Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-августу № 606
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторун экономикалык иштин түрлөрүнүн статистикалык жана экономикалык классификацияларынын эл аралык интеграцияланган системасына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" (ЭИТМК, 3-версия) мамлекеттик классификаторунда:
- "Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жаатындагы кызмат көрсөтүү" 01.61-классы:
төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"
|
| - парниктерде, күнөсканаларда айыл чарба өсүмдүктөрүн кышкы, гидропондук, пленка менен жабылган, текчелердеги топурактарда өстүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр; |
";
төмөнкүдөй мазмундагы классча менен толукталсын:
"
| 01.61.2 | Күнөсканаларда, парниктерде айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр |
";
- "Алкоголсуз суусундуктарды өндүрүү; минералдык сууларды жана башка сууларды бөтөлкөдө өндүрүү" 11.07-классында:
"Улуттук суусундуктарды (максым ж.б.) өндүрүү" 11.07.2-классчасында "(максым ж.б.)" деген сөздөр "(максым, чалап, жарма, бозо)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы классча менен толукталсын:
"
11.07.9 | Башка топтоштурууларга кирбеген башка алкоголсуз суусундуктарды өндүрүү; |
";
- "Башка топтоштурууларга кирбеген башка текстиль буюмдарын өндүрүү" 13.99-классынын үчүнчү абзацы "өндүрүү" деген сөздөн кийин "кийиз жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Башка кийимдерди жана аксессуарларды өндүрүү" 14.19-классында:
тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
|
| таман салбастан текстиль материалдарынан бут кийим чыгаруу; |
";
төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"
|
| - бут кийим чыгаруу (15.20); |
";
- "Бут кийим өндүрүү" 15.20-классында:
бешинчи абзацтагы "бут кийимдин бөлүктөрүн өндүрүү" деген сөздөр "бут кийимдин булгаары бөлүктөрүн өндүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
|
| - таман салбастан текстиль материалдарынан бут кийим чыгаруу (14.19); |
";
тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
|
| - бут кийимдин бөлүктөрүн резинадан чыгаруу (22.19); |
";
- "Башка полиграфиялык продукцияларды басып чыгаруу (гезиттен башка)" 18.12-классы:
төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"
|
| - фотографиялык сүрөттөлүштөрдү ар кандай объекттерге (кружкаларга, футболкаларга, сааттарга, гүлдөргө ж.б.), анын ичинде заказчынын катышуусунда басып чыгаруу; |
";
төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"
|
| документтерди фотокөчүрмөлөө (82.19) |
";
- "Башка резина буюмдарын өндүрүү" 22.19-классынын үчүнчү абзацы "кийимдердин предметтеринен жана" деген сөздөрдөн кийин "бөлүктөрдөн" деген сөз менен толукталсын;
- "Башка тамак-аш азыктарынын, анын ичинде балыктардын, рак сымалдардын жана моллюскалардын дүң соодасы" 46.38-классы:
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"
|
| - ундун дүң соодасын |
";
"46.38.0" деген цифралар "46.38.9" деген цифралар менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы классчалар менен толукталсын:
"
| 46.38.1 | Ундун дүң соодасы |
| 46.38.2 | Иттерге, мышыктарга жана башка үй жаныбарларга (багылуучуларга) тоюттардын дүң соодасы |
";
- "Парфюмериялык жана косметикалык товарлардын (самынды кошкондо) дүң соодасы" 46.45-классынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
|
| Бул топ парфюмерия, косметика жана самындын дүң соодасын камтыйт |
";
- "Компьютерлердин жана программалык камсыздоолордун адистештирилген дүкөндөрүндөгү чекене соода" 47.41-классынын экинчи абзацындагы "электрондук оюндар (телевизорлорго оюн жалгамалары түрүндө же ЭЭМ үчүн программалык камсыздоо курамында)" деген сөздөр алып салынсын;
- 47.76-классынын жана 47.76.0-классчасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
47.76 |
| Адистештирилген дүкөндөрдөгү гүл жана башка өсүмдүктөрдүн, уруктардын, жер семирткичтердин, үй жаныбарларынын (багылуучулардын), тоют, багуу каражаттарынын жана алар үчүн ветеринардык препараттардын чекене соодасы |
| 47.76.0 | Адистештирилген дүкөндөрдөгү гүл жана башка өсүмдүктөрдүн, уруктардын, жер семирткичтердин, үй жаныбарларынын (багылуучулардын): тоют, багуу каражаттарынын жана алар үчүн ветеринардык препараттардын чекене соодасы |
";
- "Жерде жүрүүчү транспорттун башка көмөкчү иштери" 52.21-классында:
төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"
|
| - темир жол жүргүнчүлөр вокзалынын жана шаардык, шаардын чек жакасындагы жана шаар аралык автобустардын жүргүнчүлөрдү ташуулары менен байланышкан жүргүнчү терминалдарынын (билет сатуу, билеттерди алдын ала заказ кылуу, жүк сактоо камералары) кызмат көрсөтүүлөрү: |
";
төмөнкүдөй мазмундагы классча менен толукталсын:
"
| 52.21.1 | Билет сатуу, билеттерди алдын ала заказ кылуу, жүк сактоо камералары |
";
"52.21.0" цифралары "52.21.9" цифралары менен алмаштырылсын;
- "Китептерди, мезгилдүү басылмаларды басып чыгаруу жана башка басма иши 58.1-классынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
|
| Бул топ китептерди, журналдарды жана мезгилдүү жарыялоолорду, дарек китептерин жана башка басылмаларды, анын ичинде сүрөттөрдү, гравюраларды, календарларды, афишаларды, открыткаларды, бланктарды, плакаттарды, искусство чыгармаларынын репродукцияларын ж.б. чыгарууну камтыйт. Бул чыгармалар интеллектуалдык чыгармачылык катары мүнөздөлөт жана эреже катары аларга карата автордук укуктар корголгон. |
";
- "Маалымдамаларды жана дарек тизмелерин басып чыгаруу" 58.12-классынын экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
|
| Бул класс маалымдама материалдарды, бирок мазмундук бөлүгүн эмес, фактылар жана маалыматтар менен (маалыматтар базасы), алардын формасына корголгон укугу бар басып чыгарууну камтыйт. |
";
- "Холдинг-компаниялардын иши" 64.20-классында:
экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"
|
| Эгерде бирдик холдинг-компаниянын жана башкы кеңсенин функцияларын аткарса, анда аны башкы кеңсе катары классификациялоо керек (т.а., 70.10-классына), анткени активдерге (акциялардын контролдук пакетине) ээ болуу боюнча иштер иштин башка түрлөрүнө карата дайыма экинчи. |
";
үчүнчү жана төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
|
| Бул класс төмөнкүлөрдү камтыбайт: - башка компанияларды, ишканаларды башкаруу боюнча иштер, стратегиялык пландаштыруу жана компаниялар боюнча чечимдерди кабыл алуу (70.10). |
";
- "Фонддорду башкаруу" 66.30-классынын экинчи-бешинчи абзацтары төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен алмаштырылсын:
"
|
| Бул класс төмөнкүлөрдү: - пенсиялык фонддорду башкаруу; - өз ара фонддорду, т.а. инвестициялык компаниялар тарабынан башкарылуучу ачык типтеги үлүштөш салымдык трасттарды (фонддорду) башкаруу; - башка инвестициялык фонддорду башкаруу сыяктуу жеке жактардын, юридикалык жактардын жана башка кардарлардын кызыкчылыгында сый акы төлөө же келишимдик негизде активдердин портфелдерин жана фонддорду башкаруу боюнча иштерди камтыйт. |
";
- 70-бөлүм "борбордук" деген сөздөн кийин "(башкы)" деген сөз менен толукталсын;
- 70.1-топ "борбордук" деген сөздөн кийин "(башкы)" деген сөз менен толукталсын;
- "Борбордук кеңселердин иши" 70.10-классы:
биринчи абзацы "борбордук" деген сөздөн кийин "(башкы)" деген сөз менен толукталсын;
экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
|
| Бул класс төмөнкүлөрдү камтыйт: - компаниянын же ишкананын башка бөлүктөрүнө карата административдик, байкоочу жана башкаруучу функцияларды ишке ашыруучу, ошондой эле стратегиялык же уюштуруучулук пландоону ишке ашырган жана компаниянын же ишкананын ролуна жараша чечимдерди кабыл алган, компаниянын же ишкананын (анын ичинде туунду компаниялар жана филиалдар) ишине ыкчам контролду жана учурдагы (күнүмдүк) ишмердигине башкарууну белгилеген башкаруунун башкы (борбордук) кеңселеринин, борбордук административдик кеңселеринин, корпоративдик кеңселеринин, райондук жана региондук кеңселеринин, туунду компанияларынын башкаруучу кеңселеринин иштерин. Эгерде бирдик холдинг-компаниянын жана башкы кеңсенин милдетин аткарса, анда аны башкы кеңсе катары классификациялоо керек (т.а. 70.10-класска), анткени активдерге ээ болуу (акциялардын контролдук пакетине) боюнча иштер иштин башка түрлөрүнө карата ар дайым экинчи. |
";
- 70.10.0-классчасынын биринчи абзацы "борбордук" деген сөздөн кийин "(башкы)" деген сөз менен толукталсын;
- "Жалпы мүнөздөгү мамлекеттик башкаруу" 84.11-классында:
төмөнкүдөй мазмундагы классчалар менен толукталсын:
"
| 84.11.1 | Башкаруунун борбордук органдарынын аткаруу жана мыйзам чыгаруу иштери |
| 84.11.2 | Башкаруунун региондук органдарынын аткаруучулук иштери |
| 84.11.3 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын-жергиликтүү кеңештердин иштери |
| 84.11.4 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын-айыл өкмөтүнүн, шаарлардын мэрияларынын иштери |
";
"84.11.0" деген цифралар "84.11.9" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Медициналык орто персоналдар тарабынан бейтаптардын жашоосун жана багууну камсыздоо менен бирге социалдык тейлөө" 87.10-классы:
алтынчы абзацы "медициналык персоналдар" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде медайымдык кароонун ооруканалары" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Искусство жаатындагы артисттик жана башка иштер жана маданий-массалык көңүл ачуучу иш-чараларын өткөрүү" 90-бөлүмүнүн сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- "Лотереяларды уюштуруу жана өткөрүү, лотерея билеттерин сатуу" 92-бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
92 |
| Лотереяларды уюштуруу жана өткөрүү, лотерея билеттерин сатуу Бул бөлүм лотереяларды уюштурууну жана өткөрүүнү, ошондой эле лотерея билеттерин сатууну камтыйт. |
92.0 |
| Лотереяларды уюштуруу жана өткөрүүнү, лотерея билеттерин сатууну. |
92.00 |
| Лотереяларды уюштуруу жана өткөрүү, лотерея билеттерин сатуу. Бул класс төмөнкүлөрдү камтыйт: - лотереяларды уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле лотерея билеттерин сатуу. |
| 92.00.0 | Лотереяларды уюштуруу жана өткөрүү, лотерея билеттерин сатуу |
";
- "Эс алууну жана көңүл ачууну уюштуруу боюнча спорттук жана башка иштер" 93-бөлүмүнүн алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 1-сентябрында № 83-84 жарыяланды
Премьер-министри | Т.Сариев |