Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 239 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу брокерлеринин иши жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жобо
1. Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу брокерлеринин иши жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) камсыздандыруу брокерлеринин өздөрүнүн кесипкөй ишин жүзөгө ашырышынын негизги талаптарын жана шарттарын белгилейт.
2. Камсыздандыруу брокери тиешелүү лицензияны алгандан кийин камсыздандырылуучунун же болбосо камсыздандыруучунун тапшырмаларынын негизинде өзүнүн атынан камсыздандыруу боюнча ортомчулук ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак болуп саналат.
2. Камсыздандыруу брокеринин ишине карата коюлуучу талаптар
3. Камсыздандыруу брокери брокердик иштин төмөнкүдөй түрлөрүн жүзөгө ашырат:
1) өзүнүн атынан жана камсыздандырылуучунун тапшырмасы боюнча же кайра камсыздандыруу келишими боюнча өзүнүн атынан жана цеденттин тапшырмасы боюнча камсыздандыруу келишимдерин түзгөн ортомчулук ишти;
2) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) маселелери боюнча кеңеш берүүчү ишти;
3) камсыздандырууга (кайра камсыздандырууга) жеке жана юридикалык жактарды издөө жана тартуу;
4) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын кызмат көрсөтүүсүнө жана финансылык абалына салыштырма талдоо жүргүзүү;
5) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын көрсөткөн кызматтарына салыштырма талдоо жүргүзүү максатында камсыздандыруу объекттери жөнүндө маалыматтарды чогултуу;
6) кардарлардын тапшырмасы боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) шарттарын, камсыздандыруучуларды (кайра камсыздандыруучуларды) тандоо критерийлерин, камсыздандыруу кооптуулугун табуу боюнча эксперттик кызмат көрсөтүүнү иштеп чыгуу;
7) камсыздандырылуучунун (цеденттин) тапшырмасы менен камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимин түзүүгө керектүү документтерди даярдоо жана (же) жол-жоболоштуруу, камсыздандыруу маселеси боюнча маалыматтарды чогултуу;
8) камсыздандырылуучунун (цеденттин) тапшырмасы боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимин жол-жоболоштуруу;
9) камсыздандырылуучу (цедент) менен тиешелүү макулдашуу болсо, камсыздандырууга (кайра камсыздандырууга) аларды кийин которуу үчүн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандырылуучудан (цеденттен) камсыздандыруу сый төлөмдөрүн чогултуу;
10) кардардын тапшырмасы боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими же кошо камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу кооптуулуктарын жайгаштыруу;
11) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимин түзүүдө, камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдө, камсыздандыруу окуясы болгондо дооматтарды, ошондой эле камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимин түзүү менен байланышкан башка документтерди кароодо документтердин туура жана өз учурунда жол-жоболоштурулушун камсыз кылуу;
12) камсыздандыруу окуясы болгондо камсыздандырылуучунун (цеденттин), пайда көрүүчүнүн камсыздандыруу төлөмдөрүн алуусуна кеңеш берүү жана жардам көрсөтүү;
13) камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу үчүн керектүү документтерди бepилгeн ыйгарым укуктарга ылайык жол-жоболоштуруу;
14) камсыздандырылуучунун (цеденттин) тапшырмасы боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн кийин камсыздандырылуучуга (цедентке), пайда табуучуга берүү үчүн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынан камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу;
15) камсыздандыруу окуясы болгондо кызыкдар жактардын тапшырмасы боюнча чыгымдарды кароо жана жөнгө салуу маселелери боюнча документтерди даярдоо;
16) камсыздандыруу келишимин түзгөнгө чейин камсыздандыруу объектисин баалоо, ошондой эле чыгашаларды баалоо жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо боюнча эксперттердин кызмат көрсөтүүсүн уюштуруу.
4. Камсыздандыруу брокерлерине Кыргыз Республикасынын аймагында чет элдик камсыздандыруу уюмдарынын атынан камсыздандыруу келишимдерин түзүү менен байланышкан камсыздандыруу боюнча ортомчулук ишти жүргүзүүгө тыюу салынат.
5. Камсыздандыруу брокери өзүнүн ишин аткарууда камсыздандырылуучу/камсыздандыруучу менен түзүлгөн келишимдин алкагында камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишиминин бир тарабы болушу мүмкүн.
6. Камсыздандырылуучудан (кайра камсыздандырылуучудан) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишиминин төлөө эсебине камсыздандыруу сый төлөмдөрүн кабыл алган камсыздандыруу брокерлери бул каражаттарды камсыздандыруучунун банктык эсебине үч иш күндөн ашпаган мөөнөттө чегерет.
7. Камсыздандырылуучудан (кайра камсыздандырылуучудан) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишиминин төлөө эсебине акча каражаттарын кабыл алган камсыздандыруу брокери өзүнүн кесиптик жоопкерчилигин үч миллион сомдон кем эмес камсыздандыруу суммасына камсыздандырууга милдеттүү.
8. Эгерде камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишиминин төлөө эсебине камсыздандырылуучудан (кайра камсыздандырылуучудан) акча каражаттарын кабыл алуучу камсыздандыруу брокерлеринин кесиптик жоопкерчиликти белгиленген өлчөмдөгү суммага камсыздандырган келишими болбосо, үч миллион сомдон кем эмес суммага банктын кепилдигине ээ болууга тийиш.
3. Камсыздандыруу брокеринин укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
9. Камсыздандыруу брокери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) камсыздандыруучудан уставдык капиталдын өлчөмү, камсыздандыруу тарифтери жана кабыл алынган камсыздандыруу жоопкерчилиги жөнүндө, ошондой эле лицензиялардын болушу жөнүндө маалыматтарды алууга;
2) алынган лицензияларга ылайык камсыздандырууда жана кайра камсыздандырууда ортомчулук ишти жүзөгө ашырууга;
3) кызмат көрсөтүүлөр үчүн камсыздандыруучу сыяктуу эле камсыздандырылуучудан да сый акы алууга.
10. Камсыздандыруу брокери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) камсыздандыруу брокерлеринин кардарлар менен түзүлгөн келишимдерине ылайык милдеттенмелерди аткарууга;
2) туруктуу финансылык абалга жана камсыздандыруунун оптималдуу шарттарына ээ камсыздандыруучулар менен камсыздандыруу келишимдерин түзүүнү камсыздоого;
3) алынган камсыздандыруу сый төлөмүн ушул Жобонун 16-пунктуна ылайык камсыздандырылуучуга белгиленген мөөнөттө которууга.
11. Камсыздандыруу брокери мыйзамдарга жана түзүлгөн келишимдерге ылайык төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) кардарга жана камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтын ишенимсиздиги, объективдүү эместиги жана жетишсиздиги үчүн;
2) камсыздандыруудагы сырлуу маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн;
3) алар түзгөн келишимдерде каралган милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн.
4. Камсыздандыруу брокеринин кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар
12. Камсыздандыруу брокеринин кызмат адамы болуп төмөнкүлөр саналат:
- жеке же коллегиялык аткаруу органынын жетекчиси;
- коллегиялык аткаруу органынын мүчөлөрү;
- башкы бухгалтер.
13. Камсыздандыруу брокеринин кызмат адамдары менеджмент, экономика, юриспруденция, камсыздандыруу, финансы-кредит чөйрөсү жаатындагы тиешелүү билимге жана эмгек стажы болсо, практикалык иштеги тажрыйбага ээ болуусу зарыл.
14. Камсыздандыруу брокеринин кызмат адамы Кыргыз Республикасында таанылган документтер менен ырасталган жогорку билимге ээ болууга тийиш.
15. Камсыздандыруу брокеринин кызмат адамдарынын стажына жана тажрыйбасына карата коюлуучу квалификациялык талаптар:
1) камсыздандыруу брокеринин жеке же коллегиялык аткаруу органынын жетекчиси ишке жөндөмдүү, менеджмент, экономика, юриспруденция, камсыздандыруу, финансы-кредит чөйрөсүндө жогорку билими бар, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунда же камсыздандыруу брокеринин уюмунда беш жылдан кем болбогон, анын ичинде жетекчи кызматтарда үч жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш;
2) башкы бухгалтер камсыздандыруу иши чөйрөсүндө бухгалтердик кызматта эки жылдан кем эмес же финансы-кредит мекемесинде бухгалтердик кызматта үч жылдан кем эмес иш стажы болууга тийиш.
5. Корутунду жоболор
16. Камсыздандыруу брокерлери ар квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбей, камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул жобонун 1-тиркемесине ылайык формада отчет берет.
17. Камсыздандыруу брокерлеринин ишин "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле камсыздандыруучу менен камсыздандыруу брокеринин ортосундагы келишимде каралган ыйгарым укуктарды жана милдеттерди аткаруу бөлүгүндө камсыздандыруучу контролдойт.
18. Камсыздандыруу брокерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
|
| Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу брокерлеринин иши жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
20__-жылдын "__" __________ карата камсыздандыруу брокеринин иши жөнүндө МААЛЫМАТ
Уюмдун толук аталышы: __________________________________________________________________
(камсыздандыруу брокердик уюмунун толук
_______________________________________________________________________________________
аталышы (Уставга ылайык))
Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери: _______________________________________________
Ишке берилген лицензия жөнүндө маалымат: ________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
Камсыздандыруу брокеринин дареги (турган жери):
_______________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
(камсыздандыруу брокердик уюмунун турган жери (Уставга ылайык))
Кварталдык отчет (сом менен)
Көрсөткүчтөрдүн аталыштары | Камсыздандыруу брокеринин катышуусунда түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый төлөмдөрү, (сом менен) | Ыктыярдуу камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн берилүүчү сый төлөмдүн өлчөмү - бардыгы (камсыздандыруу брокеринин катышуусунда алынган камсыздандыруу сый төлөмдөрүнүн өлчөмүнүн 15 пайызынан көп эмес) | Камсыздандыруу брокеринин катышуусунда түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин саны, (бирдик менен) | ||||||
бардыгы | жеке жактар | юридикалык жактар | бардыгы | жеке жактар | юридикалык жактар | бардыгы | жеке жактар | юридикалык жактар | |
Ыктыярдуу камсыздандыруу - бардыгы, анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
өмүрдү камсыздандыруу (топтомо) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
өмүрдөн башканы камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жеке (өмүрдү камсыздандыруудан башка) камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кырсыктардан жана оорулардан камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Туристтерди медициналык камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Мүлктү камсыздандыруу: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Аба транспорт каражаттарын камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Суу транспорт каражаттарын камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жүк ташууларды камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Өрттөн жана башка коркунучтардан мүлктөрдү камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Коммерциялык жана финансылык кооптуулуктардан камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Юридикалык сарптоолордон, соттук коромжулардан камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Мүлктөрдү камсыздандыруунун башка түрлөрү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жоопкерчиликтер: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Аба транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Суу транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Нотариустардын кесиптик жоопкерчилигин камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Медицина кызматкерлеринин кесиптик жоопкерчилигин камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Башка кесиптик жоопкерчиликти камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ишканалардын - кооптуулугу жогору булактардын жоопкерчилигин камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жоопкерчиликтин башка түрлөрүн камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Милдеттүү камсыздандыруу - бардыгы, анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Аскер кызматкерлеринин өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кызматкерлер эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарып жатканда алардын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жүргүнчүлөрдүн алдындагы ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кооптуу өндүрүштүк объекттерди пайдаланган уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Өрттөн жана табигый кырсыктардан турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жыйынтыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Камсыздандыруу брокердик уюмунун жетекчиси: |
|
|
________________________________________________ (аты-жөнү) |
| __________________ (колу) |
Мөөрдүн орду
Камсыздандыруу брокердик уюмунун башкы бухгалтери: |
|
|
________________________________________________ (аты-жөнү) |
| __________________ (колу) |