КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-апрели № 210
"Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2015-жылдын 21-майында Бишкек шаарында кол коюлган "Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра сурап алуу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2015-жылдын 21-майында Бишкек шаарында кол коюлган "Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 409 "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2015-жылдын 21-майында Бишкек шаарында кол коюлган "Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |