Сравнение редакций…
1-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 134 токтому менен бекитилген |
2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын электрондук саламаттык сактоо ПРОГРАММАСЫ
Киришүү
2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын электрондук саламаттык сактоо программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 651 токтому менен бекитилген 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну ("электрондук өкмөт") киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 309 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата "Ден соолук" улуттук программасын натыйжалуу ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Электрондук саламаттык сактоонун негизги максаты калктын медициналык тейлөө сапатын, жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири масштабдуу колдонуунун негизинде жарандарга медициналык жардам көрсөтүүнүн персонификациялуу эсепке алуусун киргизүү болуп саналат.
Программаны ишке ашыруу үчүн сервиске багытталган архитектураны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн аныктаган, саламаттык сактоо процесстерин колдоого катышкан маалыматтык системалардын толук шайкештигин камсыз кылуучу стандарттарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү болжолдонууда.
1. Саламаттык сактоо секторунун учурдагы кырдаалын жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды ишке киргизүүнү талдоо
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо секторун реформалоонун алкагындагы саламаттыкты сактоо моделинин негизги белгилери катары көп түрдүүлүк, калктын медициналык жардамга жана финансылык ресурстарга муктаждыгына ылайык келген инфраструктураны түзүү, башкарууну децентралдаштыруу, саламаттык сактоо уюмдарынын башкаруучулук жана финансылык автономиясын жогорулатуу болуп калды. Приоритеттери болуп саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлин, үй-бүлөлүк медицинаны өнүктүрүү, үй-бүлөлүк дарыгерди эркин тандоо таанылган.
Кыргыз Республикасында калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн негизги звеносу болуп баштапкы медициналык-санитардык жардам эсептелет, анын курамында 708 үй-бүлөлүк дарыгерлердин топтору жана 1025 фельдшердик-акушердик пункттар иштеген 64 үй-бүлөлүк медицина борборлору бар. Фельдшердик-акушердик пункттардын тейлөө аймагында 36 пайызга жакын айылдагы калк жашайт. Ошол эле учурда, республикада 30дан баштап 1000ге чейин адам жашаган 400дөн ашуун айылдык калктуу пункттарда медициналык уюмдар жок.
Республикада стационардык жардамды 141 саламаттык сактоо уюму, анын ичинде 28 жалпы дарыгерлик практика борборлору көрсөтөт. Саламаттык сактоо уюмдарында дарыгерлер менен камсыз болуу орто эсеп менен 10 миң адамга 21,9 түзөт, ошол эле учурда айыл жергесинде бул көрсөткүч 10 миң адамга 7,3төн 17,3кө чейин барат, ал эми шаарларда 10 миң адамга 13,7ден 45,5ке чейин барат.
Кыргыз Республикасында медициналык кызматтардын кепилге алынган жеткиликтүүлүгү 2001-жылдан бери иштеп келаткан медициналык-санитардык жардам менен жарандарды камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасы тарабынан камсыз кылынат. Бул Программа жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана акысыз, жеңилдетилген шартта көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын түрүн, көлөмүн жана шарттарын аныктайт.
Учурда саламаттык сактоо системасын реформалоонун "Ден соолук" улуттук программасы жүзөгө ашырылууда, ал мурдагы реформаларды жүргүзүү мезгилинде салынган пайдубалга негизделген:
а) калктын ден соолугунун көрсөткүчтөрүнүн күтүлүүчү жакшыруусуна;
б) калктын ден соолугунун көрсөткүчтөрүн күтүлүүчү жакшыруусуна жетишүү үчүн зарыл болгон негизги кызматтарга;
в) негизги кызматтар менен камтууга жана калктын ден соолугунун көрсөткүчтөрүнүн күтүлүүчү жакшыруусуна жетишүү үчүн тоскоол болгон саламаттык сактоо системасындагы бөгөттөрдү аныктоого жана жоюуга.
Саламаттык сактоону реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата "Ден соолук" улуттук программасынын баштапкы түйүнү болуп калктын ден соолугунун спецификалык жана күтүлүүчү жакшыруусу аркылуу бардык иш-чараларга жана аракеттерге төмөнкү приоритеттүү багыттар боюнча түрткү берүү эсептелет:
- жүрөк-кан тамыр оорулары;
- эне жана баланын ден соолугун коргоо;
- кургак учук;
- ВИЧ-инфекция.
Негизги кызматтар калкка көрсөтүлүүчү кызматтарды, далилдүү негиздеги жеке медициналык кызматтарды жана аларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон тиешелүү иш-чараларды камтыйт.
Саламаттык сактоону реформалоо мезгилинде саламаттык сактоонун көп деңгээлдик маалыматтык системасын түзүү, Саламаттык сактоонун бирдиктүү маалыматтык системасын түзүүдө программалык продуктуларды тажрыйбага жайылтуу жана техникалык жабдуу үчүн донорлордун кыйла инвестициялары тартылган. Саламаттык сактоонун бирдиктүү маалыматтык системасы медициналык жардам көрсөтүүдө жол жолдоочулукту, жарандардын саламаттыгынын абалы, медициналык кызматтардын, дары менен камсыздоонун көлөмү жана сапаты тууралуу маалыматты топтоо, иштеп чыгуу жана сактоонун бирдиктүү методикасын камсыз кылууга, бир катар медициналык кызматтарга аралыктан жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоого арналат.
Саламаттык сактоонун бирдиктүү маалыматтык системасынын курамдык бөлүгү болуп ишке киргизүүнүн жана өнүгүүнүн ар кандай этаптарында турган төмөнкү кичи системалар саналат:
- калктын ден соолугу жана саламаттык сактоо уюмдарынын иши жөнүндө статистикалык маалыматты жыйноону, иштеп чыгууну жана талдоону камсыз кылуучу "Медстат" маалымат базасы;
- "Саламаттык сактоо уюмдарынын улуттук маалымдамасы" жана "Медициналык кадрлар" маалымат базалары;
- "Амбулатордук-поликлиникалык жардам" (амбулатордук клиникалык-маалыматтык формаларды эсепке алуу) маалымат базасы жана медициналык тез жардамдын ишин автоматташтыруу;
- "1С:Бухгалтерия" бухгалтердик эсеп жана отчеттукту автоматташтыруу боюнча программалык камсыздоо;
- ымыркайларды, кант диабети менен ооругандарды жана ымыркайлар менен энелердин өлүмүн каттоо.
Саламаттык сактоо секторун медициналык кызматтарды "көрсөтүүчүлөргө" жана "сатып алуучуларга" бөлүү жана саламаттык сактоону каржылоодо Бирдиктүү төлөөчү системасын киргизүү менен саламаттык сактоо системасында каражаттарды натыйжалуу жана адилеттүү пайдаланууга көмөктөшкөн уюштуруу структурасы түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду милдеттерин аткарууда анын маалыматтык системасы маанилүү ролду ойнойт, ага төмөнкү маалымат базалары кирет:
- дарыланган учурлар;
- дары-дармек менен камсыз кылуунун кошумча пакети боюнча программа;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистери;
- саламаттык сактоо уюмдары менен келишимдердин индикаторлору сапаттын экспертизасы.
2. Саламаттык сактоо секторунда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды ишке киргизүүдөгү көйгөйлөр
Азыркы мезгилде саламаттык сактоо маселелери боюнча маалыматтын чоң көлөмүн камтыган ар кандай маалыматтык системалар жана маалымат базалары колдонулат, алардын баштапкы топтолушу кол менен жүргүзүлөт, бул "адам факторунан" улам көп каталар мүмкүн экендигинен маалымат берет.
Буга чейин түзүлгөн маалыматтык системалар көбүнчө бир багыттагы мүнөздө болуп, бири-бири менен байланышпаган өзүнчө функцияларды камсыздоого багытталып келген жана Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону башкаруунун бирдиктүү автоматташтырылган системасына интеграцияланбаган.
Натыйжада төмөнкү көйгөйлөрдү белгилеп кетсек болот:
- учурдагы маалыматтык системалар жана маалымат базалары маалыматтардын ар кандай форматтарын колдойт;
- калкты медициналык тейлөө чөйрөсүндө электрондук түрдөгү маалыматты топтоо, сактоо, иштеп чыгуу, берүү жана пайдалануунун бирдиктүү инфраструктурасы жок;
- саламаттык сактоо чөйрөсүнүн абалы тууралуу толук, далилдүү жана актуалдуу маалымат алуу үчүн ар кандай маалыматтык системаларды салыштырууга жана талдоого мүмкүнчүлүк жок;
- маалыматтык системалардын ортосунда маалымат алмашуу механизми жоктугунан улам маалыматты кайталоонун жогорку деңгээли орун алган;
- эмгек акынын төмөндүгүнөн улам маалыматтык технологиялар тармагында кадрлардын токтобой жатышынын деңгээли жогору жана региондордогу кадрлардын квалификациясынын деңгээли төмөн;
- региондордогу телекоммуникациялык тармактарга кеңири тилкелүү кирүүнүн жетишерлик эмес деңгээли жана ишенимдүүлүгү.
3. Электрондук саламаттык сактоонун максаттары жана милдеттери
Программанын негизги максаты маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири пайдалануунун негизинде саламаттык сактоо системасын жана медициналык жардам көрсөтүүнү натыйжалуу, ачык-айкын жана демократиялык башкарууга өткөрүүдө турат.
Электрондук саламаттык сактоону ишке ашыруунун жыйынтыгы болуп Саламаттык сактоонун бирдиктүү маалыматтык системасын түзүү саналат, ал өз кезегинде төмөнкү багыттар боюнча бир катар маселелердин чечилишин камсыз кылууга жардам берет:
- ишенимдүү, ийкемдүү, жеткиликтүү инфраструктураны жана толук шайкештүү маалыматтык системаны түзүү;
- саламаттык сактоо тармагындагы башкаруунун натыйжалуулугун жана медициналык жардам көрсөтүүнүн көлөмү жана сапаты боюнча мамлекеттик кепилдиктердин аткарылышына контролду жогорулатуу;
- маалыматтык-технологиялык камсыздоону өркүндөтүүнүн негизинде медициналык жардамды үзгүлтүксүз көрсөтүүнү жакшыртуу жана жеткиликтүүлүгүн, сапатын жогорулатуу;
- телемедициналык технологияларды ишке киргизүү жана өнүктүрүү;
- саламаттык сактоо тармагында кадрдык потенциалды жогорулатуу жана үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү үчүн шарттарды түзүү;
- калктын өзүнүн ден соолугу тууралуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн жана сергек жашоо боюнча маалымдуу болушун жогорулатуу, оорулардын алдын алуу, медициналык жардам алуу, медициналык уюмдарда тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн жалпыга жеткиликтүү электрондук ресурстарды түзүү.
4. Электрондук саламаттык сактоону ишке киргизүүдөн күтүлгөн натыйжалар
Программаны ишке ашыруу республиканын калкына алдын алуу жана дарылоо-диагностикалык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жана төмөнкү жыйынтыктарга жетишүүгө алып келиши керек.
1. Жарандар (бейтаптар) үчүн:
- жогорку квалификациялуу медициналык жардамдын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана персоналдаштырылган медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жардам көрсөтүүдө жол жолдоочулукту камсыздоо;
- саламаттык сактоо уюмунда, үйдө жана жумушта ар тараптуу сапаттуу медициналык тейлөөнү камсыз кылуу;
- жарандарды өзүнүн ден соолугу жана организмдин медициналык жана медикаментоздук кийлигишүүлөргө карата реакциясы тууралуу жеке электрондук сактоо каражаттары менен камсыздоо, маалыматтарын актуалдаштыруу жана берүү;
- жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке медициналык маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берүү.
2. Саламаттык сактоо уюмдары үчүн:
- медициналык кызматтарды жана ресурстарды, биринчи кезекте кымбат баалуу медициналык жабдууну жана дары каражаттарын чыгымдоонун персонификациялуу эсепке алынышын камсыз кылуу;
- диагноз коюунун сапатын жакшыртуу жана кабыл алынган медициналык чечимдердин негиздүүлүгүн жогорулатуунун эсебинен медициналык жардамдын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- рутиналык жана эмгекти көп талап кылган операцияларды автоматташтыруунун, маалыматтык тейлөөнүн оперативдүүлүгүн жана маалыматтардын ырастыгын жогорулатуунун эсебинен медициналык кызматкерлердин эмгегинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
- кызматкер тарабынан документация жүргүзүүгө кеткен убакытты баштапкы маалыматтарды көбүнчө электрондук түрдө иштеп чыгуунун, саламаттык сактоо уюмдарынын деңгээлинде эсепке алуу жана отчеттук формаларды азайтуунун эсебинен кыскартуу;
- электрондук түрдө берилген баштапкы маалыматты иштеп чыгуунун негизинде статистикалык чын маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү.
3. Медициналык кызматкерлер үчүн:
- базалык жана үзгүлтүксүз кесиптик билим алуу үчүн сапаттуу дистанциялык окутууга ээ болуу;
- бейтаптарга алыстан консилиумдарды жана консультацияларды камсыз кылуу.
4. Бизнес чөйрөсү үчүн:
- жаңы продуктуларды жана кызматтарды иштеп чыгууга көмөктөшүү: оорулардын электрондук баяндамалары, маалыматтык системалар жана реестрлер.
5. Өкмөттүк жана ведомстволук деңгээлде саясий чечимдерди кабыл алуу үчүн:
- кабыл алынган чечимдердин оперативдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, башкарууга кеткен чыгымдарды тиешелүү маалыматтык-аналитикалык системаларды түзүүнүн эсебинен кыскартуу;
- калктын ден соолугунун абалына мониторинг жүргүзүү системасын түзүү (өнүктүрүү), саламаттык сактоо уюмдарынын ишинин сапатын баалоодо ырастыкты жана объективдүүлүктү жогорулатуу;
- финансылык жана кадрдык ресурстарды калктын ден соолугу үчүн актуалдуу маселелерди чечүүгө бөлүштүрүүнү негиздөө;
- дарылоо-алдын алуу иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү үчүн приоритеттүү багыттарды негиздөө.
5. Электрондук саламаттык сактоону ишке киргизүү
Электрондук саламаттык сактоонун архитектурасы
Электрондук саламаттык сактоонун жалпы архитектурасы колдонмо тиркемелерден, жалпы системалык компоненттерден жана инфраструктуралык сервистерден, саламаттык сактоонун бирдиктүү маалыматтык мейкиндигинин интеграциялык шинасынан турат.
Колдонмо тиркемелердин (клиникалык) сегменти саламаттык сактоону башкаруу функцияларын маалыматтык-технологиялык колдоону, жарандар менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыздоочу колдонуудагы жана түзүлүп жаткан маалыматтык системаларды камтыйт.
Клиникалык тиркемелерди түзүү жана өркүндөтүү ар кандай деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын ар кандай маалыматтык системаларынан алынган маалыматтарды бириктирүүчү базалык программалык продукт катары электрондук медициналык картаны ар тараптуу ишке киргизүүнүн негизинде түптөлүшү керек.
Электрондук медициналык карта бейтап жөнүндө жеке, клиникалык, биометрикалык, социалдык, экономикалык, финансылык, камсыздандыруучу жана башка жалпы маалыматтардын толук түзүмдөлгөн көлөмүн камтышы керек жана бейтапка көрсөтүлгөн медициналык кызматтарды документтөөгө тийиш.
Электрондук медициналык картаны киргизүүнүн негизги максаты болуп диагностиканын, дарылоонун үзгүлтүксүздүгүн, жол жолдоочулугун жана сапатын, ошондой эле өз убагында алдын алууну жана конкреттүү адамдын ден соолугун камсыздоо боюнча башка иш-чараларды тиешелүү медициналык маалыматтарды документтөө жана сактоо, аны ыйгарым укуктуу медициналык кызматкер тарабынан өз убагында бейтапка берүү жолу менен камсыз кылуу саналат.
Электрондук медициналык картаны ишке киргизүү төмөнкү маселелерди чечүүгө багытталган:
- бейтаптын ден соолугу тууралуу маалымат өлкөнүн ар тарабында, бирине бири каршы болбогон түрдө жана толук көлөмдө жеткиликтүүлүгү;
- маалыматты ыңгайлуу, медициналык документтерди толтуруунун методикасына ылайык түзүмдөлгөн түрдө оперативдүү алуу.
Электрондук медициналык картаны базалык продукт катары ишке киргизүү менен катар электрондук саламаттык сактоону туруктуу өнүктүрүү үчүн лабораториялардын, дарыканалардын, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын жана башка адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарынын ишин электрондук режимге өткөрүү зарыл.
Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана айкындуулугун жакшыртуу үчүн дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүү керек, ал дары каражаттарынын катталган учурунан тарта аларды сатуу жана утилдештирүүгө чейинки жүгүртүүнүн бардык аспектилерин камтууга тийиш.
Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүү багытындагы тийиштүү иштер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 743 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүү концепциясына ылайык жүргүзүлөт.
Саламаттык сактоонун медициналык жана медициналык эмес маалыматтарынын, ошондой эле ар бир жарандын электрондук медициналык картасынын борборлоштурулган сакталышын камсыз кылуу үчүн саламаттык сактоо маалыматтарынын Бирдиктүү репозиторийин (сактоо жайын) түзүү зарыл.
Бирдиктүү репозиторий айрым бир оорулар боюнча регистрлерди түзүү үчүн маалымат булагы болууга, административдик жана финансылык чечимдерди кабыл алуу үчүн, ошондой эле саламаттык сактоонун мамлекеттик статистикасында пайдаланылуучу маалыматтардын агрегациясы менен сакталышын камсыз кылууга тийиш. Бирдиктүү репозиторийге өткөрүлө турган маалыматтардын топтомун аныктоо үчүн медициналык картанын структурасы менен мазмунун, ошондой эле мамлекеттик статистиканы жүргүзүү жана башкаруучулук, финансылык чечимдерди кабыл алууну стандартташтыруу зарыл.
Саламаттык сактоонун бирдиктүү маалыматтык системасы дурус иштеши үчүн борборлоштурулган жалпы системалуу компоненттердин жана сервистердин сегментинин пайдалануучуларынын курамына кирген электрондук саламаттык сактоо системасынын бардык катышуучулары үчүн идентификаторлордун жана классификаторлордун биримдигин камсыздаган сервистер ишке ашырылууга тийиш.
Техникалык архитектура жана инфраструктура
Азыркы мезгилде саламаттык сактоо секторунда маалыматтык системалар автономдук тиркемелер түрүндө колдонулат, мында отчеттук формалар жана отчеттук мезгилдеги башка маалыматтар мезгил-мезгили менен локалдык деңгээлден облустук жана республикалык деңгээлге телекоммуникациялык каналдар аркылуу же маалымат алып жүрүүчүнү колдонуу менен жиберилет.
Мамлекеттик ишканаларды маалыматташтыруудагы акыркы тенденцияларды эске алуу менен андан ары өнүктүрүү максатында маалыматтык-коммуникациялык инфраструктураны жаңыртуу жана борборлоштурулган архитектурасы бар заманбап операциялык ийкем чөйрөнү түзүү талап кылынат.
Операциялык чөйрөнүн негизги элементи болуп ведомстволук баш тартууга туруктуу модулдук Саламаттык сактоонун маалыматтарын иштеп чыгуучу борбору болууга тийиш.
Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунда тармакты, тармактык коопсуздукту башкаруунун борборлоштурулган бирдиктүү системасын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынышы керек жана саламаттык сактоо уюмдарына IР-телефония, видеоконференция байланыштарын, Интернет түйүнүнө корголгон жогорку ылдамдыктагы кирүү сыяктуу кызматтардын түрлөрүн берүү үчүн саламаттык сактоонун унификацияланган мультисервистик ведомстволук (корпоративдик) өзөгү түзүлүүгө тийиш.
Саламаттык сактоонун мультисервистик ведомстволук тармагы өнүккөн жана кеңейген сайын саламаттык сактоо уюмдарын кеңири тилкелүү (жогорку ылдамдыктагы) байланыш каналдары боюнча кошуусу менен, бардык негизги тиркемелер (же көпчүлүгү) Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунда жайгашкан электрондук саламаттык сактоонун булутунда (облакодо) аткарылат. Бул процесс акырындап өтүүгө тийиш, саламаттык сактоо уюмдары кардар-сервердик архитектурадан облако архитектурасына этап-этабы менен өтүшү керек.
Стандарттар жана системалуу чечимдердин шайкеш келиши
Медициналык кызматтардын персонификацияланган эсебин түзүү үчүн жарандын персоналдык идентификациялык номерин (ПИН) пайдалануунун базасында бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти, саламаттык сактоо уюмдарынын аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана маалыматтар менен алмашуу системасын түзүү жана саламаттык сактоонун маалыматтык системаларын стандартташтыруу жана бирдейлештирүү боюнча иштердин кыйла көлөмүн аткаруу зарыл.
Медициналык кызматтардын персонификацияланган эсепке алуу системасын иштеп чыгуунун алкагында саламаттык сактоонун ар бир уюмун маалыматташтыруу жана бейтап тууралуу электрондук медициналык картадагы бардык маалыматтарды бириктирүү керек.
Маалыматтык системалардын интеграциялоосун камсыз кылуу үчүн "Саламаттык сактоонун жетинчи деңгээли" (HL7) стандарты сыяктуу маалымат алмашуу форматтарынын типтүү талаптарына өтүү зарыл. Рентген жана башка сүрөттөрдү берүү үчүн "Медицинада санариптик сүрөттөр жана коммуникациялар" (DICOM) сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги стандарттарды пайдалануу керек.
Электрондук медициналык картаны ишке киргизүү үчүн зарыл болгон инфраструктура төмөнкү тармактардагы эл аралык стандарттарды пайдаланууну талап кылат:
- маалыматтардын стандарттары (сөздүктөр, классификаторлор);
- маалыматтардын стандарттары (маалыматтарды берүү моделдери);
- маалыматтарды берүү стандарттары (документ, тиркеме, электрондук почта);
- идентификаторлордун стандарттары (биометрия, кызматкерлердин регистрлери, мекемелердин регистрлери);
- маалыматтардын купуялуулугунун жана коопсуздугунун стандарттары;
- медициналык клиникалык стандарттар (ооруларды алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо протоколдору).
Саламаттык сактоонун бирдиктүү маалыматтык системасында иштетилүүчү маалыматтар персоналдык мүнөздөгү маалыматты жана дарыгердик сырды камтыйт. Жарандардын медициналык жардам алуудагы укуктарын жана эркиндиктерин коргоо "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген (медициналык жардам үчүн кайрылуу фактысы жөнүндө, жарандын ден соолугунун абалы, анын оорусунун диагнозу тууралуу жана башка маалыматтар).
Өзгөчө көңүл Саламаттык сактоонун бирдиктүү маалыматтык системасынын маалыматтарын контролдоонун төмөнкү механизмдерин пайдалануу менен коргоону камсыздоого бөлүнүүгө тийиш:
- медициналык-санитардык маалыматты алмашуу жана биргелешип пайдалануу максатында маалыматтарды жана ченемдик-укуктук базаны коргоо системасын түзүү;
- укуктук санкциялардын жардамы менен маалыматтарды коргоо принциптерин камсыз кылуу үчүн коопсуздук саясатын иштеп чыгуу;
- колдонмо системалардын жана сервистердин, пайдалануучулардын маалыматтардын ар кандай фрагменттерине кирүүсүн башкаруу жана маалыматтарды санкцияланбаган кирүүдөн коргоо, ошондой эле маалыматтарды жоголуудан жана бурмалануудан коргоо;
- электрондук кол тамганы пайдалануу системасын ишке киргизүү.
Медициналык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо
Саламаттык сактоо системасында, айрыкча алыскы райондордо медициналык кадрлардын жетишсиздигине байланышкан көйгөйлөр бар.
Адам ресурстары жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы компетенциялар инновациялык өнүгүүнүн маанилүү факторлору болуп саналат, аларды пайдалануу социалдык жана экономикалык натыйжаларга алып келет.
Өлкөнүн саламаттык сактоо секторунда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдаланууну илгерилетүү инновациялык өнүгүүгө түрткү болот, медициналык кызматтардын сапатын, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, чыгымдарды кыскартууга, экономикалык иштин жаңы түрлөрүнүн пайда болуусуна жана жашоо сапатынын жогорулоосуна алып келет.
Медициналык кызматкерлердин билимин жана практикалык көнүмдөрүн жакшыртуу үчүн окуу программаларын жана билим берүүчү тренинг-семинарларды иштеп чыгуу жана өткөрүү зарыл. Окуу программалары электрондук, дистанциялык жана аралаш окутуу формасында уюштурулушу мүмкүн.
Окуу программаларын өткөрүү төмөнкүлөрдөн турат:
- окуу курстарын, окуу программаларын түзүү;
- окутууну башкаруу (окуу материалдарына, тесттерге, көнүгүүлөргө жетишүү);
- жыйынтыктарды контролдоо жана окутуунун статистикасы.
Угуучулар менен интерактивдүү пикир алышуу үчүн дистанциялык окутуу курстарын өткөрүүдө форумдар, жарыя такталары, чаттар, видеотрансляциялар, кабар алмашуу сыяктуу каражаттарды пайдаланууга болот.
Окутуу үчүн онлайн режимдеги видеоконференц байланыш ийгиликтүү колдонулууда.
6. Программаны каржылоо
Программанын негизги иш-чараларын ишке ашыруу саламаттык сактоону реформалоонун "Ден соолук" улуттук программасынын алкагында жүргүзүлөт, мында SWAp кеңири сектордук мамиле принциби пайдаланылып, эл аралык уюмдар (Дүйнөлүк банк, Немис өнүктүрүү банкы, Швейцариялык кызматташуу боюнча бюро) саламаттык сактоонун программаларын өнүктүрүү боюнча башка эл аралык уюмдардын параллелдүү каржылоосун сактоо менен өлкөбүздүн бюджетине финансылык колдоо көрсөтүлөт.
Эл аралык уюмдардын финансылык каражаттары инфраструктураны жакшыртууга, жабдууларды жана сарптоочу материалдарды, компьютердик техниканы сатып алууга, консультациялык жана маалыматтык кызматтарды төлөөгө, медициналык кызматкерлердин потенциалын жогорулатууга, медициналык жардамдын сапатын жана калктын ден соолугун жакшыртуу боюнча коюлган милдеттерге жетишүүгө көмөктөшкөн башка иш-чараларды жүргүзүүгө багытталат.
7. Программаны ишке ашырууда мүмкүн болгон коркунучтар жана аларды азайтуу
Коркунучту сүрөттөө | Мүмкүндүгү | Кесепеттерди башкаруу жана азайтуу боюнча чаралар |
Экономикалык коркунучтар | ||
Программаны ишке ашырууну республикалык бюджеттен жетишсиз каржылоо | Жогору | Саламаттык сактоо уюмдарында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды ишке киргизүү үчүн республикалык бюджеттен финансыларды бөлүп берүү жана каржылоонун бюджеттен тышкары булактарын, эл аралык уюмдардын каражаттарын тартуу |
Башкаруучулук коркунучтар | ||
Донорлор жана эл аралык уюмдар электрондук саламаттык сактоонун ишке киргизилишин колдоого кызыкпайт | Орточо | Донорлор менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн деңгээлинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана электрондук саламаттык сактоону ишке киргизүү боюнча жагымдуу долбоорлорду даярдоо |
Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилиги Саламаттык сактоонун бирдиктүү маалыматтык системасынын маанилүү жана пайдалуу экендигин жетишсиз түшүнүүсү | Орточо | Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин маалыматтык-коммуникациялык технологияларды ишке киргизүү жана пайдалануу жоопкерчилигин саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси менен контракт түзүүдө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды ишке берүү индикаторлорун киргизүү аркылуу жогорулатуу |
Маалыматтык технологиялар боюнча адистердин иштен кетиши | Орточо | Жогорулатуучу коэффициент, категория, класстык ж.б. ыйгаруу жолу менен эмгек акы төлөө системасын кайра карап чыгуу |
Электрондук саламаттык сактоо тууралуу медициналык кызматкерлердин маалыматынын жетишсиздиги | Орточо | Саламаттык сактоо уюмдарынын адистеринин маалыматтык технологияларды колдонуу боюнча потенциалын жогорулатуу үчүн медициналык билим берүү уюмдарын пайдалануу |
Техникалык коркунучтар | ||
Электрондук саламаттык сактоонун айрым эл аралык стандарттарынын акыркы версияларынын жоктугу | Орточо | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде электрондук саламаттык сактоонун стандарттары боюнча эксперттер тобун түзүү. Саламаттык сактоонун бирдиктүү маалыматтык системасын долбоорлоо үчүн зарыл болгон стандарттардын тизмесин иштеп чыгуу. Стандарттары жок уюмдарды жана стандарттары учурда иштелип жаткан уюмдарды аныктоо |
Интернет түйүнүнө бардык саламаттык сактоо уюмдарын кошуудагы кыйынчылыктар | Орточо | Аныкталган да, мобилдик да телекоммуникациялык тармактарды, мүмкүн болушунча, пайдалануу |
Корутунду
Маалыматтык системалардын өзгөчөлүктөрүнүн бири Саламаттык сактоонун бирдиктүү маалыматтык системасынын потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн акырындап көбөйтүү максатында өзүнчө конкреттүү милдеттер үчүн кичи системаларды акырындап түзүү жана ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат.
Саламаттык сактоонун бирдиктүү маалыматтык системасына инфраструктураны курууга финансылык мүмкүнчүлүктөрдүн болгонуна жараша акырындап облустарды жана райондорду коштуруу керек.
Саламаттык сактоонун бирдиктүү маалыматтык системасын түзүү боюнча колдонмо жана Бирдиктүү интеграцияланган маалыматтык системага Техникалык талаптарды иштеп чыгуу жана бекитүү зарыл. Бул эки документ бүтүндөй маалыматтык системаны куруу үчүн жетиштүү жана зарыл болгон бардык техникалык жана медициналык стандарттардын, нускамалардын сүрөттөлүшүн камтууга тийиш.
Глоссарий
Саламаттык сактоонун бирдиктүү маалыматтык системасы - саламаттык сактоодо маалыматтык базалардын жана маалыматтык системалардын интеграцияланган комплекси, ал жарандардын ден соолугу, медициналык кызматтардын көлөмү жана сапаты, дары-дармектер менен камсыз кылуу, бир катар медициналык кызматтарга аралыктан жетишүүнү камсыз кылуу жөнүндө маалыматты чогултуунун, иштеп чыгуунун жана сактоонун бирдиктүү методикасын камсыз кылат.
Электрондук саламаттык сактоонун стандарттары - көптөгөн кызыкдар тараптар менен биргеликте электрондук саламаттык сактоо тармагында ар кандай системалардын ортосунда оперативдүү шайкештикке көмөктөшүү үчүн консенсуска жетишүү ыкмасы менен иштелип чыккан техникалык жана медициналык спецификациялар.
Электрондук медициналык карта (Electronic medical record, EMR) - бейтап тууралуу маалыматты камтыган электрондук документ, ал саламаттык сактоо уюмунун кызматкери тарабынан түзүлөт, толтурулат жана колдонулат.
Саламаттык сактоонун "Жетинчи деңгээли (Health level 7, HL7)" - электрондук медициналык маалыматтарды алмашуу, башкаруу жана интеграциялоо стандарты.
Медицинада санариптик сүрөттөр жана коммуникациялар (Digital imaging and communications in medicine, DICOM) - текшерилген бейтаптардын медициналык сүрөттөрүн жана документтерин түзүү, сактоо, жөнөтүү жана көрсөтүү стандарты.
Кыскартуулардын тизмеси
ССМ |
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ММКФ |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
ССУ |
| Саламаттык сактоо уюмдары |
МКТ |
| Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар |
СБМС |
| Саламаттык сактоонун бирдиктүү маалыматтык системасы |
ЭМК |
| Электрондук медициналык карта |