Загрузка документа…
2-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 90 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда пайдаланылуучу атайын каражаттарды колдонуу тартиби (мындан ары - Тартип) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталган милдеттерди аткарууда атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) куралдануу үчүн алган жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу боюнча милдеттерин аткарууда жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларынын өздүк коопсуздугун камсыздоодо объектке өлүмгө алып келбеген, бирок ошондой абалга келтирүүчү таасир көрсөтүү максатында колдонууга арналган жана иштелип чыккан тиешелүү Тизмеге киргизилген каражаттар атайын каражаттар болуп эсептелет.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары (мындан ары - аскер кызматчылары) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин негизинде атайын каражаттарды колдонууга укуктуу.
4. Атайын каражаттар аскер кызматчылары тарабынан чек ара кезметтеринин командирлеринин (начальниктеринин) же башчыларынын чечими боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу боюнча милдеттерин аткарууда жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларынын өздүк коопсуздугун камсыздоодо өз алдынча колдонулат.
5. Атайын каражаттардын түрүн жана аларды колдонуу интенсивдүүлүгүн түзүлүп жаткан жагдайдын, укук бузуу мүнөзүн жана укук бузуучунун ким экендигин эске алуу менен аскер кызматчылары аныктайт.
6. Атайын каражаттарды колдонууда аскер кызматчылары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- атайын каражаттарды колдонуу ниети жөнүндө эскертүүгө, мында талаптарды аткаруу үчүн жетиштүү убакыт берилүүгө тийиш, буга атайын каражаттардын колдонулушун кечиктирүү аскер кызматчынын, кызматкерлердин жана жарандардын өмүрүнө жана ден-соолугуна түздөн-түз коркунуч туудуруп, башка оор кесепеттерге алып келүүсү ыктымал болгон же түзүлгөн кырдаалда эскертүүгө мүмкүн болбогон же орунсуз болгон учурлар кирбейт;
- келтириле турган ар кандай зыяндын азыраак болушуна аракеттенүүгө;
- дене жаракатын алган жактарга биринчи жардам көрсөтүүнү камсыз кылууга;
- атайын каражаттарды колдонуунун ар бир учуру жөнүндө түздөн-түз начальнигине (командирине) билдирүүгө;
- атайын каражаттар менен иштөөдө коопсуздук чараларын көрүүгө.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматтык адамдары прокуратура органына, ал эми чет өлкөлүк жарандарга карата Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына аскер кызматчыларынын адамдардын ден соолугуна зыян келтирген же өлүмгө алып келүүчү атайын каражаттарды колдонуусунун ар бир учуру жөнүндө кечиктирбей (бир суткадан кеч эмес) билдирет.
8. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга карата, алар тараптан куралдуу же топтошуп кол салуу учурларын кошпогондо, атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
9. Атайын каражаттардын айрым түрлөрүн колдонуунун өзгөчөлүктөрү:
а) резина таяктары - баш, моюн жана акырек, ич жагына, жыныс органдарына чабууга тыюу салынат;
б) кол кишендери - кулпусунун абалын мезгил-мезгили менен (эки саат ичинде бирден кем эмес жолу) текшерип туруу талап кылынат;
в) көздөн жаш агызуучу заттар - укук бузуучуларды мээлеп атууга, бул заттар таасир берип турган учурда жабырланган зонанын чегинде кайрадан колдонууга тыюу салынат;
г) көздөн жаш агызуучу аэрозоль заттарын - бул заттар таасир берип турган учурда жабырланган зонанын чегинде экинчи ирет колдонууга тыюу салынат;
д) электрошок таасири бар приборлору - жашоо үчүн маанилүү органдардын (баш, моюн, жүрөк) тушуна колдонууга болбойт, алардын таасири кете элек учурда экинчи ирет колдонуудан баш тартып, суу чөйрөсүндө болгон адамдарга карата колдонууга тыюу салынат;
е) көңүл бурдуруучу үн, жарык чыгара турган каражаттар - адамдарга эки метрге алыс аралыктан колдонулат, газ чыккан бөлмөдө жана жеңил жанма материалдардын жанында колдонууга тыюу салынат;
ж) автотранспортту мажбурлап токтотуу каражаттары - жүргүнчүлөрү бар жалпы пайдалануудагы автотранспортко, дипломатиялык жана аларга теңдеш өкүлчүлүктөргө таандык транспортко, мотоциклдерге, мотоколяскаларга, мотороллерлерге, мопеддерге карата, ошондой эле тоо жолунда же көрүнүүсү чектелген жол участокторунда, темир жол кесилиштеринде, көпүрөлөрдө, кабат жолдордо, эстакадаларда, туннелдерде колдонууга тыюу салынат.
10. Зарыл коргонуу абалында же өтө зарыл болгон учурда атайын каражаттар жок болсо аскер кызматчылары аталган максаттарда колдогу каражаттарды, башкача айтканда зарыл коргонуу же өтө зарыл учурда ар кандай буюмдарды жана каражаттарды (байлоо, жылдырбай салуу, укукка каршы аракеттерди болтурбоо үчүн) колдонууга укуктуу.
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аскер кызматчыларынын арасында атайын каражаттарды колдонууда мыйзамдуулукту жана коопсуздук чараларын көрүүнү камсыз кылууга аракеттенет.
12. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары ушул Тартипти жана "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү ченемдерин бузгандыгы үчүн, ошондон улам орун алган кесепеттердин оордугуна жараша тартипке чакырылат же кылмыш жоопкерчилигине тартылат.