Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-апрели № 182
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана жапырт кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарга (ФАТФтын сунуштамалары) ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө жободо:
- бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл текст боюнча "ТЭК/КЛАКА" аббревиатуралары "ККЛ/ТЭИКК" аббревиатуралары менен алмаштырылсын;
- 7-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), террористтик же экстремисттик ишти каржылоо жана жапырт кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо тобокелдиктерин баалоону белгиленген тартипте жүргүзүү, ошондой эле ККЛ/ТЭИКК боюнча мамлекеттик стратегияны (саясатты) ишке ашыруу боюнча иштерди уюштуруу.";
- 8-пунктта:
1-пунктчада:
алтынчы абзацтагы "статистиканы" деген сөз "маалыматты" деген сөз менен алмаштырылсын;
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кылмыштуу кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун), террористтик же экстремисттик ишти каржылоонун жана жапырт кыргын салуучу куралды таратууну каржылоонун тобокелдиктерин (коркунучтарын, начар жерлерин жана кесепеттерин) баалоо үчүн маалыматтарды топтойт жана талдайт, ошондой эле ушул баалоонун жыйынтыктары боюнча отчётторду даярдайт, ККЛ/ТЭИКК боюнча мамлекеттик стратегиянын (саясаттын) долбоорун жана аны ишке ашыруу боюнча пландын долбоорун иштеп чыгат";
он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ККЛ/ТЭИКК чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында колдонуу үчүн тизмектерди, маалымдамаларды жана типтүү формаларды түзөт (түзөтүүлөрдү киргизет), бекитет жана жарыялайт;";
- 2-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Террористтик жана экстремисттик ишке же жапырт кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жактардын тизмегине киргизилген жеке же юридикалык жактардын, уюмдардын жана топтордун акча каражаттары же мүлк менен операцияларын (бүтүмдөрүн) жана (же) каражаттарын белгиленген тартипте токтото турат;";
- 4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"ККЛ/ТЭИКК чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын юридикалык жана жеке жактардын аткаруусу жөнүндө маалыматтар, ошондой эле ККЛ/ТЭИКК чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн колдонулган административдик жазалар жана башка санкциялар жөнүндө маалыматтар;
- Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылган активдерди издөө жана токтото туруу маселелери боюнча чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен белгиленген тартипте маалымат алмашат;
- 2011-жылдын 19-декабрындагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге ылайык накталай акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин которууну токтотуп туруу маселелери боюнча кабыл алынган чечимдин жыйынтыгы боюнча маалыматты жиберет;
- түзүлгөн эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык ККЛ/ТЭИКК чөйрөсүндө чет мамлекеттердин билим берүүчү уюмдарына жана мекемелерине (мындан ары - билим берүүчү уюмдар) окууга жиберүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан талапкерлерди алдын ала тандоону өткөрүүгө, билим берүүчү уюмдардын студенттерине окуу мезгилиндеги практикасын өтүүгө, ошондой эле билим берүүчү уюмдардын бүтүрүүчүлөрүн (Кыргыз Республикасынын жарандарын) Кыргыз Республикасынын ККЛ/ТЭИКК системасына ишке орноштурууга жардам берет.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Т.Сариев |