Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 753
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-октябрындагы № 519 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-декабрындагы № 862 "Өнөр жай менчигинин объектисине мажбурлоо лицензиясын берүүнүн жана аны пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өнөр жай менчик объектисине, салттуу билимдерге мажбурлоо лицензиясын берүүнүн жана аларды пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу";
2) 1-пунктундагы "Өнөр жай менчигинин объектисине мажбурлоо лицензиясын берүүнүн жана аны пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобо" деген сөздөр "Өнөр жай менчик объектисине, салттуу билимдерге мажбурлоо лицензиясын берүүнүн жана аларды пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өнөр жай менчигинин объектисине мажбурлоо лицензиясын берүүнүн жана аны пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө жободо:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өнөр жай менчик объектисине, салттуу билимдерге мажбурлоо лицензиясын берүүнүн жана аларды пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобо";
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына, "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана өнөр жай үлгүсүндөгү ойлоп табууну (мындан ары - өнөр жай менчик объектиси) жана салттуу билимди пайдаланууга мажбурлоо лицензиясын берүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт.";
- 2-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Алдын ала патент, патент (мындан ары - патент), күбөлүк менен корголуучу өнөр жай менчик объектисин, салттуу билимди патент ээсинин уруксатысыз, күбөлүк ээсинин уруксатысыз пайдаланууга төмөнкү шарттардын бири болгондо жол берилет:";
"а'' пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) эгерде өнөр жай менчик объектиси, салттуу билим патент, күбөлүк берилген датадан тартып үч жылдын ичинде патент ээси, күбөлүк ээси же аларга карата укуктар өткөрүлүп берилген адамдар (мындан ары - укук ээси) тарабынан пайдаланылбаса же жетишсиз пайдаланылса, бул Кыргыз Республикасынын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунда тиешелүү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жетишсиз сунуштоого алып келет;";
- 3-пункту "өнөр жай менчик объектисин" деген сөздөрдөн кийин "салттуу билимди" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункту "өнөр жай менчик объектисин" деген сөздөрдөн кийин ", салттуу билимди" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пунктунун "а" пунктчасындагы "өнөр жай менчик объектисинин" деген сөздөрдөн кийин ", салттуу билимдин" деген сөздөр менен толукталсын.
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-октябрындагы № 519 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 154 "Салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерин, Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) расмий тилдеги текстинин аталышындагы жана 1-пунктунун экинчи абзацындагы "пользование" деген сөз "использование" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелеринде:
- Эрежелердин жана тиркемелердин расмий тилдеги текстинин аталышындагы жана бүткүл текст боюнча "пользования" деген сөз "использования" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 32-пунктундагы "Интеллектуалдык менчик" расмий бюллетенинде" деген сөздөр "алар Реестрге киргизилген датадан тартып үч айдын ичинде "Интеллектуалдык менчик" расмий бюллетенинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 6-ноябрында № 109 жарыяланды
Премьер-министри | Т.Сариев |