Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 126 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык жана техникалык кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Эль-Кувейт шаары, 2015-жылдын 13-декабры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтү (мындан ары "Макулдашуучу Тараптар" деп аталат),
экономикалык жана техникалык кызматташтык эки Макулдашуучу Тараптарынын ортосунда туруктуу, узак мөөнөттүү негизде эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн жана өз ара ишенимдин олуттуу жана милдеттүү компоненти экендигин таанып,
туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, жарандардын жашоо-турмушунун стандарттарын жакшыртуу, болгон жаратылыш жана адам ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максаттарды жетекчиликке алып,
өз элдеринин кызыкчылыгы үчүн экономикалык жана техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана бекемдөөнү каалап,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Макулдашуучу Тараптар зарыл чараларды көрүү менен өз ара экономикалык жана техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө демилге беришет.
2-берене.
Ушул Макулдашууда айтылган кызматташтык жааттары төмөнкүлөрдү камтыйт: экономика, техникалык кызматташтык, финансы, соода, айыл чарба, туризм жана ар кандай башка тармактар, аларды эки Макулдашуучу Тараптар кошумча сүйлөшүүлөрү мүмкүн.
3-берене.
Макулдашуучу Тараптар тийиштүү мекемелер жана юридикалык жактардын ортосунда кызматташтыктын ар түрдүү чөйрөлөрүндө биргелешкен ишканаларды жана компанияларды түзүү жолу менен экономикалык жана техникалык кызматташтыкты күчөтүшөт.
4-берене.
Макулдашуучу Тараптар өздөрүнүн колдонулган мыйзамдарына ылайык өз мамлекеттеринин ортосундагы инвестицияларды жана капиталдын, товарлардын кыймылын жана кызмат көрсөтүүлөрдү колдошот.
5-берене.
Ушул Макулдашуудагы эч нерсе жалпы рыноктон, бажы союзунан жана ар кандай региондук же субрегиондук преференциялык макулдашуулардан келип чыккан преференцияларды же артыкчылыктарды кандай режим болбосун учурдагы жана болочоктогу пайдага Макулдашуучу Тараптын башка Макулдашуучу Тарапка жайылтуу милдети катары чечмеленбөөгө тийиш.
6-берене.
Макулдашуучу Тараптар өздөрүнүн колдонулган мыйзамдарына ылайык эки тараптуу экономикалык жана техникалык кызматташтыкты чыңдоо үчүн көргөзмөлөрдү уюштурууну кошкондо, экономикалык жана техникалык өкүлдөрүнүн жана делегацияларынын өз ара визиттерин колдошот.
7-берене.
Зарыл болгон учурда Макулдашуучу Тараптар 2-беренеде жана башка атайын долбоорлордо айтылган кызматташтыктын тармактарына карата ушул Макулдашуунун негизинде өзүнчө макулдашууларды түзүшөт, алар эки Макулдашуучу Тараптардын ортосунда макулдашылышы мүмкүн.
8-берене.
1. Ушул Макулдашууну натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында эки Макулдашуучу Тараптардын өкүлдөрүнөн турган Биргелешкен Комиссия түзүлөт.
2. Биргелешкен Комиссия кезеги менен Макулдашуучу Тараптардын эки борборлорунда эки жылда бир жыйын өткөрөт.
3. Кыргыз Республикасынын дайындалган мамлекеттик орган жана Кувейт Мамлекетинин Финансы министрлиги Биргелешкен Комиссиянын ишине төрагалык кылышат.
4. Биргелешкен Комиссия төмөнкүлөрдү карап чыгууга ыйгарым укукка ээ болот:
(a) Эки Макулдашуучу Тараптардын ортосундагы экономикалык жана техникалык кызматташтыкты колдоо жана биргелешип координациялоо;
(b) ушул Макулдашууну жана андан келип чыгуучу макулдашууларды ишке ашырууга багытталган сунуштарды жылдыруу жана кароо; жана
(c) кандайдыр бир макулдашууну жана долбоорду аткаруунун жүрүшүндө пайда болушу мүмкүн болгон тоскоолдуктарды четтетүү максатында сунуштамаларды иштеп чыгуу, алар ушул Макулдашууга ылайык түзүлүшү мүмкүн.
9-берене.
Макулдашуучу Тараптардын ортосунда ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөнүн же колдонуунун натыйжасында келип чыккан ар кандай талаш ынтымактуу сүйлөшүү же консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечилет.
10-берене.
1. Ушул Макулдашуу ар бир Макулдашуучу Тарап дипломаттык каналдар боюнча ушул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жобонун аяктагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө бири-бирине жиберген билдирүүнүн акыркысын алган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Макулдашуучу Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча Макулдашуучу Тараптардын ортосунда дипломаттык каналдар боюнча Ноталарды алмашуу жолу менен ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Өзгөртүүлөр 10-берененин 1-пунктуна ылайык күчүнө кирет.
3. Ушул Макулдашуу беш (5) жыл мөөнөткө түзүлөт жана Макулдашуучу Тараптын бири анын колдонулуу мөөнөтү аяктаганга алты ай калганга чейин дипломаттык каналдар боюнча экинчи Макулдашуучу Тарапка жазуу жүзүндө ушул Макулдашуунун аракетин токтотуу ниетин билдирбесе, ушундай мезгилдерге өзүнөн-өзү узартылат.
11-берене.
Ушул Макулдашуунун аракетинин токтолушу ушул Макулдашуу колдонулган мезгилде түзүлгөн атайын макулдашуулардын, долбоорлордун жана иш-чаралардын аныктыгына же узактыгына ушундай өз алдынча макулдашуулар, долбоорлор жана иш-чаралар аяктаганга чейин таасир бербейт.
Өздөрүнүн тийиштүү Өкмөттөрү ыйгарым укук берген төмөндөгү кол койгондор муну ырастап ушул Макулдашууга кол коюшту.
Эль-Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында, 1437Н Раби Алавалдын 2-күнүнө дал келген, эки нускада, ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикир пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Кувейт Мамлекетинин Өкмөтү үчүн |
Эрлан Абдылдаев Тышкы иштер министри |
| Анас Халед Альсалех Вице-премьер-министр, Финансы министри, Мунай зат министринин м.а. |