Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-октябры № 678
3-июнундагы № 303 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолор тиркемеге ылайык киргизилсин.
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
VIII бөлүм төмөнкү мазмундагы 4-бап менен толукталсын:
«
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Интеллектуалдык менчиктин корголуучу объекттерин реестрге киргизүү – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-бап, 45-пункт | ||
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында бажы ишин түздөн-түз жетектеген аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) | ||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Юридикалык жана жеке жактар - тышкы экономикалык иштин катышуучулары | ||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-ноябрындагы № 694 «Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө» токтому | ||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Интеллектуалдык менчиктин корголуучу объекттерин реестрге киргизүү | ||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын имаратына бардык арыз берүүчүлөрдүн кирүүсүнө ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери болгон учурда гана уруксат берилет. Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканалар, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолсуз кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймылдоо аппаратынын бузулушу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн (имараттар, жайлар) пандустар, кармагычтар менен жабдылышы зарыл; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча; Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | ||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу жана кызмат көрсөтүүнү алууга чектелген убакыт - 30 мүнөткө чейин Арызды кабыл алуу жана кароо мөөнөтү - эки айга чейин | ||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Бишкек ш., Байтик Баатыр көч., 4а дареги боюнча жайгашкан бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасында; - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында - www.customs.kg; - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке кайрылууда; - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык такталарынан, брошюралардан, буклеттерден; Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жарандарды кабыл алуу, алар кайрылган күнү жүзөгө ашырылат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | ||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты - www.customs.kg; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иш режими, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарына, сайтына жайгаштырылат | ||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейджилери) бар. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү, маселенин маани-маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, сүйлөшүп жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдери сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берилет | ||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | ||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берүү зарыл: - төмөнкүлөрдү камтыган арыз: укук ээси жөнүндө толук маалыматтар; реестрге киргизүүгө жаткан интеллектуалдык менчик объектисин көрсөтүү; анын товарын чыгарган уюмдардын аталыштары жана даректери, ошондой эле ага таандык интеллектуалдык менчик объектисин пайдаланууга ыйгарым укуктуу же лицензиясы бар уюм, аларды пайдаланууга ыйгарым укугун тастыктаган документтер; оригиналдуу товарларды өндүрүү жайы; - интеллектуалдык менчиктин объектисине укугун тастыктоочу документтер. Алар төмөнкүлөр болушу мүмкүн: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (мындан ары – Кыргызпатент) берген товардык белгини каттоо жөнүндө күбөлүк; Кыргызпатенттин тийиштүү тастыктамасы менен Кыргыз Республикасынын аймагында товардык белгини эл аралык каттоо жөнүндө Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Эл аралык бюросунун реестринен көчүрмө; Кыргызпатент тарабынан товарлардын чыккан жеринин аталышын пайдалануу укугуна берилген күбөлүк; автордук укукту каттоо жөнүндө күбөлүк эгерде ал Кыргызпатентте катталса; Кыргызпатентте катталган товардык белгиге жана тейлөө белгисине укук берүү жөнүндө келишим (лицензиялык келишим, укуктарды өткөрүү жөнүндө келишим); автордук укук объектисине укук берүү жөнүндө келишим (лицензиялык келишим, укуктарды өткөрүү жөнүндө келишим); укук ээси берген ишеним кат, эгерде документтер өкүл аркылуу берилсе (өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү тиркелиши керек); - интеллектуалдык менчик объектиси камтылган оригиналдуу товарлардын сүрөттөлүшү жана зарыл болгон учурда үлгү же фото сүрөтү же интеллектуалдык менчик объектисин камтыган товардын тышкы көрүнүшү жөнүндө толук сыпаттама берген башка маалыматтар; контрафакттык товарларды табууга мүмкүндүк берген маалыматтар (эгерде бар болсо): контрафакттык товарларга шектелген жүк алуучунун жана/же импорттоочунун аталышы жана дареги; шектүү товардын, анын ичинде үлгүсүнүн жана/же фото сүрөтүнүн толук баяндалышы; шектүү товар чыгарган ишкана жана чыгарылган өлкө же өлкөлөр; шектүү товар бажылык тариздөө үчүн болжол менен берилген жери; транспорттун түрү же транспорттоочу уюмдун аталышы; - бажы органдарынын же декларанттын чыгымдарынын ордун толтуруу жөнүндө укук ээсинин жазуу жүзүндөгү милдеттемеси. Кыргыз Республикасынын бажы органдарына укук ээсинин кызыкчылыктарын көрсөтүүгө тийиштүү түрдө таризделген ишеним кат, анын ичинде мындай ыйгарым укукту берген, лицензиялык, автордук келишим, коммерциялык өкүлчүлүктүн келишими, милдеттенме укук ээси тарабынан берилиши мүмкүн; - интеллектуалдык менчиктин корголуучу объекттерин реестрге киргизүүгө арыз берилген күнгө чейин 5 жылдан кем эмес мезгилдеги интеллектуалдык менчиктин объектисин камтыган товарларды арыз ээси тарабынан ташып киргизүү жөнүндөгү маалыматтар; - жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ | ||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде көрсөтүлөт. МБКнын интеллектуалдык менчиктин корголуучу объекттеринин реестрине интеллектуалдык менчиктин объекттерин каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби тууралуу Жобо менен белгиленет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарына жана расмий сайтына www.customs.kg. жайгаштырылган | ||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, мүлк жана башка ынанымы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу | ||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат жарым жартылай электрондук форматта көрсөтүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү маалыматтарды алуунун тандаган ыкмасына жараша телефон байланышы жана интернет түйүнү аркылуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгү камсыздалат | ||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурларда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартат: - 12-пунктта көрсөтүлгөн документтер берилбесе; - кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн кайрылган жакта аны алууга укугу же башка жактын атынан аракеттенүүгө ыйгарым укугу жок болсо; - берилген документтер белгиленген талаптарга туура келбесе (туура эмес толтурган учурда); - берилген документтерде чындыкка шайкеш келбеген маалыматтар болсо | ||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде арыз ээси бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек | ||
|
|
|
|
|
».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т. Сариев |