Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-майы № 256
2015-жылдын 30-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган, 1993-жылдын 22-январындагы Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында бирге аракеттенүү жөнүндөгү макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 30-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган, 1993-жылдын 22-январындагы Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында бирге аракеттенүү жөнүндөгү макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |