Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-апрели № 181
Нью-Йорк шаарында 2010-жылдын 24-сентябрында кол коюлган Өнүгүп жаткан деңизге чыгуучу жолдору жок өлкөлөр үчүн Эл аралык аналитикалык борборду түзүү жөнүндө көп тараптуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
Кыргыз Республикасында деңизге чыгуучу жолдордун жоктугуна байланыштуу эл аралык соода жүргүзүүдөгү көйгөйлөрдү чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нью-Йорк шаарында 2010-жылдын 24-сентябрында кол коюлган Өнүгүп жаткан деңизге чыгуучу жолдору жок өлкөлөр үчүн Эл аралык аналитикалык борборду түзүү жөнүндө көп тараптуу макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасы төмөнкүдөй мазмундагы эскертме менен кошулсун:
"Кыргыз Республикасы Макулдашуунун VIII беренесинде каралган Эл аралык аналитикалык борбордун бюджетине төгүмдөрдөн, ошондой эле Макулдашууга катышуучу мамлекеттер үчүн келечекте белгилениши мүмкүн болгон төгүмдөрдүн кайсынысынан болбосун бошотулат.".
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда аталган эскертме менен бул Макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына жөнөтсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Т.Сариев |