Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-декабры № 837
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-августундагы № 584 "Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан администратор дайындоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-августундагы № 584 "Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан администратор дайындоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген, Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан администраторду дайындоо тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети" 2004-жылдын 26-майындагы № 383 токтомунун 1-пунктуна ылайык ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Банкроттук иштер боюнча башкармалыкка (мындан ары текстте - Башкармалык) жүктөлгөн" деген сөздөр алып салынсын жана "мамлекеттик орган" деген сөздөрдөн кийин "(мындан ары текстте мамлекеттик орган)" деген сөздөр менен толукталсын;
- бардык текст боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Башкармалык" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Мында Мамлекеттик орган кредиторлорго банкроттук жөнүндө кабар берүүгө милдеттүү.";
- 4-пунктунда "кийинки күндөн кечиктирбестен" деген сөздөр алып салынсын;
- 9-пункттун экинчи абзацындагы "токтоосуз" деген сөз алып салынсын;
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Администратор мамлекеттик органдын буйругу менен дайындалат.";
- 13-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимин алгандан тартып, мамлекеттик орган мурда дайындалганды милдеттерин аткаруудан бошотуп, жаңы администраторду дайындашы керек.";
- 3-бөлүмүнүн аталышы "Администраторду" деген сөздөн кийин "өзүнүн милдеттерин аткаруудан" деген сөздөр менен толукталсын;
- 23-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 24-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- 4-бөлүмүнүн аталышы "Администраторду" деген сөздөн кийин "өзүнүн милдеттерин аткаруудан" деген сөздөр менен толукталсын;
- 28-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-апрелиндеги № 163 "Банкроттук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча кошумча чаралар тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 4-ноябрындагы № 520 "Банкроттук механизмин пайдалануу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 14-октябрындагы № 589 "Өнөр жай саясатын ишке ашыруу жана ишканалардын реформаларын тереңдетүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 26-ноябрындагы № 686 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 4-мартындагы № 104 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке киргизүү тартиби тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары жөнүндө" токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.Сариев |