Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-декабры № 815
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20, 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 "Продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин;
- 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Продукцияларды милдеттүү түрдө сертификациялоо жүргүзүү эрежелери жана тартиби жөнүндө жободо:
- 4.4.4-пунктунун экинчи абзацындагы "жөндөмдүүлүккө гана аккредиттелген" деген сөздөр алып салынсын.
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 267 "Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга шайкештиги жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган декларациялардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга шайкештиги жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган декларациялардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жободо:
бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "шайкештикти тастыктоо боюнча орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "каттоочу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияларга берилген шайкештик сертификаттары жөнүндө маалыматтар сертификаттоо боюнча аккредитацияланган органдар тарабынан түзүлөт, шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияларга катталган шайкештик жөнүндө декларациялар тууралуу маалыматтар калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы чөйрөсүндө көзөмөлдү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган жана/же сертификаттоо боюнча аккредитацияланган органдар (мындан ары - каттоочу органдар) тарабынан түзүлөт.";
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү формасы боюнча таризделген берилген шайкештик сертификаттары жана кабыл алынган шайкештик жөнүндө декларациялар тууралуу маалыматтар каттоочу органдар тарабынан катталгандан кийин 3 күндүн ичинде ТЖУОго электрондук жана/же кагаз жүзүндө берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартынын № 178 "Шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын жаңы үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген формалар боюнча таризделген берилген шайкештик сертификаттары жана кабыл алынган шайкештик жөнүндө декларациялар тууралуу маалыматтар каттоочу органдар тарабынан ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 5инен кечиктирбестен ТЖУОго электрондук жана/же кагаз жүзүндө берилет.".
4. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору 2016-жылдын 1-январынан тартып шайкештик сертификаттарынын бланктарын, шайкештик сертификаттарынын көчүрмөлөрүнүн бланктарын жана шайкештик белгисинин сүрөтү түшүрүлгөн голографиялык маркаларды берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору 2016-жылдын 1-январынан тартып продукцияларды сертификаттоо боюнча аккредитацияланган органдарды зарыл болгон санда шайкештик сертификаттарынын бланктары, шайкештик сертификаттарынын көчүрмөлөрүнүн бланктары жана шайкештик белгисинин сүрөтү түшүрүлгөн голографиялык маркалар менен акы төлөнүүчү негизде камсыз кылсын жана берилген бланктардын жана голографиялык маркалардын эсебин жүргүзсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Т.Сариев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-декабры № 815
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20, 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 токтомуна ылайык күчүн жоготту)