Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 123 токтомунун 2-п. ылайык 2017-жылдын 1-мартына чейин колдонулат
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 123 токтому менен бекитилген |
Тиркеме
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө ушул убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын (мындан ары - Программа) ишке ашыруунун алкагында тандоонун критерийлерин, катышуучулардын тизмесин түзүүнүн жана аларды тандоонун тартибин белгилейт, ипотекалык кредиттерди берүүнүн шарттарын, ошондой эле сатып алынуучу турак жайга карата талаптарды аныктайт.
2. Негизги түшүнүктөр
2. Ушул Убактылуу жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
- катышуучу - Программага катышуучу Кыргыз Республикасынын жараны;
- тандоонун критерийлери - Программага катышууга укуктуу жарандарга карата коюлуучу талаптар;
- турак жай - көп батирлүү үйлөрдөгү батир жана жеке турак үй;
- Комиссия - Программанын алкагында түзүлгөн мамлекеттик турак жай программасы жөнүндө маселелерди координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия;
- "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому (мындан ары - МИК) - Кыргыз Республикасында ипотекалык кредит берүү механизмдерин иштетүүнү камсыздоо максатында түзүлгөн адистештирилген финансылык компания;
- Макулдашуу - Программаны ишке ашыруунун алкагында турак жай сатып алуу максатында жарандарга берилүүчү ипотекалык кредиттерди кайра каржылоо үчүн өнөктөш банктарга инвестициялык акча каражаттарын берүүгө карата өнөктөш банктар менен МИКтин ортосунда түзүлгөн кызматташуу жөнүндө башкы макулдашуу;
- өнөктөш банк - турак жай сатып алуу максатында жарандарга берилүүчү ипотекалык кредиттерди берүүгө жана кайра каржылоого инвестициялык акча каражаттарын берүү боюнча МИК менен кызматташуу жөнүндө башкы макулдашууну түзгөн банк.
3. Программанын катышуучуларын тандоонун критерийлери
3. Ипотекалык кредит алган учурда курагы 21 жаштан жогору жана ипотекалык кредиттин акыркы суммасын төлөгөн учурда жашы 65ке чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары Программанын катышуучусу болушат.
4. Катышуучуларга карата коюлуучу милдеттүү талаптарга төмөнкүлөр кирет:
- акыркы (учурда) иштеп жаткан жумуш ордундагы эмгек стажынын бир жылдан же жалпы эмгек стажынын 3 жылдан кем болбошу;
- жеке турак жайынын жоктугу же турак жай аянтын кеңейтүүнүн зарылдыгы;
- Программага катышууга арыз берген күнгө чейин акыркы 3 жылдын ичинде турак жайга байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;
- катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгү;
- өнөктөш банктын талаптарына ылайык терс маанидеги кредиттик таржымалынын болбошу.
5. Программанын катышуучуларынын арыздарын кароодо Комиссия биринчи кезекте ипотекалык кредит алуу укугун төмөнкүлөргө берет:
- көп балалуу үй-бүлөлөргө;
- аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда, адамдын өмүрүн, коомдук мүлктү сактоо боюнча жарандык милдетин аткарууда каза болгон адамдардын үй-бүлөлөрүнө;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан адамдарга.
6. Программанын катышуучуларынын бирдей шарттарында төмөнкүлөргө ипотекалык кредиттерди алууга артыкчылыктуу укук берилет:
- эмгек стажы көбүрөөк болгон адамдарга;
- ипотекалык кредитти өз учурунда жана толугу менен төлөө үчүн финансылык мүмкүнчүлүктөрү жогору болгон адамдарга.
7. Программага катышууга арыз берүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
- Программага катышуу үчүн арыз;
- паспорттун көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- кызмат ордун жана акыркы 12 айдагы эмгек акысынын өлчөмүн көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкат;
- кошумча кирешелеринин бар экендигин ырастаган башка документтер;
- нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- ушул Убактылуу жобонун 5-пунктуна ылайык ипотекалык кредитти биринчи кезекте алууга укуктуулугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- үй-бүлөнүн курамы жөнүндө жашаган жеринен маалымкат;
- акыркы 3 жылдын ичинде кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрүнүн болушу (жок экендиги) жөнүндө кыймылсыз мүлккө укукту каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты (укукка ээ болуу маалымкаты).
8. Программага катышуу үчүн жарандардын арызы ушул Убактылуу жобонун 7-пунктунда аталган документтердин толук пакети болсо гана кабыл алынат жана каралат.
4. Катышуучулардын тизмесин түзүү жана аларды тандоо
9. Мамлекеттик органдарда жана уюмдарда иштеген жарандар Программага катышуу үчүн арызды жана ушул Убактылуу жобонун 7-пунктунда аталган документтерди иштеген жерине берет.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлбөгөн жарандар ушул Убактылуу жобонун 7-пунктунда аталган арызды жана документтерди жашаган жери боюнча шаардын мэриясына же жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга берет.
10. Мамлекеттик органдар жана уюмдар, шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар 10 иш күндүн ичинде:
- жарандардын арыздарын жана документтерин кабыл алышат жана аларды эсепке алуу журналына белгиленген тартипте катташат;
- Программанын катышуучуларынын өздүк делолорун түзүшөт;
- тандоонун критерийлерине ылайык Программанын катышуучуларынын тизмесин түзүшөт.
11. Жарандардын арыздарды берген фактысы катышуучулардын арыздарын каттоону эсепке алуу журналында катталат, ага номер коюлушу, тигилиши жана мөөр басылышы керек.
12. Мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери катышуучулардын тизмесинин туура түзүлүшү үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
13. Мамлекеттик органдар жана уюмдар, шаарлардын мэриялары (Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынан башкасы), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар катышуучулардын тизмеси түзүлгөндөн кийин 5 иш күндүн ичинде жайгашкан жерине жараша катышуучулардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө же Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларына жалпы тизмени түзүү үчүн жөнөтөт.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары катышуучулардын тизмесин жалпылайт жана аларды 5 иш күндүн ичинде МИКке жөнөтөт.
15. МИК 15 иш күндүн ичинде катышуучулардын келип түшкөн тизмесинин тандоо критерийлерине шайкештигин карап чыгат жана катышуучулардын тизмесин түзүү жол-жобосунун сакталгандыгын текшерет. Эгерде катышуучулардын тизмесине киргизилген адамдар аталган талаптарга ылайык келсе, МИК тизмени Комиссияга жөнөтөт.
16. Комиссия 7 иш күндүн ичинде катышуучулардын келип түшкөн тизмесин карап чыгат жана мамлекеттик органдар жана уюмдар, шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар боюнча квоталарды белгилейт.
17. Ипотекалык кредит алууга квоталарды белгилөөдө Комиссия төмөнкүлөрдү эске алат:
- облустар жана Бишкек, Ош шаарлары боюнча катышуучулардын санын;
- тизмедеги ушул Убактылуу жобонун 5 жана 6-пункттарына ылайык биринчи кезектеги жана артыкчылыктуу укуктарга ээ болгон катышуучулардын үлүшүн.
18. Белгиленген квоталар Комиссия тарабынан катышуулардын тизмеси менен андан ары иштөө үчүн МИКке берилет.
19. МИК Макулдашууга ылайык белгиленген квоталар менен катышуучулардын тизмесин өнөктөш банктарга бөлүштүрөт.
20. Өнөктөш банктар 5 иш күндүн ичинде төмөнкүлөрдү эске алуу менен катышуучулардын тизмесин карап чыгат:
- ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесине ылайык Программа боюнча ипотекалык кредит берүү шарттарын;
- ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык Программа боюнча ипотекалык кредит аркылуу сатып алуучу турак жайга карата талаптарды.
21. Өнөктөш банктар МИК тарабынан жөнөтүлгөн катышуучулардын тизмесин карап чыгып, 10 иш күндүн ичинде ипотекалык кредит берүү же ипотекалык кредит берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алышат. Ипотекалык кредит берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер бар болсо, өнөктөш банк ипотекалык кредит берүүдөн баш тартуу үчүн негиздерди көрсөтүү менен МИКке тиешелүү билдирүүнү даярдайт.
22. Өнөктөш банк катышуучуга ипотекалык кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин МИКке инвестициялык акча каражаттарын берүүгө билдирүү жөнөтөт.
23. МИК инвестициялык акча каражаттарын берүүгө билдирүү алгандан кийин бир иш күндүн ичинде өнөктөш банкка Макулдашууга ылайык инвестициялык каражатты берет.
24. Өнөктөш банктар катышуучу менен кредиттик келишимди, күрөө келишимин жана кепилдик келишимин тариздегенден кийин 5 иш күндүн ичинде ипотекалык кредит үчүн берилген акча каражатын катышуучунун банктык эсебине кириштейт.
25. Тандоонун критерийлери, арыз берүүнүн тартиби, зарыл болгон документтердин тизмеги жөнүндө маалыматтар, ошондой эле Программанын алкагында ипотекалык кредит алган катышуучулардын тизмеси МИКтин расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө" убактылуу жобонун 1-тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасы боюнча ипотекалык кредит берүүнүн шарттары
№ | Ипотекалык кредиттин параметрлери | Эскертүү |
1 | Катышуучу (максаттык топ) | Тандоо критерийлерине туура келген жарандар |
2 | Ипотекалык кредиттин максаттык багыты | Турак жайды сатып алуу. Этабы менен каржылоо механизмдерин пайдалануу менен жашаган жери боюнча калктуу конушта жер участогу бар болсо, турак жай куруу (жеке турак үй) |
3 | Ипотекалык кредит берүүнүн формасы | Накталай эмес формада, катышуучунун өнөктөш банктагы банктык эсебине акча каражатын чегерүү аркылуу |
4 | Ипотекалык кредит берүүнүн мөөнөтү | Өнөктөш банк катышуучуга ипотекалык кредит берүү жөнүндө чечимди кабыл алган күндөн тартып 15 күнгө чейинки мөөнөттө |
5 | Ипотекалык кредиттин валютасы | Кыргыз сому |
6 | Ипотекалык кредиттин суммасы | 3000000 (үч миллион) сомго чейин |
7 | Ипотекалык кредиттин мөөнөтү | Кредиттин максималдуу мөөнөтү 15 жылга чейин |
8 | Ипотекалык кредиттин суммасын аныктоонун критерийлери | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жана өнөктөш банктын ички ченемдик документтерине ылайык |
9 | Комиссиялардын түрлөрү жана өлчөмү | Ипотекалык кредиттерди жана башка кошумча жыйымдарды башкаруу үчүн бардык комиссиялар алынбайт |
10 | Катышуучулардын чыгымдары | Ипотекалык кредит алуу үчүн келишимдерди тариздөөгө жана каттоого, ошондой эле камсыздандыруу боюнча кеткен чыгымдар |
11 | Турак жайды камсыздандыруу | Күрөөнүн предмети болгон турак жай Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ипотекалык кредиттин негизги суммасынын калганына милдеттүү түрдө жыл сайын камсыздандырылууга тийиш |
12 | Ипотекалык кредитти төлөөнүн тартиби | Ипотекалык кредитти жана пайызын төлөө кол коюлган кредиттик келишимге ылайык ай сайын жүргүзүлөт |
13 | Ипотекалык кредитти толугу менен же жарым-жартылай мөөнөтүнөн эрте төлөө | Толугу менен же жарым-жартылай мөөнөтүнөн эрте төлөнгөн учурда комиссия кармалбайт |
14 | Ипотекалык кредитти реструктуризациялоонун шарттары | Өнөктөш банктын ички талаптарына ылайык жол-жоболор. Ипотекалык кредиттин предметин алмаштырууга уруксат берилбейт. Ипотекалык кредитти реструктуризациялоо үчүн комиссия алынбайт |
15 | Ипотекалык кредиттин баштапкы төгүмү жана пайыздык ставкалар | Ипотекалык кредит боюнча баштапкы төгүм үчүн катышуучунун жеке салымы 10%дан башталат (эгерде баштапкы төгүмдү төлөөнүн өлчөмү 10%дан 20%га чейин болсо, ипотекалык кредит боюнча пайыздык ставка жылдык 14%га барабар болот; 20%дан 30%га чейин болсо, ипотекалык кредит боюнча пайыздык ставка жылдык 13%га барабар болот; 30%дан баштап ипотекалык кредит боюнча пайыздык ставка жылдык 12%га барабар болот) |
16 | Ипотекалык кредиттин пайыздарын эсептөөнүн тартиби | Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды эсептөө өнөктөш банк тарабынан катышуучуга кредит берилген күндөн баштап эсептелет жана кредитти толук кайтарып бергенге чейинки айдын иш жүзүндөгү сандык күнүнө барабар болгон ар бир календарлык айдын ичинде жүргүзүлөт. Пайыздарды эсептөөдө жыл ичиндеги күндөрдүн саны 360 күнгө барабар кабыл алынат |
17 | Ипотекалык кредитти камсыз кылуу | Ипотекалык кредитке сатып алынуучу турак жай |
18 | Кепилчилик | Катышуучунун ар бир айдагы кирешесинин суммасын милдеттүү түрдө ырастоо үчүн кеминде 1 адам кепилчилик алат (эмгек акысы жөнүндө маалымкат же кирешесин ырастаган башка документтер) |
19 | Ипотекалык кредиттин катышуучуларына мониторинг жүргүзүү | МИК ипотекалык кредиттин максаттуу пайдаланылышына, ошондой эле күрөөлүк камсыздоонун абалына жана өнөктөш банктардын Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткаруусуна текшерүү жүргүзөт |
20 | Күрөө жөнүндө келишимди тариздөө үчүн өнөктөш банктарга берилүүчү документтердин тизмеги | Документтердин тизмеги: - турак жайга укугун белгилөөчү документ; - кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорту (батир же жеке турак үй); - жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт (зарылчылыкка жараша); - кыймылсыз мүлк бирдигине оорлотуулардын (чектөөлөрдүн) бар экендиги же жоктугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыймылсыз мүлккө укуктун бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө; - акыркы 3 жылдын ичинде Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системадагы (КМБМС) маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктары жөнүндө маалымкат; - турак жайдын учурдагы ээсинин (сатуучунун) паспортунун көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы); - турак жайды күрөөгө коюуга жолдошунун же жубайынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө" убактылуу жобонун 2-тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасы боюнча ипотекалык кредитке алынуучу турак жайга талаптар
№ | Ипотекалык кредитке алынуучу турак жайга талаптар | Зарыл болуучу документтер |
1 | Көп батирлүү үйдөгү батир же жеке турак үй ипотекалык кредиттин предмети болуп саналат | Укук белгилөөчү документтер, кыймылсыз мүлктүн (батирдин же жеке турак үйдүн) техникалык паспорту |
2 | Ипотекалык кредитке карата күрөө берүүчүнүн менчик укугу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш (укук белгилөөчү документтер, менчик укугун мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк менен ырасталат). Ипотекалык кредит предмети мурунку ээсинин жеке менчигинде болушу керек (ишеним кат боюнча эмес, биринчи жактан) | Укук белгилөөчү документтер |
3 | Ипотекалык кредиттин предмети өнөктөш банктын кызматкерлери тарабынан өздөрүнүн шарттары боюнча бааланат, ал өнөктөш банктын турак жайга карата минималдуу талаптарына туура келиши керек | Өнөктөш банктын минималдуу талаптарына ылайык турак жайды баалоо акты |
4 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ипотекалык кредиттин предмети күрөө кармоочунун пайдасына аны жоготуу же бузулуу кооптуулугунан улам ипотекалык кредит боюнча карыздын калдыгынын суммасына катышуучу тарабынан ипотекалык кредитти төгүүнүн бардык мөөнөтүнүн ичинде камсыздандырылууга тийиш | Ипотекалык кредиттин предметин милдеттүү түрдө камсыздандыруу |
5 | Көп батирлүү үйлөрдөгү батирдин жалпы аянты 70 кв. метрден көп болбоого тийиш. Жеке турак үйдүн жалпы аянты 150 кв. метрден көп болбошу керек | Укук белгилөөчү документтер, кыймылсыз мүлктүн (батирдин же жеке турак үйдүн) техникалык паспорту |
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 123 токтомунун 2-п. ылайык 2017-жылдын 1-мартына чейин колдонулат
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 123 токтому менен бекитилген |
Тиркеме
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө ушул убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын (мындан ары - Программа) ишке ашыруунун алкагында тандоонун критерийлерин, катышуучулардын тизмесин түзүүнүн жана аларды тандоонун тартибин белгилейт, ипотекалык кредиттерди берүүнүн шарттарын, ошондой эле сатып алынуучу турак жайга карата талаптарды аныктайт.
2. Негизги түшүнүктөр
2. Ушул Убактылуу жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
- катышуучу - Программага катышуучу Кыргыз Республикасынын жараны;
- тандоонун критерийлери - Программага Программага катышуу үчүн жарандарга карата талаптар;
- турак жай - көп батирлүү үйлөрдөгү батир же жеке турак үй;
- Комиссия - Программанын алкагында түзүлгөн мамлекеттик турак жай программасы жөнүндө маселелерди координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия;
- турак жай маселеси боюнча комиссия - алдын ала тандоо жүргүзүү жана катышуучулардын тизмесин түзүү үчүн, Бишкек шаарынын мэриясын кошпогондо, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана шаарлардын мэрияларында түзүлгөн комиссия;
- "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому (мындан ары - МИК) - Кыргыз Республикасында ипотекалык кредит берүү механизмдерин иштетүүнү камсыздоо максатында түзүлгөн адистештирилген финансылык компания;
- Макулдашуу - Программаны ишке ашыруунун алкагында жарандарга турак жай сатып алууга же курууга ипотекалык кредиттерди кайра каржылоо үчүн өнөктөш банктарга инвестициялык акча каражаттарын берүүгө карата өнөктөш банктар менен МИКтин ортосунда түзүлгөн кызматташуу жөнүндө башкы макулдашуу;
- өнөктөш банк - жарандарга берилүүчү ипотекалык кредиттерди берүүгө жана кайра каржылоого инвестициялык акча каражаттарын берүү боюнча МИК менен кызматташуу жөнүндө башкы макулдашууну түзгөн банк.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Программанын катышуучуларын тандоонун критерийлери
3. Ипотекалык кредит алган учурда курагы 21 жаштан жогору жана ипотекалык кредиттин акыркы суммасын төлөгөн учурда жашы 65ке чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары Программанын катышуучусу болушат.
4. Турак жай сатып алуу же куруу үчүн катышуучуларга коюлуучу талаптар:
- жалпы эмгек стажы 3 жылдан кем эмес же ушул уюмда иш стажы бир жылдан кем эмес болгондо;
- катышуучуда, катышуучунун күйөөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында жеке турак жайынын жоктугу;
- Программага катышуучуда, катышуучунун күйөөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында катышууга арыз берген күнгө чейин акыркы 3 жылдын ичинде турак жайга байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;
- катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгү;
- (6-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Программанын катышуучуларынын арыздарын кароодо турак жай маселелери боюнча комиссия биринчи кезекте ипотекалык кредит алуу укугун төмөнкүлөргө берет:
- көп балалуу үй-бүлөлөргө 5 же андан көп балдары бар,;
- (3-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан адамдарга.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
6. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Катышуучулардын тизмесин түзүү жана аларды тандоо
9. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9-1. Катышуучулардын тизмесин түзүү үчүн шаарлардын мэриялары (Бишкек шаарынын мэриясын кошпогондо), Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондор боюнча муниципалдык администрациялары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар турак жай маселелери боюнча комиссияларды түзүшөт жана жооптуу ыйгарым укуктуу кызмат адамдарды дайындашат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
9-2. Программага катышуу үчүн жарандар турак жай маселелери боюнча комиссия тарабынан кароо үчүн шаардын мэриясына (Бишкек шаарынын мэриясын кошпогондо), Бишкек шаарынын мэриясынын административдик район боюнча муниципалдык администрациясына же жашаган жери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияга анкета-арызды жана документтерди беришет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Программага катышуу үчүн жарандар төмөнкү документтерди беришет:
- Программага катышууга анкета-арызды 3-тиркемеге ылайык;
- паспорттун көчүрмөсүн (салыштыруу үчүн түп нускасын);
- иш берүүчү күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;
- нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн (салыштыруу үчүн түп нускасын);
- балдарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрүн (салыштыруу үчүн түп нускасын);
- акыркы 3 жылдын ичинде турак жай боюнча бүтүмдөрүнүн болушу (жоктугу) жөнүндө кыймылсыз мүлккө укукту каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты (укукка ээ болуу маалымкаты).
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Жарандардын арыздарды берген фактысы катышуучулардын арыздарын каттоону эсепке алуу журналында катталат, ага номер коюлушу, тигилиши жана мөөр басылышы керек.
11-1. Шаарлардын мэрияларынын (Бишкек шаарынын мэриясын кошпогондо), Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондор боюнча муниципалдык администрациялардын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынан 3-тиркемеге ылайык форма боюнча анкета-арыздарын жана документтерин кабыл алышат жана катышуучуларды эсепке алуу журналына катташат;
- ипотекалык кредит берүү шарттары боюнча жана катышуучуларды тандоо критерийлерине ылайык алдын ала консультацияларды өткөрүшөт;
- турак жай маселелери боюнча комиссиясында кароо үчүн Программанын катышуучуларынын өздүк көктөмөлөрүн түзүшөт;
- Программанын катышуучуларынын тизмесин түзүшөт.
Катышуучу тарабынан арыз берилген күн кайрылуу жана катышуучуларды эсепке алуу журналында арызды каттоо күнү болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери жана турак жай маселелери боюнча комиссиянын мүчөлөрү катышуучулардын тизмесин талаптагыдай түзүү үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Шаарлардын мэриялары (Бишкек шаарынын мэриясын кошпогондо), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул Убактылуу жобого ылайык катышуучулардын тизмесин түзүшөт, жалпылайт жана катышуучулардын тизмесин, анкета-арыздарын жана катышуучулардын паспортторунун көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппаратына, Бишкек шаарынын мэриясынын административдик район боюнча муниципалдык администрациялары Бишкек шаарынын мэриясына жалпы тизмени түзүү үчүн жөнөтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары катышуучулардын жалпы тизмелерин, анкета-арыздарын жана паспорттордун көчүрмөлөрүн Комиссия тарабынан белгиленген квотага ылайык МИКке жөнөтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
14-1. МИК шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тизмелерди талаптагыдай түзүшкөндүгү боюнча талдоону жана мониторингди жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
15. МИК 15 иш күндүн ичинде катышуучулардын келип түшкөн тизмесинин тандоо критерийлерине шайкештигин карап чыгат жана катышуучулардын тизмесин түзүү жол-жобосунун сакталгандыгын текшерет. Эгерде катышуучулардын тизмесине киргизилген адамдар аталган талаптарга ылайык келсе, МИК тизмени Комиссияга жөнөтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Комиссия 7 иш күндүн ичинде катышуучулардын келип түшкөн тизмесин карап чыгат жана мамлекеттик органдар жана уюмдар, шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар боюнча квоталарды белгилейт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Ипотекалык кредит алууга квоталарды белгилөөдө Комиссия төмөнкүлөрдү эске алат:
- облустар жана Бишкек, Ош шаарлары боюнча катышуучулардын санын;
- тизмедеги ушул Убактылуу жобонун 5-пунктка ылайык биринчи кезектеги укуктарга ээ болгон катышуучулардын үлүшүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Белгиленген квоталар Комиссия тарабынан катышуулардын тизмеси менен андан ары иштөө үчүн МИКке берилет.
19. МИК белгиленген квоталар менен катышуучулардын тизмесин Макулдашууга ылайык өнөктөш банктарга жөнөтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Өнөктөш банктар төмөнкүлөрдү эске алуу менен катышуучулардын тизмесин карап чыгат:
- ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесине ылайык Программа боюнча ипотекалык кредит берүү шарттарын;
- ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык Программа боюнча ипотекалык кредит аркылуу сатып алуучу турак жайга карата талаптарды.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Өнөктөш банктар МИКтен келип түшкөн катышуучулардын тизмесин карашат, Макулдашууда каралган мөөнөттүн ичинде документтердин толук пакети берилгенден жана катышуучунун төлөөгө жөндөмү талдоого алынгандан кийин ипотекалык кредит берүү же ипотекалык кредит берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алышат. Ипотекалык кредит берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер бар болсо, өнөктөш банк ипотекалык кредит берүүдөн баш тартуу үчүн негиздерди көрсөтүү менен МИКке тиешелүү билдирүүнү даярдайт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
21-1. Катышуучулар МИКтин расмий сайтына тизмелер жайгаштырылган күндөн тартып бир жылдын ичинде ипотекалык кредиттин алкагында өнөктөш банктардын кароосу үчүн керектүү документтерди берүүгө укуктуу болушат, мында катышуучу өзүнүн арызын берген күн жөнүндө МИКти маалымдоого тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
22. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
23. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
24. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
25. Тандоонун критерийлери, арыз берүүнүн тартиби, зарыл болгон документтердин тизмеги жөнүндө маалыматтар, ошондой эле Программанын алкагында белгиленген жана өнөктөш банктарга жөнөтүлгөн квоталар менен катышуучулардын тизмеси МИКтин расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө" убактылуу жобонун 1-тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасы боюнча ипотекалык кредит берүүнүн шарттары
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Ипотекалык кредиттин параметрлери | Эскертүү |
1 | Катышуучу (максаттык топ) | Тандоо критерийлерине туура келген жарандар |
2 | Ипотекалык кредиттин максаттык багыты | Турак жайды сатып алуу. Этабы менен каржылоо механизмдерин пайдалануу менен жашаган жери боюнча калктуу конушта жер участогу бар болсо, турак жай куруу (жеке турак үй) |
3 | Ипотекалык кредит берүүнүн формасы | Накталай эмес формада, катышуучунун өнөктөш банктагы банктык эсебине акча каражатын чегерүү аркылуу |
4 | Ипотекалык кредит берүүнүн мөөнөтү | Өнөктөш банк катышуучуга ипотекалык кредит берүү жөнүндө чечимди кабыл алган күндөн тартып 15 күнгө чейинки мөөнөттө |
5 | Ипотекалык кредиттин валютасы | Кыргыз сому |
6 | Ипотекалык кредиттин суммасы | 3000000 (үч миллион) сомго чейин |
7 | Ипотекалык кредиттин мөөнөтү | Кредиттин максималдуу мөөнөтү 15 жылга чейин |
8 | Ипотекалык кредиттин суммасын аныктоонун критерийлери | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жана өнөктөш банктын ички ченемдик документтерине ылайык |
9 | Комиссиялардын түрлөрү жана өлчөмү | Ипотекалык кредиттерди жана башка кошумча жыйымдарды башкаруу үчүн бардык комиссиялар алынбайт |
10 | Катышуучулардын чыгымдары | Ипотекалык кредит алуу үчүн келишимдерди тариздөөгө жана каттоого, ошондой эле камсыздандыруу боюнча кеткен чыгымдар |
11 | Турак жайды камсыздандыруу | Ипотекалык кредиттин предмети болгон турак жай "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКта жыл сайын милдеттүү камсыздандырылууга тийиш |
12 | Ипотекалык кредитти төлөөнүн тартиби | Ипотекалык кредитти жана пайызын төлөө кол коюлган кредиттик келишимге ылайык ай сайын жүргүзүлөт |
13 | Ипотекалык кредитти толугу менен же жарым-жартылай мөөнөтүнөн эрте төлөө | Толугу менен же жарым-жартылай мөөнөтүнөн эрте төлөнгөн учурда комиссия кармалбайт |
14 | Ипотекалык кредитти реструктуризациялоонун шарттары | Өнөктөш банктын ички талаптарына ылайык жол-жоболор. Ипотекалык кредиттин предметин алмаштырууга уруксат берилбейт. Ипотекалык кредитти реструктуризациялоо үчүн комиссия алынбайт |
15 | Ипотекалык кредиттин баштапкы төгүмү (жеке салымы) жана пайыздык ставкалар | Ипотекалык кредит боюнча баштапкы төгүм жана пайыздык ставкалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. Катышуучунун жеке салымы жок болсо, өнөктөш-банктын ыктыяры боюнча кошумча күрөөнү коюуга, ошондой эле кепилдик фондунун каражаттарынан же бюджеттик уюмдар үчүн башка булактардан каралган кепилдик милдеттенмелерге жол берилет |
16 | (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |
17 | Ипотекалык кредитти камсыз кылуу | Ипотекалык кредитке сатып алынуучу турак жай Курулуш мезгилиндеги жер участогу жана курулуш аяктагандан кийин жеке турак үй |
18 | (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |
19 | Ипотекалык кредиттин катышуучуларына мониторинг жүргүзүү | МИК ипотекалык кредиттин максаттуу пайдаланылышына, ошондой эле күрөөлүк камсыздоонун абалына жана өнөктөш банктардын Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткаруусуна текшерүү жүргүзөт |
20 | Күрөө жөнүндө келишимди тариздөө үчүн өнөктөш банктарга берилүүчү документтердин тизмеги | Документтердин тизмеги: - турак жайга укугун белгилөөчү документ; - кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорту (батир же жеке турак үй); - жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт (зарылчылыкка жараша); - кыймылсыз мүлк бирдигине оорлотуулардын (чектөөлөрдүн) бар экендиги же жоктугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыймылсыз мүлккө укуктун бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө; - (6-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомуна ылайык күчүн жоготту) - турак жайдын учурдагы ээсинин (сатуучунун) паспортунун көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы); - турак жайды күрөөгө коюуга жолдошунун же жубайынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө" убактылуу жобонун 2-тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасы боюнча ипотекалык кредитке алынуучу турак жайга талаптар
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Ипотекалык кредитке алынуучу турак жайга талаптар | Зарыл болуучу документтер |
1 | Эмгек ишин жүзөгө ашырган жери боюнча көп батирлүү үйдөгү батир же жеке турак үй ипотекалык кредиттин предмети болуп саналат | Укук белгилөөчү документтер, кыймылсыз мүлктүн (батирдин же жеке турак үйдүн) техникалык паспорту |
2 | Ипотекалык кредитке карата күрөө берүүчүнүн менчик укугу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш (укук белгилөөчү документтер, менчик укугун мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк менен ырасталат). Ипотекалык кредит предмети мурунку ээсинин жеке менчигинде болушу керек (ишеним кат боюнча эмес, биринчи жактан) | Укук белгилөөчү документтер |
3 | Ипотекалык кредиттин предмети өнөктөш банктын кызматкерлери тарабынан өздөрүнүн шарттары боюнча бааланат, ал өнөктөш банктын турак жайга карата минималдуу талаптарына туура келиши керек | Өнөктөш банктын минималдуу талаптарына ылайык турак жайды баалоо акты |
4 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ипотекалык кредиттин предмети күрөө кармоочунун пайдасына аны жоготуу же бузулуу кооптуулугунан улам ипотекалык кредит боюнча карыздын калдыгынын суммасына катышуучу тарабынан ипотекалык кредитти төгүүнүн бардык мөөнөтүнүн ичинде камсыздандырылууга тийиш | Ипотекалык кредиттин предметин милдеттүү түрдө камсыздандыруу |
5 | Көп батирлүү үйлөрдөгү батирдин жалпы аянты 80 кв. метрден көп болбоого тийиш. Жеке турак үйдүн жалпы аянты 150 кв. метрден көп болбошу керек | Укук белгилөөчү документтер, кыймылсыз мүлктүн (батирдин же жеке турак үйдүн) техникалык паспорту |
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө" убактылуу жобонун 3-тиркемеси |
Форма
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак-жай 2015-2020" программасына катышууга АНКЕТА-АРЫЗ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| __________________________________________ |
|
| (жергиликтүү администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын аталаштары) |
|
| караштуу турак жай маселелери боюнча комиссияга |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучу катары менин талапкерлигимди карап чыгууну суранам.
Жеке маалыматтары | ||||||
Аты-жөнү (Катышуучунун) |
| |||||
Күйөөсүнүн/аялынын аты-жөнү (Катышуучунун) |
| |||||
Паспорттогу маалыматтар | Серия __________________________ № ______________________________ Берилген күнү ____________________________________________________ Берилди _________________________________________________________ ИНН ____________________________________________________________ | |||||
Иш жүзүндө жашаган дареги |
| |||||
Байланыш телефондору: | Үй тел. | Уюлдук тел. | ||||
Үй-бүлөнүн курамы |
| Балдар жана багууда турган адамдар (саны) |
| |||
Иши жөнүндө маалымат | ||||||
Иш берүүчүнүн аталышы |
| |||||
Ээлеген кызмат орду |
| |||||
Эмгек стажы | Жалпы эмгек стажы, жыл |
| Ушул уюмдагы стажы, жыл |
| ||
Уюмдун дареги | Шаар/район _____________________________________________________ көч. _______________________________________________ № ___________ тел. ____________________________________________________________ | |||||
Айкалыштырган иши (иш берүүчүнүн аталышы, ээлеген кызмат орду) |
| |||||
Мүлк жөнүндө маалымат | ||||||
Катышуучуда менчиктин (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн) болушу |
| |||||
Катышуучунун күйөөсүндө/аялында жана жашы жете элек балдарында менчиктин (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн) болушу |
| |||||
Ипотекалык кредит жөнүндө маалымат | ||||||
Ипотекалык кредиттин максаттуу багыты |
| |||||
Ипотекалык кредиттин суралып жаткан суммасы |
| |||||
Эгерде Сиз ушул анкета-арызда өзүңүз жөнүндө көрсөтүлбөгөн кошумча маалыматты билдиргиңиз келсе, анда бул жерге кошумчалай аласыз:
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________.
Ушуну менен берилген документтердин жана көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын
ырастайм, ошондой эле жеке маалыматтарды текшерүүгө макулдугумду берем.
_________________________________________________ | ____________________ |
(катышуучунун аты-жөнү) | (кол тамга) |
|
|
20__-жылдын "___"-_____________. | |
Анкета-арызды жана берген документтерди, алардын туура толтурулушун
текшердим жана кабыл алдым.
_________________________________________________ | ____________________ |
(ыйгарым укуктуу кызмат адамынын ата-жөнү, кызматы) | (кол тамга) |
|
|
20__-жылдын "___"-_____________. | |