9%дан 2018-жылы 36,5%га чейин көбөйөөрү болжолдонууда.
Өнүктүрүүнүн негизги багыттары төмөнкүлөргө багытталат:
(1) ЕАЭБдеги соода агымдарынын интеграциясын жакшыртуу;
(2) ЕАЭБдин рынокторунда атаандашуу жөндөмүн жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү; (3) керектөө рыногун аны уюштуруунун цивилизациялуу формасына калк үчүн экономикалык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
(4) аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын соода чөйрөсүндөгү статусун жана компетенциясын жогорулатуу.
Рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүнүн дагы бир маанилүү багыты болуп транспорттук иштин жана жүктөрдү сактоонун кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүү саналат, мында кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмүндө 13,8% салыштырма салмагы менен, реалдуу өсүш жылына орточо 6,4%га болжолдонууда.
Ошондой эле кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү негизги багыт төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттар топтолгон туристтик индустрияны өнүктүрүү болот: (1) туристтик индустрияны мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу; (2) туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү жана продуктулардын сапатын жогорулатууга жана диверсификациялоого көмөк көрсөтүү.
2017-2018-жылдарда кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук эмес түрлөрүнүн өсүшү жылына орточо 101,0%ды түзөт, мамлекеттик чыгымдарды оптималдаштыруунун эсебинен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү кыскартуу рыноктук эмес кызмат көрсөтүүлөрдүн үлүшүн азыркы мезгилде 1 пайыздык пунктка чейин кыскартууга мүмкүндүк берет.
Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү(21) 2017-2018-жылдарда орточо жылына 102,7% деңгээлинде болжолдонууда. Ошону менен бирге эле Кумтөр кенин иштетүүчү ишканаларды кошпогондо өндүрүштүн өсүү темпи 2018-жылга карата 109,4% деңгээлинде болжолдонууда. Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү иштеп жаткан өнөр жай ишканаларынын туруктуу иштешинин, токтоп турган өндүрүштөрдүн ишин жандандыруунун, Талды-Булак Сол жээк, Бозымчак кенинин көлөмүн жана Иштамберди, Жамгыр, Жерүй кендерин өздөштүрүүнүн жана алтын казып алууну кеңейтүү, Кара-Балта шаарындагы мунай иштетүүчү заводдун долбоордук өндүрүш кубаттуулугуна чыгуу эсебинен болжолдонууда. Таш-Көмүр шаарындагы ферро эритүүчү заводу ишке киришет. Электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыз кылуунун көлөмүн жылына орточо 5,0%га жогорулатуу болжолдонууда, бирок, электр энергиясы өндүрүшүн өстүрүү 2018-жылдан башталат, себеби, жаңы кубаттуулуктарды (Камбар-Ата-2 ГЭСинин 2 агрегатын - 100 МВт, Жогорку-Нарын каскады ГЭСин куруу (Акбулуң, Нарын - 1, 2, 3 - 4 ГЭСтерин). - 240 МВт, Токтогул жана Атбашы ГЭСтерин реабилитациялоо) ишке киргизүү болжолдонууда. "Отчёттуулукту жана электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу" (ДБ), "Лейлек районундагы Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу" (ИӨБ) долбоорлорун ишке ашыруу энергетика секторунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Газ менен камсыздоонун башкы схемасын ишке ашыруу - бул масштабдуу долбоор, ал керектөөчүлөргө газ берүүнүн ишенимдүүлүгүн бир кыйла жогорулатат. 2018-жылы Кыргыз Республикасына келүүчү жаратылыш газы 800 млн. мЗ көлөмүндө болжолдонууда, бул 2015-жылга салыштырганда 33,3%га көп, ал газ менен камсыздоо тутуму аркылуу газ түрүндөгү отунду бөлүштүрүү кызматынын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге эле 2030-жылга өлкөнү газдаштыруу деңгээли 22%дан 60%га чейин жогорулайт.
2017-2018-жылдарда айыл чарбасынын өсүү темпи өсүмдүк өстүрүүнүн түшүмдүүлүгүн көбөйтүү жана мал чарбасынын өнүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча мамлекет менен жеке сектор кабыл алуучу чаралардын эсебинен орточо 3,1%га көбөйүшү болжолдонууда. Айыл чарба-тармагынын реалдуу өсүү темпине жетишүү үчүн төмөнкүдөй иш-чаралар жүзөгө ашырылат: 1) буудай жана май чыгаруучу өсүмдүктөрдүн айдоо аянттарын акырындык менен кыскартуунун эсебинен ЕАЭБге мүчө-мамлекеттеринде көптөгөн суроо-талаптар менен колдонулуучу өсүмдүктөрдүн айдоо аянттарын тутумдуу түрдө көбөйтүү аркылуу айдоо аянттарын түзүмдүк өзгөртүү; 2) айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн алдыңкы технологияларын киргизүү, айыл чарба продукцияларынын экспортунун көлөмүн көбөйтүү үчүн органикалык, минералдык жана органикалык-минералдык жер семирткичтерди колдонуу; 3) лизинг боюнча айыл чарба техникаларын сатып алуу аркылуу жеңилдетилген насыялык шарттарда фермерлерди зарыл болгон айыл чарба техникалары менен камсыздоону улантуу; 4) айыл чарба малынын жана канаттууларынын генофондун туура пайдалануу, селекциялык-асыл тукумдуулук иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, баалуу генетикалык материалды колдонуу менен жасалма уруктандыруу пункттарын түзүү; 5) тоюттардын бардык түрлөрүн даярдоонун көлөмүн жогорулатуу.
2017-2018-жылдарда курулуш тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары төмөнкүлөр болот: а) имараттардын энергиялык натыйжалуулугун жакшыртууда жана көмүртектин эмиссиясын азайтууда сейсмикалык жактан коопсуз ыңгайлуу турак жайга калктын экономикалык мүмкүнчүлүгүн арымдуу көбөйтүүгө багытталган саясатты иштеп чыгууну камсыз кылуучу институционалдык түзүмдү түзүү; б) азыркы абалга салыштырганда 2018-жылы пайдаланууга берилүүчү имараттардын энергияны керектөөсүн 30-40%га азайтууну камсыз кылуучу башкаруу, долбоорлоо, куруу жана инновациялык иш-чаралар жаатында кесипкөйлөрдүн дараметин жогорулатуу.
Бул багыттарды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр сыяктуу негизги чаралар көрүлөт: курулуш секторунда энергиялык натыйжалуулуктун саясатын ишке ашыруунун жана башкаруу тажрыйбасынын, калк үчүн сейсмикалык коопсуздуктун жана экономикалык жактан жеткиликтүүлүктүн тутумун түзүү; сейсмикалык туруктуулуктун жана энергиялык натыйжалуулуктун стандарттары сакталбагандыгы үчүн катуу санкцияларды киргизүү механизмдерин иштеп чыгуу; курулушту мамлекеттик башкаруу адистеринин квалификациясын жогорулатуу тутумунда "Туруктуу өнүктүрүү үчүн курулуш сектору" окутуу программасын иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү ж.б.
2017-2018-жылдарда капиталдык салымга чыгымдар артыкчылык тартипте социалдык багыттагы объекттерди курууга жана реконструкциялоого, ошондой эле республикадагы унаа жолдорду курууга жана реконструкциялоого багытталат.
2017-2018-жылдарда каржылоонун бардык булактарынан капиталдык салымдардын жалпы көлөмү орточо 10,8%га (2017-жылы 180,2 млрд. сомдон 2018-жылы 217,1 млрд. сомго чейин) өсөт. 2016-жылга болжолдонгон капиталдык салымдардын түзүмү ошол эле деңгээлде калат, мында энергетика курулушунун объекттерине чет өлкөлүк насыяларды тартууга жана автоунаа жолдорун реконструкциялоону жүргүзүүгө байланышкан жалпы капиталдык салымдардын жалпы көлөмүнүн 45,1%ын түзөт.
Экономиканын курулуш сектору орто мөөнөттүү келечекте улуттук экономиканын туруктуу өсүшүн камсыздоочу маанилүү багыттын бири болуп калат деп болжолдонууда. Бул сектордогу реалдуу өсүү темпи жылына орточо 10,9%ды түзөт. Экономикалык өсүшкө курулуш сектору оң таасир тийгизет жана орточо 0,92 пайыздык пунктту түзөт.
Инвестицияларды тартуу жаатында мамлекет жүргүзүп жаткан саясат жеке инвестициялардын деңгээлин 2018-жылы ИДПга карата 30,0%га чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Экономикага болгон дүң инвестиция 2018-жылы ИДПга карата 35,8%га чейин көбөйөт, бул 2017-2018-жылдарда орточо 4,4%га экономикалык өсүшкө көмөк көрсөтөт.
Акчалай кирешенин номиналдык жактан алганда жылына орточо 15,2%га өсүшү менен шартталган жеке керектөө үлүшүнүн 2016-жылы ИДПга карата 98,8%дан 2018-жылы 99,4%га чейин жогорулашы болжолдонууда.
17-таблица
2017-2018-жылдарда ИДПны пайдалануу, %
Көрсөткүчтөр | 2017-ж. | 2018-ж. |
болжол | болжол | |
ИДП рынок бааларында | 100,0 | 100,0 |
Керектөө | 115,2 | 114,5 |
Мамлекеттик | 15,7 | 15,1 |
Жеке | 99,5 | 99,4 |
Дүң инвестициялар | 35,4 | 35,8 |
Мамлекеттик инвестициялар | 7,4 | 5,8 |
анын ичинен МТИ (тышкы) | 5,8 | 4,3 |
Жеке инвестициялар | 28,0 | 30,0 |
Экспорт (товарлар жана фактордук эмес кызмат көрсөтүүлөр) | 30,8 | 30,6 |
Импорт (товарлар жана фактордук эмес кызмат көрсөтүүлөр) | 81,5 | 80,9 |
Таза экспорт | -50,6 | -50,3 |
Орто мөөнөттүү мезгилде тышкы экономикалык иштердин өнүгүүсүнө таасир берген негизги өбөлгөлөр: (а) Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Кытай Эл Республикасы сыяктуу өлкөлөр менен кошуна жайгашкан Кыргыз Республикасынын ыңгайлуу географиялык абалы, алардын рыноктору Кыргыз Республикасынын экспорттук дараметинин өсүшүн камсыздай алат; (б) коңшу мамлекеттердеги саясий туруктуулук; (в) Кыргыз Республикасынын ДСУга, ЕАЭБге мүчөлүгүн активдүү пайдалануу; (г) Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ), КМШнын алкагында тышкы экономикалык кызматташууну кеңейтүү; (д) эл аралык экономикалык жана финансылык уюмдар менен кызматташууну тереңдетүү.
2017-2018-жылдарда тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү жыл сайын орточо 2,6%га өсөт жана 2018-жылы 8,3 млрд. АКШ долларынын деңгээлиңе жетет.
Экспорттун номиналдык көлөмү 2,1 млрд. АКШ долларына чейин жетип, 2017-жылга салыштырмалуу 5,0%га өсөт деп болжолдонууда. Экспорттун өсүшүн кармап туруу, алтын кендеринде алтынды иштетүүнүн деңгээлинин азайышына байланыштуу алтынды экспорттоо көлөмүнүн 0,6%га азайышы, ошондой эле айыл чарбасында өндүрүлгөн азыктарды (жашылча, мөмө-жемиштер - жылына орточо 4,0%га), курулуш материалдарын (айнек такталары - орточо 6,2%га) жана кийим-кече жана ага тиешелүү предметтерди (жылына орточо - 2,4%га) экспортко чыгаруунун көлөмүн көбөйтүү менен шартталат.
Өлкөгө импорттун келүүсү жылына орто эсеп менен 2,5%га жогорулашы болжолдонууда жана 2018-жылы 6,2 млрд. АКШ долл. деңгээлге жетет. Импорттун өсүшү мунай продуктуларын ташып келүүнүн көлөмүнүн көбөйүшү менен шартталат, анын деңгээли 2017-жылга салыштырганда 102,9%ды түзөт, электр машиналары, жабдуулар жана аппаратуралар 1.5 %га, жаратылыш газы - 14,3%га, өнөр жай үчүн машиналар жана жабдуулар - 2,6%га көбөйөт.
Натыйжада соода балансынын терс сальдосу 2016-жылы 3,9 млрд. АКШ долларынан 2018-жылы 4,1 млрд. АКШ долларына чейин начарлайт.
ИДПга карата товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн таза экспортунун терс сальдосу 2017-жылы (-)50,6%дан 2018-жылы (-)50,3%га чейин жакшырат.
2017-2018-жылдарда социалдык өнүктүрүү саясаты, мурдагыдай эле биринчи кезекте заманбап талаптарды жана мамлекеттин мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен мамлекеттин кепилденген социалдык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткаруусуна, калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга, жарандардын социалдык корголбогон категорияларынын абалын жакшыртууга жана кедейликтин масштабын азайтууга багытталат.
Калкты иш менен камсыздоо жана миграция саясаты миграциялык процесстерди тартипке келтирүүгө жана тышкы эмгек миграциясын цивилизациялык өнүктүрүүнүн шарттарын түзүүгө, барган өлкөлөрүндө мигранттардын укугун коргоого жана экономикалык активдүү калктын атаандашуу жөндөмүн жогорулатууга багытталат.
Болжолдонгон макроэкономикалык параметрлерге карата 2017-2018-жылдары социалдык көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болот.
2017-2018-жылдарда калктын акчалай кирешесинин реалдуу өсүшү орточо 6,6%дын деңгээлинде болжолдонууда, бул жеке керектөөлөрдүн жылына орточо 4,2%га өсүшүнө көмөк көрсөтөт. Болжолдонгон мезгилде мамлекеттик керектөөнүн үлүшү 2016-жылга салыштырганда 1,0 пайыздык пунктка кыскарат жана 2018-жылы ИДПга карата 15,1%ды түзөт.
Орточо эмгек акынын номиналдуу өлчөмүнүн өсүшү орточо 9,6% өсөт жана 2018-жылы 17900,0 сомду түзөт.
Жашоо минимумунун өлчөмү (ЖМ) 2016-жылы 5762,1 сомдон 2018-жылы 6727,0 сомго болжолдонууда. Эмгекке жөндөмдүү калктын жашоо минимумунун өлчөмүнө орточо эмгек акынын катышынын коэффициенти 2018-жылга карата 2,4 деңгээлинде түзүлөт.
Пенсиялардын номиналдуу өлчөмү 2016-жылы 11,6%га көбөйөт жана 2018-жылы 5542,0 сомду түзөт.
2018-жылга карата жалпы жумушсуздуктун деңгээлинин төмөндөшү болжолдонууда жана 2014-жылдагы 8,0%га карата 2018-жылы 7,7%ды түзөт.
Кедейчиликтин деңгээли 2018-жылы 28,5%дын деңгээлинде болжолдонууда жана 2016-жылга салыштырганда 2,0 пайыздык пунктка төмөндөйт.
VII. Корутунду
Кыргыз Республикасынын экономикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн болжолдонгон максаттуу көрсөткүчтөрдү аткаруунун маанилүү шарты болуп макроэкономикалык саясатты жүргүзүү үчүн негиз катары саясий туруктуулукту сактоо, ошондой эле тышкы жана ички соккулардын экономикага тийгизген таасирлерин минималдаштыруу болуп саналат.
Максаттуу макроэкономикалык көрсөткүчтөргө улуттук ири долбоорлорду ишке ашыруу, өлкөнүн мамлекеттик активдерин натыйжалуу башкаруу, экономиканын бардык тармактарына дем берүү үчүн мамлекеттик жөнгө салуу тутумун реформалоо аркылуу жетишилет. Ыңгайлуу инвестициялык климатты сактоо, ишкердик чөйрөсүндөгү ийкемдүү жөнгө салуучу саясат, мыйзамдардын ачык-айкындыгы жана туруктуулугу экономикалык өсүшкө өбөлгө түзөт.
Экономикалык өсүш өлкөнүн ИДПсын түзүүчү реалдуу экономиканын бардык секторлору тарабынан колдоого алынат.
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү мониторинги жана талдоо маалыматтарынын негизинде жетишилген прогресстерге мезгили менен кылдаттык талдоо жүргүзүлөт, "начар жерлери" аныкталат жана алынган жыйынтыктардын негизинде көрсөткүчтөрдүн болжолдуу маанилери кайрадан оперативдүү каралып чыгат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан зарылдыгына жараша дүйнөлүк конъюнктуранын начарлашына жана пайда болуучу ички жагымсыз шарттарга байланышкан терс процесстердин экономикага таасирин тийгизиши мүмкүн болгон катуу соккуларын жеңилдетүүгө багытталган чаралар тутуму иштелип чыгат.
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү болжолдоо көрсөткүчтөрүнүн тизмеги бул Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2016-жылга жана 2017-2018-жылдарга болжолунун 1-15-тиркемелерине ылайык аныкталган.
_______________
Эскертүүлөр:
(1) Көрсөткүчтөр дүң кошумча наркы боюнча келтирилди.
(2) Банк тутумунун талдоо балансынын маалыматы боюнча экономикага насыя жеке жана юридикалык жактардын жана башка финансылык-насыялык мекемелердин насыяларын гана өзүнө камтыйт, мында Өкмөткө жана резидент эместерге насыялар алып салынат.
(3) Өсүү темпи ДКН боюнча келтирилди.
(4) Банктардын жана башка финансылык-насыялык мекемелердин депозиттерин эске албаганда.
(5) Банктарга жана башка финансылык-насыялык мекемелерге берилген насыяларды эске албаганда.
(6) 2015-жылдын апрель айындагы Эл-аралык валюта фондунун божомолдоосу.
(7) 2015-жылдын июль айындагы Эл-аралык валюта фондунун божомолдоосу.
(8) 2015-жылдын 16-февралдагы Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министрлигинин божомолдоосу.
(9) 2015-жылдын 28-майдагы Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министрлигинин божомолдоосу.
(10) 2015-жылдын 17-февралдагы Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинин божомолдоосу.
(11) 2015-жылдын 23-январдагы Беларусь Республикасынын Экономика министрлигинин божомолдоосу.
(12) 2015-жылдын 11-июндагы Евразиялык экономикалык комиссиянын божомолдоосу.
(13) Өсүү темпи ДКН боюнча келтирилди.
(14) Иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүүнүн наркын эске албастан.
(15) Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министрлигинин 2015-жылдын 22-апрелиндеги маалыматтары боюнча.
(16) Евразиялык экономикалык комиссиянын 2015-жылдын 11-июнундагы болжолу.
(17) Эл аралык валюта фондусунун маалыматтары боюнча.
(18) Өсүү темпи ДКН боюнча келтирилди.
(19) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2014-жылдын 17-декабрындагы № 55/3 токтому менен жактырылган.
(20) Кайра иштетүүчү иштетип алма чийки затынын наркын кошпогондо.
(21) Кайра иштетүүчү иштетип алма чийки затынын наркын кошпогондо.".
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2016-жылга жана 2017-2018-жылдарга болжолунун 1-15-тиркемеси КР Юстиция Министрилигинин архивинде сакталат
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июлундагы № 395 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-августу № 597
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 354 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2016-жылга жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
2016-жылга жана 2017-2018-жылдарга макроэкономикалык параметрлерди тактоо максатында, "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 354 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2016-жылга жана 2017-2018-жылдарга болжолуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2016-жылга жана 2017-2018-жылдарга болжолу ушул токтомдун тиркемесине ылайык баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |