Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-майы № 279
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Артыков, Д.Б.Аттокуров, К.С.Бокоев, Д.А.Жумабеков, Т.З.Зулпукаров, Т.И.Икрамов, К.К.Иманалиев, А.С.Кодуранова, М.Г.Мадеминов, Г.С.Молдобекова, У.Б.Примов, О.Ч.Текебаев, Б.Э.Торобаев, С.Шер-Нияз, А.Н.Шыкмаматов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 279 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Артыков, Д.Б.Аттокуров, К.С.Бокоев, Д.А.Жумабеков, Т.З.Зулпукаров, Т.И.Икрамов, К.К.Иманалиев, А.С.Кодуранова, М.Г.Мадеминов, Г.С.Молдобекова, У.Б.Примов, О.Ч.Текебаев, Б.Э.Торобаев, С.Шер-Нияз, А.Н.Шыкмаматов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Бул Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого байланыштуу мамилелерди жөнгө салат, мамлекеттик сыйлыктардын укуктук статусун, сыйланган адамдардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
1. Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлгөн сунуштар колдонуудагы мыйзамдарда аныкталган кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентине киргизиле тургандыгы белгиленген.
"Кызмат адамы" деген термин мамлекеттик башкаруунун ар түрдүү органдарында иштеген кызмат адамдарынын кеңири чөйрөсүн түшүндүрө тургандыгын эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктун алып салууну сунуштайбыз.
2. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин ченемдерин көңүлгө алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндөгү "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кызмат орундарынын аталыштарын туура жазууну сунуштайбыз.
3. Мыйзамдын долбоорунун 16-беренесинде "Кыргыз Республикасынын Баатыры" Кыргыз Республикасынын жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылышы мүмкүн болгон адамдардын чөйрөсүн тактоону сунуштайбыз.
4. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-главасында баяндалган ченем жаратуу техникасынын эрежелерин эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 18-беренесинин 1-бөлүгүн туура баяндоо үчүн "эң" деген сөздү алып салууну сунуштайбыз.
5. Мыйзамдын долбоорунун 21-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 37-беренесинде жана 38-беренесинде жалпы мыйзамдарга келтирилген шилтемелер кездешет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын (мындан ары - Нускама) 77-пунктуна ылайык ченемдик укуктук актыдагы анын түзүмдүк элементтерине, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга жана алардын түзүмдүк элементтерине келтирилген шилтемелер ченемдердин өз ара байланышын көрсөтүү же алардын кайталанышын болтурбоо үчүн зарыл болгон учурда колдонула тургандыгын белгилөө зарыл.
Ушуга байланыштуу Нускаманын 78-пунктуна ылайык жалпы мыйзамдарга шилтеме келтирүүгө жол берилбей тургандыгын белгилейбиз, андыктан Мыйзамдын долбоорунун жогоруда аталган беренелерин кайра кароону сунуштайбыз.
6. "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 25-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "майып" деген сөздү "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
7. Мыйзамдын долбоорунун 37-беренесин "даярдоо" деген сөздөн кийин "жасалма" деген сөз менен толуктоону сунуштайбыз, себеби Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесине ылайык жасалма мамлекеттик сыйлыктар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.
8. Мыйзамдын долбоорунун 38-беренесинде мурда СССРдин, Кыргыз ССРинин жана Кыргыз Республикасынын сыйлыктары менен сыйланган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган бардык тиешелүү укуктар жана жеңилдиктер сакталат деп көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 9-беренесине ылайык Кыргыз Республикасы социалдык кызматтардын, медициналык тейлөөнүн системасын өнүктүрөт, мамлекеттик пенсияларды, жөлөкпулдарды, социалдык коргоонун башка кепилдиктерин белгилейт, ушуга байланыштуу "жеңилдиктер" деген сөздү "кепилдиктер" деген сөз менен алмаштырууну сунуштайбыз.
9. Мыйзамдын долбоорунун текстинде "башка" жана "болушу мүмкүн" деген сөз жана сөз айкашы колдонулууда. Мында биздин көз карашыбыз боюнча "башка" жана "болушу мүмкүн" деген сөз жана сөз айкашы коррупциялык факторлорду түзүп, субъекттер үчүн мыйзамдарда бекитилген так критерийлерге таянбастан тигил же бул кырдаалды өзүнүн каалоосу боюнча чечмелөөгө укук бериши мүмкүн экендигин белгилөө зарыл.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун тиешелүү жоболорун кайра кароону сунуштайбыз.
10. Мыйзамдын долбоорунун 14-беренесинин 1-бөлүгүндө мамлекеттик сыйлыкты алган Кыргыз Республикасынын жарандарына жана юридикалык жактарына 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө бир жолку акчалай сыйлык төлөнөт ден көрсөтүлгөн.
Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун аталган беренесинин 2-бөлүгүндө "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйланган энелерге 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө бир жолку акчалай сыйлык төлөнөт деп көрсөтүлгөн.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына ылайык ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкатында каржылоо булактары жөнүндө маалымат камтылышы керек экендигин белгилөө зарыл.
Бирок, Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында финансы-экономикалык эсептөөлөр келтирилген эмес жана каржылоо булактары аныкталган эмес.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдын ала эсептөөлөрүнө ылайык мамлекеттик сыйлык алган адамдарга бир жолку акчалай сыйлык төлөөгө кошумча 24,0 млн. сомдун тегерегиндеги каражат талап кылынат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнүүчү чыгымдарды көбөйтүүнү шарттаган мыйзамдардын долбоорлору каржылоо булагын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн деп белгиленгендигине көңүл буруу зарыл.
Ушуну менен бирге ардак наамды жана мамлекеттик сыйлыкты алган Кыргыз Республикасынын жарандарына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия төлөө азыркы учурда токтотулгандыгын белгилейбиз, себеби бул ченем "Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 24-июлундагы № 190 Мыйзамына ылайык күчүн жоготкон.
Бул Мыйзамды кабыл алуу менен Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларды төлөөгө каралган финансы каражаттарын жыл сайын үнөмдөө камсыз кылынган. Алсак, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдын ала маалыматтарына ылайык 2016-жылы каражаттардын үнөмдөлүүсү 10945,5 миң сомдун тегерегин түзөт.
Ушуга байланыштуу мамлекеттик сыйлык алган адамдарга бир жолку акчалай сыйлык Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларды төлөөгө каралган үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен төлөнүшү мүмкүн.
Баяндалгандардын негизинде жогоруда аталган сунуштарды эске алуу менен ушул Мыйзамдын долбоорун кабыл алууну мүмкүн деп эсептейбиз.