Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы № 253 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-майы № 261
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 127, 2022-жылдын 25-мартындагы № 166, 2022-жылдын 30-мартындагы № 183 токтомдоруна ылайык күчүн жоготту)
Бизнес-чөйрөсүн жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелери боюнча мамлекет менен бизнес-коомдоштуктун натыйжалуу диалогун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 5-пунктундагы "стратегиялык өнүктүрүү" деген сөздөр "инвестициялар" деген сөз менен алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңеш жөнүндө жободо:
2-пунктунда:
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- экономика жана инвестициялар маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;";
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 183 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 127, 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомдоруна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |