Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-апрелиндеги № 215 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-марты № 124
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Республиканын отун-энергетикалык комплексинин туруктуу иштөөсү жана 2015/2016-жылдын жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБин жергиликтүү көмүр менен камсыздоо, ошондой эле Таш-Көмүр шаарынын ата мекендик көмүр өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык Таш-Көмүр кенинен 50 миң тонна көмүрдү Бишкек шаарынын ЖЭБине жеткирүүнү камсыздоо мүмкүнчүлүгүн кароо.".
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Т.Сариев |