КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-марты № 128
Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесин бекитүү жөнүндө
Жер үстүндөгү сууларды коргоо жана суу объектилерине чарбалык жана башка иштердин экологиялык жактан зыяндуу таасирин болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Суу жөнүндө", "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 29-мартында N 25 жарыяланды
Премьер-министри | Т.Сариев |