Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-марты № 134
2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын электрондук саламаттык сактоо программасын бекитүү жөнүндө
Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануунун негизинде жарандарга көрсөтүлгөн медициналык жардамды персонификациялап эсепке алууну ишке киргизүү жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын электрондук саламаттык сактоо программасы 1-тиркемеге ылайык;
- 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын электрондук саламаттык сактоо программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетекчилери:
- Иш-чаралар планын милдеттүү аткарууну камсыз кылышсын;
- ар жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 7-апрелинде № 29 жарыяланды
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Т.Сариев |
2-тиркеме
2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын электрондук саламаттык сактоо программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралар | Күтүлүүчү жыйынтыктар | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1-милдет. Электрондук саламаттык сактоо үчүн жөнгө салуучу базаны түзүү | |||||
1 | Электрондук саламаттык сактоону өнүктүрүү үчүн институционалдык структураларды түзүү | Саламаттык сактоо министрлигинин алдында электрондук саламаттык сактоону ишке киргизүү боюнча Координациялык кеңеш түзүлдү | 2016-жылдын октябры | ССМ | Талап кылынбайт |
2 | Республикалык медициналык-маалыматтык борборунун базасында Саламаттык сактоо министрлигинин Электрондук саламаттык сактоо борборун түзүү | Электрондук саламаттык сактоону натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Электрондук саламаттык сактоо борбору түзүлдү | 2017-жылдын сентябры | ССМ | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттар |
3 | Электрондук саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн мониторинг системасын түзүү | Көз карандысыз эксперттерди тартуу менен электрондук саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн мониторинги боюнча индикаторлордун пакети иштелип чыкты | 2016-жылдын октябры | ССМ, ММКФ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттар |
4 | Электрондук саламаттык сактоонун архитектурасынын дизайнын иштеп чыгуу | Электрондук саламаттык сактоонун улуттук архитектурасынын дизайны, электрондук кызматтарды жүзөгө ашыруу үчүн жалпы талаптар жана жалпы системалык компоненттер менен сервистердин моделдери иштелип чыкты. Саламаттык сактоо уюмдарындагы маалыматтык системалар үчүн функционалдык талаптар менен техникалык спецификациялар иштелип чыкты. Жалпы сервистердин негизинде автоматташтырууга тийиш кызматтардын тизмеси аныкталды. Колдонуудагы маалымат базаларын бириктирүүчү жана түзөтүүчү, ошондой эле маалыматтык технологиялардын жаңы жетишкендиктерин колдонуучу саламаттык сактоонун Бирдиктүү маалыматтык системасынын долбоору иштелип чыкты | 2016-жылдын декабры | ССМ, ММКФ, ЭББ, ТКМ, Мамкаттоо | Донордук каражаттар (кеңири сектордук мамиленин принциби боюнча донордук каражаттарды пайдалануу (SWAp) |
5 | Электрондук саламаттык сактоо үчүн стандарттардын топтомун иштеп чыгуу | Электрондук саламаттык сактоо чөйрөсүндө иштеп жаткан эл аралык стандарттарга талдоо жүргүзүүнүн негизинде саламаттык сактоонун Бирдиктүү маалыматтык системасы үчүн техникалык жана клиникалык стандарттардын долбоорлору даярдалды | 2016-жылдын декабры | ССМ, ММКФ | Донордук каражаттар (кеңири сектордук мамиленин принциби боюнча донордук каражаттарды пайдалануу (SWAp) |
6 | Электрондук кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу | Маалыматты коргоо боюнча коюлган талаптарга ылайык электрондук кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн ченемдик-укуктук базаны оптималдаштыруу боюнча сунуштар даярдалды | 2016-жылдын декабры | ССМ, ММКФ, ЭББ, Мамкаттоо, ЭМ | Донордук каражаттар (кеңири сектордук мамиленин принциби боюнча донордук каражаттарды пайдалануу (SWAp) |
7 | Электрондук саламаттык сактоону ишке киргизүү жаатындагы чет өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбалары менен таанышуу | Чет өлкөлөрдөгү электрондук саламаттык сактоо боюнча долбоорлордун жүзөгө ашырылышына талдоо жасалды | 2016-жылдын ноябры | ССМ | Донордук каражаттар (кеңири сектордук мамиленин принциби боюнча донордук каражаттарды пайдалануу (SWAp) |
2-милдет. Электрондук саламаттык сактоонун борбордук системаларын ишке киргизүү | |||||
8 | Саламаттык сактоодогу маалыматтарды иштеп чыгуу жана сактоо борборун ишке киргизүү жана иштешин камсыз кылуу | Саламаттык сактоо уюмдарынын арасында маалымат алмашуунун жана сактоонун корголгон чөйрөсүн камсыз кылуу үчүн Саламаттык сактоодогу маалыматтарды иштеп чыгуу жана сактоо борборунун иштеши | 2018-жылдын сентябры | ССМ, ММКФ, ЭББ, ФМ, ТКМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттар |
9 | Калктын ден соолугу жөнүндө маалыматтар менен алмашуу платформасын жана борбордук регистрлерди ишке киргизүү | Борбордук регистрлердин онлайн режиминде жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу: - маалыматтар сөздүгү; - саламаттык сактоо уюмдарынын маалымдамасы; - медициналык кадрлардын маалымдамасы; - медициналык кызматтардын маалымдамасы; - диагноздор (10-каралган оорулардын эл аралык классификациясы) | 2017-жылдын марты | ССМ | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттар |
10 | Электрондук кызматтарды ишке ашыруу үчүн жалпы системалык компоненттерди жана сервистерди иштеп чыгуу, жайылтуу, колдоо жана аларга мониторинг жүргүзүү | Электрондук саламаттык сактоону жайылтуу үчүн жалпы системалык сервистерди эксплуатациялоого киргизүү, анын ичинде: - пайдалануучулардын аныктыгын электрондук ырастоо жана идентификациялоо; - электрондук почта жана электрондук документ жүгүртүү системалары | 2017-жылдын сентябры | ССМ, ММКФ, ЭББ, ТКМ, Мамкаттоо | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттар |
11 | Бейтаптардын Борбордук маалымат базасын түзүү | "Катталып жазылган калк" учурдагы маалымат базасынын негизинде иштелип чыккан бейтаптардын негизги идентификациялык жана демографиялык маалыматтарына онлайн режимде жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу бейтаптардын Борбордук маалымат базасы түзүлдү | 2017-жылдын декабры | ССМ, Мамкаттоо | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттар |
12 | Бейтаптардын электрондук медициналык карталарынын Борбордук маалымат базасын түзүү | Бейтап байкоого алынган саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлери тарабынан толтурулган жана колдонулган, бейтаптар жөнүндө маалыматтарды камтыган бейтаптардын электрондук медициналык карталарынын Борбордук маалымат базасы түзүлдү | 2017-жылдын декабры | ССМ, ММКФ | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттар |
13 | ММКФ маалымат системаларын өркүндөтүү | Жаңы маалыматтык стандарттарды пайдалануу менен камсыздандырылгандардын реестрин жана колдонуудагы маалыматтык системаларды веб-технологияларга өткөрүү жүзөгө ашырылды | 2018-жылдын декабры | ММКФ, ССМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттар |
14 | ММКФны сервердик жабдуулар жана программалык камсыздоо менен жабдуу | ММКФнын сервердик жабдуулар жана программалык камсыздоо менен техникалык жабдылышы | 2017-жылдын ноябры | ММКФ | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттар |
15 | Аналитика жана отчеттук инструменттери менен медициналык-статистикалык системаларды ишке киргизүү | Медициналык кызмат көрсөтүүнүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен саламаттык сактоо системасынын иштөөсүнө талдоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн аналитикалык оттчетторду даярдоону камсыз кылуу | 2019-жылдын сентябры | ССМ, ММКФ, Улутстатком (макулдашуу боюнча), ЭББ, саламаттык сактоо уюмдары | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттар |
16 | Бейтаптардын электрондук медициналык картасы менен андан ары интеграциялоо аркылуу коомдук саламаттык сактоо регистрлерин жакшыртуу жана интеграциялоо (диабет, кургак учук менен ооругандар, өзгөчө кырдаалдарда жабыр тарткандардын маалымат базасы) | Бейтаптардын медициналык картасы менен интеграцияланган маалымат системалары түзүлдү | 2019-жылдын ноябры | ССМ, ММКФ, Мамкаттоо, саламаттык сактоо уюмдары | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттар |
17 | Врачка баруу үчүн жазылуунун борбордук электрондук системасын түзүү (Электрондук регистратура) | Бейтаптарды тейлөө процессин автоматташтырууну жана саламаттык сактоо уюмдарынын ишинин айкындыгын жогорулатууну камсыз кылуучу бардык саламаттык сактоо уюмдары боюнча врачтардын кабыл алуусуна электрондук түрдө жазылуунун борборлоштурулган системасы киргизилди | 2017-жылдын декабры | ССМ, саламаттык сактоо уюмдары | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттар |
18 | Медициналык маалыматтардын борбордук архиви (бейтаптардын медициналык карталары, оорулардын регистрлери, медициналык статистика, дары-дармектер, финансылар, кадрлар ж.б. боюнча маалымат базалары) | Саламаттык сактоо уюмдары ортосунда маалымат алмашууну камсыз кылуучу медициналык маалыматтардын архивинин болуусу | 2018-жылдын июну | ССМ, саламаттык сактоо уюмдары | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттар |
19 | Электрондук саламаттык сактоо жөнүндө маалыматтын калкка жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн жалпы жеткиликтүү электрондук ресурстарды түзүү | Ооруларды алдын алуу маселелери боюнча калктын маалымдуулугун жана маалыматты колдонуу маданиятын жогорулатуу максатында саламаттык сактоонун маалыматтык порталы түзүлдү | 2018-жылдын декабры | ССМ, ММКФ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттар |
3-милдет. Саламаттык сактоо уюмдарынын деңгээлинде электрондук саламаттык сактоо системаларын ишке киргизүү | |||||
20 | Баштапкы медициналык-санитардык жардам үчүн клиникалык маалыматтык системаны иштеп чыгуу, тестирлөө, адаптациялоо жана ишке киргизүү | Бейтаптын ден соолугу, лабораториялар, дарыканалар, атайын диагностика бөлүмдөрү жана саламаттык сактоо уюмдарынын ар кандай кызматтары тууралуу актуалдуу режимдеги маалыматтар менен ыкчам алмашууну камсыздоочу баштапкы медициналык-санитардык жардам үчүн саламаттык сактоонун клиникалык маалыматтык системасы колдонулат | 2016-жылдан 2020-жылга чейин саламаттык сактоо уюмдарында этап-этабы менен ишке киргизүү | ССМ, ММКФ, саламаттык сактоо уюмдары | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттар |
21 | Стационарлар үчүн клиникалык маалыматтык системаны ишке киргизүү | Стационардык кызматтарды (ооруканада дарылоо, кабыл алуучу жай, электрондук медициналык карта, дарыкана, диагностикалык кызмат) көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарындагы бизнес-процесстерди камтыган маалыматтык системасы колдонулат | 2017-жылдан 2020-жылга чейин саламаттык сактоо уюмдарында этап-этабы менен ишке киргизүү | ССМ, ММКФ, саламаттык сактоо уюмдары | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттар |
22 | Телемедицина кызматтарын жана мобилдүү саламаттык сактоонун технологияларын ишке киргизүү | Телемедициналык жана диагностикалык кызматтарды көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын дистанциялык консультациялык борборлорунун тармагы түзүлдү | 2018-жылдын июну | ССМ, ММКФ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттар |
23 | Саламаттык сактоо уюмдарын компьютердик, тармактык жана коммуникациялык жабдуулар менен жабдуу | Электрондук саламаттык сактоону Киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын инфраструктурасынын болуусу | 2016- жылдан 2020-жылга чейин саламаттык сактоо уюмдарын этап-этабы менен жабдуу | ССМ, ММКФ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттар |
Задача 4. Саламаттык сактоо системасындагы адистердин квалификациясынын деңгээлин жогорулатуу | |||||
24 | Медицина кызматкерлерин дистанциялык окутуу системасын өнүктүрүү | Медицина кызматкерлеринин жашаган жана иштеген жерине карабай сапаттуу билим алуусу үчүн маалыматтык билим берүү ресурстарынын медициналык кызматкерлерге бирдей жеткиликтүүлүгү | 2018-жылдын марты | ССМ, БИМ, КММА, КМКДжКЖМИ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттар |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭББ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борбору |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ББИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
Улутстатком | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
КММА | - | И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы |
КМКДжКЖМИ | - | Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуучу институту |